Акындын кѳзү тирүүсүндѳ анын нукура классик экенин кѳп адамдар түшүнбѳйт. Француз акыны Жюль Ренар бир классик акын жѳнүндѳ ѳкүнүчтүү юмор менен: «Анын залкар классик экенин түшүнүш үчүн, ал небак ѳлгѳн деп эле- стетишибиз керек» деген экен.
Акынды классик деп чечим чыгаруучу жо- горку сот ким? Албетте, мезгил, бирок ал кѳп учурда чечимин ѳтѳ создуктуруп, ѳтѳ кечикти- рип чыгарат. Өңгѳнү коёлу, Пушкин киши колдуу болуп ѳлгѳндѳ да, орус коомчулугу анын кандай алп экенин түшүнбѳптүр. Ошол кездеги белгилүү эле жазуучулардын бири Писа- рев «Евгений Онегинди» ыр менен жазылган беллетристика деп кордогон экен.
Бул дүйнѳдѳ баары кайталанат. Адегенде трагедия болуп, анан фарска, шылдыңга айланып тарых кайталанат, кылымдан кылымга мамлекеттер кайтала- нат. Кайталанганда да, К. Маркс айткандай, калыпка салгандай окшошуп кайтала- нат. Мисалы, адамзат жаралганы сансыз мамлекеттер кыйрады, кайра жаңырды. Бирок бүгүн ошол алгачкы мамлекеттердин эки–үч эле формасы кайра-кайра кай- таланып келе жатпайбы.
Ал эми адабият, искусство алып айтканда, поэзия – кайталангыс феномен. Күндѳлүк турмушта бир эле анекдотту бир күндѳ үч жолу айтсаңыз, элди үч жолу күлдүрѳсүз. Искусстводо, адабиятта мамилелешүүнүн мындай формасы «трафа- рет», «клише» деп аталат. Адабият артка теппей турган замбиректей ѳз динами- касы, ѳз логикасына ылайык, улам «атылган» сайын улам жаңы сапаттагы эстети- калык чындыкты жаратат. Синонимдүүлүк, маанилештүүлүк поэзияга жат, анын бирден-бир жашоо ыкмасы, дайыма жаңы эстетикалык чындыкты жаратуу.
Ф. Достоевский айткан да: «Чындык Некрасовдон да, Пушкинден да, элден да, Россиядан да, деги баарынан жогору турат. Ошондуктан анын айынан жого- туучу пайдабызга карабай, ар кандай куугунтуктарга жана соккуларга чыдап, бир гана ошол чындыкты издешибиз керек».
Ушундан улам ойлоносуң: мисалы, бүгүн элдин материалдык жакырчылы- гы жѳнүндѳ кимдер гана жазбайт. Басма сѳз, телерадио, саясатчылар бул теманы айткандан жадабайт. Канча далилдүү болсо да, алар окуучулардын жан дүйнѳсүн козгой албайт. Канчалык калыс, туура айтылса да, алар Султановдун тѳмѳнкү эки куплетиндей сай-сѳѳгүңдү сыздатып, таасир бере албайт.
Билермандар түшүндүрүп койгула, Аш бергиле, той бергиле, тойгула. Бирок элдин саны азыраак, арык да, Аны сойбой, мал бактырып койгула. Билем баарың ач элеңер, тойгула. Түгѳткүлѳ, тоногула, тойгула. Бирок гана Журт оңолот кай жылы? Бул суроого жооп берип койгула.
Классик ѳз доорунда жѳн эле жашап ѳтпѳйт. Ал ошол доордун руханий жүзүн ачат, атуулдук духун калыптайт, улуттук ар-намысты сактап, коргоп калат. Айткылачы, Султановдой классик-таланттар искусстводо, адабиятта болбосо, кайсы эл бизди теңине алып, сүйлѳшѳт эле. Биздин экспортко чыгараар нефтибиз, газыбыз жок. Биз дүйнѳлүк рынокко Султановдор жараткан асыл дѳѳлѳттѳр ме- нен кѳкүрѳк керип, мактанып чыга алабыз.
Бул дүйнѳдѳ эч кайталангыс, дайыма жаңы бир гана нерсе бар – бул талант деп илгерки үлкѳндѳрдүн бири айткан экен. Омор Султановдун талантынан жа- ралган кайсы гана ырларын, поэмаларын албайлы, ар бири ѳзүнчѳ эстетикалык жаңылык, кѳркѳм сѳздүн ажайып үлгүсү, адабий окуя, табылга. Так ушундай касиети менен адабият, искусство тарыхтан да, прогресстен да алдыда жүрѳт. «Адамзат, кайда сызып баратасың, адамдын акыл-эсин камчыланып», – деген Алыкулдун эки сабы мындан бери дегенде 90 жыл мурда жазылган. Ал кезде аны олуялык, философиялык маңызын эч ким түшүнгѳн эмес. Жалгыз ѳзү түшүнгѳн. Улуу акыныбыз ошондо эле бүгүнкү доорду – информатикалык, постиндустрия- лык заман келерин, илим-билим үстѳмдүк кылуучу доорду кѳргѳн тура. Компью- тер, Интернет, «билим экономикасы» келерин сезген экен. Эгер учурунда эл, коом акынды түшүнбѳсѳ, акындын «жалгыздыгы» ошол да. Казактын улуу акыны Му- кагалы Макатаев айткандай: «Дүйнѳдѳ акындардын баары жалгыз...».
Омор Султановдун чыгармачылыгында да «жалгыздык» темасы кеңири орун ээлейт. Акынды толгонткон, жүрѳгүн сыздаткан ойлорун, сары санаасын тегерегиңдегилер түшүнбѳсѳ, элиң түшүнбѳсѳ, ошону жалгыздык дейбиз да. Омо- кем ѳткѳн кылымдын 60–70-жылдарында эле азыркы «карышкыр замандын» келерин кѳрүп тургансып, коомдун нарк-насилиндеги, руханий дүйнѳсүндѳгү кооптуу бурулуштарды ыр менен эстетикалык чындыкка айланткан. Айрыкча, дүнүйѳкорлук («вещизм»), советтик бюрократиянын эки жүздүүлүгү, паракорлу- гу, элдин ыркы бузула башталгандыгы, бой титиреткен күч менен ашкереленген. Буга акындын «Чарчоонун жүзүнчү жылы», «Отузунчу станция» деген чыгарма- лары күбѳ. Тѳмѳнкү бир куплетинде:
Аз мурдараак уят деген бар эле,
Аны кайда жоготтуңар шашылып.
Кѳкүрѳктѳ жүргѳн намыс – ар эле,
Ал да качты каякадыр жашынып, – деп капаланат акын. Чынында эле биз азыр либерал-буржуазиялык идеологи- янын, башкача айтканда, ѳзүмчүлдүктүн, пайдакорлуктун, алдым-жуттумдуктун үстѳмдүгүндѳ жашап жатабыз. «Атадан алтоо болсо, ар жалгыздык башта бар», деп элдик макалда айтылгандай, азыр ата баланы, бала ата-энени карабай калды. Качан кыргыз ата-энесин карылар үйүнѳ ѳткѳрүп берүүчү эле? Азыр андай үйлѳр жалаң кыргыздарга толуп кеткен. Ата-энесин бакмак тургай, ѳз үйүнѳн кууп чык-
кандар канча? Ата-энеси балдарын таштап, алардын тентип жүргѳнү канча? Айылдарга барсаң, баягы мурдакыдай сакалдууларды угуп-сыйлоо, элге, коллективге баш ийүү деген жоголуптур. Биздин дагы бир жолбашчыбыз тартуу- лаган «ак шакалдар» деген кара тамганы жаштар колдонуучу болуптур. Батыш- тын индивидуализм идеологиясынын чириген «баалуулуктары» – сойкулук, наркомания, бандитчилик – азыр кѳнүмүш эле иштерге айланган.
Султановдун балалык чагы согуштан мурдагы жана кийинки жылдарына туура келди, кѳрбѳгѳнү кѳр болуп, жакырчылыкта чоңойду. Омокеңдин тагдырын кѳрүп туруп, ушундай залкар таланттар оор турмуштун, азап-тозоктун, запкы- нын натыйжасында жаралат ко деп да ойлойсуң. Мисалы, Сервантес кулчулукта чоңойгон, Достоевский даргадан аман калып, каторгада жүргѳн. Солженицын он- догон жылдар ГУЛАГдын капканында жаткан. Омордун бала кезиндеги турмуш жакырчылыгы – каторга эмей эмне? Ушуларды кѳрүп туруп, бир тал чѳп цемент плитаны жарып чыккан кѳрүнүш бекеринен эмес экенине ынанасың.
Султановдун поэтикалык мурасы зор. Ал – бүтүндѳй эки доордун, советтик жана азыркы замандын лирикасын да, патетикасын да, трагедиясын да чагыл- дырган алтын казына. Бүт ѳмүрүндѳ Омокең эли ыйласа кошо ыйлап, күлсѳ кошо күлүп жашап келди. Элинин жыргалын да, азап-тозогун да кошо тартышты. Мамлекеттин, элдин жогорку сый-урматына ээ болду.