Добавить свою статью
20 Августа 2025
Султан Раевдин адабияттагы тополоңу...

Соңку мезгилдерде Султан Раевдин жазуучулук ишмердигине байланыштуу жаңылыктар байма-бай чыгып, анын чыгармалары тигил же бул тилдерде жарык көрдү, таанытым аземи өттү, мындай сыйлыкка ээ болду, андай сыйлык тапшырылды деген маалыматтарды теле-радио, интернет булактары аркылуу угуп, тез-тез кабардар болуп калабыз же жолукканда өз оозунан угуп калабыз.

Мекендеш, улутташ жазуучубуздун бул чыгармачылык ийгиликтери, албетте, кыргыз маданияты, адабияты жана театры үчүн сыймык. Султан Раевдин өзгөчө соңку эки романы “Жанжаза”, “Топон” тууралуу окурмандар менден да: “Окудуңузбу, Сиздин оюңуз кандай? Мурдагы (б.а. буга чейинки кыргыз адабиятындагы) чыгармалардан такыр башкача го?...” – деп сурап калышат. “Окудум. Ооба, башкача экен. Коом өзгөрүп, заман башкача болуп жатпайбы?!” деп коём. Бирок, өзүм ойлонуп калам: бүгүнкү замандын чыгармачылыкка таасири кандай болуп жатат, улуттук адабиятыбыздын өнүгүшүнө дагы кандай өзгөрүүлөр болор экен деп.

Азыркы окурмандардын ичинен адабий китеп окуу көнүмүшүн көбүрөөк адат кылган, улуу муун, биз, бизден кийинки орто муун турмуш картинасын турмуштун дал өзүнө окшош формада чагылдыруу методун карманган реализм, соцреализм эстетикасынын негизине ыктап тарбияланып келгенбиз. Бүгүнкү күндө адабият, театр, сүрөт өнөрүндө шартуу-символдуу окуяларды, образдарды колдонгон чыгармалар, көрүнүштөр окурман, көрүүчүлөр журтунун көңүлүн көбүрөөк өзүнө буруп жаткандай...

Эгемендүүлүктөн кийинки коомдук өзгөрүүлөр адамдардын аң-сезимине бир топ өзгөрүүлөрдү киргизип, саясий, нравалык-этикалык, эстетикалык идеалдар, баалуулуктар жагдайында да бир топ бурулуштар болду. Ушундай өзгөрүүлөргө жараша улуттук адабиятыбызда да жаңылыктардын болушу мыйзам ченемдүү. Постмодернисттик ыкмада жазылган С. Раевдин эки романы – мына ошол өзгөрүүлөрдүн айкын үлгүсү.

Совет доорунда модернисттик искусство түрлөрү, постмодернизм үлгүлөрү жөнүндө сөз жүрүп калса, мындай көрүнүш капиталисттик коомдогу руханий кризистик абалга байланыштуу адамга, келечекке ишенбөөчүлүктөн улам келип чыккан деген сыяктуу түшүндүрмөлөр менен коштолгондугун эстейм... Мындай көз караштын да өз жүйөөсү болгон экен, анан албетте, адабият, искусстводогу жаңылыктардын, жаңылануулардын мындан башка тарыхый-социалдык, тарыхый-философиялык, адабият-эстетикалык планда бир топ себеп, шарттары бар. Бизге азыр кадыресе табигый көнүмүш сезилген карапайым адамдардын турмушун дал турмушундагыдай баяндаган реалисттик ыкма да бир кезекте кудайлар, пайгамбарлар, мифтик окуя, каармандар, баатырлар, хандар, укмуштуу окуялар жөнүндө кооздоп баяндоо көнүмүштөрүн кийин көркөм чыгармачылыктын талабына жооп бербеген жаңылыштык, жаңылык катары кабыл алынган эмеспи. Реализм доорунан кийин дүйнөлүк адабиятта модернизм, андан соң постмодернизм деген көрүнүш орун ала баштады. Ар бир жаңылануу окурмандар тарабынан жатыркоо, белгилүү бир деңгээлде коптонуулар менен кабыл алынды.

Батыш жана орус адабиятынын таасири алдында постмодернизм көрүнүшүнүн элементтери бир топ жыл илгери Кубатбек Жусубалиевдин чыгармаларынан байкалган менен кыргыз адабиятына Султан Раевдин “Жанжаза”, “Топон” романдары менен чындап кирди окшойт. (Бир топ жыл мурун “Жанжазанын” негизинде болсо керек, Кыргыз Улуттук теле-радио компаниясынын залында Чыңгыз агай менен бирдикте, унутпасам “Учур” театры койгон спектаклди көргөн элек. Ошондо алгач таңкалуу менен кабыл алгам).

Постмодернизм – бул экинчи дүйнөлүк согуш алып келген алааматтардан кийинки илимге, диндин күчүнө, билимдүү коомдун абийир-ыйманына болгон ишенимдердин кубаты кайтып, жаркын идеалдарды туман баскан, чар учкандай коомдук психологиялык абалдан келип чыккан жаңыча көз караш, жаңы көркөм ыкма. Албетте, бул постмодерндик жаңы көз караш дүйнөнү түгөл каптады же түгөл камтышы керек болчу деген сөз эмес. Постмодерн доорунда да ага чейин жаралган романтизм, реализм, модернизм көркөм ыкма катары өз актуалдуулуктарын жоготпой сактап кала берет. Постмодернизм өзүнүн кризистик табиятына карабастан, коомдун социалдык-психологиялык өнүгүүсүнүн талабына ылайык жаңы идеялык-эстетикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачты.

Постмодернизмдин негизги куралы мыскыл, какшык, пародия. Ал тарыхый, социалдык көрүнүштөрдү жалпылап камтыган негиздеме-түшүндүрмөлөргө (метанарратив), “универсал-чындык”, “рационалдуулук” деген түшүнүктөргө ишенбөөчүлүк менен карайт. Тарыхка, тарыхый окуя, тарыхый личносторго кайрылып калса, аларга шектүү мыскыл, такмаза тамаша менен мамиле кылат. Мындай мамиле адамзат коомунун өнүгүү жолунун айныксыз прогрессивдүүлүгүнө ишенбөөчүлүктөн улам келип чыккан. Постмодернизмге таандык мына ушул жана дагы башка көрүнүштөрдү биз Султан Раевдин “Жанжаза”, “Топон” романдарынан жолуктурабыз.

“Жанжаза” романынын каармандары жетөө: Император, Таис Афинская, Лир, Чыңгызхан, Клеопатра, Искендер Зулкарнайн, Козучак. Каармандардын көбүнүн ысымдары дароо эле тарыхтан аты белгилүү инсандардын элесин эске салат. Ал инсандар тууралуу нечендеген тарыхый баяндар, көркөм чыгармалар жазылып, нечендеген көркөм фильмдер тартылган. “Султан Раев аларды кайталабайбы?” деген суроо туулушу мүмкүн. Жок кайталабайт. С. Раевдин каармандары идеялык жактан болобу, көркөмдүк жактан болобу алардын эч бирине жакындабайт. Анын каармандары ал тарыхый инсандардын өзү эмес, а алардын күнөөсүнө жараша жаны жаза тартып, улам бир жандыктан башка бир жандыкка өтүп олтуруп, акыры жиндикананын бүгүнкү “пациенттеринин” денесинен орун алган “каармандар”. Алар жиндиканадан качып чыгып, Ыйык жерге барып сыйынып, күнөөлөрдөн арылып, бейишке чыгабыз дегендер. Аңкоолор, маскарапоздор, атайылап маңыроосунгандар, инсандык эки айры ыдыроого тушуккандар (раздвоение личности) жана “Жанжазанын” каармандары сыяктуу “жиндилер” – постмодернизмдеги эң көп учураган каармандар. Мындай каармандар дүйнөнүн карама-каршылыктуулугун, абсурдуулугун сындоо, мыскылдоо, социалдык көрүнүштөрдүн рационалдуу ой жүгүртүү ачып бере албаган арткы, көлөкөлүү жактарын ачып көрсөтүүчү күзгү, ыңгайлуу каражат катары колдонулат.

“Ыйык жер” идеасын көтөрүп, жиндилерди баштап чыккан каарман – Император. Бул каармандын Чыңгызхан, Искендер Зулкарнайн сыяктуу тарыхый конкреттүү түпкү прототиби берилбейт. “Император” деп жалпылап шартуу ысым берилгени менен, ал мамлекеттик башкаруу бийлигинин жалпыланган образын символдоштурган каарман эмес. Бул образдын прототибинде диний-руханий лидер личностордун образдары камтылган. Башкача айтканда, Императордун образынын түпкү тегинде Библиянын каармандары Моисей менен Иисустун прообразы жатат. Моисей еврей калкын “Ыйык жерге” алып барам” деп кырк жыл тентитсе, Император шериктештери менен кырк күн жол азабын тарткандыгы сыяктуу сырткы окуялык көрүнүштөр менен катар Императорго байланыштуу баяндоолордон Иса пайгамбардын элеси кадимкидей ачык байкалат. Мисалы, жиндикананын короосундагы карт эмен багынын түбүнө келип, Улуу сурак күнү жөнүндө Кудай менен сүйлөшкөн жери, кайтыш болоорунан бир-эки күн мурун картон кагазга жазган жазуудагы Кудайга жалбарып, кайрылуусу, Ыйык адам жаздыгынын алдына калтырып кеткен Ыйык китептеги Ыйык сөздөрдү элге жеткирүүнү милдетим деп билгендиги. Мына ушулардын баарынан Иисус Христостун образы кеңири тартылат. Мен Чыңгыз Айтматовдун “Кыямат” романы жарык көргөндө Иисус Христостун темасы Айтматовдо жана дүйнөлүк адабиятта кандай чагылдырылган, алардын бири-биринен айырмачылыгы жана жалпылыгы тууралуу, Айтматовдун бул темага кайрылуусунун башкы максаты, Айтматов алардан айырмаланып эмне айткысы келгендиги жөнүндө кеңири изилдөө жазган элем. Ал гана эмес Матфей, Лука, Иоан, Марктын инжилдик баяндары менен да салыштыргам. Султан Раевдин көрүнгөн-көрүнбөгөн, билинген-билинбеген Иса пайгамбарда да көп саналуу философиялык ойлор камтылган.

Романдын “Император” деп аталаган бөлүгүндө анын кантип “император” болгондугу айтылат. Ал өзүнүн өңү же түшү экендигин ажырата албаган “чылк” караңгылыкта кыйналып жатып бир убакта Император болгонун эстейт. Таажы кийүү аземинде “тар таажы башын тилип кетсе да чыдаган бойдон императордун салтанаттуу сөзүнүн аягына чыгып, бут алдына жыгылып жаткан элди бейиштин төрүнө алып барам деп убада берген”. (“Жанжаза”, Б.2013.80-б).

Постмодернизм эстетикасына ылайык ирония менен сүрөттөлгөн “таажы кийүү” салтанаты кайсы бир деңгээлде Библиядагы Иисустун тикенектүү таажысын эске салат. “Жаңы осуяттагы” (“Новый завет”) Матвейдин, Марктын, Иоандын – үчөөнүн тең Ыйык баяндарында Иисустун “тикенектүү тажысы” тууралуу эскерилет эмеспи. “... и, сплетши венец из терна, возложили Ему на голову и дали Ему в правую руку трость, и становясь пред Ним на колени, насмехались над ним, говоря: “радуйся, Царь Иудейский!” (Мф. 27:29). Ошондой эле тарыхтан белгилүү болгондой Чиркөө бийлигинин башына келген Рим папасына таажы кийгизүү аземи көп кылымдар аткарылып келген. Кезинде дин жетекчилигинин бедели өтө жогору болуп, император, королдор алардын батасы менен такка отуруп, таажы кийгендигин романдын окуясынан тыш эске түшөт. “Таажыга” токтолуп жатканымдын себеби, С. Раев постмодернст жазуучулардын сөз оюну ыкмасы менен бир нерсенин четин чыгарып коюп, кайра окурмандарды ал ойдон алаксытуу аркылуу “император” түшүнүгү менен динден атайылап “аралаштырып”, коомдун турмушундагы диндин ролу орду тарыхый миссиясы жөнүндө сөз баштап жатат деген пикирге байланыштуу.

Роман структуралык жактан абдан мыкты ойлонуп, каармандар да ашык-кеми жок жүйөөлүү тандалып алынган. Ар кыл доордун көрүнүктүү өкүлдөрүн каарман кылып алуу менен окуянын, андан келип идеялык-эстетикалык мазмундун мезгил-мейкиндик масштабын кеңейткен.

Император – романдагы борбордук каарман. Ал – коомдун руханий багыты, атмосферасы үчүн маданият, илим сыяктуу таасири чоң бир багыттын өкүлү. Искендер Зулкарнайн менен Чыңгызхан – мамлекеттик бийликтин, саясаттын өкүлдөрү. Алардын бири Батыштан Чыгышты карай жортуул жасап, бүт дүйнөнү багындыргысы келсе, экинчиси Чыгыштан Батышка карай жортуул жасап, бүт дүйнөнү багындырам дегендер. Экөө тең өздөрүн Кудай сезип, Кудай менен тең ата болгусу келгендер. Нечендеген жоокердин, нечендеген элдин канын суудай агызып, жеткен жеңиши жеңилүү менен барабар. Ал эми Лир менен Таис Афинская болсо, аныгында адамзат коомунун башаты, турмуш туткасы болуу миссиясы менен жаратылган эркек менен аялзатынын бузулган үлгүсү. Лир эркек затынын күнөөлүү, бузук табиятынын көрсөтмө үлгүсү болсо, Таис Афинская – аялзатынын күнөөлүүлөрүнүн, кемчиликтеринин көрсөтмө үлгүсү. Козучак менен Клеопатра – турмуш жолун баштоо алдында турган жаш адамдар. Бир сөз менен айтканда булардын ар бири жалпылаштырылган образ – моделдер.

Тарыхый инсан болгон Чыңгызхандын образы жөнүндө мындан көп жыл мурун “Чынгызхан бүгүн керкпи?” деген макала жазып, Ян, Калашников, Айтматов, Кекилбаев, Шахановдун чыгармачылыгына кайрылган элем. “Жанжазада” Раев да тарыхый Чыңгызханга кайрылып жатат, ал да Чыңгызхандын өлүмү тууралуу легендалардын бирине кайрылып жатат. Анын ажалына Тангуттун ханынын аялынан А.Кекилбаев боюнча, тангуттун ханынын кызынын С.Раев боюнча өлүмгө себепкер болгон Чыңгызхан, анын керээзине байланыштуу төмөндөгү көркөм чагылдырууларда жалпылыктар жатканы, паралелдүү көрүнүштөр орун алганы менен ар бир жазуучу кызыктуу легендаларга ар башкача максатта кайрылышкандыгы байкалат.

Тарыхый Чыңгызхан менен экинчи “жасалма”, “жинди” деп атап койгон Чыңгызханды эмне максат менен байланыштырып жатат деген дароо окурмандан пайда болот. Менимче, тарыхый инсандын моралдык, этикалык жүрүм-туруму барып-келип канчалаган мезгил, мейкиндик өтсө да кайсы бир учурда кайрадан кайталанат экен.

Дүйнө өзгөрүп, аң-сезим бузулуп, эч бир баалуулук бааланбай калган учурда тарыхый инсандардын жакшы жактарын, көз караштарын алуунун ордуна тескери жагына ооп кетүү мыйзамченемдүү болуп калат окшойт. Жинди Чыңгызхан деп атоо менен С. Раев тарыхый инсан Чыңгызхандын урпактары, кийинки муун тарыхый жүктү көтөрүүнүн ордуна турмуш-тиричиликтин сазына, пендечиликтин түпкүрүнө, акыр-чикирине батып, адамзат келечеги туңгуюкка кептелип баратканын подтекст аркылуу берип жатат. Кудайды тааныбаса, арбакты сыйлабаса, өмүрдү барктабаса, адамдардан ишеним кетсе, алдаса, калп айтса, зордуктаса жашоо максатынын мааниси жоголот эмеспи!

Эми ошол ар кими ар кыл доордун өкүлү болгон, болгондо да өз доорунун күчтүү инсандык белгилеринин оңу менен тетирисинин жыйындарын алып жүргөн, ошол өзү жашаган доорунун жүзү болгон Искендер Зулкарнайн, Чыңгызхан, Клеопатра, Таис Афинская сыяктуу тарыхый инсандарды автор кантип бир “жоронун” каармандары кылып бириктирди деген маселеге кыскача токтоло кетели.

Чындыгында романдын реалдуу каармандары ал тарыхый инсандардын өздөрү эмес, а алардын аты менен аталган жиндикананын пациенттери. Алар инсандык өздүгүн жоготуп, психикалык жактан өздүгү экиге ажыраган (раздвоение личности), шизофренияга чалдыккан психикалык оорулар. Тарыхый прототиптердин күнөөсүнө жараша алардын жаны жаза тартып, улам бир жандыкка өтүп отуруп, акыры жиндикананын дал ушул пациенттеринин денесинен орун алган.

Жиндилер, кем акылдар, өзгөчө ишенчээк аңкоо, баё адамдар постмодернизм адабияттагы көп кездешкен каармандар (Саша Соколов “Школа для дураков”, (1973), Виктор Ерофеев “Жизнь с идиотом”, (1980), Чак Паланик “Бойцовский клуб”, (1995 ж.б). Аңкоо, келесоо, жиндилердин образы

постмодернизмде турмушка, маданиятка, цивилизацияга карата скептицизмди, ирониялуу, пародиялуу мамилени билдирүүчү катары катышат. Постмодернисттик дүйнө таанымга пессимизм, үмүтсүздүк, турмуштук көрүнүштөргө ишенбөөчүлүк мүнөздүү болгондуктан, дүйнөнүн олуттуулугуна шек келтирүү, ар кандай атак, кадыр-барк деп эсептелген нерсени жокко чыгаруу үчүн шизофрениялык көрүнүштөр көп колдонулат. Көркөм адабияттарда, көркөм фильмдерде, сүрөт өнөрүндө улуу кол башчы, акылы, жөндөмү артыкча жан, достукка бекем, колу ачык жана башка жакшы сапаттарына басым жасалган образдарга салыштырмалуу С.Раевдин Искендери да, Чыңгызханы да оорукчан психика аркылуу жалган атак көксөгөн бечара. Алардын жетишкен жеңиши жеңилиш менен барабар, натыйжасы нөл. Миңдеген адам өмүрүн кыйып курган империялары кумдан курган сепилдей тез эле урады. Көп нерсени сексуалдык табиятка байлоо Фрейдизм окууларынан кийинки модернисттик, постмодернистик адабияттагы модага айланган чечилиштерден болуп калды. Зулкарнайндын улам бир элди басып алган жортуулунун себеби тууралуу куралчан жолдошторуна айтканы, Чыңгызхандын киргил тактуу ак кагазга калтырган акыркы катында: “Ушул деп келип, ушу деп кеттим” дегени, Клеопатранын өмүрүнүн акыркы сааттарындагы жалаң дене кумары жөнүндө көп ойлонгондугу сыяктуу учурлар көпчүлүк окурмандарда түшүнбөстүк жаратышы мүмкүн. Албетте, буга карата “каарманды мына ушундай өңүттө берүү атайын психикалык жактан жабыркаган каарман аркылуу берилип жатпайбы” деген автордун жүйөлүү жообу деле даяр болсо керек. Буга кошумча жазуучу тарыхтагы эң атактуу баскынчы аскер башчылар Зулкарнайн менен Чыңгызхандын дал ушундайча сүрөттөлгөн образы аркылуу пенде “дүйнөнү бүтүн басып алам, бийлейм” деген канчалык ашынган амбицияга ээ болбосун пенделик “куур тонунан,” алыс кете албайт, эч бир пенде пенделик чектелүү мүмкүнчүлүгүнөн ашып кете албайт деген түшүнүктү бергендигин жазуучунун ийгилиги катары белгилесек болот.

“Жанжаза” романы боюнча жогоруда белгиленген ийгиликтер менен катар, менин оюмча, айрым бир жетиштүү денгээлде көңүл бурулбай калган моменттер да бар. Мисалы, Зулкарнайндык, Чыңгызхандык табияттык белгилерин көрсөткөн биринчи прообраз менен соңку “реинкарнацияланган” образдын ортосунда параллелдик байланыштар солгунураак. Бүгүнкү замандын “жинди” Зулкарнайны менен Чынгызхандын образдары ачык көрүнбөй, алар эмне үчүн башка эмес дал ушул ысымдарды алып калышканынын себеби аты уйкаш прототибинин өмүр баянынан эскерүү жана реинкарнация – жандын башка денеге өтүшү сыяктуу көрүнүш менен гана чектелип калгандай. Муну образдардын ортолорундагы өз ара талаш-тартыштуу диалогдору аркылуу түзүүгө болмок. Менимче, Император менен Козучак да өз ара бири-бирин толуктаган, тереңдеткен жуп образдар. Жогоруда айткандай Императордун образынын негизинде, прообраз катары Иисустун элеси бар. Иисустун өзүн дагы Библияда “Кудайдын курмандык козусу” деп сыпатоо бир нече ирээт кезигет. (“Вот Агнец Божий, который берёт на Себя грех мира” Ин 1:29). Б.а Император Ыйык жерге алып барам деп чеккен түйшүк курмандыгы менен башкаларды (Зулкарнайн, Чыңгызхан, Лир, Таис Афинская) оңдой албаса дагы өз күнөөдөн тазалануу идеясын үрөөн катары Кудайдын “жаңы” курмандык козусу болгон Козучактын жан дүйнөсүнө калтырып кетти. Бул жаңы образдардын (Император, Козучак) ортосунда ачык сүйлөшүү түрүндө диалог болбосо да, өз ара боор тарткан “диалог” бар.

Романдагы айрым бир жетишпестиктей сезилген учурлар балким биздин реалисттик адабият эстетикасына жедеп көнүмүш адат алып калгандыгыбыздан улам көрүнүп жаткандыр. Реалисттик адабиятта себеп натыйжалык байланыштар өтө тыкыр сакталышы керек эмеспи.

Кандай болгон шартта да, Султан Раевдин “Жанжаза” романы ХХӀ кылымдын заман көйгөйүн чагылдырган, эгер адамдар эсине келип, күнөөлөрдөн тазаланууну ойлобосо кыямат-кайым алыс эместигин дагы бир жолу эске салган учурдун олуттуу романдарынын бири экендиги талашсыз.

Султан Раевдин кийинки “Топон” (2018) романында мурдагы “Жанжаза” романында козголгон идеялык-тематикалык мазмун андан ары карай уланат. Ал мазмун – ыймандык кризис маселеси; адамзат коомунун түркүгүн түзүүчү дин, илим, маданият, мамлекеттик бийлик сыяктуу көрүнүштөр менен ыймандык баалуулуктардын ортосундагы крама-каршылыктардын курчушу. “Жанжаза” романында Ыйык жерге алып барып, күнөөлөрүнөн арылтам деген Император жолдо өлүп, анын сөөгүн сапарлаштары кетпес кеги бардай кордоп, жин ургандай кутуруп жатып, акыры өзүлөрү да өлүп, курт-кумурскага жем болушту эле. Козучак менен Клеопатра төөчөн карыя берип кеткен эки көчөттү кармап ээн талаада калган жеринен чыгарма аяктаган.

Козучактын ыйман жолундагы аракети, курмандыгы деле адамзат турмушуна эч натыйжа бербегендей... Ошентип, “Топон” романында адамзат тукуму 2199-жылы дагы бир Топон сууга кабылды дейт. Топон сууну бул жолу күн санап, саат санап өскөн илим, илимий-техникалык прогресс алып келди. Адамзат илим аркылуу акыры өзүнө конкурент болчу жасалма адамдарды конвейрден чыгарып көбөйтүп алышкандыгы айтылыт романда. Жасалма адамдар, албетте, Кудайды тааныгысы келген жок. “Кудай бар” деген адамдар алардын эң биринчи душмандары болушту. Дин коомдон такыр сыртка сүрүлүп ташталды. Мамлекеттеги акыркы дин адамы Кхэ жасалма адамдардын Кудайдын жокко чыгаруу аракеттерин сындаганы үчүн куугунттукка алынып, акыры бир убактагы Иса пайгамбардай айкаш жыгачка керилмекчи болду. Дал ошол күнү топон суу каптап, Кхэ гана үй-бүлөсү менен кол басымдай кургактыкка сүрүлүп аман калышат. “Жер каймактагандан берки суу топондо Жараткан Нойго медерин таштап, аны адам пендесин гана эмес, жан-жаныбардын баарын куткарасың деп чоң сыноону жиберген. Эми мобу үркөрдөй бир үй-бүлөнүн улуу алааматтан аман калышы эмне менен байланышканын эч ким, эч бир жан айтып бералбас эле...

Уй териси батпаган алакандай жерде башмаана кылып адам аттуудан бу төртөө эле аман калды. Булар бир үй-бүлө... Атасы – Кхэ, апасы – Ман, уулу – Этих, кызы – Дуна... Улуу топондун көз алдынан каректи сайып, кантип көчкүдөй жарылып өткөнүн атасы Кхэ, апасы Ман элес-булас гана билет... Жүрөк зилдетип, күйүт салып, бул бир апаат окуя болду...

Жазуучу мурдагы “Жанжаза” романына “Библиядагы” Моисейдин еврей элин Египет туткунунан алып чыгып, ыйык Ханаан жерине жол тарткандыгы 40 жылдык сапары жөнүндөгү баяндын сюжетти үлгү катары алган болсо, “Топондо” ошол эле “Библиядагы” Топон суу жөнүндөгү баян жаңы романга сюжеттик үлгү катары алынган.

Топон суу темасы ислам, буддизм мифологиясында айтылып, дүйнө элине байыртан кеңири тааныш сюжет. Көркөм адабиятта Нойдун өзүн башкы каарман кылган прозалык, драмалык чыгармалар. Поэмалар жазылган, живописттик картиналар, көркөм фильмдер тартылган. Бирок, Топон суу темасы дүйнөлүк көркөм өнөрдө канчалык көп иштелгендигине карабастан, Султан Раев бул теманы да таптакыр жаңы өңүттө колдонуп, өзгөчө оригиналдуу чечилишке ээ кылган.

Жасалма адамдар, роботтор темасы да бүгүнкү күндүн өзгөчө кызыктырган темаларынын бири болуп жатканы менен көркөм чыгармачылыктын объектисине алына башталганына деле көп болду. Бул багытта биринчи эске келген чыгарма англис жазуучусу Мэри Шеллинин 1818-жылы басмадан жарык көргөн илимий-көркөм фантастика жанрында жазылган “Франкенштейн, или Современный Прометей” романы. Мында дагы жасалма адам өзүн коомчулук кабыл албагандыгы үчүн өзүнүн жаратуучусу, илимпоз Франкенштейнден өч алып, анын инисин, колуктусун, атасын өлтүрүп, өзүнө ылайык жандуу жасалма аял жаратып берүүсүн талап кылат. Бул талабы аткарылбаганда өзүнүн жаратуучусун өлтүрүп тынат. Илимпоз жасалма аялды жасап баштап, бирок анын натыйжасын ойлоп, жасалма адамдардын көбөйүүсүнө жол бербеш үчүн жасап баштаган ишин жок кылат.

Дагы бир англис жазуучусу Олдос Хакслинин 1932-жылы жарык көргөн “О дивный новый мир” аттуу антиупотиялык романы да жасалма адам темасына арналган. Романда окуя 2540-жылда өтөт делип, адамдын табигый жол менен төрөлүшү деген нерсе аларга жомок сыяктуу сезилет. Азыркы күндүн баалуулуктары: сүйүү, дин, бийик искусство, фундаменталдуу илим ж.б. түшүнүктөрдүн көбү керексиз түшүнүктөр катары колдонуудан чыгып, алардын орду күнүмдүк керектөөлөр менен алмашылгандыгы жөнүндө айтылат.

Бул тема ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун “Кассандра тамгасы” (1994) чыгармасында да көтөрүлгөн эмеспи! Алдыдагы эки жазуучунун романдары илимий-фантастика жанрында жазылган болсо, Ч. Айтматов жасалма адам-иксрод темасын алгачкылардан болуп бүгүнкү күндүн көйгөйлүү маселеси, коомго коркунуч жаратуучу көрүнүш катары реалисттик негизде чагылдырып берди. Дегеле Айтматовдун өрнөктүү чыгармачылык таасиринин “издерин” Султан Раевдин алгачкы “Күн кармаган бала” повесттеринен тартып соңку романдарна чейин байкоого болот. “Топон” романын окуялык жактан кайсы бир денгээлде “Кассандра тамгасы” романынын жаңыча уландысы катары кароого болот. “Кассандра тамгасында” мамлекеттик жетекчиликтин атайын тапшырмасы менен окумуштуу генетик Андрей Крыльцов советтик идеологиянын күжүрмөн аскери болуп берүүчү “иксрод” адамдарды жаратуу проектисинин үстүндө иштеп баштайт. Ошол учурда Руна Лопатина аттуу зек аял өз өмүрү үчун коркунучтуу экендигине карабастан атайы келип, Крыльцовго: “Адамдар табият жана Жараткан буюргандай көбөйүшөбү же азаезилдин айтканындай болушу керекпи?” – деген суроону коюп ойлонууга чакырат. Ал аңгыча Кайра куруу келип, иш токтотулат.

Бирок, тилекке каршы “иксроддордун” алды туулууга үлгүрүп калышкан эле. Кийин өзүнүн “азезилдин” ишинен улам жаны жай тапбай кыйналган Андрей Крыльцов “баарынан, баарынан алыс кетүү” чечимине келип, Горбачевдо болуп, адамзат тукумунун генине космостук деңгээлде байкоо жүргүзүү үчүн орбиталык станцияга кетет, адам эмбрионунун рефлексиясынын Кассандра белгисин табат.

Султан Раев да “Топон” романын баштап жатып жер бетиндеги адамзат турмушуна “космостук бийиктиктен көз салат. “Сансыз жылдыздар ийненин учундай ар-ар жерден “жылт” эте калып, бир жанат да кайра “бүлп” этип өчүп калат. Адам баш терисин сыйрып алгандай жер чарыгы о алыста-алыста тегирмен ташындай чарк тегеренет... Ошобу тээ космикалык чексиздикте териси шилби менен сыйрып алгандай Жер ааламдын мээ тамырлары сыртка чыгып, түйүлгөн муштумдай айланганы айланган... Дүйнөнүн как чыкыйынан караганда кал басымдай Жер, улуу космикалык саябанда сансыз ааламдын бир чекитине айланып турду... Ушу чекитте миллиарддаган эл, миллиарддаган тагдыр жашап жатты. О, баягы-баягысындай быгып жаткан дүйнөкапар улуу кургакта мезгил менен мейкиндик аралыгындагы бир үзүм убакыт өтүп жатты... алда нече кайталанган убакыт үзүм өтүп жатты”...

“Космостук бийиктиктен көз салуу”, албетте, бул жөн гана Айтматовго “окшошуу” аракетинен келип чыккан нерсе эмес. Ал романда алынган теманын масштабынан, жалпы адамзаттык маселеге ошого тете эпикалык тон берүүнүн табигый зарылдыгынан чыккан нерсе.

Романда башкы каарман Кхэнин эскерүүлөрү аркылуу “Библиядагы” Нойдун окуясы толук айтылат. Көпчүлүккө кеңири белгилүү Нойдун окуясын эске салуудагы максат Жараткандын Нойго айткан: “Мындан ары жер бетиндегинин баарын жок кыла турган топон суу болбойт!” – деген эмне болду? Жараткан айткан кебинен жандыбы? Же жетер жерине жетип, кир-когу аралашып кеткен адам жашоосу, киши баласынын пейили ушу топонго алып келдиби? Жер козголуп, түпкүрү жарылдыбы?” Кхэ ушул суроолордун айланасында ойлоно берип башы катат, жооп тапбайт. Чындыгында С. Раев Кхэ аркылуу бул суроону окурмандарына берип жатат, ойлонууга чакырып жатат. Канчалык миллиондогон өндүрүш ишканалардын акыр-чикир калдыктары жер түбүнө кетип, зыяндуу газдары абага көтөрүлүүдө. Күнүмдүк тиричиликте канчалык зыяндуу химиялык синтетикалык заттар колдонулуп жатат. Айлана-чөйрө, жаратылыш абалынын – материалдык дүйнөнүн бузулушу – экология маселесинин бир тарабы. Экинчи тарабы – адам, адам табияты. Адам табиятына да оңбогондой “кол салуулар” болууда. Илим, техника өнүккөн сайын адам акыл-эсине чабуул ошончолук күчтүү болорун күнүмдүк турмушубуздан көрүп, билип, күбө болуп жатабыз.Мунун жеткен чеги жасалма адам, клон, иксрод, Кудай өзүнө окшотуп адамды жасаган деп айтылгандай, адамдар өз келбетине окшотуп, керек болсо өзүнөн ашыра чыдамкай, өзүнөн акылдуу кылып жасалган адам-роботтор болот, окшоп калды. Романдан экинчи топон суу жасалма адамдардын адамкерчиликсиз зордукчул иштерине карата болгондугун көрөбүз. Эгер үй-бүлө институту бара-бара ыдырап, адамдар баланы багуу, тарбиялоо түйшүгүнөн качып, келечегин жасалма адамдарга тапшырып коё турган болсо, акыры топон суу мененби же башкачабы, адамзат коому өзүнөн-өзү кыйрап жок болору анык. Ошон үчүн “Жанжаза” романынын эң соңунда төөчөн карыя: “Көчөттөрдү бүгүн отургузуу керек. Эртең акыр заман болот” – деп айтканындай, адамдар келээр замандын ар кандай катаклизмдеринен кооптонбой тукум улоосу шарт. Айтматов да романында кассандра-эмбриондордон тезирээк кутулууга шашылбай, а анын алдын-алып, адамгерчиликтүү шарт түзүүгө умтулуу керектигин айтып, каарманы Филофей Кассандра белгиси тууралуу: “ал муундан-муунга топтолуп олтуруп, биздин өзүбүздө жыйналып калган жамандык-арампөштүк жөнүндө эскертип жаткан кассандра-эмбриондун реакциясы – жообу” деген.

“Кассандра тамгасы” менен “Топон” романында коюлган проблемалардын негизи бир. Бирок, маселе коюлган жагдай-шарт, чечилиши эки башка. “Топондо” “жасалмашуу” чегине жетип, адамзаттык баалуулуктар дээрилик жоюлуп, Кхэ сыяктуу гана бирин-экин табигый адам калган. Ушундай шартта, салттуу адамзат коомун топон суу “алып кеткенден” кийин, кайрадан адамгерчиликтүү коом курууга болобу деген суроо коюлат. Жообу кейиштүү. Автор аны Кхэ менен Мандын уулу Этих, кызы Дунанын тарбиясынын мисалында берет. Көрсө тарбиялуу муунду калыптандырыш үчүн коомдук көрөңгө, көрсөтмөлүү үлгүлөрдүн сакталышы шарт экен. Кхэ канчалык тырышып, тарбия ирээтинде окуя, насааттарды айтпасын балдары андайды көрбөгөндүктөн, сезбегендиктен сөз куру сөз түрүндө калып, тарбия такыр жукпай коёт. Акыры дененин талабынан башканы барк албаган бир адам-айбан болуп чоңоюшту. Эки бир туугандын ортосунда “чыпалак” башындай эки мүйүзү” бар бала төрөлдү.

Экинчи чети Кхэ уулум деп тутунуп келген Этих жасалма эмбриондон жаралган жасалма бала эле. Ал аялы Ман Кхэге турмушка чыкканда ээрчитип келген баласы болчу. Ман баласынын тек жайын Кхэден жашырып, айткан эмес. Жасалма адам болгондон кийин анын генинде ата-бабалардан өткөн нечен кылымдык турмуштук тажрыйбадан жыйынтыкталган абийир-ыймандык туюм-сезим жок. Ал тамыры жок өсүмдүк сыяктуу. Жасалма адамдардын “жаратуучусу” профессор Ян өлүм алдында досу Кхэге жазган катында: “Мен жараткан адамдар көкүрөгү бош, денеси көңдөй, ыйман-сообу жок адамдар болуп чыкты. Адамдын өзүн жасаганым менен ыйманын, ички дүйнөсүн жасай албай койдум. Кечир!...” – деп өз кемчилдигин моюнга алат. Кхэнин тарбиясынын натыйжасыздыгынын дагы бир себеби ушуга байланыштуу.

Жыйынтыгында “көкүрөгү бош”, ыймансыз уул эне болгон Мандын, ата болгон Кхэнин түбүнө жетти. Алардын адам тарбиялайбыз деген тилегин таш каптырды. Акыры үмүт болгон аралчаны да акыры топон суу алды.

Ошентип, Султан Раев романын катаал үмүтсүздүк менен жыйынтыктап отурат. Мурда деле адабиятта жаркын идеяларды алып жүргөн каармандардын өлүмү менен аяктаган учурлар болуп келген. “Ак кемеде” Бала сууга агып кеткенде автор: “Бир жарк этип, жалп өчкөн чагылгандай жашап өттүң. Чагылганды Көк Теңир чагат. Көк түбөлүктүү” – деп, жашоонун, абийир-ыймандын түбөлүктүүлүгүнө болгон ишенимге каниет арткан эле. Филофей Роберт Борк курман болгондо Энтони Юнтер өзүн алардын шакирти катары эсептеп, алардын идеясын элге жеткирүүгө белсенген. Ооба, ал убакта адамзат акылынын прогресивдүүлүгүнө, жашоонун түбөлүктүүлүгүнө ишеним али бекем эле. Тилекке каршы бүгүнкү күндө, илим менен техниканын үстөмдүгү арткан сайын, маалыматтуулук өскөн сайын эмнегедир адамзаттын алыскы келечегине болгон ишеним тескерисинче төмөндөп бараткандай. Мына ушундай социалдык, психологиялык атмосфера жазылышына себепкер болгон Султан Раевдин “Топон” роман-притчасынын жыйынтыгында адамдарга карата: “Эсиңе кел, адамзат, акыр заман Жараткандан эмес, өзүңөрдөн. Жараткандын, табияттын мыйзамын сыйлабастык эмнеге алып келерин көрүп ал!” – дегендей эскертүү берилген.

Абдылдажан Акматалиев

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

18-11-2025
Арслан Койчиевдин мистикасы жана реализми
2281

14-11-2025
Айтматов бүгүнкү күндүн Манасы беле?..
1623

14-11-2025
«Манас», Сагымбай, Айтматов жана ааламды түйшөлткөн эмбрион
1430

14-11-2025
Айкөл Манас жана Айкөл Айтматов
1482

04-11-2025
“Айтматов бүгүнкү күндүн Манасы беле?.. (3-макала)
1042

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×