Добавить свою статью
20 Мая 2025
Төлөмүш Океевдин 90-жылдыгына карата

Океев Төлөмүш, кинорежиссер, СССРдин эл артисти, жүрөгү ашыкча мээримге толгон режиссер

(90-жылдыгына карата, «Биз кыргызбыз» деген китептен алынган) 

Быйыл биздин чыгаан кинорежиссер Төлөмүш Океев 90 жашка чыкмак. Ал 1935-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Төрт-Күл айылында туулган. Анын балалыгы согуш мезгилине жана согуштан кийинки оор каатчылыкка туш келди. Адам чыдагыс жакырчылыктын жана ачарчылыктын шартында чоңоюп, окуган жаш уландын күчтүү болуудан башка айласы жок эле; ал эрте эс кирип, тагдырдын сыноосуна муюбай, чыйрак болуп жетилди.

Албетте, анын баа жеткис, жаркын балалык кыялдары келечекке жетелеген: «Ошого жараша, — деп жазган Океев, — менин балалыгымда мени сүйүнткөн касиеттүү Ысык-Көл, тоолор бар эле. Кооздугу менен жан дүйнөмдү ээлеп алган, өзүнчө таалим-тарбия берген улуу жаратылыш бар эле. Ошондой эле менин инсан катары калыптанышыма элдик фольклор – ырлар, эпостор, элдик уламыштар чоң салым кошкон». Бул саптарды окуп отуруп, «Талант айылда жаралып, шаарда өлүшү керек» деген эски учкул сөздүн туура экенине ынанасыз.

Төлөмүш Океевдин чыгармачылык жолунун башталышы кыргыз кинематографиясындагы бурулуш учурга туш келди. Анткени, өткөн кылымдын 60-70-жылдары даректүү тасмаларды эле эмес, көркөм тасмаларды тартууда да чыныгы революция жаралганын баарыбыз билебиз. Кинематограф чындык жана акыйкатты чагылдыруу эталонун тандап алды. Мисалы, А.Тарковский «хроника эң мыкты киноспектакль» деп айткан. Жаш режиссер Т.Океев «Бул аттар» деген дебюттук фильминде бардык новатордук ыкмаларды аңдап, ишке ашырган. Анын бул курстук иши поэтикалык чеберчилик жана шыктануу менен аткарылды. Сүрөткер  аттардыадамга айландыргандай сезилди. Аттардын жашоосу аркылуу ал адамдын өмүр жолунчагылдырган: эненин азаптуу толгоосунан жаралган наристе, бейкапар балалык, анан жашоонун бүтпөгөн убарасы. Анан бардык эле адамдарга келгендей  оомат, жеңиш, жетилгендик жана... аягы – кыргын, аны сое турган адамдын найзасынын соккусу, аттын акыркы көз ирмеми, көз жашы... Керемет аттын тагдыры аркылуу, көрүүчү өз жашоосун электен өткөрөт. Т. Океевдин поэтикасын окуялар менен кубулуштардын динамикасын түзөт. Анын биринчи көркөм тасмасы «Биздин балалыктын асманы» сүрөткердин доорун чагылдырат: фильм доордун жүрөк кагышын, ыргагын жазган кардиограмма сыяктуу сезилет.

Мындай жазманы ар кандай орточо аппарат тарта алат дечи. Бирок «Биздин балалыктын асманы» сыяктуу чоң тасманын мезгилди чагылдыруусу өзгөчө терең, өтө татаал.

Тасмада жашыруун бир ой толгоолор катылып, жаңы бир көйгөйлөр сүрөттөлөт. Бирок бул учурда сүрөтчүнүн ой тутуму, көз карашы жана өздүк эс тутуму болгондуктан жана эң негизгиси, бул заманда биз билбеген эмне калды деген пендечилик мажес ойлордон алыс эле. Жаны тынбай жаңылык издөөчү эле. «Биздин балалыктын асманы» тасмасында эки доордун карама-каршылыгы талданат. Аны  режиссёр ата менен баланын ортосундагы конфликт аркылуу чечмелейт. Т.Океев ата-баланын чатагына себеп болгон окуяларды тизмектеп берет. Адамзаттын бүт акыл-эсин технологияга жана жаратылышты багындыруу аракети акырытуңгуюкка алып барарын, көрүүчүгө кыйытат. Жашап жаткан чөйрөсүн талкалоо — адам агрессиясынын жалгыз эле белгиси эмес. Өтө бат өнүгүп жаткан урбанизациядан улам улуттук салттуу коомдун пайдубалы урап жатат. Анын эң коркунучтуусу, улуттун адеп-ахлактык баалуулуктарынын куну учууда. Улууну, өзгөчө ата-энени сыйлоо кыргыз элинин ыйык салты. Тасмада Калык апасын коргоп атасын башына укурук менен бир салат. Албетте, энени коргоо табигый, ыйык күч, бирок анын атасына кол көтөрүүсү кечирилгис акаарат. Калыктын эс алуусу бүттү, бирок ал дагы деле атасынан кечирим сураган жок.

Мезгилдин кыйратуучу ролун өспүрүм атасынан башкача түшүнөт. Ал аны жакшы билип, ага сиңип кеткен. Бакай мезгилдин жаңылыктарын атайылап кабыл албайт. Ал өзүнүн каршылыгын унчукпай коюу, окуяларга катышпай коюу менен билдирет. Уул менен ата тарыхый процесстин эки элдешкис каршылыгын  чагылдырат: биринчиси ааламдашуу, урбанизация, шаар менен айылдын ортосундагы карама-каршылыктардын курчушу; экинчиси улуу муундун жоголуп бара жатканкайталангыс улуттук каада-салттарын сагынуусу.

Т.Океев мындай деп жазган: «Менин биринчи тасмам «Биздин балалыктын асманы» кийин тартылган башка тасмаларыма караганда терең сезимдерди ойгото алат, анын поэтикалык таасири күчтүү. Бирок анын башка тасмалары дагы өзгөчө керемет, ары жөнөкөй жана ошол эле учурда көркөмдүгү, терең мазмуну менен менен таң калтырат, адамдын эркиндигинин борбордук идеясы чагылдырылат. Улуу Федерико Феллининин «өзүмүн тасмаларымы бири-биринен айырмалай албаймын деген сөзүн дал ушул багытта түшүнүү керек. Мен дайым эле бир тасманы кайра тартып жаткандай сезем».

Мисалы, «Көк серек» тасмасында эркиндик темасы адам менен карышкырдын (табияттын) тиреши аркылуу ачылган. Ар бир адамга, атүгүл жаш балага мүнөздүү эркиндик инстинкти – маанисиз, катуу тартипке баш ийүү кулчулукка алып баруучу жол экенин көрсөтүп турат. Бирок баарынан коркунучтуусу жеке жан дүйнөнүн кулчулугу. Ахангулдун эркиндиктин душманы экендиги не бир терең эпизоддор аркылуу көрсөтүлүп, анын таш боорлугу, табиятты, адамды жек көрүүсү каармандын ички дүйнөсүн талкалап салганын көрүүгө болот. Адамга сырткы дүйнөгө кул болгонго караганда, ички дүйнөсүндөгу кулчулук сезимден арылуу оор. «Улан» тасмасындагы аракеч Азат Майрамовдун кулчулугу дал ушундай. Советтик модернизация арагы жок эле жашаган кыргыздардын турмуш салтын  талкалады. Уят, абийир жана Кудайга болгон ишеним сыяктуу эң жогорку этикалык баалуулуктар тыйынга арзыбай калды. Ф.Достоевскийдин «Кудай жок болсо, анда бардыгына уруксат» деп айтканы кандай гана туура болгон. 

Майрамовдун абактан кайтып келиши анын өзгөргөнүн, мурунку жашоосундагы ички дүрбөлөңдөн арылганын көрсөтөт. Анын өзгөрүүсүнө өзүнүн аялы себеп болгондугун көрүүчүлөр билишет. Азаттын аялынын сүйүүсү жана адалдыгы  ишенбөөчүлүктү, үмүтсүздүктү жана кара өзгөйлүктү жеңип чыккан керемет көрүнүш. Төлөмүш Океев экранда жараткан дүйнөдө аялзат жашоонун, дегеле бул жарык дүйнөдөгү бакыттын булагы катары көрүнөт.

Залкар режиссёрдун кийинки «Кожожаш» тасмасы Шекспирдей күч менен жаратылыштын адамга каршы көтөрүлүшүн чагылдырат. Биздин ата-бабаларыбыз жаратылышка Кудайындай мамиле кылышкан. Алар адам менен айлана-чөйрөнүн гармониясына ишенип, аны булгап, кыйратуудан коркушкан. Мисалы, башкы каарман Кожожаш капчыгайдан айылдагы бир акмактын капканына түшкөн ак илбирсти көрүп калат, ак илбирс Кожожаштын уруусунун колдоочусу, пири эле.

- Сен, кандай кудай урган немесиң, биздинтукумдун пирин кантип коркпой кармап алдың! – деп капыстан келген олжосуна туйтунуп, кубанычы койнуна батпай турган арсыз мергенге ызырынды. –Бошоткун!

Өткөн кылымдын 60-жылдарындагы кыргыз кино өнөрүнүн устаты, «кыргыз кереметин» жараткандардын бири тууралуу, эл чын жүрөктөн сүйгөн, урматтаган  инсандын бейнесин жазуумен үчүн оңой эмес, бирок сыймык. 

Белгилүү драматург, публицист Мар Байжиев: «Атам орус филология факультетин бүтүргөн, жазуучу, драматург, фольклорист, тил жана адабият боюнча окуу китептеринин авторуболгон. Мындай үй-бүлөлөр абдан көп. Көптөгөн режиссёрлордун балдары дагы режиссер, музыканттардын балдары музыкант болушат. Ал эми Океев тууралуу айта турган болсок, ал кайдан режиссёр болуп жаралды? Болгондо да кандай залкар режиссер болуп чыкты? Ал абдан жөнөкөй үй-бүлөдөн болчу, ата-энесинин билими жок, кинонун кантип тартылганын көргөн да, уккан да эмес. Төлөмүш киного жан дүйнөсүндөгү бийик эргүү менен, өзүнүн өзгөчө көз карашы менен келген. Анын улуулугу жана залкарлыгы мына ушунда».

Ооба, Т.Океев айылдан келип, тагдыр аны кандай сынабасын, адамкерчилиги өмүр бою өзгөрбөдү, жан дүйнөсү кандай болсо ошондой боюнча калды. Анын  адамдарда сейрек кездешүүчү жол башчылык да касиети бар эле.

Т.Океев илимпоз, мамлекеттик ишмер, заводдун жетекчиси, шахтер, дыйкан болушу мүмкүн эле, бирок бардык жерде  залкар инсан болмок, анткени анын мүнөзү ошондой даанышман, айкөл болчу. Ал өзүн кино өнөрүнө арнап, жогоруда аталган кесиптердин баарынын бир үзүмүн өзүндө ала жүргөн. 

Он жылдан ашык убакыттан бери агай арабызда жок. Ал жүрөк оорусунан каза болгон. Бирок, бул диагноз так эмес бойдон калды. Т.Океев жүрөк оорусунан эмес, жүрөгүндөгү ашып-ташкан улуу мээримден, сүйүүдөн каза болду. Чыныгы өнөр ар дайым - жүрөктөгү оргуп турган, ташкындаган сүйүүдөн, мээримден жаралат эмеспи. 

Таанышкан алгачкы күндөрүмдөн баштап эле адам катары мени анын адамгерчилиги  суктантты. Анын жанда жок боорукердиги, тамашакөйлүгү, орундуу тамашалары, өзгөчө күлкүсү (ал сейрек күлчү, бирок күлсө, чын дилден каткырчу), адамдардын жакшы жактарын көрүүгө умтулуусу, абдан чын жүрөктөн суктануу жөндөмү мени арбап алган. 

Акыркы жолу жубайым Ажар экөөбүз Анкарада Т. Океевдердин үйүндө конок болдук. Бул жерден мен анын дагы бир өзгөчөлүгүн байкадым; ал бардык жерде, ар кандай атмосферада таң калыштуу жана органикалык түрдө табият жана адамдар менен жуурулушуп кете алчу.  

Түркияда ал өзүн туулган жерде жүргөндөй сезчү, аны да өз кишидей кабыл алышкан. Т.Океевдин бул асыл сапаттарынын бардыгы анын фильмдеринде чагылдырылган. Залкар режиссердун тасмалары бүткүл жер жүзүнүн элдерине таандык экендигин жана дүйнөнүн булуң-бурчунда ал тасмаларды канчалаган адамдар көрүп турушаарын мезгил көрсөттү.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

11-06-2025
Омор Султанов, кыргыз эл акыны, эл жазуучусу (90-жылдыгына карата «Биз - кыргызбыз» деген китептен алынды)
675

05-05-2025
Бейшеналиева Бюбюсара, балерина, народная артистка СССР 
15495

07-03-2025
Колхозчу, эки жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры, таштай бекем, балбан аял (7- мартта туулган күнү «Биз - кыргызбыз» деген китептен алынды)
2164

19-02-2025
Жүрөгү анын тоолордо. Ашыралиев Кемел жөнүндө...
1669

15-01-2025
Т.Касымбековдун «Сынган Кылычындагы» бийлик сырлары
1066

02-12-2024
Президентке ачык кат
1596

27-11-2024
Мамбет Мамакеевдин элесине
1495

13-11-2024
Чокморов Сүйменкул, художник, актер, народный артист СССР
1685

11-10-2024
Он первым принял удар дикой рыночной стихии. О Турсунбеке Чынгышеве
1709

28-06-2024
Авторитет лидера – авторитет государства
2494

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×