2013-жылы “Мейкин Азия” заманбап музыка фестивалын Ысык-Көлдө алгачкы жылы өткөрдүк. Идеянын демилгечиси катары кыска убакытта өткөрө алабызбы деген суроо ар дайым бизди ойго салып турду. Уюштуруучу катары да, акездеги маданият министри катары да…
Күнү-түнү биздин чакан уюштуруу тобу иштеди.
Фестивалдын негизги максаты - көгүлтүр көл боюнда Евразия чөлкөмүн бириктирген заманбап музыка платформасын түзүү. Ал аркылуу Ысык-Көлдү маданий-туристтик мейкиндикке айлантуу. Чоң амбицияны чакан бюджет менен өткөрүүнүн өзү да татаал иш. Арийне, кеп бюджетте деле эмес, идеяда эле. Биринчи фестиваль кандай өтсө, анын келечеги да ошого байланыштуу болот.
Кыска убакытта “Мейкин Азияга” 18 өлкөдөн катышуучу катышарын билдирди. Алардын арасында Евровидениеде экинчи орунду алган украиналык ырчы, “Славянский базар”, “Пекин ыргактар” жана бир нече кадыр-барктуу фестивалдарда аты чыгып калган ырчылар бар эле. Чыгыш тарабы Малайзия, Батыш тарабы Европа өлкөлөрүнөн. Калетсиз, жакын коңшу өлкөлөрдөн да ырчылар бар эле. Эки белгилүү эл аралык фестивалдарды өткөрүү уюмунун жетекчилерин да чакырдык.
Ошолордун арасында эч кимге билинбеген, арык чырай, эми эле 19 жашка чыккан жаш ырчы Димаш Кудайбергенов бар эле. Жаңылбасам, биздин фестивалдан үч-төрт ай оболу Казакстанда өткөн фестивалдан кийин калыстар бу жаш ырчынын адресине катуу-катуу сөздөрдү айтып, “Витасты туурайсың” деп анын талантына шек келтире сүйлөгөндөрүн телеканалдан көргөн элем.
Чындыгын айтканда, бу жаш ырчыга эч ким деле астейдил көнүл бөлүп, ага “ставка” да кылган эмес эле, келди келди, катышып көрсүн деген гана мамиле болду. Конкурс алдында министр-уюштуруучу катары Димашка да бардык катышуучулар менен бирге ийгилик кааладым.
Конкурс башталды.
Баягы көнүл сыртында калган жаш ырчынын үнү көрүүчүлөрдү түп көтөрө таң калтырды. Анын фантастикалык үнү баарын “шок кылды”… алардын катарынла мени да…
Конкурс аяктап, сынакка катышкандар ыр чеберчилигин көрсөттү. Калыстар тобу жыйынтык чыгарганы жыйынын баштады. Ал ортодо биздикилер туш-туш тараптан телефон чала баштады. Сөздөрү бирөө:кыргызстандык Баш байгени алсын! Мындан башка кеп жок.
Калыстар жыйынын аяктап, чечимдин акыркы жыйынтыгын айтмакка, бизди чакырды. Мен үчүн да алардын чечими кызык эле. Бирөө айтып калды. “Биринчи жолу өткөрүп жатасыңар Баш-байге силерде калсын, калган орундарды четтен келгендерге берели” деп калды. Бул вердикт мага жаккан жок, аларга кескин айттым, фестивалдын каерде, ким өткөрүп, кимге Баш-байге бериле турганында эмес, реалдуу, профессионалдык пикириңерди айткыла деп. “Реалдуу алганда ким Баш-байгеге татыктуу?” дедим. Баары текши Димаш Кудайбергеновдин ысмын атады. “Скромный” жаш ырчыбыз Евровидениенин, башка атактуу фестивалдарынын жеңүүчүлөрүн кыйла артта калтырып, алгачкы фестивалдын Баш байгесин жеңип алды. Өтө татыктуу!
2013-жылы “Мейкин Азия” фестивалы дүйнөгө жаңы жылдызды берди. Ал - Димаш Кудайбергенов.
Арадан 13 жыл өттү. Бу аралыкта Димаш дүйнөлүк N1 Мега жылдызна айланды. Ага атайын атактуу композиторлор Игорь Крутой, Ренат Гайсин, Уолтер Афанасьев музыка жазып, дүйнөлүк атактуу сахналарда Пласидо Доминго,Хосе Каррерас, Лара Фабиан, Хаузер менен ырдады.
Димаштын концерттери дүйнөнүн түрдү бурчтарында жүз миңдеген көрүүчүлөр менен, аншлаг менен өтөт…
Бирок Димаш менен кай жерде жолукпайын, өзү катышкан алгачкы “Мейкин Азияны”, Кыргызстанды жылуу маанай менен айтып келет…
Былтыр Стамбулдун атактуу стадиону “Бешикташта” өткөн концерти миңдеген көрүүчүлөрдү жыйнады. Эң кызыгы, концертке быягы Новый Зеландиядан, тиягы Чилиден, Африкадан, Кытайдан, Улуу Британиядан, деги койчу концерт жер жүзүн жыйнады…Стамбулдагы чоң ийгиликтен кийин экөөбүз бир учакта Алматыга учуп келдик. Жолдо биздин фестиваль жөнүндө кеп кылдык. Аны Кыргызстандагылар да чыдамсыздык менен күтүп жүргөнүн айттым. Ал “өзү жете албай жатса да, жүрөгү дайыма Кыргызстан менен” экендигин өзгөчө сүйүү менен билдирип келет…
Димаш Кудайберген быйыл 22-июлда “Мейкин Азия” фестивалына келет. Ал жөнүндө көп сүйлөшү жүргүздүк. Димашты дүйнө көргүсү келет. Анын чоң контрактары бар. Мумкүнчүлүгү тар дегендей…
Ага карабастан мындан 13 жыл мурда өзү катышкан “Мейкин Азияга” ардактуу конок болуп келерин мен кыргыз элине, жерине, Ысык-Көлгө болгон улуу урматы, сыйы деп билем!
Эмне дейбиз? Баарыбыз Димашты чыдамсыздык менен, ага болгон урматыбыз, сүйүүбүз менен күтөбүз!..