СССР учурунда Кыргыз ССРинде, анын ичинде Нарын облусунда колхоз курулушунун атактуу уюштуруучусу, Нарын облусунун Тянь-Шань (азыркы Нарын) районунун Октябрь Революциясы ордендүү “Жаңы_Талап” колхозунун 30 жыл бою башкармасы, Ленин, Октябрь революциясы, Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендеринин, В.И.Лениндин 100 жылдык юбилейлик медалынын, ВДНХнын алтын жана күмүш белгилеринин ээси, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак Грамотасына 5 жолу татыктуу болгон, Кыргыз ССР Жогорку Советинин эки жолку депутаты, Кыргызстан Коммунисттик партиясынын XV, XVI сьезддерине делегат болуп, аларда Борбордук Комитеттин мүчөсү болуп эки жолу шайланган, СССРдин колхоздор советинин Борбордук кеңешинин мүчөсү болуп 1970-1980-жылдары үч мөөнөткө, Кыргыз Республикасынын колхоздор кеңешинин төрагасынын орун басарлыгына эки мөөнөткө шайланган, облустук, райондук, айылдык кеңештерге бир нече жолу депутат, партиялык комитеттеринин мүчөсү болгон Эсеналы Дайракуновдун быйыл 100 жылдык мааракеси 2025-жылдын 19-августунда белгиленгени жатыптыр. Бул тууралуу небереси Улан телефон аркылуу билдирди.
Дайракунов Эсеналы 1925-жылы 19-декабрда Нарын районунун Жерге-Тал айылында туулган. Кыргыздын 40 уруусуна кирген Сабыр уруусунан, анын Чагалдак уругунан болот. Менин маалыматым боюнча анын ата-теги тээ илгери Чүйдөн Нарынга көчүп барышкан экен, алгач Ак-Талааны баарлашып, анан эки бир туугандын бири Ат-Башынын Кара-Суу айылына, бир бир тууганы Нарындын “Жаңы-Талап” айылына келип туруп калышат да, совет бийлиги орногондон кийин Ат-Башыдагылар “Жаңы-Талапка” көчүп келишкен деп укканым бар.
Ал 1955-ж. Канттагы колхоз жетекчилерин даярдоочу техникумду, 1969-ж. КМУнун экономика факультетин бүткөн. 1942—52-ж. Нарын районунун "Жаңы-Талап" колхозунда бухгалтер, башкы бухгалтер, 1955—57-ж. парткомдун катчысы, 1957—87-ж. колхоз башкармасынын төрагасы болуп иштеген. 2005-жылы жай айларында кайтыш болуп, сөөгү “Жаңы-Талап” айылына коюлган.
Эсеналы Дайракунович чын эле легенда адам, инсан, жетекчи. Бир колхозду 30 жыл тынбай жетектеп, Октябрь Революциясы ордендүү, миллионер колхоздун деңгээлине жеткирген. "Жаңы-Талап" колхозу ал киши жетектеген жылдары болуп көрбөгөндөй ийгиликтин туу чокусуна жеткен. Колхоздо койдун саны 100 миңге барган, короо-сарайлар салынган. Колхоздун экономикасы республика боюнча эң алдынкы орунга чыгып, банктык эсебинде 3-4 миллион рубль (союздун рубли курсу боюнча доллардан 1 жарым эсеге чукул жогору турган) акча каражаты эркин пайдаланууда турган. Колхоз СССРдин эл чарба көргөзмөсүндө (ВДНХ) 17 жыл, Кыргыз ССРинин Ардак Тактасында 20 жылдан ашык жазылып турган. 1971-жылы Октябрь революциясы ордени менен сыйланган. Бир нече жолу союздун, республиканын Өтмө Кызыл Тууларына ээ болгон. Элдин эмгек акысы, кошумча төлөмдөр, берилген сыйлыктар убагында Нарын облусу боюнча жогорку көрсөткүч болгон.
Кыргызда “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерет” деген накыл кеп бар, анын сыңарындай, атактуу башкарманын Мекенине, элине жасаган опол тоодой эмгеги эң жогорку сыйга татып, ал 45 жыл эмгектенген, 30 жыл башкарма болгон “Жаңы-Талап” колхозу кийин “Жерге-Тал айыл аймагы” деп аталып келатса, былтыртадан бери “Эсеналы Дайракунов атындагы айыл аймагы” деп аталып калды. Мына ушунун өзү зор сыймык.
19-августтагы мааракеде айыл өкмөттүн конторасынын алдына Эсеналы Дайракуновдун эстелиги коюлат деп айтты небереси Улан. Ошол эле жерде Эсеналы Дайракунов атындагы айыл аймагынын аксакалдар кеңешинин төрагасы, айылдык жазуучу, тарыхчы Асанбек Эркинбаевдин Э.Дайракуновдун ушул мааракесине арналып жазылган китебинин бет ачаары да өтөт экен. Эл чогулуп жакшы жыйын болгону турат көрүнөт. Айыл элине ракмат атактуу башкармасын татыктуу эскерип жаткан.