Кыргыз-Түрк «Манас» университети 1995-жылы Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын орток демилгеси менен курулуп, 1997-жылдан бери жогорку билим берүү ишмердүүлүгүн эл аралык деңгээлде үзгүлтүксүз жана ийгиликтүү жүргүзүп келе жаткан абройлуу окуу жайы болуп саналат. Университет ачылган күндөн тартып, түрк дүйнөсүнүн жаштарына жогорку сапатта билим берүү, маданий баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүүнү өзүнүн негизги миссиясы катары белгилеген. Буга ылайык, тарых, тил, адабият, маданият, искусство, экономика, спорт сыяктуу тармактарда илимий жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүп, аймактык интеграцияны бекемдөөгө салым кошуп келүүдө.
2020-жылдын август айында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректорлугуна дайындалган тарых илимдеринин доктору, профессор Алпаслан Жейландын көрөгөчтүк менен колдонгон ийгиликтүү башкаруу стратегиясынын натыйжасында университеттин академиялык сапатты жогорулап, илимий изилдөө иштерине басым жасалып, эл аралык кызматташтыктарды арттыруу боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү. Натыйжада «Манас» университети эл аралык деңгээлде ийгилик жараткан университеттердин тизмесине кирип, дүйнө университеттеринин QS рейтингинде алдыңкы 1000 университеттин катарынан орун алды. Университет бул ийгилигине удаа эле Азия университеттеринин арасында 230-орунга, ал эми Борбордук Азия университеттеринин арасында 10-орунга көтөрүлүп, Кыргызстандагы жогорку билим берүүнүн тарыхында маанилүү секирик жасады. Мындай жетишкендик – ректор т.и.д., проф. Алпаслан Жейландын академиялык сапатты жогорулатууга багытталган натыйжалуу ишмердиги жана эл аралык кызматташтыкты арттыруу үчүн жүргүзгөн туура стратегиялык иш-аракеттеринин жыйынтыгы.
Айрыкча академиялык сапатты арттыруу максатында ректор Алпаслан Жейлан өз учурунда окутуучуларын кесиптик билимдерин жогорулатууга өбөлгө түзүп, илимий изилдөөлөргө көбүрөөк каражат бөлүү менен бирге изилдөө инфрастүзүмүн заманбап шаттарга ылайыктап жаңылады. Бул иш-аракеттер академиялык натыйжалуулукту арттырып, илимий басылмалардын сапатын жогорулатып, университеттин илимге кошкон салымын көбөйттү жана анын аймактык жана дүйнөлүк академиялык коомчулукта таанымал окуу жайына айланышына шарт түздү. Ошондой эле, түрк дүйнөсүнүн алдыңкы университеттери менен түзүлгөн кызматташтыктар маалымат бөлүшүү жана биргелешкен изилдөө долбоорлорунун артышына өбөлгө түзүп, академиялык жана студенттик мобилдүүлүк программаларынын кеңейишин камсыздады. Натыйжада «Манас» университети түрк дүйнөсүндө илимий кызматташтыктын негизги борбору катары таанылды.
Ректор Алпаслан Жейландын жетекчилиги учурунда университет заманбап тилдерди үйрөтүү жана маданий интеграция боюнча аймактагы үлгүлүү окуу жайга айланды. Университет кыргыз жана түрк тилдерин үйрөтүүгө багытталган программалардын алкагында көптөгөн адамдардын тил үйрөнүшүнө шарт түзүү менен катар эле кыргыз тилин өнүктүрүүгө жана түрк дүйнөсүнүн тилдик-маданий байланыштарын бекемдөөгө салым кошту. Айрыкча университеттин Кыргыз тили жана адабияты бөлүмү түрк дүйнөсүнүн жаштарына кыргыз тилин окутуу менен катар эле кыргыз маданиятын таанытуу, жайылтуу жана кийинки муундарга өткөрүүдө маанилүү роль ойномокчу.
Т.и.д., проф. Алпаслан Жейлан жетектеген «Манас» университети социалдык жоопкерчиликтин алкагында коомдук жашоону жакшыртууга салым кошкон иш-чаралар менен маданий долбоорлорду ишке ашырууга да тереӊ маани берип келет. Атап айтканда, «Манас» университетинин айылдарга сапарлары» аттуу көчмө иш-чаралар, Кыргызстанда алгачкы жолу жалпы калкка арналып уюштурулган «Ачык асман астында ооз ачуу» сыяктуу демилгелер университеттин коомчулук менен байланышын арттырып, коомдук ынтымакты чыӊдап, бөлүшүү маданиятын калыптандырууга өбөлгө түздү. Ошондой эле салттуу спорт оюндары майданы менен Салттуу оюн жана спорт изилдөө институту түрк дүйнөсүнүн бай маданий мурастарын илимий негизде изилдеп, сактап, жаш муундарга өткөрүп берүү милдетин аткармакчы.
Мындан тышкары, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин «Манас» телеканалы окуу жайдын коомдук жашоого салым кошуу боюнча алган милдеттерин жана концепцияларын ишке ашырууга көмөк көрсөтүп келүүдө.

Тактап айтканда, «Манас» телеканалы пандемия учурунда ректор Алпаслан Жейландын түздөн-түз көрсөтмөсү жана колдоосу менен Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн аралыктан окутуу программасын ишке ашырууга активдүү катышып, 1000ге жакын аралыктан окутулуучу видеосабктарды тартып, эфирге толук даяр түрдө министрликке тапшырды. Ошол эле учурда аталган телеканал тарабынан Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги үчүн калкка пандемия тууралуу маалымат берүүчү программалар даярдалып, ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте COVID-19 боюнча балдарга арналган маалыматтык-социалдык роликтер тартылды.

Т.и.д, проф. Алпаслан Жейландын жигердүү иш-аракеттеринин натыйжасында саламаттыкты сактоо тармагына да чоң салым кошо турган кадамдар жасалды. Көп кырдуу пландоо жана машакаттуу даярдык иштеринин натыйжасында «Манас» университетинин академиялык түзүмүндө стратегиялык мааниге ээ болгон Медицина факультети ачылып, үстүбүздөгү 2025-жылы алгачкы студенттерин кабыл алмакчы. Аталган факультеттин ачылышы «Манас» университетинде гана эмес, Кыргызстанда жана жалпы эле түрк дүйнөсүндө саламаттыкты сактоо тармагында эмгектене турган медициналык адистерди даярдоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү арттыра турган тарыхый кадам болуп саналат. Медицина факультети учурдун талабына жооп берген окуу программасы, заманбап лабораториялары, симуляция борборлору, алдыңкы технологиялар менен коштолгон клиникалык билим берүү базасы жана сапаттуу профессордук-окутуучулар курамы менен бүтүндөй Борбордук Азияга медициналык билим берүүнүн жаӊы моделин сунуштайт. Түрк жана кыргыз тилдеринде медициналык билим берүү менен катар эле башка чет тилдеринин да окутулушу студенттерди аймактык жана глобалдык деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүү адис кылып даярдоого өбөлгө түзөт. Медициналык факультетти ачуу менен «Манас» университети саламаттыкты сактоо тармагында сапаттуу адистерди даярдоону, илимий изилдөөлөрдү арттырууну, коомдук саламаттыкка багытталган практикалык долбоорлорду ишке ашырууну жана медицина тармагында эл аралык кызматташтыктарды түзүүнү максат кылат.
Жыйынтыктап айтканда т.и.д., проф. Алпаслан Жейлан өзүнүн ректорлук кызматы учурунда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин региондогу маданий байланыштардын чыӊдалышына жана коомдун өнүгүшүнө салым кошкон, академиялык сапаты жогору, алдыңкы лидер университетке айланышы үчүн опол тоодой эмгек жумшады. Жогорку билим берүү тармагында ийгиликтери менен өзгөчөлөнүп турган «Манас» университети мындан ары да түрк дүйнөсүнүн илим, билим жана маданият чөйрөлөрүнүн интеграциясына өз салымын кошкон алдыңкы окуу жайы болууну улантмакчы.
медицина илимдеринин доктору, профессор,
Америка кардиологдор колледжинин анык мүчөсү