Добавить свою статью
8 Октября 2025
Уюктун сыры: инстинкт жана аң сезим

Студент «эмне үчүн биз Платонду айтып жатабыз?» деди. «Эмне үчүн айтпашыбыз керек, жаман бир нерсе барбы?» дегенимде, «турбайбы бизде Манас, Айтматов сыяктуулар, аларды эмне үчүн айтпайбыз?» деди.

Ооба, мен сырткаркы философторду айтып жатып, кайсы бир деңгээлде шаблонго жол бердим. Бирок башкалардын тажрыйбасынан да сабак алуу кеч болбостур. Азырынча башаламандыктын сабактары жетишерлик, анын кээрин азыр да тартып калып жатабыз. Бизде өтө эле эмоциялар көп болгондуктан, акыл-эсти басып кетүүдө. 

Албанияда жасалма акыл министир болуп дайындалыптыр. Роботтор аркылуу адамдык факторду болтурбай коё алабызбы? Рационалдуу болуу үчүн улуттук дээрди калыптандыруу маселеси пайда болот. Улуттук философия каякта? Философия улуттук чектерден эбак эле чыгып кеткен. Окумуштуулар гелиопаузадан сырткаркы жактарга көз чаптырууда. Аталарыбыздын «он сегиз миң аалам бар» дегени бүгүн чындыкка абдан жакын келди. Жеймс Уэббдин жерден 1,5 миллион чакырым алыстыкта учуп жүрүүчү обсерваториясы миллиард деген жылдыздардын сырын ачууда. 

Манастагы улуу философия көчмөндүк согуштардын доорунда пайда болду. Калыгул, Арстанбек, Жеңижок сыяктуу ойчулдар кантип жаралды…? Айтматовдун философиялык көз караштары эмнени айтып жатат? Студент туура эле айтууда, эмне үчүн элдик ойчулдардын көз караштарын чагылдырбайбыз? Аспиранттар үчүн көптөгөн диссертациялар бар бул жерде. Ал гана эмес, көптөгөн улуу иштердин башатында турабыз. Алар улуттук дээрди сактап кала албаганда биз бүгүн жок болмокпуз. Миллиард жылдардан кийин биз пайда боло алат белек? Эми ал кудайдын иши…

Улуттук дээр деген эмне? Мен аны түшүндүргөнгө аракет кылайын. Улуттук дээр — ал биздин жөнөкөй эле сезилген инстинкттер, ансыз бир да тирүү жандык жашап кете алмак эмес. Инстинкттердин эң бир айкын көрүнүштөрүнүн бири — биз сүйлөп жаткан эне тили. Тилибиздеги сөздөрдү унутта калтырсак, биз өз алдынчалыкты жоготкон болобуз. Инстинкттерди, ич туюмдарды жоготуп алуу акыл-эстен аксап калууга алып келбейби. Ошондуктан саясатчыларды эл көп жактыра бербейт. Алар ар кандай ажырымдарды жаратып, уюлдук кабылдоолорду өзгөртүп жатышат. Уюлдук деген эмне экенине кайрылып көрөлү. Айрым убакта көп полярдуулук деп айтып жүрөбүз. Көп полярдуу дүйнө — матрицадан келип чыккан инстинкттердин ички жана сырткы көрүнүштөрү. Ал табиятта да орун алган. 

Короодо кызыл кумурскалар менен кара кумурскалардын эки бөлөк уюгу бар болчу. Бир күнү кичине балдар ойноп, кара кумурсканы кармап, кызыл кумурсканын уюгунун оозуна алып барып коюшту. Кара кумурска нес болгондой көз ирмемчелик туруп, кызылдардын уюгуна кирип кетип жок болду. Балдар кара кумурсканы кызылдар жеп салды деп ойлоп калышканда кара кумурска ийинден чыга калып, алдыңкы эки бутун көтөргөнсүп, өзүнүн менталдык эсептерин жүргүзгөндөй мурутчаларын кыймылдата уюгун издей жөнөдү. Кара кумурска кызыл кумурскалар менен кандайдыр бир «дипломатиялык» баарлашуу түзө алдыбы? Алар бир короонун ичинде жашагандыктан, бири бирин жытынан тааныйт, андыктан кара кумурска оңой эле «кызылдардан» кутулуп кетти. «Бирөөнүн храмына өзүңдүн уставың менен кире албайсың» дегендей кеп болду.

Курт-кумурскадан тартып адамга чейинки тирүү жандыктар ар түрдүү уюлдарда өз-өзүнчө күн көрүшкөндүктөн, түрлөргө бөлүнүп, идентификацияланган көп полярдуу дүйнө жаралууда. Көп түрдүүлүк көп кырдуу стакан сыяктуу баары бир ал инклюзивдүү көп кыры болгону менен, бир эле стакан. Адамзат да ар түрдүү элдерден куралганы менен, жалпы бир эле адамзатын түзөт. Бирок анын ар бир кыры ар башкача, географиялык, климаттык өзгөчөлүктөр менен катар улуттук өзгөчөлүктөр пайда болгон. 

Жер шарында орун алган көп уюлдуу ар түрдүүлүк — жашоонун негизги шарттарынын бири. Айланабыздын баары бүтүндөй ак түстө боёлуп, бир да кара чекит болбосо, эч нерсени айырмалап көрө албайт элек. «Мен силерди ар түрдүү кылып жараттым», — деген жараткан Аллах, — «бири- бириңерди тааныш үчүн». Бирок адамдар бири-бирин анча тааныгылары келбей, кагылыштарга барып жатканын көрүүдөбүз. Бизди сактап турган эң улуу инстинкт күн эмеспи, ансыз жашоо жок. Күндү эч ким өчүрө албагандай, инстинкттерди да эч ким жок кыла албайт. Жердеги жашоо — ааламдын проекциясы.

Улуттук өз алдынчалыкты түзүү менен улуттун инстинкттери пайда болот. Эмне үчүн Советтер Союзу тарап кетти? Уюлдук өз алдынчалык жок болгондуктан, улуттук инстинкттер жер астынан жол таап чыккан булактай өзүнө нук салды. Инстинкт караңгыда нур чачкан ай сыяктуу акыл-эске, мээнин иштешине шарт түзүү үчүн жолдорду көрсөтүп берип жаткандай. Мээ инстинкттер калыбына келмейинче, иштебейт. Инстинкттер — мээлердин иштешине шарт түзгөн ачкыч. Ансыз бизге жашоонун сырдуу эшиктери ачылбайт. Биз жашоону кумурскалардан үйрөнсөк, жаза баспайт окшойбуз. 

Кумурскаларда коррупция жок. Алар уюлдук талааны сактоо үчүн күрөшөт. Азыктарын бир ийинге матриархаттын айланасына

‌топтойт. Кумурскалардын баары эле топтолгон азыктарды жегенге үлгүрбөйт. Жараяндын жүрүшүндө өлүшөт. Тукум улоону сактап калганга үлгүрүштү. Кумурсканын уюгу — бул ааламдын проекциясы, деги эле жер үстүндөгү жашоо… 

Үйгө жылан кирсе, кыргыздар ак чачып чыгарышкан. «Уюгу бар жыланды өлтүрүүгө болбойт» дешкен. Жыланды гана эмес, балыкты улуу деп, тамак катары колдонушпаган. Эмне үчүн? Эмне үчүн экология бушаймандыктары пайда болууда? Бала кезде кыштын күнү талаада кой кайтарып жүрүп, жылыныш үчүн чийди ширеңке чагып өрттөгөм. Аны атам билип калып, тил укканым эсимде. Чийдин түбүндө курт-кумурскалар бар экенин айтып эскерткен. Жан-жаныбарлардын адамдын интеллектин өстүргөнгө керемет таасирлерди берерин кийин түшүндүм. Европа өлкөлөрүндө ит, мышыктарды алдын ала дарылап, үйлөрүндө багышат. 

Эр Төштүктү жети баштуу жез кемпир жердин астына алып кирип кеткенде, аю, жолборс, зымырык куштар Эр Төштүктү жердин үстүнө алып чыкканга жардам берет. Табияттын керемет күчтөрү анын инстикттеринде камтылган. Илимдеги жаңы ачылыштар жасалма интеллекти жаратты. Кайсы бир бушаймандыктарды жеңүү үчүн кошумча «мээ» керек болду. Инстинкттер жаңы мээлерди табуунун аракетинде. Улуттук дээр аркылуу, биз өзүбүздөгү кошумча мээлерди генетикалык коддор аркылуу иштете алабыз. Ал биздин ниеттерибизде. Эгерде адамдар тапшырылган кызматтарды жемканага айландыруунун аракетинде болсо, адамдык инстинкт басылат, кошумча мээлерди түзгөнгө жол ачылбайт. Өз алдынча аракеттенүү, ниеттерди оңдоо артка кетенчиктеп кетүүнү алдын алабы? 

Эгерде биз өз алдынча иш жүргүзө албасак, кыйынчылыктарды жеңе албай, келечекте жергиликтүүлөр жумушчу орундарын тарттырып ийишет. Биз муну жол салууда көрүп атабыз.

‌Андыктан көндүмдөрдү, жөндөмдөрдү арттыруу максаттары, талабы бар. Биз эмнени каалайбыз? Же биздин максаттарыбыз жокпу? Жеке түйшүктөргө караганда жалпы маселелерди чечүү алда канча кыйын. Жол куруу инжинерлери жетишпей жатканда бул багытта адистерди даярдайбыз. Туурабы? 

Эмне үчүн залалдуу оорулар арзан дешип, Ташкент менен Түркияга барып дарыланышууда? Качанкыга чейин адамдар күйпүл ала болуп жүрөт? Саламаттык сактоо министрин жасалма интеллекттен коюуга туура келип жүрбөсүн. Жасалма интеллекттен рекомендация алып, дарыланып жаткандар да бар азыр. Улуттук боорукерлер борборун түзүү менен ниеттердин матрицасынан жаңы «чиптерди» (кошумча мээ) жаратуу ыкмаларын өздүштүрө баштайлыбы? Кошумча мээлерди иштетүүгө болот экен көрсө. Акыркы төрт жылда бир аз ниеттерди өзүбүзгө бурдук эле, мамлекетте негизги максаттарга умтулуу башталды. Улттук аң-сезим оңдолмоюн, кошумча «чиптер» жаралбайт. 

Эне тил — матрицагага кирүүнүн документи. Эне тил аркылуу матрицанын «чиптери» акыл-эсти кыймылга келтире баштаганда илимде, чыгармачылыкта, дарыгерликте жаңы ачылыштар орун алат. Калыгулдар, Саякбайлар, Айтматовдор мына ушул улуттук дээрдин пайда болушунан келип чыккан. Даяр шаблондорду пайдаланып, механикалык иш-аракеттер менен алаксып жүрө берсек, өз алдынча аракеттенүүлөр жоюлат. Биз чоң ачылыштарды жасагыбыз келип жатабы:

‌Советтер доорунда түзүлгөн айдама жалкоолук менен жүрө берүү ишке кедергисин тийгизери бышык. «Окуу, окуу жана окуу» деген Лениндин сөзү бүгүн да актуалдуу.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

28-03-2025
Айыл чарбасы - экономика
3180

20-12-2023
Эң бийик туу
2879

11-12-2023
Соодадагы туннель
2128

03-10-2023
Завод курулабы?
1622

30-09-2023
Жогорку аң сезим
2511

25-06-2023
Гравитация
2289

20-06-2023
Ала-Тоо бренд
3686

01-04-2023
Салык жана «Лудиттер» Шейх Рашиддин айтканы...
1874

04-12-2022
Атомдук станция тууралу...
2807

25-05-2022
Капитализмде жашап жатабызбы?
3433

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×