Добавить свою статью
2 Октября 2025
Алымбек Датканын саясий, мамлекеттик ишмер катары феномени жана өзгөчөлүгү

Үстүбүздөгү жылы көз карандысыздыктын мезгилинде алгачкы жолу даңазалуу саясий, мамлекеттик ишмер, дасыккан дипломат, мыкты колбашчы, келечекти көрө билген геостратег, эл агасы, журт тут-касы Алымбек датка Асан бий уулунун мааракеси Кыргыз Республика-сынын Министрлер-Кабинетинин 2025-жылдын 2-апрелиндеги №236-т токтомуна ылайык - «Кокон хандыгынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Алымбек датка Асан бий уулунун 225 жылдыгы» жалпы улуттук, республикалык деңгээлде белгиленүүдө. Төмөндө биз Алымбек датка Асан бий уулунун феноменине жана чыгаан ишмер катары өзгөчөлүктөрүн окурмандарга сунуштадык.

Көз карандысыздык жылдарында бир катар кыргыз элинин чыгаан инсан-дарынын тарыхый, саясий бейнеси түзүлүп, мамлекеттик деңгээлде мааркелери өтүп, атайын көлөмдүү эмгектер чыгып, аттары, кылган иштери даңазаланды. Тилекке каршы, 35 жыл ичи Алымбек датка Асан бий уулу тууралуу бир да китеп чыкпаптыр. Бир катар бул кишинин ишмердүүлүгүн, өмүр таржымалын изилдеген окумуштуулардын бири болгонум менен менде деле ар түрдүү мезгилде, ар кандай басылмаларда жарык көр-гөн макалалар менен чектелиптирмин. Эгемендүүлүктүн 35, көз карандысыздыктын 34 жылында ХIХ кылымда, 35 жыл кыргыз элинин, Кокон хандыгынын саясий арена­сында активдүү аракетте болгон, сейрек кездешүүчү көрүнүктүү мамлекеттик, саясий ишмер, болгон даңазалуу Алымбек датка Асан бий уулу көмүскөдө, “унутта” калып кеткен эле, быйыл “багы ачылды”. Калыстык үчүн айтып кою керек, 2015-ж. Алымбек даткага арналган ар түрдүү изилдөөлөрдүн жоон тобу жыйнак болуп чыккан, бирок бүгүнкү күнгө чейин бирдиктүү, толук, ар тараптуу иликтеген фундаменталдык монография жок. Ошол эле кезде республикада ага үзөңгүлөш, замандаш болгон Нүзүп бий, Алымкул аталык, Ормон хан, Шабдан баатыр, Байтик ж.б. тууралуу китептер чыккан.

Адатта саясий, тарыхый адабияттарда чыгаан тарыхый инсандардын 3 түрү аталат:

1. Салттуу тарыхый инсандар - калыптанып калган ата-бабалардын сал­­­тына жараша өз тарыхый, саясий абалына ата мураскору катары жетишкендер.

2. Рационалдык-легалдык та­ры­хый инсандар - булар көбүнчө өз тары-хый, саясий, коомдук турмуш­тагы абалына элдин тандоосу, колдоосу менен жет­кендер.

3. Харизматикалык тары­хый инсандар - табиятынан өзгөчө жеке касиет-терге ээ, элди, мамлекетти баш­карууга жөндөмдү, сая­сий, социал­дык-эко­номи­ка­лык көйгөйлөрдү чечүүдөгү жооп­керчилиги менен сая­сий аренада татыктуу из калтырган чыгаан инсандар.

Алымбек датка Асан бий уулу - салттуу тарыхый инсан эле эмес, бир топ жак-тары, касиеттери менен рационалдык-легалдык жана харизматикалык мүнөзгө ээ тары­­хый инсан. Тарыхта мындай инсандар көп эле кездешет.

Алымбек датканын феномени эмнеде?

  • 35 жыл кыргыз элинин, Кокон хандыгынын саясий аренасында, чыныгы лидер, башкалардан өзгөчө ой жүгүрткөн мамлекеттик, саясий ишмер, кол башчы, дасыккан дипломат, реформатор катары олутту орунду ээлеген жеке статусунда, таасирдүү адам катары активдүү аркетте, кэээ бир учурларда чечүүчү инсан болгондугунда.

  • Алымбектин феномени салттуу, ички улуттук лидерликти, Кокон хан-дыгынын мамлекеттик, даражалуу кызматы менен натыйжалуу айкалыш-тыруу жөндөмүндө.

  • Дасыккан дипломат катары кыргыз элинин, хандыктын кызыкчылыгын колдоо менен кыргыз элинин да, Кокон хандыгынын да кызыкчылыгын ажы-рымсыз колдоо менен Бухаранын, Кытайдын жана Россиянын ортосундагы саясий оюн-дарда билгичтик менен аракет кылгандыгында.

  • Олуттуу чыгыш саясатчысы, чыгаан дипломат, келечекти көрө бил-ген стратег, тактик, катары хандыкта кыргыз элинин саясий, социалдык-эко-номикалык кызыкчылыктарын коргоп келгенинде. Хандыктагы кыргыз этно-саясий күчүн ар дайым алдыга сүрөп, хандарды, башка этно-саясий күчтөрдү кыргыздарга тең ата мамиле кылууга, алардын позициясын күчөтүү аракетинде.

  • Алымбектин феномени хандарга лоялдуу мамиле кылып, хандыктын, эл-дин ортосундагы балансты сактоо жөндөмүндө.

  • Улуттук биримдиктин маани-маңызын терең түшүнүп, баардык кыргыз урууларын консолидациялоого умтулуп, ошондой биримдикте, бирдиктүү кыр-гыз мамлекетин түзүү дымагында.

  • Анын прогрессивдүү феномени, Кокондон бөлүнгөн, өз алдынча, көз карандысыз КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИН түзүүгө болгон жигердүү аракетинде.

  • Өзү хандыктын олуттуу саясий оюнчусу болуп туруп, ошол хандарга каршы көтөрүлүштөрдү уюштурганында. М., 1842, 1862-жж.

  • Мамлекеттик ишмер катары улуттук аң сезимди ойгото, туура нукка бура билгенинде.

 

Алымбек датканын саясий, мамлекеттик ишмер катары өзгөчөлүктөрү эмнеде?

  • Жаштайынан өз­үнүн жеке сапат­тары - курч акыл-эси, бекем эрки, ту-рук­туу мак­саты, лидерлик, жол башчылык ка­сиет­тери, көпчүлүктү өзүнө тарта билүүсү, коомду башка­руу­га өзгөчө шыгы, мамлекеттик деңгээл­де сая­сий, социалдык-эко­номи­калык, маданий масе­лелерди чечүү­дөгү компе­тен­т­­үү­лүгү, ошол ма­се­ле­лерди чечүү жоопкерчилигин өз мойнуна алуу жөн­дөмү, өз мамлекетинин баардык саясий, социалдык катмарла­рын би­рик­ти­рүү аракети, мамле­кет­тин кызыкчылы­гын ички жа­на тышкы сая­сатта коргоп, чоң саясий аренада өзүнүн жеке тажрыйбасы, артыкча ара-кети, мамлекеттик башкаруунун чыгыш өлкөлөрүндөгү мыкты тажрый-баларын терең өздөштүргөн, аларды мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ке-ңири колдоно билген, кайда болбосун өзүнүн максаттуу саясатын жүргүзө алган жогорку бийлик эгедери, ордо кызматкери, вилайеттин акими, хан-дыктын вазири, дасыккан саясатчы катары өзгөчөлөнгөн, ай­ырмаланган чыгаан инсан.

  • Алымбек датка өрнөктүү, байсалдуу өмүр жолунда, бабалардан, акылгөй башкаруучулардын мурасын улап акый­катты жакта­ган, калыс­тыктан кайтпаган, ак эмгекти барктаган, журт ишени­мин актаган, адамгерчи-ликти даңктаган, ата наркын, каада-салтын сактаган, улуттун таа-лим-тарбиясын урматтаган, дүйнө тааны­мы кенен, акыл чабы­ты терең, бир топ өзгөчө касиеттерге бай, көпчүлүктүн оюна келбеген мак­сат­тары, оро-шон ойлору, келечекти көрөгөчтүгү менен элге кадыры сиңип, кызматы өтүп, нускалуу өмүр сүргөн инсан.

  • Алымбек жаштайынан жол башчылык касиетке ээ болуп, убагында хан-дыктагы ар кандай урууларды, саясий топторду жана этносаясий күчтөрдү бириктире алуу жөндөмү өзгөчө болгон. Кокон хандыгынын тушунда кыр­гыз урууларынын абдан таасирдүү башчыларынын, улуттук лидерлеринин бири болуп, өмүрүн өз элинин эркиндигине, көз карандысыздыгына арнаган инсан.

  • Алымбек кыргыз элинин, Кокон хандыгынын саясий олимпинин туу чоку-суна чыкса да, өзүн ошондой даражага колдоп, жолдоп жеткирген элин унуткан эмес. Азыркы кээ бир саясатчыларга, чиновниктерге окшоп, саясаттын чордонуна кирип алып, өзүн ошондой абалга жеткирген элди эч унуткан эмес.

  • Алымбек датка Кокон хандыгында саясий оюндарга, бийлик үчүн күрөшкө активдүү катышкан, өз өмүрүнүн ар кайсы мезгилдеринде бир катар Кокон хандарынын союздашы да, кээде алардын каршылашы да болгон. Ал жергиликтүү эл, баш­каруучулар менен хандын ордосунун орто-сундагы келишпестиктерди, кагылышууларды чеберчилик менен жөнгө салган, кыргыздар, мамлекеттин башка элдери менен Кокон хандарынын ортосунда байланыштыруучу ролду аткарып, кызыкчылыктардын тең салмактуулугун камсыз кылган аракети да өзгөчө маанилүү.

  • Алымбек датка Асан бий уулу башкарган жерде эч качан улуттар аралык чыр-чатактар, социалдык келишпестиктер, көтөрүлүштөр, коомдук тирешүүлөр, диний калпыстыктар болгон эмес.

  • Кокон хандыгынын кыргыз элине карата чыныгы мамилесин, баскынчылык саясаты өзгөрбөгөндүгүн, кыргыздардын абалын терең түшүнгөндөн кийин, түндүк жана түштүк кыргыздарды бирик­тирип, хандыктан бөлүнгөн, бирдиктүү – көз карандысыз Кыргыз мамлекетин түзүүгө аракет кылган.

  • Саясий интеграцияда чоң аракеттерди жасап, кыргыз уруу башчы-ларынын хандыктын башкаруу системасына кошулушунда Алымбек датка өзгөчө роль ойногон. Бардык жерде, дайыма Алымбек датка кыргыздын кызык-чылыгын коргоп келген. Кокон башкаруучуларынын ашыкча саясий кысы-мына, салыктарына жана кыянатчылыгына каршы болгон. Кокон ханды-гынын агрессиясынын күчөп турган шартында Алымбек датка кыргыздардын укугун жана кызык-чылыгын коргогон. Керек болгон учурда хандыктын бий-лигине каршы куралдуу көтөрүлүштөрдү да жетектеген.

  • Анын зор саясий максаты, эрки менен 32 жашында Анжиян вилайетинин саясий, социалдык-экономикалык жана маданий борборун Ошко котор-гону, ошого тете Ош шаарынын келбетин оңдоп, алгачкы классикалык 4 көчөсүн кайра куруп, ал көчөлөрдө бойлото мечит, медресе, кархана, чай-хана, ашканаларды салдырып, бак-дарак тиктирип, шаардын инфра-структурасын алгачкы жолу иретке салган. Ошол шаар көркү дээрлик 200 жылдан кийин, азыр кайрадан оңдолуп, түзөлүп эл кызматына өтүүдө.

  • Анын бабалары Асан бий, Ажы бий, Тилеке, Мырзаке, Баргы биягы Алай, Ош, Фергана өрөөнүндө, тиягы Кашкар, Бухара, Самаркандга чейин белгилүү жана бедел­дүү эл башчылары болсо, Алымбектен кийин анын балдары жана аялы Курманжан бийлик эгедери болуп, өз элине, жерине, мамлекетине чоң кызмат өтөгөн. М., бакма уулу Жаркынбай 1862-65-жж. Ош-тун, Анжиян вилайетинин беги болсо, ал курман болгондон кийин Абдылдабек 1865-75 жылдары Оштун, вила-йеттин беги, 1875-ж. 10-октябрынан 1876-ж. 30-январына чейин Кокон шаарынын беги, азыркыча мэри болуп турган. 1862 жаан 1876-ж. баштап, өмүрүнүн акырына чейин, аялдардан чыккан алгач-кы датка, “Алай ханышасы” атка конгон Курманжан датка Алымбектин ишин улап, кокон, орус бийликтери менен тыгыз байланышта болуп, элинин, жеринин кызыкчылыгын коргогон.

  • Алымбек датканын тажрыйбасы, саясаттагы, башкаруудагы мурастары, азыркы муундарды мекенчилдикке шыктандырып, чыныгы патриоттуулук-тун жана мамле-кетке, элге кызмат кылуунун, адилеттикке умтулуунун үлгүсү болуш керек. Алымбек датка келечектеги жетекчилерге, саясатчыларга маяк болуп, акылман башкаруу менен күчтүү бийликтин символу болуп калуусу керек.

  • Алымбек датканын өзгөчөлүгү анын чечкиндүүлүк менен калыстыкты, адилеттүүлүктү жана карапайым элге кам көрүүнү айкалыштыра билген-дигинде болгон. Ал Кокон хандыгынын бийлигин чыңдоого эле салым кош-постон, кыргыз элинин кызыкчылыгынын сакчылыгында укугун коргоп, каа-да-салтын сактап, саясий жана коомдук турмушта, кыргыз элинин улуттук тарыхында ташка тамга баскандай терең из калтырган экендигинде.

  • Демек, жогоруда айтылгандар Алымбек датка Асан бий уулунун кыргыз элинин жана Кокон хандыгынын тарыхында өзгөчө орунду ээлегендигин, анын ишмердүүлүгү эрдиктин, саясий акылмандыктын жана көрөгөчтүктүн үлгүсү болуп калаарын айгинелейт. Ал өз доорунун оор шарттарында элдин кызыкчылыгын коргоп, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө салымын кошуп, күчтүү саясий лидердин, чебер дипломаттын, чыгаан жол башчы, кол баш-чынын сапаттарын көрсөтүп, тарыхта өчпөс из калтырган инсан болуп калаары айкын.

  • Алымбек датка өткөн доордун көрүнүктүү мамлекеттик, сяасий ишмери эле болбостон, бүгүнкү күндөгү мамлекеттик башкаруунун, башкаруучунун адеп-ахлактык компасы, Мекенге, элине кызмат кылуунун үлгүсү болуп калаары шексиз.

Демек, Алымбек датка Асан бий уулу кыргыз элине эгемендүүлүктүн, көз каран­дысыздыктын символу болгон, өзгөчө инсан, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер таризинде, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдө, бекемдөөдө жана өнүктүрүүдө өзгөчө эмгеги сиңген инсандардан турган, улуттук пантеондун туу чокусунан орун алган чыгаан ишмер катары кала берет.

Абытов Байболот Капарович, тарых илимдеринин доктору, профессор, Россия табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Ош мамлекеттик университети, Чыгыш таануу институту

 

Байболот Абытов

Фото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

31-08-2023
Насирдин Исанов — креативная и неординарная личность советского и суверенного Кыргызстана
8594

07-04-2023
2010-жылкы Апрель революциясы: окуялар тизмеги жана натыйжасы
9753

20-03-2023
Нооруз – традиционный праздник кыргызов
7297

07-02-2023
КЫРГЫЗСТАНДА КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮГӨ ТАРЫХЫЙ САРЕСЕП (этаптарына жаңы көз караш)
5698

07-02-2023
Проблемы безопасности мигрантов Кыргызстана: факты, реалии и последствия.
8280

11-10-2022
Первый курултай тюркологов – курултай репрессированных и расстрелянных
10632

19-03-2022
Нооруз — традиционный праздник кыргызов
11763

16-03-2022
Аксы окуясына 20 жыл
19915

03-03-2022
Нашему флагу 30 лет
20346

21-06-2021
Нестандартные, спорные вопросы Великой Отечественной войны
20634

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×