Добавить свою статью
24 Декабря 2024
Кудай бар, ар кылганыңа жооп берчү күн келет дечү атам – Жумабек Ибраимов

Ата-энени өлбөчүдөй көрөт экенбиз. Түбөлүк жашачудай туюлат. Карыя куракка чейин жашап, неберелерине тарбиясын берет деп кыялданасын. Жаныңда жүргөндө, балким, баркын деле жетишерлик билбейттирсин, жоготкондо гана күйүнөсүң. Баркын, ордун терең аңдайсың. Атам каза болгондо бизге абдан эле оор болгон. Ал киши бизге азыр да жетишпейт. Бул турмушта эң жогорку орду бал адам – атам. Бардыбыз да биз атабызды, анын элесин кандай сыйласак, бир туугандар ортосунда кандай сый орноп турса, дал ошондой тейде жашоолорун улап кетишин каалайт элем. Биз өз мисалыбызда балдарга үлгү көрсөтөбүз. Адам үнөзү өмүр бою калыптанып отурат экен. Атамдын мүнөзү өмүр бою калыптанып отурат экен. Атамдын мүнөзү кимибизге өткөнүн ошол нерседен улам айталбайм. Акыркы күндөрүнө дейре өзүн өзү тарбиялап, улам жаңы билимге ээ болууга, баалуу сапаттарга ээлик кылууга умтулган. Бизге жакшы ысымын, башкысы мыкты тарбиясын калтырып кеткен. Эми биздин милдет – атамдан калган үлгү-салтты бузбай, ысымын булгабай, жакшы жолун улоого тийишпиз.

 Атам бизди аябай катуу кармачу. Бирок акырын гана сөзү менен. Эмне туура, эмне туура эмес экенин эч жемисиз түшүндүрүп гана койчу. Эркелетчү эмес эч качан. Эч кимибизге бир да ирет кымбат белек тартуулаган эмес. Жаңы жылда мандарин, момбосуй менен гана чектелчү.Төрт бир тууганбыз. Төртөөбүз тең туулган күндөрүбүздө атабыздын белегин күтчүбүз. Биз ойгонолекте керебет жанындагы үстөлгө белегин коюп, анан бизди тургузчу. Москвага барган сайын ар бирибизге китеп, оюнчук, карындашыбызга куурчак алып келээр эле.

 Балачагыбыздан бери туура жолго, сергек жашоого багыттачу. Кичинебизден баарыбызды тең лыжа тебүү, сууда сүзүүгө, спорттун көп түрүнө үйрөткөн. Жашоонун сергек мүнөзүндө жүрсөң жашоо кызык экенин сездирген. Кесип тандоо, турмуш куруу маселелеринде атам бизге, биз анын иштерине кийлигишчү эмеспиз. Таң эртең ойготуп, кайра эрте уктоону талап кылчу бизден. Дам алыш күндөрү сөзсүз түрдө эмгектенип, жерди иштеткенибизди туура көрчү. Ошентип жалкоолукту да бизге жолоткусу келбечү. Анын бул сапаттарында канча акылмандык жатат. Мунун баары жашоодо зарыл нерселер экен..

 Кыргыз тилинен кыйналганыбызды моюнга алабыз. Эки жашымда Балыкчыга көчүп барган экенбиз. Атам заводдо инженер-конструктор эле. Ал жерде жалаң орус, немистер көп эле. Жашаган үй, барган бакчабыз да заводго таандык болчу. Балыкчыда агезде бүт СССР-ден келгендер жашачу. Чөйрөбүз бүт орус тилдүү болуп калды. Ал эми кыргызча тиричилик сөздөрдү эркин эле сүйлөчүбүз. Анан Бишкекке келгенде орус тилдүү чөйрө ого бетер кеңейди. Орусча билим алып калдык. Атам ди бизди оруча так сүйлөшүбүздү каалаган. Анткени, айылдан келип, ал кезегинде орус тилинен кыйналган көрүнөт. Өмүр аягына чейин да туура эмес акцент менен сүйлөгөн айрым сөздөрү бар эле. Албетте, таза, так кыргыз тилинде сүйлөөгө тырышабыз. Кудай буюрса,үйрөнөбүз.

 Атама улуу агам Ильяс жана кичүү иним Абакир түспөлдөш. Бирок баарыбызды бирдей көрчү. Ильяс кесиби боюнча юрист. Убагында УККда иштеп жүрдү. Бирок азыр жеке иши менен алек. А мен маркетологмун, мурда банкта иштеп келгем. Азыр мамлекеттик кызматка көнө түштүм. Бирок мында туруктуулук зарыл. Адам өзү моралдык жактан мамлекеттик кызматка даяр болуш керек. Бекем нерв, сабыры күчтүү болушу кажет. Материалдык жагы жакшырып, социалдык коргоо пакети болсо, мамлекеттик кызматтан өтөрү жок. Алдыга умтулган жаштар бар. Качандыр ал муундун да кезеги келээр.

 Биз эс тарткандан эле атам мамлекеттик кызматтарда иштеди. Анын иштерин көрүп, телефон менен сүйлөшкөнүн угуп, мамлекеттик кызматтын маңызын түшүнүп-билип эле калганбыз. Жаңылыктарды чогуу көрчүбүз. Мындай жагынан өзүбүздү өзүбүз даярдаганбыз. А бирок атам эч кимибизди мамлекеттик кызматка барууга мажбурлаган эмес. Өзүбүзгө кызык болгон, шыгыбыз туура келген кесипти тандоо укугун өзүбүзгө берген. Мындай нерседе атам аябай демократ болчу. Анан да ар бир жеке кадамыбыз үчүн да жооп бурүүгө үйрөтөөр эле. Мажбурлап, түрмөлөгөн учуру болгон эмес. Ар бир нерсени маңызын, жашоонун маанисин, адамдар менен болгон мамилелерди аңдап билип, туура чечим кабылдоого үйрөткөн бизди. Ошол нерсе азыр мага көп жардамга келет.

 Айылдан чыгып, өзү бутунда турган адам эле. Өтө чынчыл болчу. Өзүнө да, бизге же туугандарга да ээлеген кызмат же бийлигинен пайдаланууга жол берчү эмес. Атамдын мамлекеттик маянасы бизди бакканга жетчү, атам андан ашык байлык күтпөдү. Атамдын ушул сапатына ыраазымын. Эгер ал бизди эркелетип, байлык менен өстүрсө, азыр бизге турмуш кыйын болуп калмак. Адамдар менен болгон мамиле баалуулугун жоготуп алмактырбыз. Азыр мага жөнөкөй эл менен баарлашып, мамиле түзүү жагат. Жумабектин уулу деген сыймык калтырды. Анда бийлик бар эле. Бирок аны өз кызыкчылыгына пайдаланган учуру болгон эмес. Акылдуу болгон, эгер кааласа андан укмуш бай чыкмак. Бирок ал таптакыр башка байлыкты – карапайымдыкты тандап, баалаган баалуулуктары башкача эле. Мен да атамдын дал ушундай жолун тандагым келет. Боорукердиги, башкаларга жардам берүүгө дилгирлиги сөз жеткис эле. Мен да бай болууга умтулбайм. Үй-бүлөнү багып, балдарга билим берүүгө, кээде жакындарга жардамдашууга тапканым жетип турса болду. Ал эми байлык бул турмушта башкы нерсе эмес. Азыр мени бир нерсе таңгалдырат. Ак эмгеги, өз мээнети менен иштеп жүргөндөр эмес, кандай жол менен болсо да байлык топтогондор татыктуу, урматтуу, жакшы киши деп эсептелген учур. Адамдар адамгерчилик баалуулугун жоготуп баратат.

 Кыргызстандын ар аймактарында болгондо Жумабек Ибраимовдун уулу экенимди билишкенде атам туурасында жылуу пикирлерин айтышат. Атабыздын атын бугабоого кеңеш берип, бул турмушта татыктуу жолду басып өтүүгө үндөшөт. Арабыздан кеткенине 25 жыл болсо да эстеп жүргөндөр бар. Атам элдин татыктуу уулу экенин билем. Кезеги келгенде кыргыз тарыхынан элдин бакубаттуулугу, өлкөнүн өнүгүшү үчүн иштеген адамдардын катарында биздин атабыз да өз татыктуу ордун алат дем үмүт артам. Бир адам айтты эле мага, атамдын “Кыргызстан үчүн өзүн курмандыкка чалганын”. Чындып эле өзүн да, өз ден соолугун да аяган эмес. Чынчыл жашоого үгүттөгөн.

 Карапайым адамдар менен баарлашууну жактырчу. Айылда өсүп, атадан эрте калып, жалгыз апасынын тарбиячында чоңойгон. Карапайым элдин турмушун өзү жакшы билген. Айылда жашоо кандай экенин өзү көргөн. Ал чындап эле элге жардам кылгысы келген. Кимдин эли биримдиктүү болсо, ал чачына ак киргенче жашайт деген маанидеги сөздү жакшы көрчү. Элдин түндүк-түштүк деп бөлүнгөнүнө капа эле. Ар иштин башы эмес, натыйжасы маанилүү дечү. Муну өмүргө да байласа болот. Кандай наам, кандай сыйлык алба, дал ошол калыпта өмүрдү да аягына чыгар. Ал кыргызка бейиш сурачу, эми Кудай ага тигил дүйнөнүн бейишдинен орун берсин.

“Кудай баары бир бар, качандыр бир кезде кылган ишиңе жооп бересиң” деп калчу. Ушул ишенимди да бизге калтырып кетти мурас сымал. Ал динге фанат эмес, бирок аң-сезим менен Кудай бар экенине ынанчу. Иччү да эмес, чекчү да эмес. Спирт ичимдиктерин ичип алып, туура эмес иштерди жасаган адамдарга түшүнчү эмес. Ушундайга да адамдар убактысын коротобу дечү. Убагында десанттык бөлүктө кызмат өтөгөн экен. Өзү да спорт менен машыкчу. ... Атамдын өзгөчө жыты да бар эле. Биз аны жа жакшы көрөр элек. Өз элибизди, өз жерибизди сүйүп, ал жашаган татыктуу жашоону биз да кечирсек экен. Атам каза болгондон кийин мен көп кызыктуу адамдар менен баарлаштым. Бир аксакалдан жашоосун кандай өткөргөнүн сурасак, “босогодон биз тарапка басып келгендей” дейт. Өмүр учкан куштай тез өтөт. Ошондуктан, биз адамдар жакшылыкты көп жашоого үлгүрүшүбүз керек экен. 

 Жумабек Ибраимовдун уулун Нурдин Ибраимов.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

04-04-2024
Мой отец – Жумабек Ибраимов
1944

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×