Мындай суроо коомчулуктун арасында бир нече жыл катары менен берилип келет. Деги эле бул кызмат кандайча жаралып калган? Анын пайда болушунун незгизги себеби – 1991-жылы Советтер Союзу кулап, Кыргызстан эгемендүү мамлекет болуп жарыяланышында. Союздун учурунда Коммунисттик партиянын идеология боюнча секретары орчундуу орунду элеп келген жана ал жогорку бийиктин экинчи тепкичи болуп эсептелген. Бул маселеге Совет доорунда өзгөчө көңүл бурулуп, коммунисттик идеологияны иш жүзүнө ашыруу түздөн түз ЦКнын идеологиялык секретарына жүктөлүп келген жана мындай маанилүү кызматка жооптуу адамдар гана дайындалчу. Буга мисал катары Жданов, Суслов жана Яковлевди келтирсек болот. Ошол мезгилдеги идеологиянын күчтүүлүгүн төмөнкү фактылар менен тасыктасак болот. Эгерде Сталин, Киров жана Ждановдын учурунда өлкөбүздө социализмди толугу менен орнотсок, анда Хрущев, Брежнев жана Сусловдун мезгилинде коммунисттик коомду курууга аракет жасалган. Ал эми Горбачев менен Яковлев мамлекетти башкарып турган кезинде буржуазиялык идеология аркылуу “Кайра куруу” деген ураан чакырылып, Советтер Союзу кулатылган. Кыскасы, Идеология – бул өлкөнү алдыга жылдырууга, же болбосо артка кетирүүгө алып келүүчү аябай күчтүү курал-жарак болуп эсептелип келген.
Ал эми өткөн кылымдын 90-жылдарында биз ошол куралдуу күчтөн ажырап, кайсы жол менен кетүүнү билбей нес болуп турдук. Мына ушундай учурда 1995-жылы Мамлекеттик катчы пайда болду. Бул жооптуу кызматты 1995-1996 жылдары Жумабек Ибраимов, 1996-1999 жылдары Ишенбай Абдыразаков, 1999-2000 жылдары Накен Касиев, 2000-2005 жылдары Осмонакун Ибраимов, 2005-2006 жылдары Дастан Сарыгулов, 2006-2007 жылдары Адахан Мадумаров жана 2007-2009 жылдары Нур уулу Досбол аткарып келишти. Ал эми 2009-жылы Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен Мамлекеттик катчы кызматы таптакыр жоюлду. Ошентип, 2009-жылдан 2021-жылга чейинки 12 жылда Кыргызстан Мамлекеттик катчысы жок өмүр сүрдү. Ушул учурда бул кызматтын жоктугу сезилип эле турду. Анткени, социалдык тармактарга, башкача айтканда маданиятка, адабиятка, деги эле жалпы искусствога, илимге жана билимге, саламаттык сактоого жана социалдык камсыз кылууга, спорт менен туризмге тийиштүү көңүл бурулбай калды. Идеологиябыз болсо чар-жайыт болуп, бара-бара унутула баштады. Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин бул маселеге кызыгуу кучөдү жана тийиштүү иш чаралар кабыл алына баштады. Биринчиден, 2021-жылдын 5-майында кабыл алынган жаңы Конституцияга Мамлекеттик катчы кызматы кайра киргизилди. Атайын Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Кыргыз Республикасынын Президентине түздөн-түз баш ийген Кыргыз Республикасынын кызмат адамы болуп саналат. Бул деген Мамлекеттик катчы республикабыздын жогорку бийлигинин өтө маанилүү бутагы экендигин таамай көрсөтүп турат. Садыр Жапаровдун учурунда биринчи Мамлекеттик катчы болуп, 2021-жылы Чолпонбек Абыкеев 3 ай иштеди. Ал эми 2021-жылдын октябр айында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы болуп Сүйүнбек Касмамбетов дайындалды. Бул жигитти мен 90-жылдарда Легендарлуу парламенттин депутаты болуп турган кезден баштап жакшы билип калгам. 1993-жылдан 2020-жылга чейин же болбосо чейрек кылымдан көп мезгилде С.Касмамбетов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппаратында тынымсыз иштеди. Ал катардагы жөнөкөй адистен Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчилигине чейин өсүп жетти жана өзүн өтө дыкан жана билимдүү кызматкер экендигин далилдей алды. Мындай көп жылдык мол тажрыйбасын эске алып, Садыр Жапаров аны 2020-жылдын октябр айында Президенттин аппаратынын башчысы кылып дайындады, анан бир жылдан кийин Мамлекеттик катчы кызматына көтөрдү. Ушул учурда Сүйүнбек инибиз өлкө үчүн тынымсыз иштеп жатат десек жаңылышпайбыз. Эң негизгиси, өзүнүн үзүрлүү эмгеги менен Мамлекеттик катчы кызматын көркүнө чыгарды. Жүрүп олтуруп, үч жылдан ашык активдүү эмгегинин үзүрүн көрдү. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы жарлыгы менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу» болду. Мындай орчундуу улуттук идеологияны өзүнө камтыган маанилүү мамлекеттик документти иштеп чыгуу үчүн Президенттин буйругуна ылайык атайын комиссия уюшулган. Анын төрагалыгына Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов дайындалган болчу. Комиссиянын курамына 30дан ашык көрүнүктүү илимпоздор, коомдук ишмерлер жана саясатчылар кирген. Сөзсүз, доктринаны иштеп чыгууда бардык катышуучулардын орду жогору. Ошентсе дагы, кызыл чеке талаштарды жана ар түрлүү пикирлерди бириктирүүдө жана аларды иреттөөдө комиссиянын төрагасынын иши көрүнүктүү болду. Бул жагынан Мамлекетик катчы Сүйүнбек Касмамбетов өзүнүн тарыхчы адисинин артыкчылыгын көрсөтө алды жана бай тажрыйбасы менен бөлүштү. Карама-каршы кайчы пикирлерди жөнгө салып, комиссиянын бардык мүчөлөлөрүнүн жалпы пикирге келишин камсыз кыла алды. Бул оңой-олтоң иш эмес, муну өзгөчө белгилеп кетишибиз абзел.
Эми «Кыргыз Республикасынын "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолун» изилдөө жана аны ишке ашыруу - алдыда турган чоң жумуш. Аны республикабыздын бийлик бутактары, ачык айтканда Жогорку Кеңеш жана Министрлер Кабинети, өлкөбүздүн өз алдынча башкаруу органдары жана жалпы коомчулук жүзөгө ашырууга милдеттүү. Бул максатта Уңгужолду ишке ашыруу боюнча атайын Жобонун кабыл алынышы күтүлүүдө. Бул доктринада өлкөбүздүн жана элибиздин өсүп-өнүшүнө байланышкан өтө орчундуу жана маанилүү маселелер каралган. Бир макала менен алардын баарына токтолуш мүмкүн эмес. Ошондой болсо дагы айрымдарын айта кетейин. “Башкасын коюп, Манасты айт” дегендей, мен ушундан баштайын. Кыргыздын улуттук өзгөчөлүгүн талашсыз аныктап турган далили жана түрткүчү бул – Манастын үчилтиги. Дүйнөдө 200ден ашык улут болсо дагы, аларда кыргыздын “Манасындай” дастан жок. Манас - бул байыркы кыргыз элинин идеологиясы, философиясы, филологиясы, социологиясы жана тарыхы, адабияты жана маданияты, салты жана наркы. «Жер каймактагандан бери эле жазуубуз болгон» деп мактанган улуттарда дагы кыргыз элинин оозеки «Манасындай» эпикалык мухити жок. «Манас – бул жомок» деген келжирек сөздөргө биз караманча каршы турушубуз зарыл. Жомок болсо, ага эл ишенет беле? Манас кыргыз элинин каны жана жаны менен кошо жаралган. Ушул себептен кыргыз эли миңдеген жылдары Манасты ыйык тутуп, бул улуу Дастанды чыркыраган чындык деп эсептейт. Ушундан улам Манас кылымдар бою калкыбыздын жана мамлекетибиздин деми болууда. Кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов залкар манасчы Саякбай Каралаевди бекеринен «XX кылымдын Гомери» деп айтпаса керек. Буга бир мисал. 50-жылдарда мен институтта жана аспирантурада окуп жүрүп, атактуу манасчы Молдобасан Мусулманкуловдун үйүндө жашап калдым. Анын жер тамы азыркы Тыныстанов менен Киев көчөлөрүнүн бурчунда эле. Молдобосан атанын куттуу үйүнөн конок үзүлчү эмес. Кыргыздын өнөр залкарларынын көбүн ошол жерден көрүп жана таанып калдым, алардан таазим алдым. Бир күнү эле жулуна баскан, кара мурут, кыймылы шайдоот, бакылдаган бир киши келип калды. Көрсө, ал Саякбай Каралаев экен. Молдобасан менен ийиндешип көрүштү. Короого шырдак салынып, Саякбай бакылдап-шакылдап сүйлөп отурду. Экөө катуу тамашалашкан, азилкеч курбулар экени көрүнүп турат. Молдобасан өзү манаптын тукуму болгондуктан, сынын жазбаган сыпаа киши эле. Бир маалда Саякбайга «Ой, сен эми бакылдай бербей, Тайторунун оозун бир коё берсеңчи» деп калды. Анан кетти Сакең. Ошондо Саякбай бирде үнүн басаңдатып, бир жеринде кирген суудай күрпүлдөп, бууракандата айтты. Бирде жашып, аккан жашын жүз аарчысы менен аарчый салып, бирде ботодой боздоп, Каныкейдин Тайторуну сүрөгөн жерине келгенде өзү сүрөп бараткансып айкырып, күпүлдөтө соктурду. Киноң быякта эле калды. Баарыбыз эле арбалып, башка дүйнөгө кирип кетиппиз. Мен эсимден танып, дел эле болуп калыптырмын. «Саякбай Манас айтып отуруп төрдөн босогого жетип калчу» деген сөз ырас окшойт. Босогого жеткенин көрбөдүм, бирок теминип Манас айтып жатып, үйдүн ортосуна чейин барчу. Анын кантип барып калганын биз деле байкабай калыппыз. Эми Сакемдин ушундай берилип айтканын көргөндөн кийин, кантип Манаска ишенбей коюуга болот? Манас кыргыз элинин кызыл Туусу, аны дайыма бийик көтөрүп жүрүшүбүз керек. Антпесек ишибиз оңолбойт, антпесек кыргыз улуту бөлүнүп-жарылып, жок болуп кетиши мүмкүн.
Бул жагына келгенде Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун жасаган кадамдары алгылыктуу. Оозунан Манасты түшүрбөйт, Манас десе ичип аткан ашын жерге коёт. Өзү Манасты жакшы айтат, анткен себеби атасы Сапарбек Касмамбетов чоң манасчы болгон, төкмө акын эле. Ал киши 2020-жылы 86 жашында арабыздан өтүп кетти. Манасчылык өнөрүн Саякбай Каралаев жана Шапак Рысмендеевден алган. Сапарбек Касмамбетовдун айткан Манас эпосу англис тилине которулуп, Улуу Британияда жарык көргөн. Ошентип залкар манасчынын өнөрү анын уулу Сүйүнбекке өткөн. Ушундан улам Мамлекет катчыбыз Манас дастанын элге, өзгөчө жаштарга жайылтууда көп жумуштарды аткарууда. Манас театрынын жана Манас академиясынын ийгиликтүү иштеп жатканы дагы Сүйүнбек Касмамбетов менен байланыштуу. Муну айтып кетпесек, калыстык болбой калат.
Эми экинчи олуттуу маселе – бул эне тилибиздин тагдыры. «Эне тил» деп бекеринен айтылбаса керек. Анткен себеби, кыргыз баласына анын тили эненин ууз сүтү менен келет. Тили жана жери жок улут болбойт. Дагестандын улуу акыны Расул Гамзатов: «Эгер эне тилим бүгүн өлсө, анда эртең мен өлүшүм керек» деп бекеринен айтпаса керек. Президент Садыр Жапаров бекиткен идеологиялык Доктринада калкыбыздын аң-сезимин калыптандырууда, өлкөбүздүн өнүп-өсүшүндө жана улуттук маданияттын сакталышында мамлекеттик тилдин өзгөчө мааниси бар экендиги айрыкча айтылган. Туу, Гимн жана Герб сыяктуу эле Эне тилибиз Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн белгиси болуп эсептелет.
Кийинки жылдары кыргыз тилибиздин ахвалы бир топ эле жакшырды. Буга далил кылып, өлкө башчыбыздын республикабыздын ичинде гана эмес чет мамлекеттерде дагы, ал тургай Бириккен Улуттар Уюмунун трибунасынан кыргызча сүйлөгөндүгүн келтирсек болот. Азыркы учурда жогорку деңгээлде өткөрүлгөн жыйналыштар жана иш-чаралардын бардыгы эне тилде өтүп жаткандыгы кимди гана кубандырбайт. Мындан ары дагы мамлекеттик тилибиздин өнүгүшү жана турмушубуздун бардык тармактарында кеңири колдонулушу Кыргызстандын эгемендүүлүгүн жана эркиндигин камсыз кылат жана күчөтөт. «Кыргыз тилинин кору абдан аз жана аны башка максаттарда кеңири колдонууга мүмкүн эмес» деген былжырак сөздөр суу кечпейт. Эгер андай болсо, дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос – кыргыз элинин «Манасы» 500 553 саптан турбайт эле да. Же болбосо өзүбүздүн жердешибиз академик Константин Юдахин жазып кеткен Кыргыз-орус сөздүгү 51 000 сөздү түзбөйт эле го. «Кыргыз тили жарды» дегендердин өздөрү тайкы байкуштар. Алар эне тилин толук билбегендиги жана аны сыйлабагандыгынан ушундай жалган сөздөрдү таратып жүрүшөт. Мамлекеттик тилди ардактап, аны колдоп жана кубаттап жогорку деңгээлге жеткирүү ар бирибиздин ыйык милдетибиз болуп эсептелет. Ошентсе дагы, Эне тилди эркине жеткирүүдө жана бул маселе боюнча Президентибиздин Жарлыгын ишке ашырууда Мамлекеттик катчынын ролу чоң жана бул милдетти Сүйүнбек Касмамбетов тийиштүү деңгээлде аткарып жатат десек жаңылышпайбыз. Ал өзү кыргыз тилин суудай билет, кыргыз ырларын тим эле төгөт. Өзгөчө кыргыз телевидениесинин «Маданият» каналынан жума сайын берилген «Нарк куржунунан» элибиздин байыркы, кайталангыс жана таамай айтылган сөздөрү кимдин гана көңүлүн бурбайт. «А дегенде Сөз болгон» деген сүйлөм чын болсо керек. «Сөздү уккан кулакка айт», «Жакшы жашагың келсе, жакшы нерселерди гана айт», «Кандай мамиле кылып сүйлөсөң, ошондой жашайсың» деп бекеринен айтылбаса керек.
Жүрүп-олтуруп эле макалабызда коюлган суроого өзүбүз жооп бердик окшойт. Учурдагы улуу заманда Мамлекеттик катчы сөзсүз керек, анткени бул кызмат Президенттик бийликтин ажырагыс бөлүгү болуп калды. Тактап айтканда, Мамлекеттик катчы Улуттук идеологияны улуу жолго салып, аны жалпы элибиздин кызыкчылыгына иштете турган күчкө айланды.
Жамин Акималиев,
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги,
Легендарлуу парламенттин депутаты