Добавить свою статью
17 Сентября 2025
Кара-Кыргыз АО менен Кыргыз АССРинин мураскери эгемен Кыргыз Республикасы

Бу сапар 2025-жылы 19-майындагы ММК жарыкка чыккан тарых илимдеринин доктору профессор билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер белгилүү саясатчы коомдук жана мамлекеттик ишмер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин төрагасы болуп иштеген З.Курмановдун расмий тилде: «10-летний юбилей милиции Кыргызской АССР в 1927 году, Хотя исторически первые отряды милиции в Кыргызстане появились еще в конце марта 1917 года. Спасибо Бейсену Кариеву и Зайнидину Курманову, выяснили, кто на фото: Сидят слева направо: 1) Народный комиссар внутренних дел Киргизской АССР Жоломанов; 2) начальник милиции Нерабоченко; 3) председатель ЦИК Таш Худайбергенов; 4) ответственный секретарь партийного комитета ВКП (б) Кыргызской АССР Шубриков; 5) председатель СНК Юсуп Абдрахманов; 6) замкомиссара НКВД Киселев; Стоя слева направо: 1) начальник ЦУР Акимов; 2) инспектор мест заключения Сабо; 3) начальник ЦАУ Стебник. Фото сделано 12-ноября 1927 года» - деген маалыматтары ушул макаланы жазууга себепкер болду.

Мен дагы ушул сүрөттөгү айрым бир бабаларыбыздай ИИМ эмгек кылып кесек келгенде ардактуу эс алууга чыгып алып чыгармачылык өнөр менен алп урушуп 2023 ж. 16-августунда «Кыргызстандагы полиция-милиция кызматтары /Таасирлүү инсандардын азабынан атайы бурмаланып келе жаткан тарых барактары/» аттуу китебимди Турар басмаканасынан жарыкка чыгарган элем.

 

1999-ж. ИИ министрлиги Кыргыз милициясы деген энциклопедия жазып: «Аталган эмгек Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине /СНГ/ кирген өлкөлөрдүн милиция тарыхында биринчи болуп жазылды. Энциклопедия кыргыз жана орус тилдеринде бирдей мазмуунда түзүлүп бир китептин ичинде басылды» деп жалпыбызды кубанткан.

Улуу муундагы агалар айтып кеткендей калктын тынччылыгы үчүн өз өмүрүӊдү коркунучтуу болсо дагы милиция кызматына арнап үзүрлүү эмгек кылып жаш өйдөлөгөндө эл арасында аман-эсен шүгүрчүлүк кылып жүргөнүӊ бул тирүүчүлүктө тапкан эӊ чоӊ жеӊишиӊ ушул болот экен. Бирок кандай болгон күндө дагы бүгүнкү эгемен Кыргыз Республикасына кызмат кылып күнү-түнү иштеп жаткан азыркы милициянын турмушуна көӊүл буруп Ардагер катары жаш муундарга акыл-насаат аракетиӊди аягыӊ келбей жол издеп турсаӊ кошумча күч дагы пайда болгону кызык. Ушундай ой-толгоолор менен нарындын салкын абасында жүрсөм окумуштуу Зайнидин агайыбыздын жогорудагы макаласы колго тийип кайрадан кыргыз милициясынын тарыхына кайрылууга туура келип калды.

Демек жогорудагы аты аталган макала менен китептеги маалыматтар тастыктап тургандай 1917-ж. түзүлгөн Кыргыз милициясынын 100 жылдыгы 2017 ж. өтө турган болсо эмне үчүн 7 жылга кечигип 2024-ж. өттү деген суроого так жана далилдүү жооп таап “жүрөгүндө оту жүзүндө жылуулугу бар” калыӊ элге жеткирүү керек болуп турат.

Ошол 1917-1924-жж. аралыгында элдик, уезддик, жумушчу, дыйкан милициясында иштеп туруп бутун орогонго чылгоосу жок жылаӊайлак жыртык өтүк кийген, ийнинде биттеген көйнөгү менен жамаачы кемсели бар экендигине ыраазы болгон, ачарчылыктын айынын курсагын тойгуза тамак иче албаган, артында турган Ата-Мекенинин эркиндигин эӊ биринчи катарга койгон, жеке өзү эли-журтум деп жүрүп укум-тукум улай тургандыгынан эч кабары жок жашаган, тынчы жок уйкусуз түндөрдү баштарынан кечирип, ажалдын огуна тике караган, кызматтык милдеттерин аткарып жүрүп уюшкан кылмышкерлердин колунан баатырларча курман болгон эр жүрөк Улуу муундагы бабалардын кимисинин аттары ушул оомал-төкмөл уйгу-туйгу заманда аталбай алтын тамгалар менен жазылбай калды экен деген бушайман болуу кооптонуу көӊүлдөн кетпей жүрөт.

Анан өзүӊө өзүӊ суроо берип бул Улуу мундагы аталардын эрдигин чагылдырган 7 жылдык тарых эмне үчүн кыргыз элине эгемен эркиндик заман келгенден кийин бурмаланышы керек. Бул өткөн оор мезгилдеги 7 жылдык тарых барактары жети күндүк эмес эле го. Бир кезде министрликти жетектеп келишкен таасирлүү полковник, генералдардын арасында деле чындыкты чыркыратып айткан көйкашкалар боло турган эле алар кайда. СССРдин убагында 1917-ж. 10-ноябры кыргыз милициясынын күнү деп майрамдап жүргөн 70 жаштагы кесиптештер район, шаар, облус, бишкекетеги республикалык ардагерлердин төрагалары генералдар клубу “кыргыз милициясынын күнүн аныктоо” боюнча жалган жана чындык маалыматтарды териштирип Президентке бириктирилген сунуш кат киргизе алышбайбы. Же азыркы Кыргызстаныбыз 1863-ж. 13-октябрда Россия империясынын составына ыктырдуу кошулуп кийин СССРдин курманда болуп келген тарых бараткарын жакшы билишпейби. Кыргыз жерине «уезд, подполковник, волость, Рымышвич, Воронов» деген ж.б. чоочун сөздөр качан кайсыл кылымда пайда болгон. Бул ж.б. суроолорго азыркы бийликте турган жаштар так даана жооп таба албай анан өйдө ылдый чечим кабыл алып жаткандары ошол болуп жүрбөсүн деп өз ичиӊден кабатырланат экенсиӊ. Талаштан тактык жаралат дегендей 1917 ж. баштап 1924 ж. чейин Кыргызстанда милиция кызматы жок болсо ошол ачарчылык жокчулук баш аламан болуп турган заманда жети жыл бою эл-журттун укугун мал мүлкү менен өмүрүн каракчылар менен басмачылардан ашынган уурулар менен контрабандисттерден кайсыл кызмат коргоп турган деген суроого кимдер так жооп берип тарых барактарын тынчытат болду экен деген таӊ калуу бар.

Бирок жогорудагы сүрөт тастыктап тургандай Кыргыз АССРинин эл комиссарлар Советинин төрагасы Юсуп Абдрахманов Кыргыз АССРинин биринчи ички иштер эл комиссары Искендер Жоломанов ж.б. мамлекеттик ишмерлер 1924-ж. 1-ноябрын кыргыз милициясынын күнү катары белгилебей 1927-ж. Кыргыз милициясынын 10 жылдык юбилейин белгилеп 12-ноябрда тарыхты тактай турган сүрөткө түшүп кеткен далилдерди азыркы эгемен Республикасы менен ИИ министрлигин жетектеп турган кесипкөйлөр жалган далилдер деп эсепке албай турушун кандай деп түшүнүүгө болот.

Андай болсо тарых барактарын так көрсөтүш үчүн бир азга артка кайталы. 1854/55-ж. Ысык-Көлдө болгон жер талаштын асабынан Ормон хан киши колдуу болот. Ал инсандын керээз кеби боюнча уруулар арасындагы кандуу чабыштар 1875-ж. чейин уланат. Буга тымызын көз кырын салып турган Цин Кытай бийлиги Кашкар чегинен Нарынга чейинки жер-сууга көз арта баштайт. Бул суук кабарды уйгур-кыргыз, кытай-кыргыз чек арасын коруп какшаалда турган Турдуке Тоймат уулу менен нарында турган Карымшак Сазан уулу баш болгон чериктер угуп аталган аймактарды алдырып жибербеш үчүн 1863-ж. падыша Александр-II кат жазып өз каалоосу менен кошулат. Ушул зор территорияны Россияга /Кыргызстанга/ алып калгандыгы үчүн Александр-II өз жарлыгы менен Турдуке баатырды чоӊ алтын медал I-даражадагы баркыт чапан, хан Карымшакты чоӊ күмүш медал I-даражадагы нооту чепкен дагы чериктердин 4 чоӊ манаптарын I-даражадагы нооту чепкендер менен сыйлайт. Бул унутта калган эл аралык маанидеги тарых барактарын 1963-ж. Кыргызстан КП БК I-секретары тарых илимдеринин кандидаты Т.Усубалиев, Кыргыз ССР Жогорку советинин төрагасы Т.Кулатов, Кыргыз ССР министрлер советини төрагасы Б.Мамбетов, Профсоюздардын республикалык советинин председатели Т.Балтагулов, КПСС БКнын Орто Азия бюросунун инспектору А.Савитахунов жана академик Б.Джамгерчинов башында турган мамлекеттик ишмерлер жана тарыхчылар аныкташып “Кыргызстандын Россиянын составына ыктыярдуу кошулгандыгынын 100 жылдыгын” Фрунзе шаарында белгилешет. Жыйынтыгында СССР ЖС Президиуму указ кабыл алып Кыргызстан Ленин орденине татыктуу болот.

1864-ж. Кытай менен Россия Чугучак эл аралык протоколу менен азыркы Ат-Башынын Ак-Сайындагы Торугарт ашуусунан орус-кытай чек ара сызыгын аныктайт.

1867-ж. Санкт-Петербугга баш ийген Түркестан генерал губернаторлугу Карымшактын эли тууралуу кабардар болуп токмокко “Черикская волость”, “уездик полиция” аттуу бийлик бутагын түзөт. Бул орус-кыргыз бийлиги менен жаӊы шайланышкан кыргыз болуштарын Алма-Атада турган генерал-губернатор А.Г.Колпаковкский менен Нарындагы хан Карымшак шериктештик менен башкарат. 1868-ж. Нарын, 1869-ж. Каракол, 1878-ж. Пишпек, Жалал-Абад кыштактары негизделет. Кыргыз журту 1863-1917 жж. чейин же тактап жазганда 54 жыл бою Орус падышачылыгы менен бирге туруп өз аймагына өз алдынча мамлекет түзүүгө улуттук биригүүсүн ич ара башташат.

Кыргыз милициясы аттуу энциклопедия /24 б./ ж.б. эмгектер: 1917-ж. март айынын аягында Пишпек менен Токмоктун эмгекчилери Бишкектеги уезд начальниги подполковник Рымышевичти жана Токмоктогу учаскалык төрагасы Вороновду кызматтарынан түшүрүшөт деп жазат. Бирок март айынын кайсыл числосу экендигин аныктай албай коюшат.

Бабалар айткандай, мага туз бюруп 2022-ж. 9-июнунда Бишкектеги архивден: “Для сведения. Уездний комиссар. 30-марта 1917-года. г.Пишпек” деген ж.б. маалыматтарды таап теӊир-тоо гезитине ушул эле жылдын 2-сентябрындагы №119-122 санына жарыялаган элем.

Демек, Бишкек менен Токмоктун эли Воронов менен Рымышевичти кызматтарынан алгандан кийин кыргыз милициясын Уездик комиссарлар 1917-ж. 30-мартынан баштап жетектеп ата-журтту уюшкан кылмышкерлерден бандиттерден талап-тоногон кызыл кулактардан контррволюциячыл козголоӊчулардан коргоп турушат.

1917-ж. 31-декабрында Кеӊеш өкмөтү тарапка өткөн большевик Г.Д.Щадилов Пишпек шаардык милициясынын алгачкы начальниги болуп шайланат.

1918-1919-жж. Ош шаардык милициясынын начальниги болуп Балтыходжа Султанов кызмат кылат.

1918-ж. Кеӊеш өкмөтү Нарынга эки адамга налог (направление) жиберип кызыл армиянын катарында жүргөн Юсуп Койчумановду алма-ата шаарына окууга жиберилип ал инсан 1924-1926-жж. Нарын уездик шаардык жумушчу-дыйкан милициясын башкарат.

Эл аралык тарых белгилегендей демек 1863-ж. баштап Россия империясы 1917-ж. баштап СССР курамында турган ала-тоолук кыргыздар 1924-ж. 14-октябрында Кара-Кыргыз автономиялуу облусун, 1925-ж. Кыргыз АО, 1926-ж. Кыргыз АССРин, 1936-ж. Кыргыз ССРин түзүп өз Конституциясын кабыл алат.

1990-ж. СССР таркап 1991-ж. Кыргыз ССРи эгемен Кыргыз Республикасы болуп аталат!

1993-ж. КР ИИ министрлиги менен генерал-майор Э.Алиев атындагы академия КР Премьер-министрине:

-1917-ж. 30-мартын Кыргыз милициясынын күнү катары атайы Өкмөттүн чечими менен бекитип бериӊиз деп суранып кат жазбайт;

-1924-ж. 1-ноябрын Кыргыз милициясынын күнү катары атайы Өкмөттүн чечими менен бекитип бериӊиз деп суранып кат жазат.

Өкмөт жогорудагыдай тарых барактарын эске албай туруп ошол жылдын 17-сентябрындагы №429 токтому менен Министрликтин бул суранган суроосун канаттандырат. Демек Өкмөттүн бул токтому менен 1924-ж. 1-ноябры кыргыз милициясынын күнү деп аталып калат.

Мамлекеттүүлүк менен түздөн түз байланышы бар Кыргыз милициясынын тарыхын таасирлүү инсандар ары-бери чайкап ар ким өз билген числосун туш келди коюп чечим кабыл алып илимий изилдөөлөрдүн эрежелерин оройлук менен бузуп келе жаткан далилдерди Президентибиз өзү эле оӊдоп түздөп бербесе калгандарынын алы келбейт экен. Мына ушундай таасирлүү инсандардын орой мамлелеринен улам Кыргыз милициясынын тарыхы Бишкек шаардык милициясынын тарыхынан 7 жылга, Ош милициясынан 6 жылга, Нарын шаардык милициясынан 4 жылга кичүү болуп тескери тарых барактарын жаратып турат.

2022-2023-жж. Кыргыз милициясынын тарыхын аныктай турган кандай документтер бар болду экен деп Нарындан Бишкекке келип архивдик жана башка маалыматтарды казып иштеп калдым. 2022-ж. 20-октябрында КР ИИМ караштуу генерал-майор А.А.Алиев атындагы академияга “Кыргыз милициясынын тарыхы” аттуу илимий-практикалык конференциясын окумуштуулардын полковниктердин генералдардын катышуусунда уюштурттум. Кыргыз милициясы аттуу энциклопедиясы менен тарыхчы окумуштуулар таппай жүргөн милициянын түзүлгөн күнү “30-март” экендигин архивден издеп жүрүп таап катуу сүйүндүм. Изилдеп иликтеп жүргөн эмгегим жыйынтык бергендиктен китебимдин ичине жогорудагы Зайнидин агабыздын макаласындагы тарыхый сүрөттөй сүрөттү кошо кошуп басмаканадан жарыкка чыгардым. Журналист Т.Исхаков аталган китепке кызыгып окуп чыгып 2023-ж. 12-сентябрындагы Кыргыз туусу гезитинин №66 санына “Кыргыз милициясынын тарыхында ката бар!” деп макаласын жазып чыкты.

Кыргыз милициясынын 7 жылдык тарыхы такталбай туруп “100 жылдык боюнча жалган иш-чара өткөнү жатабы” деп Кыргыз эл баатыры К.К. Ташиевге, ИИ министри О.У.Ниязбековго алдын ала кат жазып аталган китептеримди почта аркылуу дагы салдым. Биз уккан көргөн эмеспиз деген шылтоодон ыраак болсун деп милицияда иштеп жүрүп азыр ЖК депутаты болуп турушкан кесипкөй атуулдарга дагы ушул иштеримди кайталадым. Бирок жооп жок. Ошентип бүгүнкү күндө эки өкүнүч ичте кайнап жүрөт:

- биринчиси: 1917-1924-жж. аралыгында жети жыл бою милиция кызматында иштеп кылмышкерлер менен кармашып бу дүйнөдөн көзү өткөн жалпы арбактардын жүзүн жарык кыла албадым;

- экинчиден: З.Курманов агабыз азыркы тапта КР ЖК төрагасы болуп турса президентибиз С.Н.Жапаровдун “өткөн мезгилдеги ата-баба тарыхын өзгөртүүгө каршымын” деген каалоосун толук ишке ашырмак экен го кап деп калдым.

Журналист, жазуучулар союзунун мүчөсү илим изденүүчү ардагер Каныбек Бокоев

Нарын шаары. 2025-ж. 18-сентябрь

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

08-02-2012
7390

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×