Добавить свою статью
4 Июля 2025
Кыргыз киносунун Байтереги (Т.Океевдин 90-жылдыгына арналат)

«Элчиге – өлүм жок» дейт ар улутта,

Эх ажал, жеткирбестен карылыкка.

Элимдин байтерегин кулаттыңбы,

Эм таппай кыйналганда дарылыкка?

***

Ким уккан туу чокунун ураганын,

Ким көргөн байтеректин кулаганын?

Төкөбүз кино тартып жатабы же, 

Көрсөтүп миң амалдын бир амалын? 

А. Рыскулов 

Төлөмүш Океев кыргыз киносунун гана байтереги, негиздөөчүсү эмес, ал жалпы кыргыз улуттук маданиятынын туу чокусу. Мындан чейрек кылым мурда Океев дүйнөдөн кайтканда Чыңгыз Төрөкулович элге кайрылып: “Биз үчүн Океевдин өлүмү – өлчөөсүз чоң улуттук трагедия. Өзү негиздеген кыргыз киносунун орду толгус жоготуусу, сөзүмдүн ушун маанисинде алганда, Океев биз үчүн – тарыхый инсан. Эми ал биздин катарыбызда жок. Кыргыз эли өзүнүн улуу уулу, теңдешсиз чебер жана ойчул асылынан ажырады”. Төлөмүш Океевке мындан артык бааны ким бере алсын.

Ошондуктан, Океевдин кайсы чыгармалары, кандай касиеттери менен улуттук пайгамбарыбыз Чыңгыз Айтматовдун жогорудай баасына татыды экен-ошону көрсөтүүгө аракет кылайын. 

Аттанганда эле Төкөм кыргыз киносундагы трагедиялык реализмдин залкар устаты катары чыга келди. Анын эң көрүнүктүү тасмаларынын баарындагы чечүүчү ыкма (метод) жаш баланын трагедиялуу азап чегүүсүн чагылдыруу аркылуу адамзат ааламындагы “каргашалуу” маселелердин, мисалы, адам менен жаратылыштын, адам менен бийликтин, сүйүү менен жек көрүүнүн жана башка карама-каршылыктарынын эбегейсиз драмалары эмоционалдык күч менен ачылат. Океевдин бул табылгасы көбүн эсе анын балалык кезиндеги өз башынан өткөзгөн азаптуу жолуна байланышкан. 

Океев өзү жазат: “Согуш башталганда мен 6 жашта элем, биз тарткан азаптын азабы ачкачылык эле. Мен го эптеп чыдоочумун, бирок менден кичүү ини-карындаштарым чыркырап ыйлап турганда качаарга жер таппай калаар элем. Ошондон бери жүрөгүмдө бир тикен дайыма сайылып турат. Ошондон бери баланын кор болгонун, азап тартканын көрсөм, жан дүйнөм ала салып, жүрөгүм жарылчуудай сезилет. Ушундан уламго дейм, мен Ч.Айтматовдун “Кызыл алма” деген кичинекей аңгемесин тартууга кириштим. Анда деле сүйүү, үй-бүлөөдөгү ачуу-таттуу катнаштары, башкача айтканда көнүмүш көрүнүштөр. Бирок, менин жүрөгүмдү эзип, жаныма жай бербеген маселе ата-энеси ажырашып жатканда, ортодогу кичинекей кыздын тарткан азабы эле. 

Экинчи себеп. Ал кезде дүйнөлүк маданияттын асманында Ч.Айтматовдун жылдызы жаркырап, анын чыгармаларындагы “трагизми” адамзатка Шекспирдин “тразиминдей” күч менен таасир берип турган эле. 

Кыргыз киноматографиялык биримесинде үзөңгүлөш жүрүп, китептерин гана окубастан, анын жанында чай ичишип жүргөн Океевке Айтматовдуг “траизми” кантип жупайт. Төкөмдүн кинолорундагы трагедиялуулук да адамдын ички дүйнөсүнүн бир бөлүгү. Адамдын касиеттери анын турмуштун терс күчтөрүнө каршы чындык, калыстык, акыйкаттык издөө жолундагы трагедиялык азап чегүүлөрдө ачылып көрүнөт. 

Үчүнчүдөн, Төлөмүш Океев өтө билимдүү эле, окубаган китеби жок эле. Менимче, ал орустун улуу жазуучусу Ф.Достоевскийди сөзсүз окуп таасирлеңген. Анткени, Достоевскийдин негизги методологиясы да – балдардын трагедиясы, азап чечүүсү аркылуу ааламдык проблемаларды чечмөөлө. “Бүт дүйнөңдүн бактысы, күнөөсүз баланын бетиндеги бир тамчы жашына татыбайт” деген учкул сөздү ушу Достоевский айткан эмеспи. 

Эми Т.Океевдин “трагизмин” анын өзүнүн фильмдеринен издеп көрөлү. 

... 1987 жылы советтик жана голливуддун көрүнүктүү кино режиссерлорунун кездешүүсүңдө Океевке баардык тасмаларыңдын ичинен бирөөсүнүн гана бир бөлүгүн көрсөтөсүң деп сунуш кылат. Советтик делегацияда Элем Климов, Ролан Быков, Георгий Шенгелая, Рустам Ибрагимбеков ж.б. көрүнүктүү кинематогрофисстер бар эле. Голивуддан болсо, Милош Форман, Мадонна, Грегорий Пек, Спилберг жана башкалар катышкан. 

Океев өзүнүн кийинки жаңы көркөм тасмасы “Ак илбирстин тукумунун” финалдык бөлүмүн көрсөттү. 

... Экранды карасак, бир коктунун таманында бир тентек кадимки ак илбирсти капканга түшүрүп алып арканга чырмап атканын Кожожаш көрүп калат. 

Эй, акмак, сен кантип уруубуздун пирине “Түпкү атаңа кал салып

жатасың, Кое бергин азыр, деп, Кожожаш Илбирсти бошоттуруп жиберет. Ошол эле учурда өзүнүн колунда машаалуу жаңы мылтык жүрөт.

 Адам дайыма адамкерчилигин татыктуу алып жүрүш үчүн өзүнөн бийик турган ыйык бир башталыштарга, Теңирге (тотем), Кудайга, Ата-Бабалардын арбагына ишенип, сыйынып турушу шарт. Эгерде адам, булардын баарын унутуп, өзүнөн башканы көрбөй, кудайды тааныбай калганда, ал ач көздүктүн, дүнүйөкорлуктун, бийликтин кулу болуп, инсан катары, ойрон болот, кыйрайт, баарынан ажырайт. Кожожаштын тагдыры да так ушундай эмеспи. Ал жаратылыштын каардуу душманы болуп, тоодогу эчки-текени кырып бүтүп, казактын талаасындагы сыйгактарга кызыл кыргын, кара сүргүн салат. Аң улоого өз уулун бир жолдошу менен кошо ала барат. Фильмдин акырында сөксөөлдүн арасында жаңы ок жеген, бирок жалдыраган көзү али тирүү сайгак, жардам бергиле деп, ары-бери чуркап, бакырып ыйлаган жолдош баласы, анан Кожожаштан уулу, атасынын огунан төгүлгөн канды улам көкүрөгүнөн ылдый сүртүп, унукпай жаны чыгып баратат. Ошентип, жаратылыш Кожожаштан өчүн алды, жазалады. Бирок эч күнөөсүз баланын өлүмүн ким кечирет? 

Белгилүү журналист Л.Дьяченко өзү ушул окуяга катышкан, ал көргөнүн мындай деп жазат: Титр башталганда эле дүңгүрөгөн кол жабуулар менен эл ордунан турду, баягы “үлкөндөрдү” карасам, көздөрүнө жаш толуп, жүрөкөрү жарылгандай кайгыга чөмүлүп көпкө кол чабышты”. 

Бул “жалган” дүйнөдө көзгө көрүнбөгөн кенедей жандык да өзүнө окшош бирөөнө үстөмдүк кылгысы келет. Ал эми адамзаттын бийликти сүйгөнү, бийлик үчүн тирешүүсү акыры анын түбүнө жетүүчү “каргашасы”. “Көк серектеги” “Ахангул” –итке минген кедей, колундагы карган энесин, жээни Курмашты тойгузуп бага албайт, бирок алардын үстүнөн бийлик жүргүзгүсү келет. Бала, кичинекейинде ата-энеси өлүп калып, чоң энеси багып өстүрүп жүргөн томолой жетим. 

Жаңы эле туулган бөлтүрүктөрдү ийинден сууруп чыгып, союл менен бирден чаап өлтүрүп жаткан Ахангул жанында ыйлап карап турган Курмашка: 

Эмне ыйлайсың, эркексиңби деги, мына таяк, карма да сок тигини! 

Сокпойм!

Эмне үчүн сокпойсуң, аяп жатасыңбы! Сок дейм!

Сокпойм!

Экзистениализмдин принциби боюнча азап чегуу (страдание) адамдын өмүрүндөгү эркиндик, эркиндикке умтулуу аракети менен эриш-аркак чогуу жүрөт. Курмаш бөлтүрүктү (жырткычты) Ахангул жыркычтык менен өлтүрүп жатканына жаны кейип, боздоп ыйласа да, таякесинин “сок” деген зомбулугуна “сокпойм” деп, ачык каршылык көрсөтүп, эркиндиктин бир учкунун көрсөтүп жатат. Фильмдин аягында жаш өспүрүм жетим ата-энесинин мүрзөлөрү карай качып баратканын ыйлабай чыдап көрүү мүмкүн эмес. Курмаш бооруна кысып, төшөгүнө алып жатып жүрүп өстүргөн карышкырда аны жарадар кылгандан кийин эки анжы ойго батасың: Кыргыздын “бөрү баласы ит болбойт”, деген учкул сөзү туурабы же азыр дүйнөдө кеңир тарап кеткен “Карышкыр адамга карганда алда канча жакшы, жырткыч” деген позиция туурабы?” Төлөмүштүн өзүнүн философиясы боюнча адам адам бойдон, карышкыр карышкыр бойдон калышат, алар биринин ордун бири ээлей албайт. “Бул фильмди, - дейт Т.Океев, - бороондуу талааларда, муз жалаган капчыгайларда, жапайы карышкырлар менен кубалашып жүрүп тарттык. Эгерде мен 100гө чыгып жашабай калсам, так ушул фильм күнөөлүү. Бирок буга эч бир өкүнүчүм жок”. Дүйнөлүк эң белгилүү, чоң киносынчыларынынын баасы боюнча “Көк серек” тарыхтагы “Оскар” номинациясына татыктуу 10 фильмдин катарына кирген. Алардын ичинде Феллининин, Курсованын... фильмдери бар. Андан кийин “Көк серек” Италияда “олимпиялык алтын бутакка” татыктуу болду. “Ак илбирстин тукуму” Берлинде “Күмүш аюунун”, Дамаскиде “күмүш кылычты” утуп алды. Мен мурдагы беттердин биринде жазган голливуддук жана советтик кино жылдыздары Океевдин “Ал илбирсин” көргөндөн кийин, бул окуя советтик – америкалык кинематографисттер союзунун түзүлүшүнүн олуттуу бир себеби болду,- деп москвалык эксперттер жазды. 

Эми Төкөмдүн үй – бүлөлүк турмушуна бир аз көңүл буралы. Бизде мурда иштеп кеткен белгилүү журналист Виктор Широковдун суроосу: - “Турцияда кандай жашап жатасың, Төлөмүш?

Баарыдан мурда мен үй-бүлөм боюнча өтө бактылуу адаммын. Биринчиден, менин эң сонун аялым бар, ал бир жөнөкөй дыйкандын үй-бүлөсүнөн чыккан. Экөөбүз мектепте да, Ленинградда да чогуу окудук. Жылдар өткөн сайын биздин бири-бирибизге болгон урмат-сыйыбыз улам күчөп, улам тереңдеп баратат. Биз экөөбүз “фронттош жолдошторбуз” (фронтовые товарищи). Ал рак менен ооруп, Германияда бооруна трансплантация болду. Мен ал үчүн өлүп берүүгө даяр элем. Бүт өмүрүмдө тапкан каражатымды операцияга жумшадым (менин билгенимче ошол кездеги 100миң доллар төлөнгөн. (Атаганат, кыргыздын баардык жигиттери Төлөмүштөй айкөл, берешен, аялга пайгамбардай мамиле кылса кана. Тилекке каршы, андайлар өтө аз болуп жатпайбы). 

90 жылдардын аягында мен Украинада элчи болуп иштеп жүргөнүмдө Төкөм Анкарагы Конокко чакырды. Албетте, байбичем маркум Ажар экөөбүз, жан дилибиз менен бардык. Төлөмүш жана Жумаш жеңе бир тууган ага – жеңебизден артык сый менен тозуп алышты. Бир жума Анкараны араладык, жыргадык. Туркиянын ушунча бийик өсүп кеткенине таң калдык, суктандык. Төкөмдүн үйүндө жашадык. Ошондо да анын балдарга, неберелерине чексиз сүйүүсү, аяр мамилеси сезилип турат. Алардын арасынан кичинекей үч кыз көзүмө урунду, алардын тышкы көрүнүшү Европалыктарга окшош. Булар кимдер десем, Искендин (Төлөмүштүн) тун уулу, азыр Турциянын башкы мамлекеттик оркестринде музыкант) аялы украинка экен, ал катуу ооруп калып, Кривой-Рог шаарында даарыланып жаткан экен. Кыздарды Жумаш жеңе багып жатыптыр. Кечинде жолугабыз, Төлөмүштүн көңүлүнүн борборунда жанагы татынакай үч кыз, окшош кийиндирип коюшкан. Алардын экөө Төкөмдүн тизелеринде олтурса, үчүнчүсү мойнунда асылып жүрөт, өзүнчө эле үй бүлөлүк комедия театры. Баарыбыз боорубуз үзүлгөнчө күлөбүз. Кайран Төкөм, өлгөндү да күлдүргөн куудул эмес беле. 

В. Широков: сенин кандайдыр бир жашыруунун тилегиң барбы? 

Т. Океев. Бар. Мен жоокерге окшоп өлгүм келет. Карачы, өзүмдүн духум боюнча “талаа командирине” окшоймун. Азыр да камераны колго алып, тоо-талааны аралап кетким келет. 

Эми Төкөмдүн саясат майданындагы эмгектерин бир аз айта кетели. Ал кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыныгы туу көтөргөн жоокери эле. Советтик доордо эле ал кыргыздын Жогорку Кенешине депутат, Кыргыз Компартиясынын Борбодук Комитетинин чыныгы мүчөсү, СССРдин Верховный Советинин депутаты, СССРдин эл артисти эле. Ушул бийик трибуналда Т.Океев дайыма сүйлөп, кыргыздын тарыхын, адабиятын тилин, каада салттарын коргоп сүйлөп жүрдү. 

“Кайра куруу” демократияны орнотуу процесстерине активдүү катышты. 

Туркияда элчи болуп иштегендеги жетишкен ийгиликтери ат котөргүс. Туркиянын интеллигенциясы, саясат элитасы Төлөмүштү өздөрүнүн эле кишисиндей сыйлап, алдынан кыя өтүүчү эмес эле. Президенттери, өкмөт башчылары менен үзөңгү жолдоштордой мамиледе эле. 

Кыскасы, Т.Океев Чыңгыз Төрөкулович айткандай, кыргыздын улуу уулу эле, Б. Шамшиев экөө кыргыз кино-кереметинин” эки түп тутаар устуну эле. Болот Шамшиев өлгөндөн кийин болсо да “Кыргыз эл баатыры” деген наам берилгени жакшы болду. Жогорку Бийликтерге кайрылат элем, суранат элем: Төлөмүш Океевке деле так ушул сыйлыкты ыйгарып койсоңуздар, тиги дүйнөдө болсо да, Болот экөө чогуу басып, көкүрөк керип тең жүрүшсүн. Менимче бул сунушту бүткүл кыргыз журту колдойт. 

Ж. Сааданбеков 

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

11-06-2025
Омор Султанов, кыргыз эл акыны, эл жазуучусу (90-жылдыгына карата «Биз - кыргызбыз» деген китептен алынды)
1266

20-05-2025
Төлөмүш Океевдин 90-жылдыгына карата
2310

05-05-2025
Бейшеналиева Бюбюсара, балерина, народная артистка СССР 
16379

07-03-2025
Колхозчу, эки жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры, таштай бекем, балбан аял (7- мартта туулган күнү «Биз - кыргызбыз» деген китептен алынды)
3363

19-02-2025
Жүрөгү анын тоолордо. Ашыралиев Кемел жөнүндө...
2247

15-01-2025
Т.Касымбековдун «Сынган Кылычындагы» бийлик сырлары
1781

02-12-2024
Президентке ачык кат
1707

27-11-2024
Мамбет Мамакеевдин элесине
1720

13-11-2024
Чокморов Сүйменкул, художник, актер, народный артист СССР
2021

11-10-2024
Он первым принял удар дикой рыночной стихии. О Турсунбеке Чынгышеве
2032

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×