Добавить свою статью
7 Ноября 2025
Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана биз

Бүгүн быйылкы биринчи кар жаапатат. Сыртта суук. Жыпжылуу үйдө мындан 11 жыл илгери раматылык Током (таланттуу жазуучу, чыгаан инсан, тарыхчы Токтобай Мүлкүбатов) экөөбүз анын жылуу үйүндө шашпай чай ичип олтуруп (анда да кар жаап жатты беле, эсимде жок. Бирок сыртта суук болчу), маек курганыбызды эстеп олтурам. Маек ошол кезде мен башкы редакторлук кылган "Чалкан.kg" гезитине жарыяланган. Анда биз талкуулаган маселе али деле актуалдуулугун жоготпоптур. Ал эми маектин башкы каарманы Камчыбек Ташиевдин феномени азыр да журт назарында.

Ошондо Током экөөбүздүн инсан феномени жөнүндө баштаган кебибиз бара-бара улут феномени, жадагалса, жалпы адамзат феноменин камтыган эле. Адамзат, улут, инсан феноменин изилдеген Вернадский, Гамильтон, Бичурин, Гумилев өңдүү улуу окумуштуулар ал кубулуштардын баары тагдырга байланыштуу болоорун аныкташканын айта келип, менин маектешим англиялык окумуштуу Гамильтон ар бир адам тагдыры улуу Жаратуучу тарабынан маңдайына жазылаарын, ошого жараша жашап өтөөрүн белгилесе, коммунисттик идеологиянын материалисттик көз карашын “колдоого” аргасыз болгон окумуштуулар ал кубулуштарды Аалам тереңинен орун алган кудуреттүү күч жылдыздардын нуру аркылуу башкарып турат деп жымсалдашканын кошумчалады эле. “Кызыгы, алардын илимий бүтүмдөрүндө, эгер инсан тагдыры эл тагдыры жана тарыхый тагдыр менен акыйкат айкалышса, дүркүрөгөн өнүгүүлөр болот, тетири жалгашса, коогалаңдар менен кесепеттүү окуялар элди жүдөтөт экен деген бүтүмгө келишиптир”-деди ал.

Андан ары биз тарыхый тагдыр жолунда Манас бабабыздын, Үстөм хандын, Барсбек кагандын тагдырлары Кыргыз эл тагдыры менен эң сонун айкалышкандыктан, улутубуз дүркүрөп өскөн экенине токтолдук эле. Мисалы, өткөн кылымда эле Ж. Абдырахмановдун, И. Раззаковдун, Т. Усубалиевдин инсандык тагдырлары менен Кыргыз эл тагдыры туура айкалышып, журт алдыга умтулуптур. Ал эми А. Акаев менен К. Бакиевдин тагдырлары тетири айкалышкан окшобойбу, элибиз кыйналып, каруу-күчтүү балдарыбыз Россия, Казакстан жана башка өлкөлөргө иш издеп кетти.

Сөзүбүз ушуга жеткенде мен Токомо суроо узаттым:

Мелис Айдаркулов: - Сиз ошо окумуштуулардын чыгармаларын тыкыр талдаган жазуучу катары Кыргыз эл тагдыры менен адилеттүү иштерман инсан тагдырын кандайча оң айкалыштырса болот деген ойдосуз?

Токтобай Мүлкүбатов: - Эгер эле илимий көз караштан талдоо салсак, анда Кыргыз эли өткөн жыйырма жылда башынан кечирген кыйынчылыктар ага тарыхый тагдыр аркылуу сынак катары берилгенин айта кетишибиз керек. Болбосо, Москвадан Кыргызстанга учаар самолет өз маалында жөнөп кетсе, Акаев шайлоого кечигип калып, башка бирөө шайланып кетет эле. Тагдыр жазмышын карабайсыңбы, ал самолет кырк минут кеч учуп, аны менен учуп келген Акаев президенттикке шайланып кетип жатпайбы. Бакиев манты жеп жүрсө көңтөрүш ишке ашып кетип, берки кургурлар бийликке андан башка адам таппай, карайлап калып отурушпайбы.- деп маектешим кепти ошол кезде Кыргызстанда ана болот, мына болот деп турган президенттик шайлоого бурду – Ошондуктан, элибиз ушул саам туура тандоо жүргүзсө экен, элге, мамлекетке күйгөн лидер тандап алса экен далалатында, түз айтпасак да, улутубуздун “уугум сага айтам, уулум сен ук, керегем сага айтам, келиним сен ук” дегендей, ажолукка ат салышып жаткан саясатчылардын феноменине кайрылып отурган кербезибиз.

Эгер, Кыргыз эли ушул жолу бирмүндүктө бир пикирге келип, татыктуу лидер тандап ала албаса, дагы канча кыйынчылыктарга кабылаарын болжолдоо эле төбө чачты тик тургузат. Америкада башталган дүйнөлүк кризис экономикасы мыкты деген Европа өлкөлөрүнүн да абалын кыйындатты. Анын таасири бизге да тийип жатат. Эми анын экинчи толкуну келатат деп бекеринен чуулган болуп жатпаса керек. Анда Кыргызстан кантээр экен? Кудай эле сактасын.

Мелис Айдаркулов: - Маегибиздин башында улуттун жана жеке адамдын тагдыры, пассионардуулугу жөнүндө сөз баштап, инсан феномени маселесине ооп, анын кызыгына кирип кеттик окшойт. Менимче, инсандын тагдыры, пассионардуу деми анын феноменин жаратат. Андыктан, дагы бир белгилүү инсандын феноменин белгилөөдөн мурда Кыргыз эли, деги эле бардык элдер айтып да, ишенип да жүргөн тагдыр маселесине кайрылалы. Дүйнөлүк окумуштуулар Кыргыз элинин пассионардуулугу улутту узак мезгил бою сактап келатканын, ал феномен улам жарк деп жаралып тураарын баса белгилептир. Сиз да бул маселе менен көптөн бери алпурушуп, улуу окумуштуу Лев Гумилевдун улут жаралышты жана анын пассионардуу демин кеңири ачкан “Жердеги этногенез жана жандуу чөйрө” деген чоң китебин которуп, жарыкка чыгарганыңызды билгендиктен улам айтып отурам. Же адам тагдыры менен деми анын феномени менен байланышпайбы?

Токтобай Мүлкүбатов: - Абдан байланыштуу да. Улутту жана инсанды изилдеген этнолог окумуштуулар тагдырды - тарыхый тагдыр, эл тагдыры жана инсан тагдыры деп үчкө бөлүп айтып жүрүшөт. Үчөө бири - бири менен ажырагыс тыгыздыкта өнүгөт. Айталы, тарыхый тагдыр эл тагдырына, эл тагдыры эр тагдырына, ошол эле убакта эр тагдыры эл тагдырына, эл тагдыры тарыхый тагдырга таасир этип турат экен. Кыргызда тагдыр бешенеге, же маңдайга жазган деген сөз бар го. Ошо чын. Бүткүл өлкө, эл түгүл кичинекей жамаатка жетекчи болуу үчүн ошо жамаат менен жетекчи болуучу инсандын тагдырлары туш келиши керек экен.

Биз азыр Акаев менен Бакиевди баса калып жамандап жатпайлыбы. Акыл калчап көрсөк, ал экөө асмандан түшө калган жок да. Өзүбүз тандап, өзүбүз шайлап алдык. Кейпи, Кыргыз эл тагдыры тиги экөөнүн тагдыры аркылуу жыйырма жылдык оор сынактан өтүшү, саясий жана улуттук көз карашын такташы керек болсо керек. “Сүткө оозун күйгүзгөн, айранды үйлөп ичет” дегендей, элибиз мындан ары кандай аракет жасайт, ошого жараша жашоо уланат. Бирок, элибиз дагы эле улам алдануудан жадабаган, тар түшүнүктөн тажабаган тейде. Болбосо, кечээки парламенттик шайлоодо жалган убадаларга ишенип, акчага алданып калбайт эле да.

Билимдүү элбиз деп мактансак мурдубуз асман сүзгөн менен деңгээлибиз чаңга оонагандан өйдө көтөрүлө албай келатат. Кээде мен ыраматылык Дооронбек аке Садырбаев калкыбызды бекеринен “кайран эл” деп сыздаган эмес экен деп ойлоп калам. Бир карасаң “о, кайран эл!” деп мактап, ага таандык экениңе сыймыктанасың. Дагы бир карап, “кайран эл” деп кайгырасың. Деги биз качан оңолобуз? деп кыйкыргың келет. Кыйкырганда не пайда, улам, улам жаңылып жатсак.

Кеп жалаң эле лидерлерде эмес. Күнөө баарыбызда. Башка эл көзүнчө Кыргызстаным, улутум деп бактын башына чыга калып булбул болуп сайраган менен улут, мамлекетибиздин келечек тагдырын чече келгенде жердеш, уруу, урук-тууганга бөлүнүп, жанагы бактын башынан жерге түшүп, карга болуп бок чокуп калып жатпайлыбы!..

Андан ары Током экөөбүз Камчыбек Ташиевдин 2010-жылы парламенттик шайлоодо “Ата-Журт” партиясын жетектеп, ийгиликке жеткиргени, инсан феномени менен жамаат феноменинин айкалышы, же шайкештиги тууралуу сүйлөштүк. Мына, бүгүн да ошол теманын алкагын кеңейтип, улут жигердүүлүгү менен улуттук лидер феномени жана алардын ортосундагы шайкештик жөнүндө ой бөлүшүүнүн оролу келди.

КЫРГЫЗСТАН ТАРЫХЫЙ ТРАНСФОРМАЦИЯЛЫК МЕЗГИЛДИ,

РУХАНИЙ КАЙРА ЖАРАЛУУ ДООРУН БАШЫНАН КЕЧИРҮҮДӨ

Адегенде жогоруда айтылган пассионардуулук деген эмне экенине учкай токтоло кетели. Лев Гумилев (1912–1992) — орус этнологу, тарыхчы жана философ. Анын негизги эмгеги — «Этногенез жана Жердин биосферасы» жана «Этностун аянышы») боюнча, пассионардуулук — бул этностук организмдин ичинде жашаган жогорку энергиялуу адамдардын (пассионарлардын) иш-аракеттик күчү, башкача айтканда, тек жашоо үчүн эмес, жашоону өзгөртүү үчүн жашаган адамдардын энергиясы.

Пассионар адам – идеядан энергия алат. Ал элди артынан ээрчитет.

Пассионардык жарылуу (пассионардык толкун) болгон учурда элдин ичинде жаңы энергия пайда болуп, жаңы этнос, жаңы цивилизация, же жаңы доор жаралат.

Л. Гумилев Борбор Азиядагы көчмөн элдерди, анын ичинде кыргыздарды, жогорку пассионардык этностордун катарына кошкон. Анын пикири боюнча кыргыздар – “планетардык масштабдагы энергиясы күчтүү этностордун бири”.

Гумилевдун теориясы боюнча азыркы кыргыз коому инерция менен регенерациянын чегинде турат. Тактап айтсак, кээде элдин ыкшоолугу, ишенбестиги, кайдыгерлиги байкалат — бул инерциянын белгиси. Бирок ошол эле учурда өнүгүүгө багытталган жигер, жаштардын илим-билимге, заманбап кесиптерге ээ болууга умтулуусу, маданиятта, жарандык активдүүлүктө жана экологиялык кыймылдарда күч алган жаңы дем ж.б. — регенерациянын башталышын көрсөтөт. Пассионардык энергия түбөлүк жоголбойт — ал убактылуу унутулуп, кайрадан ойгонот.

Бул өңүттөн караганда Кыргызстан азыр тарыхый трансформациялык мезгилди, элибиз руханий кайра жаралуу доорун баштан кечирүүдө. Улуттук нарк, каада-салттар менен заманбап аң-сезимди айкалыштырган жаңы улуттук пассионардык долбоордун – Улуттук уңгу жолдун жарыяланышы бул кайра жаралууга көмөк болот.

Эми улут жигердүүлүгү менен улуттук лидер феномени ортосундагы айкаштык жөнүндө маселеге келдик. Жогоруда айтылган улут, мамлекет тагдырын чечүүчү тарыхый демилгени ийгиликтүү турмушка ашырууда улуттук лидер чоң роль ойнойт. Тарых көрсөткөндөй, кайсы улуттун лидери ак ниет, адилеттүү, сабырдуу, күчтүү жана көсөм болсо, ошол улут өнүгүп, кыйынчылыктардан чыга алган. Ал эми амбициясы жеке кызыкчылыкка, мансапка, байлыкка гана багытталган лидер болсо, улуттун келечеги бүдөмүк, арсар болгон.

Лидер көзү менен эмес, жүрөгү менен көрүп, кулагы менен эмес, сезими менен угуп, тили менен эле эмес, иши менен да сүйлөшү керек. «Ар кимдин жүрөгүндө өз жарыгы бар” демекчи, ошол жарыкты өчүрбөй ар бир жарандын көйгөйүнө, кыйынчылыгына жана үмүтүнө кайдыгер болбой, камкордук көрүү — лидердин милдети.

Кыргызстандын мисалында Садыр Жапаровдун чечкиндүү реформалары менен стратегиялык көрөгөчтүгү жана Камчыбек Ташиевдин коомубузду коррупциядан тазалоодогу, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү эр жүрөктүүлүгү менен башкаруу тажрыйбасы — жогорку сапаттардын конкреттүү иш-аракеттерге айланган көрүнүшү болду. Алардын батыл жана максаттуу саясаты өлкөдө көптөгөн оң өзгөрүүлөрдү жаратты. Саясий, экономикалык реформалар, инфраструктуралык өнүгүүлөр, социалдык программалар турмушка ашууда жана мамлекеттин ички жана тышкы коопсуздугу бекемдөөдө. Акыркы жылдары чыныгы лидерлик сапаттарын көрсөтүү менен бул эки саясатчы көпчүлүк элдин колдоосуна ээ болуп, улуттук лидердин деңгээлине көтөрүлүштү. Сөз башында айтылган тарыхый тагдыр эл тагдырына, эл тагдыры эр тагдырына, ошол эле убакта эр тагдыры эл тагдырына, эл тагдыры тарыхый тагдырга таасир этип турат деген сөздүн маңызы ушунда.

Анкени, Кыргызстандагы азыркы учурдагы оң өзгөрүүлөр — бул эки лидердин жигердүү ишинин натыйжасы. Бирок, улуттун өнүгүүсү жана биримдиги — бул лидерлердин эле иши эмес. Чыныгы ийгилик лидерлердин иш-аракеттери менен жалпы улуттун жигердүүлүгүнүн ортосунда гармония болгондо гана жаралышы мүмкүн.

Башкача айтканда, улуттук лидерлер менен элдин ортосунда ишеним орноп, ар бир жарандын жеке жигери жалпы элдик күчкө айланганда мамлекет туруктуу өнүгөт.

Улут жана улуттук лидер — бири-бирин толуктаган эки күч. Ушул эки күч бири-бирине шайкеш келсе, Кыргызстан эли жаркын келечегин куруп, биримдикте өнүккөн улут катары дүйнөгө таанылат.

Мелис Айдаркулов, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген ишмер, журналист.

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

10-11-2025
Испытание на зрелость и стратегическое мышление
1884

10-11-2025
Действовать не по инерции, а стратегически
1027

13-03-2025
Улуттук дем менен улуттук жигер айкалышса
5153

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×