Акыркы кезде коомчулукта кызуу талкуу жаратып жаткан өлкөнүн тышкы жана ички карыздары боюнча президент Садыр Нургожоевич Фейсбук баракчасы аркылуу элге кайрылып кеңири токтолду.
Президент кайрылуусунда 2020-2025-жылдар ичинде карызды төлөөгө жалпысынан 285,4 млрд сом кеткенин жана Кыргызстан мурда чогулган бардык карыздардан 2035-жылга чейин толук кутуларын айтып кетти.
Евразиялык экономикалык комиссиясы берген маалыматарга ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик карызы жыл ичинде 33,2 %га өскөн. Бул Евразиялык Экономикалык Биримдикке кирген өлкөлөрдүн ичинен эң жогорку көрсөткүч болуп саналат. Кыргызстандын учурдагы жалпы карызы 8,43 млрд доллар, анын ичинен тышкы карыз – 5,2 млрд доллар (62,5%), ички карыз – 3,1 млрд доллар (37,5%).
Буга байланыштуу мен бул тармакты жакындан билген экономист катары жарандарыбызга ушул маселени кененирек чечмелеп айта кетүүнү туура таптым.
Мамлекеттик карыздын кандайдыр бир сандык өлчөмү аркылуу анын экономикага алып келе турган оорчулугун билүү мүмкүн эмес. Мындай оорчулук мамлекеттин карызынын өлчөмүн мамлекеттин ички дүң продуктусунун өлчөмүнө салыштыруу жолу менен аныкталат. Эгерде карыздардын өсүү темпи ИДПнын өсүү темпинен төмөн болсо, анда карыз анча деле коркунуч туудурбайт. Экономиканын өсүшүнүн темпи жай болгон учурда гана мамлекеттик карыз оор макроэкономикалык көйгөйгө айланат.
Мурда мамлекеттик карыздын өлчөмү, ички дүң продуктунун өлчөмүнүн 68% дан 84% на чейин жеткен. Мен Жогорку Кенештин 5-чакырылышынын депутаты болуп турган кезде тышкы жана ички карыздын жол берилүүчү эң чоң өлчөмү ИДП өлчөмүнүн чегинен ашпоого тийиш. Ушуну менен бирге тышкы карыздын жол берилүүчү эң чоң өлчөмү ИДП өлчөмүнүн 60%нан ашпоого тийиштиги жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелеп, ишке киргизген элем.
Ошондуктан азыркы мезгилде кооптонууга эч кандай негиз жок. Анткени бүгүнкү күнү мамлекеттик карыздын ИДП га болгон катышы 42% ды түзөт.
Экономиканын өсүш темпи жогору. Алынган карыздар баары экономиканы өнүктүрүүгө жумшалып жатышы коркунуч түзбөйт.
Ал эми акыркы жылдарда Кыргызстан ички карыздарды алууга басым жасоодо. Мисалы, 2020-жылы мамлекеттик карыздын жалпы суммасы 407 млрд сом (тышкы карыз – 83,9%, ички карыз – 16,1% болсо), 2022-жылдын августунун аягында ички карыздын жалпы мамлекеттик карыздагы үлүшү 19,9 %ды түзгөн, ал эми 2023-жылдын январь айынын аягына – 31,62%ды түзгөн. 2025-жылдын 31-августуна карата мамлекеттик карыз 735,7 млрд сомду, анын ичинде тышкы карыз – 62,5%, ички карыз – 37,5%ды түзгөн (2025-жылдын сентябрь айынын аягына ички карыз – 40,3%).
Бул мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясына шайкеш келет, ал тышкы каржылоонун үлүшү барган сайын азайып баратканын көрсөтөт.
Ички карызды элдин коммерциялык банктарга салган депозиттери да түзөт. Депозитке салынган акчага баалуу кагаздар алынат. Баалуу кагаздар Финансы министрлигине түшкөн соң ал милдеттүү карыз болуп саналат.
2025-жылдын сентябрь айында Улуттук банктын маалыматтарына караганда, иштеп жаткан 21 коммерциялык банктын 16сы мамлекеттик баалуу кагаздарга 100,3 млрд сом инвестиция жумшаган. Атап айтканда, “Айыл банк” – 24,5 млрд сом, Мбанк – 3,5 млрд сом, “Керемет банк” – 1,9 млрд сом, “Демир банк” – 9,2 млрд инвестиция салышкан. Финансы министирлигинин маалыматы боюнча ички карыз 305,9 млрд сомду түзгөн. Ошентип банктар карыздын 32,8 % зын кармап турушууда.
Депозиттерди коргоо агентствосунун маалыматы боюнча 21 коммерциялык банктардын жана 3 микрофинансылык компанияларынын жалпы депозиттик базасы 815 млрд сомду түзөт. Ал эми депозиттерди коргоо фондунун каражаты 9 млрд 73 млн сомду түзөт. Анын ичинен 7 млрд 185 млн сом баалуу кагаздарга инвестицияланат.
2024-жылы мамлекеттик карыз 573 млрд сом болгон, анын ичинде тышкы карыз – 399 млрд сом, ички карыз – 174 млрд сом. Ал эми 2025-жылы карыз 761,6 млрд сомду түзгөн, анын ичинде тышкы карыз – 275 млрд, ички карыз – 305 млрд сом. Карыздын жалпы суммасынан коммерциялык банктар менен Депозиттерди коргоо агенттигинин баалуу кагаздарды алган 107 млрд сомун алып таштасак, мамлекеттик карыздын өсүшү болгону 14%ды гана түзөт.
Бүгүнкү күндөрү элдин депозитке салган акчалары да экономиканын өсүшүнө көмөк көрсөтүп жатат.