Добавить свою статью
4 Ноября 2025
“Айтматов бүгүнкү күндүн Манасы беле?.. (3-макала)

Кийинки мезгилдерде, өзгөчө Чыңгыз Айтматов дүйнөдөн кайткандан кийин жалпы окурмандар жазуучуну улуу эпостук каарманыбыз менен салыштырып, символикалык мааниде сыймыктанып келишет. Мына ушул маанидеги салыштыруу жөн гана айта калган урмат-сый эмес, анда чоң маани жаткандыгын көпчүлүк учурда аңдабай да калабыз.

Чынында Чыңгыз Айтматовду бери болгондо он кылымдан ашкан Манас баатырдын образына теңештирип баа берүү өтө кызыктуу жана философиялык терең мааниге ээ.

Мен “Манас” жана Айтматов” деген биринчи жана экинчи макалаларымда жазуучунун “Манас” эпосуна кызыгуусун, эпосто кезиккен терең маанилүү айрым көрүнүштөрдү чыгармаларында өтө билгичтик, чеберчилик менен пайдаланышын – (“Баланы кармап алалык, башына шири салалык”, маңкурттун образы), “Манас” эпосунун улуу манасчылар Сагымбай менен Саякбайдын варианттарында башкы редакторлук кызматты аткаргандыгын, А.Токомбаевдин, К.Маликовдун, Т.Сыдыкбековдун “Манас” боюнча кошмо варианттарынын план-проспектилерин орусчага которуу, чет жерлерге барганда эпосту пропагандалап, “Кайсы жерликсиз?” деп сураганда “Манас” жаралган жерденмин” деп сыймыктанышын жана эпосту кара сөзгө айландыруу маселесин колго алышын кеңири анализге алган элем. Натыйжада, публицистикалык макалаларынан, маектеринен тартып чыгармаларына чейинки эпоско тиешелүү тексттерди жыйнап, системалап, “Манас” – эпос океан” деген аттуу жыйнак чыгаргам. Кийин жазган “Манас”, Айтматов жана эмбрион” деген макалада дагы бир эпос менен жазуучунун идеяларынын кесилишин чекиттерин белгиледим эле. “Манас жана Айтматов” деп бир топ ырларды жазып келем:

***

Бүгүн мына Манас” – дешти Сизди да, –

Президенттер1 Манас бабам ашында.

***

Сизди, ооба, Манасыбыз дечү эле,

«Манасты» Сиз жеткирдиңиз чет элге.

«Манас» Сизден айрылганда айтылды,

Кара жерге сөөгүңүздү берээрде.

 

Баары ыйлашты Манас эми өлгөндөй,

Манас менен Сизди кошо көмгөндөй.

Аалам турду жымжырттыкта суз болуп,

Чыгармачыл кыяматты көргөндөй.

***

Эгемендүүлүктүн жыйырма жылдыгы болот деп кубанычыбыз койнубузга батпай турган чак эле.Ушул мааракеге карата Ала-Тоо аянтында кыргыз улутунун ыйык символдору Манас менен Чыңгыз Айтматовдун эстелиги коюлат деген Премьер-министрдин токтому чыкканда сүйүнүчүбүз ого бетер арта түшкөн. Ошентсе да, «бөйрөктөн шыйрак чыгаргандар» бузукулук кылып, Манас менен Айтматовдун эстелигин коюуга каршы пенделер да табылган. Алар ­ азыркы Абыке, Көбөштөр жана маңкурттар эле.

Арбагы бийик айкөл бабабыздын, арбагы бийик айкөл агабыздын эстеликтери борбор шаарыбыздын борбордук аянтына өзгөчө шаң берип, аянтка келген элди өздөрүнүн күчтүү рух касиетинин мээр-шапкатына бө-лөп, улуттук сыймык сезимин бүлөп, шердентип, элибизди ынтымактуу, ар-намыстуу болууга түбөлүк чакырып турса экен...

***

Маңкурттук ай, жашообузду чырмаган,

Түзүк ишти кыйшык көрүп чырдаган.

Колдорунан «кокончулук иш келбей»,

Манасты да, Айтматовду сындаган.

 

Кана айтчы, Манас сага не кылды,

Кана айтчы, Айтматов нени кем кылды?

Бул жашоодо сокур ичек көрүнүп,

Бурмалайсың, каралайсың чындыкты.

 

Сен өзүңдү таза, аппак сезесиң,

Унтуп калып, баскан жолуңкечээгиң.

Жүрбөйт белең «кошоматка кой союп»,

Терип коюп көр бийликтин тезегин.

 

Манас керек сага эмес, биздерге,

Ата-баба жолун табып издээрге.

Жарык чачып Айтматов да тургансыйт,

Туңгуюктан жол көрсөтүп элдерге.

 

Манас менен Айтматовду көтөрүп,

Кылымдардан кылымдарга көчөлүк.

Дүйнө жүзү турсун бизге таң калып,

Кемибестен, көбөйөлүк, өсөлүк.

 

Ар атуулда Манас бабам жашасын,

Айтматов бар Абийирлер да тазарсын.

Ар-намыс бол, билим алып, бош жүрбөй,

Элиң үчүн эмгегинди чачасың.

 

Айланбагын эч убакта маңкуртка,

Мээнет жумшап кызмат кылгын эл-журтка.

Дөөлөт болуп аның кайтат эселеп, -

Манасыңды, Айтматовду унутпа!

 

Эгемендик жыйырма жылдык тоюнда,

Ала-Тоонун аянтынын боюнда.

Манас менен Айтматов тур тиктешип, -

Бир калаада, карап турса сонун да!

 

Манас келди биримдикке чакырып,

Айтматов да сүрөп келди ашыгып.

Билсең эгер ынтымакка колду соз,

Кыргызымдын бактысы тур ачылып...

Манас менен Айтматовдун эстеликтеринин бири-бирине бетме-бет коюлуш идеясы эң туура! Айтматов Манас атанын алдын тосуп, утурлайт. Миң жылдан кийин эки баатыр мезгилдин бир ченеминде - Эгемен-дүүлүктүн 20 жылдыгында кездешүүгө шашылып келет. Айтматовдун Манаска айта турган сөзү бар. Манас жана Айтматов дүйнөлүк мааниси, салымы, орду бар, кайталангыс, табылгыс, кереметтүү кыргыздын руханий канаттары. Кыргыз элинин руханий паспорттору - Манас жана Айтматов! Символикалык идеяга бай бул эстеликтер элибиздин жыргалчылыкта жашашына ишеним артып, замандаш жана кийинки муундардан Эгемен-дүүлүктү көздүн карегиндей сактоого ишеним артып турат. Манас менен Айтматовдун тилегени Эркиндик эмес беле!

2-август, 2011-жыл

***

«Эс алгын!» - дейт, кантип тынчып эс алам,

Чалкеш заман туйшүгүнөн кача алам.

Талаш жолдо «Манас» жана Айтматов, -

Анан кантип көздү жумуп жата алам.

 

«Манасты» мен бала кезден сүйгөнмүн,

Сыргак өңдүү болбогонго күйгөнмүн.

Найза ордуна калем кармап учуру,

Чындык издеп, чындык коргоп жүргөнмүн.

 

«Манас» үчүн тил укканмын чоңдордон,

Улак болуп тартылганмын топтордон.

Түйшүк тарттым, азап чектим ал күндө,

Миң жылдыкты айта койгон ойлордон.

 

Намыс кылдым, белди буудум, жандандым,

Жоо сыяктуу каптаганга камдандым.

«Манас» үчүн акча бөлүп бергин» - деп,

Эшик жыртып, ар ким барып сандалдым.

 

«Манас» дешип, ооз көптүрүп сүйлөшөт,

Тилдеринен чаң чыгара бүлөшөт.

Мында турса Сагымбайлар, Саякбай,

Ойду айтып, тоону айтып жүдөтөт.

 

Алмамбетти чыккынчы деп бурашып,

Каныкейдин түбүн издеп сурашып.

Эпосту да эпос кылбай жиликтеп,

Таэнеси ким болгонун улашып.

 

Аттиң десең, ар ким азыр акылдуу,

Ыйык «Манас» кимге болсо батымдуу.

Капысынан чыга калып туш-туштан

Асылгандар кыргыз деген атуулбу?!

 

Кантип?! Кантип?! «Манасыбыз» жайланат,

Кыргыз туруп, айрымдарга таланат.

«Манас» тамыр, тарых жана келечек,

Алтын мурас кара боёк айланат.

 

Айкөл атын адаштырып чийсеңер,

Маңкурттардын кейпин улам кийсеңер.

Жылма заман жалмап кетип баратат,

Жылан өңдүү жылып кирип, билсеңер.

 

Башыңарды Улуу Сөзгө ийсеңер,

«Манас» окуп, «Манас» дүйнө кирсеңер.

Дилиңер да, тилиңер да өзгөрөт,

Ынтымакта бөлүнбөйсүң, бирсиңер...

 

...Андан кийин Айтматовго жолуктум,

Жан дүйнөмө кубат алып толкудум.

Канат байлап чыгармачыл ойлорго, -

Маектешип далай жолу отурдум.

 

Улуу болчу, Залкар болчу карасаң,

Дүйнө элиндей сыйлап ишин бааласаң.

Түшүнбөдүң. Түшүнүүгө көнбөдүң, -

Жөөлөп кээде, бар сыяктуу аласаң.

 

«Манас» болсо «эски» дешти байыркы,

Айтматовго колун шилтейт жакынкы.

«Эмне кылуу керек?» - деген суроо бар,

Аң-сезимдин чыгып барат тамтыгы...

23-февраль, 2012-жыл, саат 19:27

***

Чет элдиктер сыймык кылып ураалап,

Эскермени, эстеликти кура алат.

А биз болсо жүдөгөндөн жүдөгөн, -

Чакырганга абийирибиз уялат.

 

Тагдыр беле бешенеге жазылган,

Бийлик тарап көлөкөгө жашынган.

Чет жерликтер неге мынча сыйлашат, -

Касиетпи?! Нарктуу болуп ачылган.

 

«Манас» символ. Чыңгыз символ чынында,

Манас болуу, Чыңгыз болуу кыйын да.

Кайдыгерби, таш боорлукпу, билбеймин, -

Бийлик тарап сындап коём ырымда.

27-май, 2013-жыл, саапг 9:45

***

Жылдыз МАНАС, Жылдыз –

ЧЫҢГЫЗ чынында,

Ал болбосо Кыргыз үчүн кыйында.

КЫРГЫЗ турат МАНАС, ЧЫҢГЫЗ турганда,

-АДАМЗАТТЫН ТҮБӨЛҮКТҮҮ ЫРЫНДА!

 

Манаска не кеңпейилдик кылбайбыз,

Айтматовду жата калып сындайбыз.

Жылдыз дейбиз Жылдыздыгын өчүрүп, -

Бир көчөнү ар бирине кыйбайбыз...

23-февраль, 2015-жыл, саат 17:02

***

Жан дүйнөңүз Ала-Тоодой Бийиктик,

Манасты биз Сиз менен бир «Тирилттик».

Манас, Кыргыз, Чыңгыз ураан чакырып, -

Дүйнө элин таң калтырып ийилттик.

 

Манас менен жолугушуп Ааламдан,

Сырыңызды төктүңүзбү армандан.

Манас ата кучагына алгандыр,

Ыраазы болуп өзүңүзгө калгандыр.

 

«Кыргызыма Бакыт Уулу келээр» - деп,

Дагы тилээр, күткөн кыял армандар.

Ооба, Манас Сизди тилеп кылымдап,

Келсе керек элибизге ырымдап.

***

Чыңгыз Айтматов бүгүнкү күндүн Манасыбы?.. Айтып коюу оңой, байыркы замандан бери элибиздин аң-сезиминде жашап келе жаткан бири эпикалык каарман ­ баатыр. Бири кечээ эле совет мезгилинде төрөлүп, дүйнөдө атагы чыккан жазуучу. Он үч жашында биринчи “Манасты” уккан Чыңгыз Айтматов өмүрүнүн аягына чейин “Манас” деп жашап келди, анын чыгармачылык бийиктешине эпос космостук аянтча болду.

Манас өз мезгилиндеги коомдун, элдин жүгүн көтөрүп, кыргыз элин ынтымакка бириктирип, чындап душмандарга каршы күрөшүп, эркиндикке жеткирип, баатырдык көрсөтсө, Чыңгыз Айтматов ошол элдин руханий “жүгүн” дүйнөлүк аренага чыгарып, Манастын руханий ролун аткарды. Руханий “жүктү” көтөрүү, кыргыз элинин дүйнөдө бар экендигин таанытуу – бул да баатырлыкка, эрликке тете. Манас менен Айтматовду эли үчүн кызмат кылуу, Акыйкаттуулук, Чындык, Абийир, Акылмандык, Айкөлдүк. Даанышмандык, Боорукерлик, Эркиндикти бийик баалоо бириктирип турат. “Манас” эпосу менен Айтматовдун чыгармачылыгы дүйнөлүк масштабдагы философиялык, жалпы адамзаттык маанидеги маселелерди камтылышындагы көз караштардын бирдейлигин көрсөтөт.

Ар бир замандын өз каарманы болот. Мына ушул позициядан караганда, улуттук, а түгүл дүйнөлүк масштабдан алып караганда, жазуучунун адабий маанисин, коомдогу ордун жана калтырган мурас, өрнөгүнөн улам адамзатка Чыңгыз Айтматовду “бүгүнкү күндүн Манасы” болчу деп атап жатканыбызды окурмандар туура түшүнөт го деп ойлойм.

“Манас” эпосунда да, Ч.Айтматовдун чыгармаларында күчтүү таасир бере алчу касиеттер бар. Ошондуктан, биз, кыргыз эли “Манас” эпосун бурмалабай, Манас – идеал, Манас эпикалык – каарманга акарат кылбай, Айтматовго “түштөн кийин чоңсунбай, кыйынсынып, жолун торобой”, айткан ойлорун тескери бурмалабай сыймыктануу менен Туу, Герб, Гимн сыяктуу мамлекеттик, улуттук, элдик символдорго кошуп, бирге карашыбыз керек. Билип турам, айрым адамдар мифологиялык-эпикалык элдик идеал каарман менен Чыңгыз Айтматовду бир катарга шарттуу түрдө коюп жатканымды түшүнбөшү, жактырбашы мүмкүн. Ооба, алардын көз караштарын да сыйлайм. А бирок, түпкүрдөн алганда, руханий жактан алганда “Манас” эпосу сыяктуу Чыңгыз Айтматовдун жеке адамдык өрнөгү жана чыгармалары кыргыз эли үчүн, кыргыз коому үчүн гана эмес, дүйнөлүк аренада да бирдей ролду аткарып, кыргыз деген кандай эл болгонун жана болушу керектигин таанытып келе жатат. Бул тарыхый фактыны канчалык көзүбүздү таңып көргүбүз келбесе да, айрымдар бут тозушса да асманда учкан ак булуттай каалгып материктен-материке жайылып, жетип жатат. Мезгил өткөн сайын алардын кулачы кеңейүүдө. Экөө тең Кыргыз элинин руху, руханий паспорту деп эсептелип калды. “Манас” эпосу англис, кытай, немец, түрк, орус, өзбек, казак, азербайжан, корей ж.б. тилдерге которулду, эстелиги Казакстанда, Турцияда, ООНдо, Россия ж.б. коюлду, көчөлөр аталды, ал эми Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары дүйнөнүн 180 тилдерине которулуп, эстелиги Москва, Ташкент, Баку, Ашхабад, Стамбул, Анкара, Анталия ж.б. орун алып, аты-жөнү парктар, скверлер, көчөлөр, лицейлер аталды.

“Манас” эпосун, идеал-каарман Манасты жана Чыңгыз Айтматовду аң-сезимде бирдиктүү карап жатканым – элибиздин өткөндөгү мурасы, каармандары жазуучунун идеалдары менен жуурулушуп, байланышып бүгүнкү күндө да, келечекте да көп кырдуу таанытуучулук, агартуучулук жана ар-намыстуулук кызмат аткара берерине терең ишенимде экендигимди баса көрсөткүм келди.

директор Института языка и литературы им. Ч.Айтматова НАН КР

Абдылдажан Акматалиев

 

1 Түрк тилдүү элдердин президенттери “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына атайы катышкан. Казакстан Республикасынын Президенти Н.Назарбаев, Түрк Республикасынын Президенти С.Демирель, Өзбекстан Республикасынын президенти И.Каримов, Азербайджан Республикасынын президенти Г.Алиев, Түркмөнстан Республикасынын президенти С.Ниязов сүйлөгөн сөздөрүндө Чыңгыз агайды Манас бабабызга теңешкен.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

14-11-2025
Айтматов бүгүнкү күндүн Манасы беле?..
412

14-11-2025
«Манас», Сагымбай, Айтматов жана ааламды түйшөлткөн эмбрион
431

14-11-2025
Айкөл Манас жана Айкөл Айтматов
432

20-08-2025
Султан Раевдин адабияттагы тополоңу...
2630

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×