Добавить свою статью
29 Августа 2025
Көзкарандысыздыкты көздүн карегиндей сактайлы!

«1991-жылдын 31-августу бизге эмне алып келди?» деген суроого мен бир сөз менен эле жооп берет элем – көзкарандысыздыкка жеттик.

Эл арасында: «Бирөөнүн көзүн карап жашаганча, өлүп калган жакшы» деген кеп бар. Бул тим эле чыркыраган чындык. Өзүңдүн тагдырың өзүңдүн колуңда болуп, адам өзүн-өзү башкара алгандан артык эмне болсун? Эркиндик деген ушул да. Биз ага мындан 34 жыл мурун жетпедикпи. Чындыгында, эгемендүүлүк, азаттык, демократия, адам укугу жана сөз эркиндиги деген түшүнүктөрдү ошондо сезбедикпи.

Биз мурда Совет доорунда жашап, лениндик партиянын башкаруусуна көнгөнбүз, коммунисттик идеологияга ишенгенбиз жана сугарылганбыз. Анын үстүнө өлкөнүн негизги багыттары боюнча жетекчилик көрсөтмөлөр түздөн-түз Москвадан келип, анан ишке ашчу. Ошентип мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруунун өзүнчө бир бирдиктүү системасы бар эле. Ал эми 1991-жылдагы ГКЧП (кыргызча «Быкы-чыкы”) жана «Беловежская пуща» деген олуттуу саясий окуядан кийин СССР кулап, союздук республикалар өзүнчө бөлүнүп, тарай башташты. Мына ушундай тарыхый мезгилде биз, Легендарлуу парламенттин депутаттары, 1991-жылдын 31-августунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көзкарандысыздыгы жөнүндө» декларацияны бир добуштан кабыл алдык. Аябай сүйүндүк, кубанычыбыз койнубузга баткан жок. Кол чапкандан жана «Манас» деп ураан чакыргандан Жогорку Кеңештин имаратынын ичи жарылып кете жаздады. Ошентип, «той болду, тойдун эртеси да болду». Анан: «Эгемендүүлүккө жетээрин жеттик, эми эмне кылабыз» деген суроо жаралды. Москва болсо өзү менен өзү алек. Биз менен иши жок. Экономикалык, саясый жана башка байланыштар толугу менен үзүлдү. Тийиштүү каражаттар келбей калды. Коммунисттик партиянын ыркы кете баштады. Мамлекетти мурдагыдай башкаруу системасы жоп-жойсун болду. «Эми Кыргызстан эмне болот? Кайсы жакка, кайсы жол менен кетет? Элдин турмушу эмне болот? Эми кантип оокат кылабыз?» деген суроолор башыбызды айлантты. Кыргыз элинин бактысы бар экен, атандашуу жолу менен калк өзү шайлап алган Легендарлуу парламенттин 350 депутаты тагдырга байланышкан татаал суроолорго жооп таап кетти. Анткени, элдик депутат болуп кыргыздын «каймактары», башкача айтканда Совет доорунда окуп-чокуп, агарып-көгөрүп сапаттуу билим алып калган, тажрыйбасы бай, таалим-тарбиялуу жана мекенчил уул-кыздары келген эле. Алардын арасында республиканын бардык райондорунан жана ири шаарларынан, өндүрүштүн ар кандай тармактарынан келген карапайым жумушчулар жана колхозчулар, инженерлер жана илимпоздор, жазуучулар жана акындар, юристтер жана киношниктер бар эле. Жалпы депутаттардын үчтөн бири кыз-келиндер, ал эми 35 пайызы жаштар болчу. Мына ушундай дарамети күчтүү адамдар жаңыдан жарыяланган эгемендүү Кыргызстанды алдыга жылдырып кетишти. Бир жылга жакын өлкөнү Жогорку Кеңеш эле ырааттап турду. Себеби ал кезде Коммунисттик партиянын жана анын Бюросунун шайы кетип калган. Ошол эле учурда мамлекетти башкара турган Президент дагы жок болчу. Ал эң жогорку кызматты биз 1990-жылы киргизип, президенттик шайлоону октябрь айында өткөрдүк. Биз ишенген жана «күчтүү» делген үч инсаныбыз: Абсамат Масалиев, Апас Жумагулов жана Жумгалбек Аманбаев бир орунду талашып жатып, Президенттикке өтпөй калышты. Кызыгы, Президент болуш үчүн Масалиевге 4 эле добуш жетпеди. Чындыгында, алар акыл калчап өздөрүнчө сүйлөшүп, «сен Президент, тигил вице-президент, бул Өкмөт башчысы» болсун дегенде, биз аларды колдоп бермекбиз. Тилекке каршы, андай болгон жок. Айлабыз кетип, Айтматовга кайрылдык: «Сиз республиканын Президенти болуп бериңиз, биз болсо сиздин айткандарыңызды кыйшаюусуз аткарып туралы.”. Бирок ал киши биздин сунушту кабыл алган жок. «Мен чыгармачыл адаммын» деп койду. Балким, туура кылгандыр. Анда биз: «Кыргызстанда сизден башка авторитет калбай калды. Сиз кимди Президент болсун деп ойлойсуз?» Чыңгыз Айтматов дароо эле: «Бул кызматка Аскар Акаев жарайт» десе болбойбу. Биз бир аз таң калып, «Эмне үчүн?» десек, «Акаев абдан сабаттуу илимпоз-академик. Болгону 46 жашта, өзү калыс жана тап-таза. 16 жыл сыртта жүрүп, интрига менен иши жок. Акаевди Горбачев дагы жакшы көрөт. Ал аны СССРдин вице-президенти кылам деп жүрөт» Бир аз делдейип туруп, макул болдук. Президенттик шайлоого Аскар Акаевдан тышкары Садыкбек Аблесов, Эсенбек Дүйшеев, Насирдин Исанов, Амангелди Муралиев жана Бекмамат Осмонов катышты. Өткөндөгү шайлоодон кулап калгандыгы үчүн Абсамат Масалиев, Апас Жумагулов жана Жумгалбек Аманбаев кийинки шайлодон четтетилди. Көпчүлүк добуш менен Аскар Акаев Президент болуп шайланды. Экинчи орунду маркум Насирдин Исанов ээледи. Анысын эске алып, а дегенде вице-президент, андан кийин премьер-министр кылып дайындадык. Ошондо «апендинин кызындай» макталган Акаев Кыргызстанды чилдей таратып талкалап, андан кийин басып кетээрин биз кайдан билдик. Эгерде ал көзкарандысыз Кыргызстандын туңгуч Конституциясы аныктап берген даңгыр жол менен кете бергенде, биз азыр алдыңкы өлкөлөрдүн катарында болбойт белек. Күйбөгөн жерибиз күл болгону – бул биз жазып берген жана өзү кол койгон биринчи Конституцияны чанып, анан Легендарлуу парламентти таркатып, 1994-жылы теңирден тескери Конституцияны кабыл алгандыгы. Натыйжада биринчиден, өлкөбүздө үй-бүлөлүк башкаруу орноду. Экинчиден, 1000 тонна алтыны бар Кумтөрдү чет мамлекетке берип жибергендиги. Үчүнчүдөн – жер маселеси. Жер деген бул айдоо аянт же болбосо тамак-аш коопсуздугу гана эмес. Жер – бул Ата-Мекен, Ата-Журт болуп эсептелет. Мына ушул принципти эске алып, биз 1993-жылдын 5-майында кабыл алган туңгуч Конституциябызга Кыргызстандын шартында жер мамлекеттик гана менчик болуп саналат. Жер сатылбайт жана сатылып алынбайт деп жазганбыз. Акаев болсо 1994-жылдагы Конституцияга жер мамлекеттик гана эмес, жеке менчик болуп да эсептелет. Жер сатылат жана сатылып алынат деп аныктап койгон. Мына ушунун кесепетинен бүтүндөй жерибиз бөлүнүп-жарылып таландыга түштү жана майдаланды. Жердин куну кетип, асылдуулугу азайды, түшүм мол болбой калды. Жер мамлекеттин гана менчиги болуп корголуп турганда, мындай жаман ахвалга келмек эмеспиз.

Экономика жөнүндө кеп кылбай эле койсок болот. Садыр Жапаров айткандай, Эгемендүүлүктүн 30 жылында ширеңке чыгаруучу фабрика да кура алган жокпуз. Өндүрүшүн талкалабай, толук сактап калган Өзбекстан, Казакстан жана Беларусь алдыга осуп кетти.

Эми «Кумтөргө» кайрылып келсек, Садыр Жапаров мурда Жогорку Кеңештин депутаты болуп жүргөндө эле бул маселени көтөрүп, бирок бийликтен колдоо тапкан эмес, атургай Кумтөргө күйгөндүгү үчүн аны камап да коюшкан. Ал качан гана 2021-жылдын 28-январында Президент болуп шайлангандан кийин бул чоң маселе колго алынып, 2022-жылдын 23-августунда Кумтөрдүн тагдыры Кыргызстан тарапка толук чечилген жана 100 пайыз мамлекеттик ишкана деп жарыяланган. Кумтөрдүн 2022-жылдан 2025-жылдын август айына чейинки жалпы кирешеси 3 миллиард 445 миллион долларды түздү. Республикабыздын мамлекеттик бюджетине салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө эле 1 миллиард долларга жакын каражат кошулду. Бул мезгил ичинде жалпысынан 54 тонна алтын өндүрүлдү. Өзгөчө белгилей кете турган нерсе, эгерде мурда Кумтөрдү канадалык компания иштеткен 28 жыл ичинде бизге үлүштүк киреше катары болгону 100 миллион доллар берилсе, мамлекетке өткөн 3 эле жылдын ичинде бизге 441 миллион доллар пайда түштү. Ушундай орчундуу кирешелердин арты менен өлкөбүздө көптөгөн курулуштар жүрүп, экономикага да тийиштүү салым кошулуп жатат. Акыркы 3 жылда мамлекеттик ипотекалык үйлөр карапайым элдерге тапшырыла баштады. Мына ошол курулуштарга кеткен акчалардын баары ушул Кумтөрдөн түшкөн кирешелер болуп эсептелет. Салынып жаткан жолдор, мектеп, бала-бакчалар, эмгек акылардын, пенсия-жөлөк пулдун көбөйүшү, аскердик жана башка заманбап техниканын сатып алынышы, кыскасы республикабызда болуп жаткан жакшы иштердин баарына Кумтөрдөн түшкөн акча жумшалууда.

Эми жалпы жонунан алсак, акыркы 4 жылды тарыхый учур деп айтсак жарашат. 2021-жылдын башында жаңы бийлик келер менен мурунку мамлекеттик башкаруу системасын түп-тамырынан өзгөртүп, өлкөдө натыйжалуу бийликтин вертикалын түзгөнгө жетишти. Орчундуу реформалардан кийин жана Конституцияны өзгөртүүнүн аркасында өлкөдөгү иштердин абалы үчүн бардык жоопкерчилик президентке жүктөлдү. Бул көп жылдардан бери калыптанып калган бюрократизмге, жетекчилердин жоопкерчиликсиздигине жана шалаакылыгына катуу сокку болду. Элдин тагдыры үчүн толук милдеттерди президент өзү алып, өлкөнү башкаруу дагы бир колго өттү. Өкмөттүн жана президенттин бирдиктүү аппараты түзүлдү, бул штаттык санды олуттуу кыскартууга мүмкүндүк берди. Мунун баары мамлекеттик органдардын арасында темирдей тартипти камсыз кылып, аларга тапшырылган иш багыттары үчүн жоопкерчилигин жогорулатууга шарт түзүлдү. Эми 4 жылдан кийин биздин чакан республикабыздын шартында президенттик башкаруу системасы өзүн толук актады деп айтсак жаңылышпайбыз. Сөзүм куру болбош үчүн, экономикалык так далилдерди келтирейин.

Эгерде 2020-жылы республикабыздын мамлекеттик бюджетинин көлөмү 250 миллиард сомду түзгөн болсо, 2024-жылы бул маанилүү көрсөткүч 700 миллиард сомго жетти, же болбосо Садыр Жапаров президент болуп иштеген 4 жылда бюджетибиз 2,8 эсеге көбөйдү. Кыргызстандын Ички дүң продукциясы 2020-жылы 700 миллиард сомго барабар болсо, 2024-жылы ал 1,5 триллион сомдон ашты, башкача айтканда 2 эседен арбын көбөйдү. 2020-жылы алтын валюта резервибиз 2 миллиард доллар болсо, 2024-жылы алтын байлыгыбыз 6 миллиард долларга жетти, же болбосо 3 эсеге көбөйдү. Мындай зор ийгиликтерди бүткүл дүйнөлүк каржы уюмдары да тааныды.

Салык чөйрөсүндөгү орун алган көрүнүштөрдүн мисалын терс көрсөткүч деп эсептешибиз керек. Албетте, мамлекет башчысы жер-жерлерден маалымат алып, бизнеске ашыкча басым жасалып, коррупция болуп жатканы тууралуу сигнал түшөөр замат кескин чараларды көрдү. «Салык системасындагы терс көрүнүштөр бизди абдан капа кылды. Акциздик маркаларга байланыштуу алдамчылыктар белгилүү болду. Бул тармак Акылбек Үсөнбековичтин карамагында болчу, ошого жараша мыйзамсыз аракеттерди токтотсо болмок. Кызыкчылыктардын кагылышын жоюу максатында Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилигине карата козголгон кылмыш ишинин айынан мен аны кызматтан алууга аргасыз болдум», - деди Садыр Жапаров.

Андан кийинчерээк Президент: “Салыктар эл үчүн ашыкча жүккө айланбашы керек”, - деп расмий түрдө билдирип, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазын талдап, бул механизмди ири товарларга гана колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды. Ошентип, Садыр Жапаров өлкөдөгү болуп жаткан иштердин баарын көзөмөлдөп, өз убагында ар тараптуу жыйынтык чыгарып жатканына карапайым калк дагы бир жолу ынанды.

Ал эми 2024-жылдын 27-декабры биз үчүн унутулгус күн болуп калды. Анткен себеби, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан эл аралык темир жолунун башталышы жөнүндө жар салды. Болоттон жасалган бул жолдун мааниси өзгөчө. Бул темир эле жол эмес, бул Кыргызстанды жаркыраган келечекке алып баруучу ыкчам жол. Узундугу 500 километр болгон бул кылым курулушу менен республикабыздын экономикасы, өзгөчө өнөр жай, транспорт, туризм, айыл чарба жана соода-сатык иштери болуп көрбөгөндөй өсүп өнүгөт. «Соода бар жерде өсүш бар» деп эл бекеринен айтпайт. Темир жолду бойлоп атайын станция-бекеттер, алардын инфраструктурасы, өндүрүштүк жана социалдык ишканалар курулат, жаңы жумушчу орундар түзүлөт. Натыйжада калкыбыздын тиричилиги жакшырат.

Белгилей кетчү нерсе, мындай Эл аралык темир жолду куруу боюнча сүйлөшүүлөр мындан 30 жыл мурун эле башталган. Бирок андан эч кандай майнап чыккан эмес. 2022-жылы гана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бул маанилүү темир жолду чогуу куруу боюнча келишимге кол коюшкан. Сөзсүз мындай ири инженерлик курулушту ишке ашыруу үчүн жок эле дегенде 5-6 миллиард доллар талап кылынат. Кашкар – Торугарт – Кош-Дөбө – Казарман – Жалал-Абад – Анжиян багытында курулуучу темир жол товарларды ташуунун бир жылдык көлөмүн 15 миллион тоннага чейин көбөйтө алышы өзгөчө белгиленди. Кыргызстан товарларды өзүнүн аймагында темир жол менен ташуунун эсебинен эле жыл сайын 200 миллион долларга чейин пайда табат.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 2024-жылдын 22-июлунда «Кыргыз Республикасынын агроөнөржай комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндөгү» Жарлыгына кол койду. Мамлекеттик маанилүү бул документ айыл чарба тармагын жакынкы эле жылдарда жакшыртууга ыңгайлуу шарттарды түзөт. Анткен себеби, бул Жарлыкта майдаланып кеткен натыйжасыз дыйкан чарбаларын ирилештирип кооперативдерди түзүү боюнча орчундуу чаралар каралган. Бул максатта биринчи кезекте фермерлерди каражат тарабынан кызыктыруу зарыл. Ал үчүн дыйкандарыбызга жеңилдетилген, ал турмак үстөгү жок насыялар менен камсыз кылуу талапка ылайык. Мындан тышкары кооперативге өтөм деген дыйкандарды 5 жыл мөөнөткө салыктын бардык түрлөрүнөн бошотуп койсок аябай туура болмок. Ошондой эле жаңыдан уюштурулуп жаткан кооперативдерин айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сапаттуу уруктары жана асыл тукум мал менен, алдыңкы техника жана арзандатылган минералдык жер семирткичтери, күйүүчү май жана сугат суусу менен биринчи кезекте камсыз кылуу, ошондой эле бардык чарбаларда которуштуруп айдоону өндүрүшкө жайылтуу түшүмдүн 2 эсеге жогорулашына алып келет. Мына ушунун негизинде азык-түлүк коопсуздугун 3-4 жылда эле камсыз кылып коюуга болот. Сары Өзөн Чүйдө дагы эле болсо мурдагы ири колхоздордун негизинде түзүлгөн жана мыкты иштеп жаткан кооперативдер бар. Алардын пайдасы элге тийип жатканын тана албайбыз. Бекеринен республикабыздын булуң-бурчтарынан карапайым калкыбыз ушул берекелүү Чүйгө көчүп келип жаткан жок. 90-чу каат жылдары кыйынчылыкка туш келген элибизди ушул Сары Өзөн багып кетти. Муну айтып жаткан себебим, кооперативдерди уюштуруп жаткан дыйкандарыбызга Чүй облусунун тажрыйбасын кеңири жайылтышыбыз керек. Кыскасы, Президенттин жаңы Жарлыгына ылайык Ата-Мекендик айыл чарбабызды илимий негизде гана жүргүзүүгө милдеттүүбүз. Бул багытта биздин илимий-изилдөө институттарыбыз өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун жана төрт түлүк малыбыздын жаңы породасын чыгаруу, айтору, асыл тукум мал бакканга өтүү күн тартибинде туруусу зарыл. Азыркы учурда мамлекетибиз илимге көңүл буруп, окумуштуулардын айлык акысын 2 эсеге көбөйтүүдө. Ошону менен бирге материалдык базаны чыңдоого да каражат бөлүнмөкчү. Натыйжада биздин талааларыбызда жана мал чарбаларыбызда алдыңкы технологиялар гана пайдаланылышы керек.

Дагы бир маселе – бул айыл чарба адистерин сапаттуу жана жетиштүү даярдоо. Бул жагынан К.И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин алдында орчундуу милдеттер турат. Азыркы учурда жер-жерлерде, айыл-кыштактарда окумуштуу агрономдор жана зоотехниктер, ветеринарлык врачтар жана инженер-механик менен инженер-гидротехниктер жетишсиз болууда. Жогорку билими бар адистер айыл чарбасын алып барбаса, кантип ишибиз алдыга жылат? Демек, биздин агрардык университетибиз кадрларды даярдоону колго алып, тийиштүү адистер менен ар бир кооперативди камсыз кылууга умтулушу керек. «Кадрлар бардыгын чечет» деген ураанды кайра көтөрүп чыгышыбыз зарыл.

Азыркы мезгилде Кыргызстан өнүп-өсүү жолунда бараткандыгын эч ким тана албайт. Мына ушуга байланыштуу 90 жаштын кырына келген учурумдагы менин ак батам: «Жолубуз шыдыр, жолдошубуз кыдыр болсун!

Жамин Акималиев,

Легендарлуу парламенттин депутаты,

академик

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

10-12-2025
Личность Айтматова – как Вселенная (начало в статье от 10 декабря 2025 года)
1369

10-12-2025
Чингиз Айтматов – классик мировой литературы (ко дню рождения великого кыргызского писателя)
1400

02-12-2025
Прошедшие выборы – это торжество демократии или ее ущемление?
4772

14-11-2025
Азык-түлүк коопсуздугунун ахвалы
1092

07-11-2025
Иса Ахунбаев – совесть нации
2500

03-10-2025
«Чапаев» и Сталин
1174

17-09-2025
Штрихи из жизни Иосифа Сталина
1746

08-09-2025
Избрание Сталина Генсеком
1842

04-09-2025
Стихи Сталина (обзор печати)
1731

02-09-2025
История из истории
1891

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×