Добавить свою статью
23 Июня 2025
Аалы Туткучев — өз күчүнө таянган акын

Ойчул акын, бүгүнкү күндөгү кыргыздын кыраан жигиттеринин гүлү Аалынын колунда комузу, оозунда сөзү, созолонто аваз үнү менен ыр ырдаса жан-дүйнөнү эс алдырып, көңүлүңдү кайдарыр алып учурчу кудурети бар .

Көптөн бери өзүмдө суроо турган. Айтышка эмне чыкпай калды? “Камчы сапка жараган, камчы сап болоорлук...” колунан бир иш келүүчү, көпчүлүктүн ишин алып кетүүчү да Аалы. Айтып аткан себебим, “Манас” эпосун окуп атып, кыргыз эли көпчүлүк өмүрүн ат үстүндө өткөрүптүр. Ат минген адамдын негизги куралы – камчы. Камчыны элибиз атка эле пайдаланбастан, төбөлөшкөндө да, урушканда да курал болгон. Камчы катуу жыгачтан жасалган. “Манас” эпосундагы:

Айкырык салып ал Манас,

Кан Жолойго жеткени,

Кара жаак булдурсун,

Кармай калып имерди

Качырып кирип Жолойду,

Жаакка тартып жиберди, – дейт эмеспи.

Кабыгы сыйрылган жыгач камчы сапка жарабагандай, кээ бир акындардын калыпка салынган саптары бар. Аалыны калыпка сала албайсың. Азыркы кезде “калың токойдон камчы сап табылбагандай эле”, акындардын арасынан ырдагандарын “жасалма интеллектке” салып эсептетсе канча сабы кайда пайдаланылганы чыга турган заманда, кимдин-ким экенин аныктап коет. Жеке менин оюмда Аалы менен Акмат (Султан уулу) – нукура таланттар.

Акыркы убакта Ата Мекенден алыс жашагандыктан, кыргыздын асыл сөздөрүн, ырчыларынын жашоого, сүйүүгө арналган маанилүү ырларын уккуң келет. Баары эле табитке шайкеш келе койбойт. Корей элинин дорамаларындагы актёр актрисалардай эле сулуу-сулуу жаштарыбыздын чыгып келе жатканы кубандырат, суктандырат. Бирок алардын көрөңгөсү кандай, билбейм. Өз өнөрүнө камчы салдырбаган талант Аалы Туткучев жөнүндө ой-толгоо жазышыма манасчы Замирбек Баялиев себепчи болду. Кыскача айтсам: «кызыл чеке болуп, урушканга чейин барып, азыр “манасчынын жаңы тиби” – айтуучу, жаратуучу эмес “аткаруучу” пайда болду. Кана үчилтик вариантың? сыңарындагы эпостаануу илиминдеги тактоолор учурунда акындык өнөрдү таанууда да талкууга түшкөн. Ошондон улам Аалы да изилдөөнүн объектисине айланып кетип отурат. Аалы кыргыз эли, кыргыз адабияты (айтыш өнөрү) кыргыз тили деп үч тармакка күйгөн инсан, анын өзүн көрүп, жолугуп сурабай эле жаза алам. Анткени, экөөбүз бир күндө (9-декабрь) төрөлгөнбүз. Жаачынын(стрелец төлгө жылдызы) мүнөзү кандай болот билем. Духтун күчү бизде чиркегичи бар вагон эмес, поезд. Эр жүрөк, чынчыл, калыс, сөзүнө турган, калп айта албаган, боорукер, аянычтуу бир тагдыр болсо көз жаш төккөндөн уялбаган, мээримдүү, жүрөгүндө жалы бар, ыр-чыр, айың кепке аралашпаган өз дүйнөсүндө жашаган адам. Алдын ала көрө билет. Кимдин эмне ойлоп атканын, эмне максаты бар экенин сезе алган касиетке ээ. Аалыдагы касиет жогорку көркөмдүктөгү чыгармаларды жаратканга, сүрөткердик чеберчилигин арттырганга казна болуп бере алат. Аалы өзүн үлгү туткан элине, бир жактан жаап, басса, экинчи бир өнөрү менен чыгып аткандай. Анткени жаачылар (стрелец) ошондой “Раймалы менен Бегимайдын” музыкалык либреттосун жазыптыр” деген имиш уктум эле кошуна кемпирден. Кайра барып сурабасам, Аалы жөнүндө ютубда болгондун баарын көргөн Аксылык апа бар.

Анда азиз окурманым, Аалыны жакшы көргөн апалар менен кошо чыгармаларына саякатка чыгалы. Маданият, адабият, илим негизи тил касиети менен жаралат, өсөт. Ушул орошон майданга Аалы өз өмүрүн арнагандардын бири. Өз күчүнө, улуттук баалуулуктун өзүнө гана таянган адам, ар-намысын эч качан сатпайт, кайратынан жазбайт.

 

Аалы ойчул(философ) акын

Аалынын жердеши залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов ачкан “маңкурттук” феномени кыргыздардын эле эмес бүт дүйнөгө үрөй учура которулбай “манкуртизм” боюнча дүйнөлүк лексиконго кирген. Жазуучу Казат Акматовдун “Архат” романында автор биздин чыныгы турмушубуздагы айрым көрүнүштөрдү фантастиканы колдонуп чагылдырып берген. Ал өзүмчүлдүк, дүнүйөкордук, буюмкордук, салт менен адеп-ахлактын бузулушун, жалпы аракечтикти, жалкоолук маданият менен илим-билимдин төмөндөшүн, наадандыктын терең зилдегенин жазган. Алар жазгандарды окулбай калган заманда Аалынын насаат-насыят, санат термелери, кайрылуулары учурдун талабы. Аалы айтат: “Ишенип койгула, кыргыз эли эч качан өнүккөн өлкөлөрдүн же цивилизациялардын босогосунда калбайт”. Дүйнө кесип кеткен кыргыздын уул-кыздары келип көтөрөт деген тилегин Жаратканга өзүнчө жеткирип, сурап келет.

Кытай элинин ойчулу Конфуций өз мезгилинде “Не дай Бог жить в эпоху перемен” деген экен. Аалынын тагдыры ошол “өткөөл мезгилге туш келген” чаар баштыктар менен апалар Москва, Новосибирск, Томск, Омск ж.б.у.с. орустун шаарларына агылып кетип, ун жок, нан жок, бир козу Кытайдын бир бөтөлкө спирти болуп аткан кезде мектепти бүтүптүр. Анда эмне СССР тарап, “алды-алдыңдан тал карма” болуп атса...

Өткөөл мезгилдин психологиялык жагын Аалы менден жакшы, таамай айта аларын анын маектерин, ырларын уккандар жакшы билет. Философ акын ошол кездин күүлөнүп кете албай мүдүрүлгөн убактарын жана бүгүн да элдин кайсы тармакты колдош керектигин арсар түшүнөөрүн ырдап келет. “Билимсиз алдыга жыла албайбыз, түркөй болбойлу” деген пикирди ырга салгандардын сап башында экендиги жашыруун эмес. Улуттук баалуулуктар менен алдыңкы өнүгүүнүн технологияларында биле жүрөлү деген ырын карайлы, өзүн мисал келтирип атат.

“Менин атам сеникинен жакшы эле”

Адал иштеп адал тамак тапчы эле,

Айткан акыл-насааттары жакчу эле.

Барга дагы жокко дагы бышырды,

“Балдар жейт”- деп кээ күнү ачка жатчы эле.

Азыр баласы атасын, атасы баласын карабаган заман. Акча болсо баарын сатып алам деген психологияда жашагандар бар.

Анда билбейм интернет не, акча не?

Учкаштырып минген аты кашка эле.

Кулабаска кучактасам атамды,

Ал жаккансып ого бетер чапчу эле.

Жаратылыш менен адамдын, ат менен адамдын ал кезде гармониясы бар болчу.

Сенин атаң андай эмес пас неме,

Эркек качан айфон чукуп жатчу эле?

Сендейимде ат чаптырып байгеге,

Борпоң кылбай бышырыптыр башта эле.

Бала кезинде атка жакын экени, ат чапкан учурлары, бактылуу балалыгынын асманы көз алдына келип атканын билүүгө болот.

Түшүн уулум! Бул сөзүмдү калп дебе,

Сен шаардык-ак кол, борпоң, ак дене.

Менде күнөө аяп жүргөн силерди,

Менин атам сеникинен жакшы эле.

Өзүн атасынан төмөн коюунун өзү, сын көз менен өзүн-өзү баалоо. Өзүбүздү сырттан карабайбыз, чет өлкөлөрдө кыргыздар жөнүндө эмне дейт? Деги эле мен киммин - деген суроону да өзүбүзгө бербейбиз.

Мээнеттенип мекенине жакса экен,

Мени тартпай чоң атасын тартса экен.

Үмүтүм бар. Мурун чыккан кулактан,

Кийин чыккан мүйүз өсүп ашчу экен.

 

Бирок да, үмүт деген шоола берип, дагы эле жакшылыкты күтүп атканын көрүүгө болот. Ооба, Аалы бала тарбиялоо да өзүнүн бир вазыйпасы экенин, албетте унуткан жок. Аалынын философиясы өз тагдырын (биография) өзү жаратуу. Аны мезгил жашап аткан доор аныктайт. Аалыдай көпчүлүк адамдар өз жашоо философиясын, миссиясын аңдай беришпейт. Аалы ушул өтүп аткан өмүрү менен өз тарыхы жаралаарын сезген, сезимтал инсан болгондуктан ойчул акын дедим. Жыйынтыктай турган болсом, Аалынын жүрөгүн тынчытпаган эркиндик доору келген мезгилдин ак таңдай акынына аманат элдин жердин, ата-бабанын арбагынын астында Манастын тукуму катары татыктуу өмүр сүрүү бар. Өтөлгөлүү өмүр сүрүш үчүн да опол-тоодой аракет, Жараткандын астында жоопкер экенибизди унутпаганы үчүн да Аалыны философ акын деп билем, жана сөздөрү аркылуу тааныйым. Мен муну өзүнө жолугуп, таанышып колун бек кысып дагы айта алам.

 

Аалынын сүйүүсүнө ой толгоо

“Алсыздар эч качан сүйүү падышалыгына кире алышпайт, бул падышалыктын мыйзамы катаал, аялдар тайманбас жана чечкиндүү эркектерге гана таандык, алар аялдарга ишенимдүүлүк тартуулашат, аялдар жашоодон мына ушуну издешет –деп менин сүйүктүү жазуучум Гарсиа Маркестин жазганы туура. Анткени Аалынын бул эки сабы мени ишендирди, чечкиндүү – ишенимдүү.

Ак сүйүүдөн башкага баш ийбеген,

Айкөл Манас атанын тукумумун.

Эч бир адам сенин көз жашыңа татыбайт, а татыктуу дегендер сени ыйлатпайт – деген Гарсиа Маркес дагы бир улуу саясатчы “Эгер жашоону сүйсөң, убакытты бекер коротпо. Анткени жашоо убакыттан турат” – дейт эмеспи(Б. Франклин) Аалы да өз акылы өзөк менен тамыр экенине ишенип көп окуп, көптү билери сүйүү саптарынан көрүнүп турат.

Аалынын сүйүүсү да шумдук экен. Интернеттен таап алган ырын окусак. Адамзаттын тарыхындагы эң ири континенталдык империянын негиздөөчүсү Чынгызхан сезимине чыр салып атат. Кытай, Орто Азия, Жакынкы Чыгыш, Кавказ, Чыгыш Европаны жеңип алган полководецтин чыры.

Сен болбосоң төбөмдө жылдыз жанбай,

Сен бар үчүн сүйүүмдө чындык бардай.

Сересине жүрөктүн кылыч шилтеп,

Сезимиме чыр салдың Чыңгызхандай.

 

Аксак Темир Көрөгөндөн өткөн аскер башчы тарыхта сейрек. Жүлүнүн тилгенин жортуулда жүдөткөн Темирландай деп салыштыруусу, көзүңө кылкылдаган аскерди тартат.

Күдө күндө дем берген кебиң балдай,

Жүрөгүңдү тыңшайын демимди албай.

Жүлүн тилет кылыгың кылыч болуп,

Жүдөттүңго жоортулда Темирландай.

Махабат укуругун сүйрөп алган, салыштыруусу чыныгы акындыктын белгиси. Ак сүйүүдөн башкага баш ийбей турганын ачыктаганы, бул Аалынын чындыгы деп билсек болот.

Алп тарыхтын уланган учугумун,

Алдым сүйрөп махабат укуругун.

Ак сүйүүдөн башкага баш ийбеген,

Айкөл Манас атанын тукумумун.

Сен-бул дүйнөдө балким катардагы эле бир пенде болушуң мүмкүн, а кимдир бирөө үчүн бүтүндөй бир дүйнөсүң – бул да Гарсиа Маркес Аалынын дүйнөсүнө айлана алган, “алган жары” бактылуу болсун!

 

Маданият – деген элдин элдүүлүгү жана анын түбөлүк сакталуучу руханий портрети

Маданиятты маданый ишмерлер өздөрү жазаарын Кайрат Примбердиевдин Кене хандын башы үчүн кечирим сураганынан көрдүк го. Мамлекет башчыларына чейин элчилер, карпайым элдер ызылдап жиберишти. Акыл-парасатын эл ишенип берген наамды, ал артист көрсөтмөк тургай, профессор Шевелевдин: “Татыктуулар сыйланыштыбы жана сыйлангандар татыктуубу?”- деген учкул сөзүн ойго салды. Сатып алган, татыксыз берген көрүнүштүн бетин ачты. Аалы канчалаган казактар менен айтышта жеңип кайтты.

 

“Кыргыздар бизге душман” – дейт,

Кененсарыны чаап алган.

Чала болду кыргызга,

Элди атаар жоо таап алган. –

Деп ырдап жатсаң эфирден,

Сабырым түттү араңдан.

Жакуттан үйгө баксаң да,

Жаман сөз чыгат жамандан.

Уу сөздөр чыкты биз жайлуу,

Эркегинен да, аялдан.

Бок сөзүң токтот,

Болду деп чыккан жок,

Эч ким алардан!

Айлына кирип барбасак,

Аялын тартып албасак.

Достукту айтпай акыны,

Домбрасын кучактап.

Долудай неге каргашат?!

Жолоочу болуп келгенге,

Кымызы даяр кыргыздын.

Тоноочу болуп келгенге,

Кылычы даяр кыргыздын.

Өздөрү келип катылса,

Өлтүрөмүн деп бакырса,

Ата-баба мазарын,

Асманга чаңын сапырса,

Кантсин анан Ормон Хан,

Көрсөттү эрдик баатырча.

Же эмне “Кенен келди” деп,

Жүгүнмөк беле катынча?!

Анчалык кеттик анда,

Мен айтайын жооп ээй акынча:

Казак дагы мусулман,

Саждага башын салгандар.

Кыргыз дагы мусулман,

Жайнамазын жайгандар.

Мусулманга мусулман,

Бир тууган деген пайгамбар.

Пайгамбардан чоң бекен,

Акынсынган ал балдар?!

Тууганым душманым дей берсин,

Дининен чыгып калгандар.

Байлыкка көппө тууганым,

Байлыктан улук Аллам бар.

Казактын чечен бөлтүрү,

Сөзүндө болбос кемчилик.

Кыргыз-казак достугун,

Кыябын ачуусун келтирип.

Жүлүнгө жеткен сөзүнө,

Жүрөктүн кылы чертилип.

Бөлтүрүктүн кашында,

Кыргыздарды душман дегендер.

Кыйналып кетмек энтигип,

Бөлтүрүк бабаң сыяктуу.

Бөрктүү сөздөн ырдагын.

Көпкөн сөздөн ырдабай,

Көрктүү сөздөн ырдагың.

Каруулуң ага жетпесе,

Казакты уят кылбагың.

Өз элиңди сүйө бил,

Бирок өзгө элди да сыйлагың.

Таанып билгениң кыргызды,

Тазарсын оюң, ыйманың.

Шаханов Мухтар агамдын,

Көбүрөөк оку ырларын.

же

Айтпаган көңүл калтырып.

Казактар бизди кул дешти,

Туугандык жолу бар туруп.

Чын тарых болсо эсиңде,

Чындыкты айтам секирбе.

Кара-кыргыз деп турат,

Картаңардын бетинде.

Казак деген жазууну,

Картадан издеп таппайсың,

Музейге кирген кезиңде!!!

Казактан чыккан Шэкерим

Ким билбейт анын атагын,

толуктап келген эмеспи,

топ залкарлардын катарын?!

Кыргыздан казактар тарадык,

Деп жазганын окуп жатамын.

Шекеримдин сөзүнө бар беле,

Кылаар чатагың?

Же:

Манасты Чокан жазган деп,

Боорум пейилиңди тарытпа!

Манас бар үчүн Чокандын аты,

Өчпөй калган тарыхта.

Же, бул жерин окуңуз:

Москва шайлап Колбинди,

Мазаңды чакты чоң жинди.

Азаттык сүйгөн казакты,

Атууга аскер кол кирди.

Алматыдай борбордо,

Желтоксаныңар болгондо.

Кычыраган суукта,

Кырчындай жаштар тоңгондо.

Жардам бермек болушуп,

Жакыным казак боорлорго.

Атайын кыргыз жаштары,

Аттанып чыгып сапарга.

Алматыңа аз калып,

Аралап кирип Отарга.

Алдынан тосуп аларды,

Таңкалар турду катарда.

Же, бул жерин окуңуз:

 

Конок пейил кыргыздын,

Койнунан жылан чыкканда,

Энелердин көз жашы,

Ээгинен ылдый акканда,

Дүйнөнүн эли кол сунуп,

Жардамын берип жатканда,

Кайышып кетти кабыргам,

Каны бир деген казагым,

Чек арасын жапканда.

Казагым менин асылым,

Кардешим, боорум, жакыным.

Казакты жаман дей албайм,

Мен акынды айтып жатырым.

Барк алам десең элиңен,

Ал байытыш керек акылын.

***

Эл деген калыс тараза,

Элекке салган акыным.

Тууралап тандап алса экен,

Тулпары менен качырын.

Арыстан гана токойдо,

Азаттыкты талашат.

Ал эми коркок коёндор,

Алптардын бутун жалашат.

Арыстан жүрөк кыргыз деп,

Ааламдын эли карашат.

Биз да ушундай болсок деп,

Коңшу өлкөлөр самашат.

 

***

Толук эмес, ар кай жерин Аалынын берген жообун окуп таразалап алыңыздар. Бул жерде деңгээли дебешке, башка сөз таппай турам. Ар ким өз деңгээлин, алган атак-даңкына жараша жүк көтөрө алабы ошону да ойлой жүрсө - деген бул саптар ойго түртөт.

 

***

Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун асыл ой берметтери Аалынын жан-дүйнөсүнө шайкеш келет.

 

***

Адам жакшылыкты жерден таап албайт, адамдан үйрөнөт.

 

***

.....Балким, сүйүү деген адамдын бардык сын сыпаты толуп, аң –сезиминин эң бир жетилип турган курагы чыгаар? Ооба, жашоонун так ошол жаркыраган курагында, төкмө акынга шык келген өңдүү, адамга сүйүү келип, ага дем берип, жаңы багытын издеп, умтула тургандыр? Мүмкүн ашыктыктын касиети так ушунда чыгар?

 

***

Баарынан аяры – баланын жан дүйнөсү. Баланын назик сезимин бузбоо керек, жанын жашык кылбоо керек.Адам дал ушундай жаралган тура: адам жанын муздатып, тоңдуруп алуу оңой, аны кайра эритүү кыйын, кыйын түгүл мүмкүн эмес.

***

-Кечирбес элем. Душманымды эзелиде кечирбейм. Бирок заманама кек сактаган жерим жок. Арты кайрылуу болсун. Антсе да согушта доом көп. Атылган ок, төгүлгөн кан-тарыхтын эсебинде, ал эми бүлүнгөн өмүрүчү? Аны кайсы эсепке ыйгарып, тарыхтын кайсы бетине жазабыз? Аны үчүн ким жооп берет?

***

Аалынын айтыш өнөрүнүн камчы салдырбас дулдулу экенин баарыбыз билебиз. Бирок, эмнеге акыркы учурда айтыштар Аалысыз өтөт суроо бербейбиз...

Адам акылына, биздин эркибизге баш ийбеген нерселер болсо дагы, сүрөп, асылдарды акмактардан айрымалай алган учур келди го...

Ким Аалыны айтыштардан күтөт?

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×