Добавить свою статью
4 Июня 2025
Улуттук илимдер академиясынын мыйзамын Жогорку Кеңеште талкуудан кийинки ойлор

Элибизде илгертеден, өзгөчө совет доору башталгандан бери билимге, илимге болгон мамиле жакшы эле. Өзгөчө өткөн кылымдын 60-80-жылдары Кыргызстандагы илимдин жылдызы жанган учуру деп койсок болот. Бирок Советтер союзунун талкаланышы, Кыргызстандагы илимдин системасынын жоюлушуна алып келди. Азыр анын себептерин санап олтурсак, узун сөз болуп кетет. Жыйынтыгы академиялык илимдин кескин азайышына, тармактык жана жогорку окуу жайларындагы илимдин такыр жоюлушуна алып келди. Мен бул жерде коомдук-гуманитардык илимдер жөнүндө сөз кылган жокмун. Анткени өлкөнүн экономикалык турмушуна алардын таасири дээрлик жокко эсе.

Мен жарым кылымга жакын илимде эмгектенип, лаборанттан Улуттук илимдер академиясынын президентинин кызматтарына чейин кызмат аркалаган адам катары өлкөбүздө бул тармакта болуп өткөн өзгөрүүлөргө катышып, болгон аракетти жумшап, илимди учурга шайкеш келтиргенге аракеттенип келдим. Албетте, бирөөнү күнөөлөп, 35 жылдын ичиндеги мамлекеттин илим жаатындагы бардык чечимдерин туура эмес кабыл алынган деп айып тагып чыга бергендер дагы бар. Бирок биздин өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин өтө татаал абалда калганын эч ким тана албайт. Ушундай эле абалда калган мурдагы союздук республикалардагы илимдин тагдыры биздикине окшош эле болчу. 2017-2022 жылдары мен кошуна өлкөлөрдүн илимди уюштуруу системасы менен жакындан таанышкандыктан, алар деле бизден өтө алыс кеткен жок деп айта алам.

Бирок Өзбекстан менен Казакстанда каражат бөлүү маселеси жакшыраак чечилип, өзгөчө илимий-эксперименталдык базаны чыңдоо багытындагы жакшы иштер жасалганын белгилей кетүү керек. Бизде болсо, акыркы 35 жылда жалаң эле айлык акы, ал дагы жетиштүү өлчөмдө эмес бөлүнгөндүктөн, жаш окумуштууларды тартуу, келечектеги илимий кадрларды даярдоо маселеси ушуга чейин чечилбей келет.

Өлкө жетекчилиги ар дайым амбициялуу пландарды коюп, илимдин бул пландарды аткарууга катышуусун талап кылып, Илимдер академиясын иш-чаралар тизмесине киргизип келет. Бирок, ошол эле учурда коюлган маселелерди аткаруу үчүн каражат талап кылынары эске алынбай калат.

Мындай реакцияга илимий кызматкерлер дагы көнүп бүттү. Мурдагы болгон маалыматты чогултуп, коюлган маселеге тууралап, мамлекеттик органга жөнөтүп жиберишет. Ал жакта аны эч ким окубайт. Мүмкүн, алар деле каражат бөлүнбөгөндүктөн, маанилүү натыйжаны күтпөсө керек.

Бирок, ошол эле учурда Жогорку Кеңеште болобу, массалык маалымат каражаттарынан, карапайым элдин оозунан биздин окумуштуулар кандай ачылыш жасашты, миллиондогон акчалар илимге жумшалып, эч кандай натыйжа жок деген сөздөр байма-бай айтылып келет. Мен өз учурунда ачылыш деген эмне экенин, илимде ачылыш жасаш үчүн канча каражат керек экендигин теледен, гезиттер аркылуу түшүндүргөнгө аракет кылдым. Бирок совет доорунан бери коомубузда калыптанып калган илимден болгон күтүүлөр, «окумуштуулар болсо, ачылыш болуусу керек» деген түшүнүктөр дагы эле бар. Ошол ачылыш жасап жаткан Европанын, Американын же Кытайдын 10 чакты кишиден турган бир лабораториясынын бир жылдык каражаты биздин Улуттук илимдер академиясынын бир жылдык каражатынан алда канча көп болуп жаткандыгын эч ким эсине албайт.

Мен көп учурда илимдин абалы жөнүндө талашканда өлкөбүздөгү футболдун абалы менен салыштырып келем. Акыркы учурда оюндун бул түрүнө системалык түрдө көңүл бурула баштады. Материалдык-техникалык базаны жакшыртууга эселенген көп каражаттар бөлүнүп, өлкөнүн жетекчилигинин жеке көзөмөлүндө болуп, акырындап футболдун деңгээли көтөрүлө баштаганын бул оюнга кызыккандар сезе баштадык.

Бирок дароо эле биздин курама команда же кайсы бир клубубуз дүйнөнүн, Азиянын, же Борбордук Азиянын чемпиону болот деп эч ким күтпөйт.

Анда эмне үчүн айлык акыдан башка эч нерсе каржыланбаган окумуштуулардан, илимий мекемелерден кайдагы жаңы ачылыштарды күтөбүз? Айлык акы дагы акыркы 3-4 жылда эле жогорулай баштады, учурда төмөнкү тепкичте турган илимий кызматкердин айлыгы 17-18 миң сомду түзөт.

Азыркы илимде ачылыштар атомдук, молекулярдык жана нано өлчөмдөгү изилдөөлөрдүн негизинде болушу мүмкүн. Акыркы учурда абдан актуалдуу болуп жаткан жашыл технологиялар дагы өтө көп каражаттарды, илимий-изилдөө аспаптарын, техникалык түзүлүштөрдү талап кылат. Бул жагынан биздин илимий мекемелердин абалы дагы түшүнүктүү го деп ойлойм. Учурда илимде бир гана жол — эл аралык илимий уюмдар, чет өлкөлүк илимий мекемелер, университеттер менен биргелешип иш алып баруу бар.

Кээде социалдык тармактарда, массалык маалымат каражаттарында биздеги окумуштуулардын саны, анын ичинде докторлордун, кандидаттардын саны өтө көбөйүп кеткендиги жөнүндө айтылып келет дагы, кайра эле ачылыш жоктугу баса белгиленет. Бирок иш-аракети ачылыш жасоого багытталган, табигый-техникалык илимдердеги окумуштуулардын саны кескин азайып, азыркы учурда өлкөбүздөгү илимдин докторлору менен кандидаттарынын басымдуу көпчүлүгүн гуманитардык жана экономикалык багыттагы окумуштуулар түзөрү жашыруун эмес. Айрым кесиптештерибиз: «Илимдин азыркы абалын өлкөбүздө кабыл алынган илимдин кандидаты, доктору деген даража тепкичтери менен байланыштырып, батыштын системасына өтсөк, бардыгы жайында болот», - деп айтып келишет.

Билбейм, мүмкүн. Бирок азыр биз университеттерде техникалык багыттар боюнча магистратурага окуй турган киши таппай жатабыз. Ошондуктан кандидат болобу, PhD болобу, илимий долбоорлорду аткара ала турган кызматкерлер керек бизге.

Акыркы учурда чет элдик, өзгөчө кытайлык кесиптештер биргелешип, долбоор аткарууга чакырса, бизде деңгээли туура келген илимий адис жоктугу кейитет. Биз, учурда айтылгандай, кара мышык болобу, ала мышык болобу, «чычкан кармаса болду» деген абалдабыз. Акырында дагы бир айта турган нерсе, кайсы бир фильмде дубалга «пианистти атпагыла, ал колунан келишинче ойной алат» деген плакат илинип турду эле. Ошого окшоштуруп: «окумуштууну эле жемелей бербегиле, ал колунан келген ишти аткарып жатат», - деген чакырык менен кайрылып кетем.

Джуматаев М.С.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

13-06-2025
О возможностях использования зеленых технологий для хранения энергии в условиях Кыргызстана
1338

22-05-2025
Об атомной энергетике
3240

05-04-2023
Учурдагы өлкөдөгү илимдин абалы тууралуу
2500

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×