Кыргызстандын академиялык салттуу илими аябай чоң жоготууга учурады. Ажал атактуу академик, эң көрүнүктүү философ жана белгилүү коомдук ишмер Осмон Тогусаковду арабыздан жулуп кетти. Жаңыдан эле жетимиштен ашкан адамдын жерге берилиши жаман эле экен. Кыргыздын кайталангыс акыны Ысмайыл Борончиев айткандай: «тим эле кол барбай турду койгонго».
Байыркы кыргыз эли ойчул инсандарды катуу сыйлаган. Башкасын айтпаганда да «акындардын атасы» деп аталып калган Калыгул бийди «олуя» деп танышчу экен. Ал кишинин айтканы айткандай болчу дешет. Азыркы тил менен айтканда, Калыгул бабабыз чоң философ болгон да. Гректин «философ» деген сөзү кыргызчага «даанышман» деп эле которулат. Бул латынча «гений» же болбосо, тубаса касиети бар бөтөнчө адам дегенди түшүндүрөт. Философия илими совет доорунда өзгөчө өскөн жана даңазаланган. Бул бекеринен эмес, себеби философ адамдарды баардык окуяларды алдын ала билген көрөгөчтөр деп түшүнүшкөн. Мен жаш кезимде Кыргызстандан чыккан алгачкы философторду көрүп жана жакшы билип калдым. Алар: Асылбек Алтымышбаев, Азиз Салиев, Асанбек Табалдиев, Табылды Абдылдаевдар болучу. 1950-жылдары мен айыл чарба институтунда окуп жүргөн мезгилде студенттерге «Философия» сабагын өтчү эмес. Анын ордуна «Марксизм-ленинизмдин негиздерин» окутушчу. Бирок кийин аспирантурада окуп калган кезде кандидаттык минимумду философия боюнча дагы бериш керек деген талапка туушар болдум. Айласыздан философиянын классиктери Гегель, Энгельс, Лениндин чыгармаларын окуй баштадым. Мисалы, Фридрих Энгельстин «Анти-Дюринг» жана Владимир Лениндин «Материализм жана эмпириокритицизм» деген өтө татаал китептерин толугу менен талдап чыктым. А дегенде кыйналганым менен кийин алар мага түшүнүктүү болуп эле калды. Аспиранттардын көпчүлүгү классиктердин чыгармаларын окубай эле, алар жөнүндөгү башкалардын баяндамаларын жатташчу. Кыскасы жүрүп отуруп экзаменге келгенде философия сабагынан Табылды Абдылдаевдин өзүнөн «5» деген баа алгам. Кеп жалгыз эле баада эмес. Мен ошол философияны өздөштүргөнүмдүн негизинде кийин айыл чарбасы боюнча илимий изилдөө иштеримди терең жана сапаттуу жүргүзгөнгө жетиштим. Ой жүгүртүүм бир топ эле кеңейди. Жалпак тил менен айтканда мээм жакшы иштей баштады. Ошондон бери философияны чын көңүлүмдөн урматтап калдым.
Биз сөз кылып жаткан академик Осмон Тогусаков жогоруда айтылган кыргыздын мыкты философторунун катарына татыктуу кошулуп, алардын коомго зарыл иштерин ийгиликтүү улантты. Улантканда да философия илимин Эгемендүү Кыргызстандын жаңы шарттарына ылайыкташтыра алды. Ошол оор мезгилде Улуттук илимдер академиясынын философия институтунун директору болуп чейрек кылым (1992-2017) иштегендиги эрдик эмей эмине? Академиябыз олку-солку болуп турган учурда анын вице-президент болуп иштегендиги (2017-2022), республикабыздын илимий Борборунун сакталып калышына бир топ эле көмөк көрсөттү. Осмон Тогусаков өзүнүн жеке ою бар, салмактуу жана салабатту инсан эле. Айткан сөздөрү аткан октой эле болчу. Абдан калыс, адамкерчиликтүү жана түз жүргөн адам эле. Ушул эле жылдын 26-февралында Кыргыз телевидениеси уюштурган «Баарлашуу» деген жаңы көрсөтүүгө мени алып чыгышканда Осмон Тогусаков атайын келип катышып берген. Көрсөтүүдөн кийин академиктердин атайын кабинетине кирип алып шашпай чай ичип, кенен кесир дидарлаштык эле. Андан кийин 28-мартта академиянын жылдык чогуулушунда чогуу олтуруп пикир алмаштык эле. Осмон микрофонго чыгып олуттуу ойлорун айтып, пайдалуу кеңештерин берген. Ошондо бир байкаганым, кабагы бир аз суз эле. Эмнегедир арыктап калгандай сезилген. Бирок андан көп өтпөй минтип кете берээри түшүмө да кирген эмес. Түбөлүк жашаган киши болбойт. Ошондой болсо дагы Тогусаковго окшогон омоктуу академиктерибиздин катары барган сайын суюлуп бараткандыгы кабырганы кабыштырбай койбойт.
Жаткан жериң жайлуу, топурагын торко болсун, Осмон иним.
КР Улуттук илимдер академиясынын академиги,
Легендарлуу парламенттин депутаты