Улуу жолдон Уңгужолго өтөлү!
Кыргызымдын тарыхы терең,
Келечеги кенен, жасаган иштери белен.
Кыргыз эли Манастын урпагы экен,
Ала-Тоосун ыйык деген.
Ал жердеги эл эгемен,
Ар дайым болсун эсен.
Бүгүн Илимдер академиясына Кудай берди,
Себеби президенттин өзү келбесе да,
Сөзү келди, китеби келди, өкүлү келди.
«Улуттук дем» китеби келди.
Чогултуп бүтүндөй күткөн элди,
Уңгужолдун таржымалын айтып берди.
Элибиздин башкы байлыгы, анын сыймыгы — эгемен мамлекети, эркин эли. Кыргыз эли эчен кыйынчылыктан, катаал сыноолордон, канча кан төгүүлөрдөн өтүп, өзүнүн мамлекеттүүлүгүн түптөй алды. Аны ынтымактын, биримдиктин, эрдиктин күчү менен сактап калды. Өлкөнү өнүккөн өлкөгө айлантуунун жолун ачып берди.
Эгемендүүлүктү туу тутуп, улуттун нарк-насилин, калкыбыздын каада-салтын, жарандык баалуу сапаттарын өстүрүү, өнүгүү уңгулуу жолуна түшмөйүнчө, ийгиликке жетүү кыйын экени түшүнүктүү болуп калды.
Ошондуктан, урматтуу президент Садыр Нургожоевич! Сиздин 2024-жылдын 18-декабрындада чыккан «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө жарлыгыңыз жана «Улут деми — уңгу жол» деген китебиңиз абдан керек эле жана өз убагында чыкты деп эсептеймин.
Себеби, жарлыкта айтылгандай, элибиз акыркы жылдары Улуу Кыргыз эли аздектеп келген улуу жолдон башка жолго, таштак жолго, тайгак жолго түшкөн сыяктуу. Эгемендүүлүктүн, эркиндиктин берген мүмкүнчүлүктөрү көпчүлүктүн колунан азчылыктын колуна өтүп кетүү коркунучу көзгө көрүнгөндөй болууда. Ошондуктан уңгужол доордун, мезгилдин талабы, элибиздин муктаждыгы деп эсептеймин.
Ала тоодон,
улуу тоого көчөлү.
Улуу жолдон,
уңгужолго өтөлү.
Уңгужолдун,
деми менен өсөлү.
Уңгужолдун,
барактарын ачалы.
Окуп алып,
Мазмунуна баталы.
Колуңдагы «Улут деми»,
Окубасаң каласын сен,
«Дүйнөлүк бийиктен» кем.
Манасымдын үчилтиги,
Элибиздин уңгужолу.
Кыргызымдын уңгужолу,
Элибиздин бийик ою.
Ынтымактын ыйык жолу,
Өнүгүүнүн туура жолу,
Улутумдун улуу жолу,
Улуулуктун уңгужолу,
Изденүүнүн жалгыз жолу,
Бактылуунун багыт жолу.
Кыргызымдын Ала-Тоосу,
Уңгужолдун эшиги.
Кыргызымдын Улуу Тоосу,
Уңгужолдун бешиги.
Үстүндөгү асманы,
Уңгужолдун атасы.
Астындагы Кыргыз жери,
Уңгужолдун энеси.
Көлүндөгү элеси,
Уңгужолдун кемеси.
Көрүнүп калды уңгужолдун
Элеси эмес денеси.
Өнүгүү жол дегениңиз,
Бабалардан калган жол.
Бул жолго чыкканда,
Бата алып чыккан оң!
Уңгужолдо баратканда,
атчан киши жөөгө,
эркеги аялга,
жаш киши улуусуна
ачып берген унгужол.
Жолооочусу жолукса,
саламдашкан уңгужол.
Тилемчиси кезиксе,
ырыскысын бөлгөн жол.
Жол жээгиндеги даракты,
кыйдырбаган дал уңгужол.
Уңгужолго чыкканда
Ырбаттырган уңгужол.
Уңгужолдогу адамды
Ырдаттырган уңгужол.
Улууларды урматтап
Сыйлаттырган уңгужол.
Ата-бабам кылымды
карыттырган уңгужол.
Миң адам жолго
чыкса да,
Бир башчы баскан
Уңгужол.
Кыргыз эл баатыры, академик Миталип Мамытов