Кыргыз эли сыймыктанган ондогон залкар аял жазуучуларыбыз бар. Алардын басымдуу көпчүлүгү проза, поэзияга тармактарында эмгектенишет. Ал эми пьеса, киносценарий, музыкалуу драма ж.б. жаратуу багытында кыздарыбыз аз, алардын сап башында Жеңишкүл Өзбекова турат десек жаңылышпайбыз. Албетте, Динара Асанованы айтпаганда. Ал өткөн XX кылымдын 70-жылдарында эле дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлүп чыккан советтик кинорежиссерлордун алптарынын бири эле. Динара өз фильмдеринин сценарийин да, режиссурасын да өзү жараткан дешет.
Ж. Өзбекованын чыгармачылыгы өткөн советтик доордун да, азыркы замандын да татаал проблемаларын психологиялык тереңдикке шөкөттөп чиелешкен драмага айландырат. Образды ачыш үчүн ал символдорду, мифтерди, аяндарды, өтө чебердик менен пайдаланат. Анын чыгармалары негизинен Ата мекен, үй бүлөө, сүйүү, адилеттик үчүн күрөш темаларына арналган. Жеңишкүлдүн “Каракыз”, “Апамдын махабаты” “Өткөн күндүн кусасы” аттуу драмалары Кыргызстанда эле эмес, шериктештиктин көп өлкөлөрүнө кеңири тараган.
“Каракыз” драмасы жан дүйнөңө бүлүк салып, үрөйүңдү учуруучу трагедия. Мындагы Жеңишкүлдүн түпкү концепциясы - үй-бүлөдөгү өз ара карым-катнаш сүйүү сезимине ширелбесе, анын келечеги жок, акыры кыйрайт. Жанагы коляскады жаткан колу-буту да, акыл-эси да шал, майып кыздын аты Карагыздын, атасы Шамбет, энеси Мактым. Алардын үй – бүлөөсү өз ара теңдеш сүйүүдөн жаралган эмес. Экөөнүн сүйлөшкөнүнө көңүл буралы:
Мактым – “Сага башында эле баары бир болчу. Кайран өмүр сага корогон... Өзөгүмдү өрттөп жүрүп кана өтмөк болдуң го.
Шамбет – “Жо-ок, Мактым байбиче, мен мунуңа макул эмесмин. Өзөгүңдү өмүр бою өрттөгөн мен эмес, башка...
Мактым. Уят, Шамбет. Уят! Бетимди беш салаа бырыш салган, агала чач кемпир болуп отурамго.
Шамбет (Мактымдын саамайынан калтыраган колдору менен сылайт). Мезгилсиз... мезгилсиз агарды, саамайыңдан садага болоюнум... Ушул чачтарың капкара болуп, кулпуруп турчу эмес беле. Эки көзүң от сымал куйкалачу...
Мактым... эми анын баарын....
Шамбет (оозунан жулуп алат). Анын баары Ишенбай ишеничиңди актабай, сүйүп жүргөн сени албай, селсебеттин кызын себине кызыгып, бир түндө киргизип алганда эле өлгөн!
Мактым. Качанкы бир жалган түштөй болгон неменин эмнесиң айтасың.
Шамбет. О, байкушум... сенде эмне күнөө, чыңдап сүйсөң кантмек элең! Шамбет сага ашык эле, сен аны билчүүсүң. Эшигимди шарт ачып, өзүң кирип келгенде... качанкы өлгөн энем-атам тирилип келгендей сүйндүм. Аял заты болсоң да аягына жыгылып, этегиңе табындым. Азыраак гана калтыраганы болбосо, денеңдин муздактыгы өлгөн адамдыкындай экен... “Эчтеке эмес дедим өзүмө өзүм, сүйүүм менен жаштыгым менен ысытып алам. А көрсө, өлгөн дене ысыбайт тура! Ичкенде... гана, билбей калчумун... сенин өзөгүң өрттөнүп.. өксүп жатканыңды! Мына, арактын керемети... Муну ичип алсам Карагыз да көзүмө алданемедей көрүнүп калчу.
Мактым. “Карагыздын алдында ат көтөргүс күнөөбүз бар, унутпа!
Шамбет. “Күйүтүн унутса экен деп сага да ичирчүмүн, өзүм да иччимин. Балким ошонун кесепетидир. Антейин десем... биз менен ичип жүргөндөрдүн балдары сопсоо, таптатынакай төрөлдү. Балким биздин тогошпогон сүйүүбүзгө кудайдын каары төгүлүп, берген перзентидир... Айтор акылым жетпейт”.
Урбанизация (шаарлашуу), рынок доорунда үй-бүлөөлүк турмуштун мааниси өтө азайды. Салттуу үй-бүлөөнүн алкагында өз ата-энеси эмес, чоң ата, чоң энелери менен балдар-кыздары чогуу ынтымакта жашаар эле, ыймандуулук, өз ара урмат-сый дегендер кебелбеген шарт эле. Азыркы заманда ата-эне менен балдары шаарда бир үйдө чогуу жашоо-курч проблема. Ата-энесин балдары кууп чыккан же интернаттарга өткөрүп берген учурлар мурда кыргыз элинде тап-такыр жок эле, азыр көнүмүшкө айланган. Негизги объективдүү себеп, азыр башыбызда кечирип жаткан капитализм системасы жашоонун негизги фактору катары акчаны, ач көздүктү, жемкорлукту алдыга алып чыкты.
Жеңишкүлдүн “Карагызында” ушул маселелер шумдуктай, күч менен чагылдырылган. Мисалы: Шамбет менен Мактымдын бир уулу (Темир), бир кызы (Азем) бар. Экөө тең-материалдык ыңгайлуу жашоонун, өз кекиртегинин, өзүнүн эгоисттик кызыкчылыктарынын кулдары. Темир “жыргалдуу”, “таттуу турмуш издеп, бир байдын кызына күч күйөө болуп кирип алган. Экөөнүн сөздөрүнө көңүл буралы:
Азем. Ата-эненин милдетинен качып жүрсөң, коркпой эле кой, сенин колуңду карматпайм. Өзүм багам, өлсө көмөм!
Темир өлсө аркасында сынык чыны менен сам саалаган кийиз калаарын билет бекен ушулар... А сени кыз дейт, эрге кет...!
Азем. Сенин кеткениң да жетишет.
Темир (ызырынып). Мен эмне, эрге кеттимби?
Азем (тартынбай). Айырмасы канча?! (Темир Аземди жакка тартып жиберет).
Мактым. Ал эмнең акмак! Ал сага эмне кылды?! Ит! Иттиктен дагы чеги болобу?!
Темир. Ии, ит болсом иттирмин! Итти да бирөө туугандыр...
Темир (апасын алка -жакадан алып жулкулдатат). Мени жугундокор кылган ким?! Ким дейм?! Айт азыр!
Азем (чынырып барып ортого түшөт). Апама тийбе, тийбе Темир! Мени эмне кылсаң ошо кыл!
Шамбет (Темирдин колуна асылат). Тарт колуңду акмак! Тарт колуңду, атаңдын оозун урайын!
Темир (жулкунуп, көзүнүн жашы төгүлүп). Жок, айткылачы, мени жугундукор кылган ким?! Бир жумада жети күн болсо, анын алты күнү карандай чай, кара бөлкө менен чоңойсок... Атабыз арактан көзү ачылбай, энебиз көр оокаттан кабагы ачылбай, ушул үңүрөйгөн үйдө, өп-чап, өп-чап, өлбө жаным, өлбө, деген жашоону көрсөк...! Биринчи сентябрда – мектепке бараарда гана жонубуз жаңырчу, ошол жылдын аягына дейре жамаачыланып араң жетчү. Шымым шыйрагыма чыгып кеткенде, ушунчалык тез өсүп жатканыма өчкүнчүмүн... Анан дагы “жугундукор” деп коюшат. Көр намасыңар көрдө да тынчыраак жаткырбайт го! Болбосо айткылачы, баланы тапканды билген ата-эне, бакканды билбейт бекен? Эмне үчүн эрдиңерди кесе тиштеп, барга жокко кайыл болуп жашайсыңар? Эмне үчүн ичээрге ашыңар жок, киерге кийимиңер жок!!! Кирээрге үйүңөр жок! Эмне үчүн ушунчалык мажүрөө, байкушсуңар?! Бечарасыңар?!
Карагылачы, туугандар, мунун чирик философиясын. Өзүндө эч күнөө жок, күнөөлүлөр ата-эне, коом, мамлекет, Ушул мамлекетти түзүп, сактап калыш үчүн ата-бабаларыбыз азыркыдай комфорттуу үйдө эмес, окоптордо, палаткаларда жатып, Улуу согушта жеңген, улуу курулуштарды, жолдорду салышкан, бирок эч кимди күнөөлөгөн эмес. Тагдырга моюн сунган. Кечээ эле ушул Бишкекте (Фрунзеде) биздин муундар, балдарыбызды чубуртуп ээрчитип алып, “агай” туугандардын жалданма кепелеринде жан талашып иштедик, өзүбүздү эле карабай, ата-энебизге, көздөрү өткөнгө чеийн кайыш кылдык, жөлөк-тирек болдук ары көчүп, бери көчүп, билим алдык.
Тилекке каршы, Темир жалгыз эмес. Кайра куруу, демократия деп жүрүп, ушулардын бүтүндөй бир муундарын жоготуп алганбызбы деп корком.
Жеңишкүлдүн “апамдын махабаты” драмасы – экзистенциалдык сүйүүнүн бир түрү. Сүйгөнүн сактап калыш үчүн, өзүн курмандыкка чалган сүйүү. Өз жанын аябай, башкалар үчүн жашаган сүйүү.
Пьесанын башкы каарманы – Сейил, 42 жашта, күйөөсү эрте өлүп жесир калган. Сырты да, ичи да сулуу, баскан турганы келбеттүү, акыл-эси, күч-кубаты толуп турган жаш аял, 42де деп, айтууга ооз барбайт, айылда, райондо нечен бир жигиттер ага ашык болуп, жетпей калгандыр, чиркин.
Сеил акыры сүйгөнүн табат, шаардык жигит Аскар экөө үйлөнмөк болушат. Сейилдин бул кадамына бар топ ага-туугандары, балдыры, айрыкча кызы – Жибек, каршы. Драмадан үзүндү келтирели:
Сейил. Жибек, сен эми чоңоюп калдың...
Жибек. Эмне, баарыңар эле чоңоюп калдың, чоңоюп калдың. Чоңоюп калган кишиге керегие эмне?!
Сейил. Кыз болуп туруп сен түшүнбөсөң...
Жибек. Түшүнөм, мага да, Бакыт байкеме да, ошол кишинин кереги жок экенин! Элдин баары шылдың кылып күлүп жатышат. Айтып жатышат!
Сейил. Эл...айта берет.
Жибек (күйбөгөн жери күл болуп). Эмнеге айта берет! Эмнеге айта берет! Кечээ болсо чоң апам мектепке келиптир. “Ушундай сөз угуп жатам, кудай-арбакты унутпасын, баламдын үйүн тепсетпесин” дейт.
Сейил. Сен эмне дедиң?
Жибек. Мен эмне дей алам. Ыйладым, чоң апам экөөбүз кучакташып алып ыйладык.
Сейил (сынагандай). Үйдү кызганса чыгып кетебиз да...
Жибек. Эмне-е?! Кечээ келген бир кишини ээрчип тентип кетесиңби?! Ушунун баарын таштап, элди таштап... Силер тимеле Жамила менен Даниярдай...
Сейил (кесе). Эл менин ысыгыма күйүп, суугума тоңуп жатыптырбы! Же ушунча жыл жаныма баткан жалгыздыктан алып калыптырбы!
Жибек. Биз турсак...Эки балаң турса...
Сейил. Он эки баласы болсо да, эри жок аял жалгыз болот. Бүгүн Аскар келет.
Жибек. Эмне кылайын?!
Сейил. Мени апам деп кичине эле сыйласаң, өткөндөгү өнөрлөрүндү көрсөтпөй отур. Суранам.
Жибек. Отурбай койсом кутуламбы?
Сейил. Бакыт байкең да келет.
Жибек. Түшүнбөйм, баары бир түшүнбөйм?!
Сейил. Экөөң тең ичимден чыккансыңар. Акыры түшүнөсүңөр...
Жибек (китебин бооруна кысып). Акыры тием дечи.
Сейил (сабырдуу). Ушунчалык сүйүшүп калдык.
Жибек. Ансыз жашай албайсың...
Сейил. Ансыз жашай албайм.
Жибек классташ балдары менен көл жээгине ойногону барып, сүйлөшкөн жигити менен чатак ташып, көлгө кирип, табылбай калат. Кыз өлдү деп, чоң жаңжал чыгат, бирок анын сөөгү табылбайт. Сейилдин башына кара түн түшүп, элге кара бет атанып, сүйгөнү Аскардан кескин кол үзөт. А бирок, Жибек өлбөптүр. Көлгө чөгүп кеткен болуп, жашынып жолго чыгып, шаарга качып кеткен болот бир топ жылдар бою шаарда ары урунуп, бери урунуп жүрүп, бир байга үй кызматчысы болуп жүрүп андан бала төрөйт. Бул таш боор, уятсыз кыз, энеси ушунун кесепетинен акчач кемпир болуп, тозоктун, жалгыздыктын очогунда өрттөнүп жүргөнүнө кеңбейт, түнүчүндө жашырын келип, энесинин жаны туулган баланы босогосуна таштайт. Сейил болсо, өзүнүн сүйүүсүнөн өз балдарынан бакыт таба албаса да, ушу баланын жыты менен, деми менен, келечеги менен бактылуу болоор бекен, ким билет?!
Жалпылап айтканда, акын, драматург, киносценарист, продюсер Жеңишгүл Өзбекова көп кырдуу таланат, кыргыз маданиятынын, адабият, театр жана киноискусствосунун өнүгүүсүнө зор салымын кошуп келе жатат. Өзгөчө белгилей кетүүчү эмгеги – алгачкы кыргыз сериалдарынын негиздөөчүсү, 2000-жылдын башына бүгүнкү күнгө чейин ата мекендик сериалдарды жаратып жалпы журтка тартуулап, коомдогу руханий бөксөлүктү толуктап келаткан чыгармачыл инсан.
Ж. Өзбекованын Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы (2022 ж 20 май ПЖ № 159) менен түзүлгөн “Кыргызсериал” чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмеси мамлекеттик мекемесине жетекчи болуп дайындалган эки жарым жыл ичинде, отуздан ашуун ар кыл жанрдагы көркөм сериалдар тартылып, миллиондогон көрүүчүлөрдүн көңүлүнөн түнөк тапты жана алкоосуна арзыды. Мисалы, учурда бренд болдуп жаткан сериалдар: “Чоочун кичи”, "Жалбыз", "Муз үстүндөгү гүлдөр", "Мурас", "Тайган", "Талант жана Тагдыр", "Жеңилбес Жетөө", "Бакен Кыдыкеева" ж.б.
Жеңишгул Өзбекова акын катары да бийик баскычта турат,
анын атуулдук жана лирикалык ырларына белгилүү обончу, композиторлор обон жаратышып, байма-бай аткарылып келет.
Ж. Өзбекованын басмадан жарык көргөн ырлар жана драмалар жыйнактары: “Жан сырым” – 1986 ж, “Апамдын махабаты” – 1999ж, “Сыңар сөйкө” – 2013 ж, “Эң биринчи сүйгөнүм” 2013 ж, “Кыргыз шырдагы” көркөм түстүү альбом китеби – 2016 ж. Анын пьесалары Кыргызстан жана коңшулаш өлкөлөрдүн профессионал театрларына коюлуп келе жатат.
Жеңишкүл азыр Жогорку Кеңешке депутатыкка жарышка чыкты. Кудай-арбак колдосун, жолдошуң кыдыр болсун, Жеңишкүл карындашым! Үлкөн таланттын ээси, тубаса сулуу жана акылдуу кызыбыз бир күнү теледен Жогорку Кеңештин трибунасына жарк этип чыга келет деп, үмүтүбүз чоң.