Добавить свою статью
23 Сентября 2025
Жаш мугалимдерди колдобой туруп, «иштебейт» деп күнөөлөгөнгө болобу?

«Мугалимдердин жетишсиздиги маселеси чечилет. Жогорку окуу жай министрлигине тапшырма бердим. Акыркы курстагы студенттер узак мөөнөттөгү практикага барып, айлык дагы алып иштейт», – деп өлкө башчысынын көтөргөн демилгеси көпчүлүк жарандар үчүн кубанычтуу жаңылык болду. Бирок ошол эле учурда суроо туулат: мектептер жаш муунду чындап кабыл алууга даярбы?

Жаш кадрлар жетишсиз деп жыл сайын айтып келебиз. Бирок ошол жаштар келгенде мектеп директорлору, жардамчылары, айрым улуу муундагы мугалимдер өздөрү тоскоол болуп жатканын байкабайбыз. Албетте, айылдан шаарга чейин ата-эне акыркы малын сатып, баласы «мугалим болуп элге кызмат кылсын» деп үмүт кылып жөнөткөндөр бар. Бирок азыркы жаштардын арасында «для галочки» окуп алган, чыныгы кесипке кызыкпагандар да жок эмес. Мектепке көбүнчө «ата-энемдин жүзү жерге карабасын, аз болсо да жол киремди өзүм табайын» деген, колунда жок, бирок билими барлар барышат.

Бирок жаңы келген мугалимди «үйрөтүп алабыз, мүмкүнчүлүк беребиз» дебей, жаңы келинди кандай жумшаса, аларды да ошондой жумшагандар бар. Кайсы предметтин мугалими келбей калса, ошол сабакты өт деп айтышат. Сенин убактың барбы же жокпу, эч кимди кызыктырбайт .

Биз группабыз менен практикага барганыбызда биринчи эле күнү «кайсы предметтен келдиңер?» деп сурашкан жок. «Кайсы кабинетте мугалим жетишпей жатса, ошол класска кирип сабак өтө бергиле» дешти. Бир орто жаштагы мугалим болсо бизди эртең мененки саат жетиден кечке чейин кармап, «печать койбойм» деп өз жумушун бүтүрүп алуунун амалын кылып жүрдү . Бирок ал предметтик мугалим да эмес эле, биздин практика менен түздөн-түз байланышы жок болчу. Бизге бөлүнгөн саат эң көп дегенде төрт саат болушу керек эле.

Жогорку окуу жайды бүткөн соң мугалим болуп толук иштегим келген жок, бирок ассистент болуп же аз саат менен баштап көрөйүн дегем. Тажрыйба жок, көп нерсени билбейбиз. Бирок мектепке барган күнү эле «сенин сабагың маанилүү деле эмес, акыркы сааттарга коюп койсок болот» деп кечки беш-алтыга сааттарды коюшту. Ал убакта мугалим деле чарчаган, окуучу деле көңүл бурбайт. Ошентсе да бизден эң мыкты натыйжа күтүшөт. Бул жаш кадрдын демин баспай, эмне кылат?

Төртүнчү курста окуган таанышым сентябрда бир мектепке кирди. Университеттеги сабактарына ылайыктап расписание түзүп берүүнүн ордуна, бир саатын эртең менен, бир саатын түштөн кийин кылып, ыңгайсыз абалга калтырышкан. Ал дагы бир жума бою суранып жүрдү. Бирок жардам берүүнүн ордуна мектеп жетекчилиги жана айрым мугалимдер анын бут кийимин шылдың кылып, көпчүлүктүн алдында «кайрымдуулук кылып алып берели» деп сөз кылышкан. Балким, анын бут кийим алганга акчасы жоктур, же иштеп топтоп жүргөндүр. Бирок эң маанилүүсү – бут кийим эмес, билим берүүгө болгон аракет эле.

Түркияда жаш мугалимдерди колдоо үчүн usta-çırak системасы иштейт. Бул системада жаңы келген адис дароо чоң жоопкерчиликке жүктөлбөйт. Алгач тажрыйбалуу мугалимдин – usta – жетегинде иштейт, сабактарды уюштурууну, окуучулар менен иштөөнү, методикалык пландарды түзүүнү үйрөнөт. Башында шакирт – çırak – сабактын бир бөлүгүн өткөрөт, ал эми устат анын каталарын дароо оңдоп, методикалык кеңештерди берет.

Европада жаш мугалимдерди колдоо үчүн ментордук программалар кеңири колдонулат. Бул программалар жаңы келген адистерди жалгыз калтырбай, тажрыйбалуу мугалимдин жетекчилигинде иштөөгө шарт түзөт. Жаш мугалим сабак өткөрүүнү, классты башкарууну, методикалык пландарды түзүүнү үйрөнөт. Каталарды жасаса, ментор дароо тууралап, кеңеш берип турат.

Erasmus+ Teacher Academies сыяктуу Европа программалары мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүн системалуу түрдө колдоого багытталган. Алар сабактарды пландоо, жаңы технологияларды колдонуу, инклюзивдик билим берүү жана инновациялык окутуу методдорун үйрөтөт (education.ec.europa.eu).

Мындан тышкары, көптөгөн өлкөлөрдө коучинг жана ментордук программалар бар. Мисалы, Венгриядагы “Coaching and Mentoring to Support Teachers” курсу мугалимдерди окуучулар менен иштөөгө, мектептеги маданиятты өнүктүрүүгө үйрөтөт (school-education.ec.europa.eu).

Erasmus+ KA1 тренинг курстары мугалимдерге сабактарды башкарууну, ИКТ колдонуу, инновациялык методдор жана эл аралык кызматташтык боюнча тажрыйба топтоого мүмкүндүк берет (erasmustrainingcourses.com). Ал эми Teach For All уюмунун Европа долбоору жаш мугалимдерге колдоо көрсөтүп, кесиптик өнүгүүсүн камсыз кылат (teachforall.org).

Бул сыяктуу системалар  жаңы мугалимге тажрыйба топтоого, мектептеги шарттарга көнүүгө жана ишке мотивация менен кирүүгө жардам берет. Ошондой эле, жаш адистерди жалгыз калтырбай, эмоционалдык колдоо көрсөтөт жана улуу муун менен конструктивдүү мамиле түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Практикалык көндүмдөрдү акырындык менен үйрөнгөн соң, жаш мугалим толук сабак өтүүгө өтөт, ката кетирген учурларда моралдык жана методикалык жардам алып, иштен баш тартуу коркунучу төмөндөйт.

Эгер Кыргызстанда да ушундай mentorship системасы киргизилсе, жаш адистер мектепке бат көнүп, өзүн жалгыз сезбей, кесиптик тажрыйба топтойт. Натыйжада мектептерде сабактын сапаты жогорулап, мугалимдердин жетишсиздиги маселеси узак мөөнөткө натыйжалуу чечилет.

Жаш мугалимдерди колдобой туруп, «иштебейт» деп күнөөлөөгө болбойт. Албетте, бардык жаштар бирдей эмес: арасында кесипке кызыкпагандар да бар. Бирок билимге умтулган, өз жолун табууга аракет кылган жаш адистерге мүмкүнчүлүк берүү – мамлекеттин милдети. Президент көтөргөн демилге ишке ашышы үчүн мектеп администрациясы да, улуу муундагы мугалимдер да мамилесин өзгөртүшү керек. Жаш адистерди жумушчу күч эмес, келечек муунду тарбиялоочу кесипкөй катары кабыл алуу – бүгүнкү күндүн башкы талабы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

21-12-2024
Конфликт в общественном транспорте: как соблюдать порядок и уважать друг друга
1767

02-09-2024
Свобода
2796

31-07-2024
Культурные и языковые барьеры в повседневной жизни: личный опыт
2562

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×