Добавить свою статью
14 Ноября 2025
Азык-түлүк коопсуздугунун ахвалы

Быйылкы жылы кургакчылык болуп суу жетишпей, түшүмдүүлүк былтыркыга караганда бир кыйла азайып кетти. Анын негизинде бизде азык-түлүк коопсуздугу жаралышы мүмкүн деген да пикирлер бар. Жыл татаал болсо дагы жашылча жана картөшкө менен элибизди толук камсыз кылабыз. Ал эми эгин боюнча ахвал татаал. Мисалы, республиканын нанга болгон муктаждыгын канааттандырыш үчүн жылына 1 миллион тоннадан буудай өндүрүшүбүз зарыл. Быйылкы жылы болсо 550 миң тонна гана буудайды чогултканы турабыз. Ошентип бул тармак боюнча азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч бар. Абалдан чыгыш үчүн керектелүүчү буудайдын жарымын Казакстан менен Орусиядан сатып келгенге аргасызбыз. Ошонун негизинде нан кымбаттап кетиши мүмкүн деген божомолдор бар. Кудай буюрса, нан менен эл камсыз болуп, буудай сырттан келсе дагы баа көтөрүлбөйт деген үмүттөмүн.

Кант кызылчасынын түшүмдүүлүгү былтыркыга караганда быйыл эки эсеге түшүп кетти. 2024-жылы бул баалуу өсүмдүкдүктүн түшүмү мол болуп, 120 миң тонна кумшекер өндүрүп алып кубанганбыз. Негизи, Кыргызстанда жылына 150 миң тонна өлчөмүндөгү кумшекер керектелет. Биз кумшекер менен өзүбүздү өзүбүз 80 пайызга камсыз кылдык деп сүйүнгөнбүз. Быйыл суу жетишпегендиктин айынан бар болгону 60 миң тонна гана кумшекер өндүрүлгөнү турат. Калганын сырттан алып келүүгө туура келет. Ошентип, тилекке каршы, быйылкы жылы кумшекер боюнча көйгөйлөр жаралып турган чагы.

Бизде Орто-Токой деген чоң суу сактагычыбыз бар. Ал жерде жыл сайын 470 млн кубометр суу топтолот. Совет доорунда бул көлөмдүн көпчүлүгү Сары Өзөн Чүйгө берилип, 40 миң гектар аянттагы кант кызылчасын суу менен толук камсыз кылчубуз. Быйыл болсо кызылча болгону 13,5 миң гектар жерге же болбосо мурдагыга караганда 3 эсе аз себилген. Ошого да суу жетпей, түшүм эки эсеге азайып кетти. Мындай орчундуу маселе боюнча суу ресурстары жана айыл чарба министрлиги терең ойлонушу керек. Мен эл аралык келишимдерге каршы эмесмин. Бирок, биринчи кезекте өзүбүздүн керектөөлөрүбүздү эске алып, анан артса, сууну башкаларга берсек туура болмок. Анткени, кайсы гана өлкө болбосун, а дегенде өзүнүн кызыкчылыгын көздөйт. Ресурстар ашып-ташып турса, анда коңшулар менен бөлүшөт.

Бизде абдан сапаттуу мөмө-жемиштерди өстүрүүгө ыңгайлуу шарттар бар. Башкасын айтпасам дагы, Ысык-Көл менен Баткенди мисалга келтирейин. Көлдө кандай гана сонун алма, алмурут, өрүк, кулпунай, карагат жана малина өсөт. Баткендин өрүгү сапаты боюнча дүйнөлүк стандартка туура келет. Кайра иштетүүчү ишканаларды тезирээк ишке киргизип, анан гана алынган түшүмдү сыртка чыгарсак, биздин дыйкандарга да жакшы, мамлекетке да пайдалуу болмок. Мына ушундай ишканалардын өтө аздыгынан өндүрүлгөн мөмө-жемиштин 40 пайызга чейинки көлөмү коромжуга учуроодо. Биз ушул жактан аябай аксап жатабыз. Баткендин мыкты өрүгүнүн пайдасын коңшу тажик туугандар эле көрүп жатышат. Чек ара ачылгандан кийин алар мөмөбүздү арзан баада сатып алып, анан аны кайра иштетип туруп сырткы мамлекеттерге, мисалы ошол эле Орусияга 5 эсе кымбат сатып жатышат. Мурда өндүрүлгөн жер-жемишти сактаган жана аны кайра иштеткен ишканалар бизде жетиштүү болуп, жок эле дегенде 35 пайызын иштетип, варенье, шире чыгарчубуз. Кургатчубуз. Ошентип чийкилей сатканга караганда бир жарым эсе көп киреше тапчубуз.

Министрлик ушул жагынан кол-кабыш кылып, дыйкандарыбызга жеңилдетилген насыя акча берип, мөмө-жемишти сыртка чыгара алсак, жакшы болмок. Кейигеним, фермерлер маңдай тери менен өндүрүп алган сапаттуу жер-жемишти коромжуга учуратып алып, керектөөбүздүн жарымынан көбүн чет мамлекеттерден сатып алганыбызда. Сырттан келген мөмө-жемиштер мөөнөтү өтүп кеткен, же болбосо жасалма болуп жатат. Андай азыктардын элибиздин ден соолугуна тийгизген зыянын аныктаган эч ким жок.

Өсүмдүк майы болбосо тамак-аш жасалбай калат. Доктур адистерибиз малдын майын көп жебегие, тамакка өсүмдүк майын колдонгула деп какшап эле жатышат. Кыргызстанда керектелүүчү өсүмдүк майынын 80 пайызы сырттан ташылып келет. 20 пайызын гана өзүбүз өндүрөбүз. Бул эми акылга сыйбаган иш да. Өсүмдүк майы кымбаттап кетти дебей күнкарама, зыгыр, сафлор, рапс, соянын аянтын 3-4 эсе көбөйтүп, өндүрүлгөн данын кайра иштетсек, бул маселе чечилет.

Картөшкөнү көп эле өндүрөбүз. Элибизди камсыздоого 600 миң тонна жетет. Биз болсо 1 миллион 200 миң тоннага чейин картөшкө өндүрөбүз. Бул үчүн дыйкандарга алкыш айтышыбыз керек. Бирок, ошого карабай алып сатарлар картөшкөнүн баасын жогорулатып жатышат. Буга антимонополия деген кызмат чара көрүшү зарыл. Алар аракет кылбай жатышат. Кыргызстанда өстүрүлгөн картөшкөнүн сапаты жогору болгонуна байланыштуу Өзбекстан аны бизден жакшы баа менен сатып алып жатат. Бул дыйкандар үчүн пайдалуу. Мээнети кайтат. Бирок, ошол эле ортомчулар картөшкөнүн баасын көтөрүп, шаардыктарга кыйынчылык жаралууда. Тийиштүү органдар бул маселеге кийгилишип, аны ыратташуу керек. Мына ошондо гана дыйкандарга дагы шарт түзүлөт, айдоо жери жок шаардыктардын дагы кызыкчылыгы эске алынат.

Кыргызстандан картөшкөнү убактылуу сыртка чыгарбоо жөнүндөгү Өкмөттүн токтомун мен жактырам. Анткени бул картөшкөнүн баасын туруктуу бир деңгээлде сактап турууга шарт түзөт. Баа саясатын колго алып, анан картөшкөнү өзүбүздө сактап, кайра иштетсек эле маселе оң жагына чечилет. Ал эми Кытайдан келген картөшкө кимдин бизнеси болсо да, укук коргоо органдары тыкыр иликтөөгө алышы зарыл. Биздин даамы өзгөчө картөшкөбүз турса, кытайлардын таттуу картөшкөсүн алып келгендерди жоопкерчиликке тартпасак болбой калды.

Эт маселесинде дагы олуттуу көйгөйлөр бар. Кой-эчкиге караганда кара мал менен жылкынын саны көбөйдү. Кой баккан майда жумуш экен деп көптөрү жылкы менен кара малга өтүп кетишти. Мунун эсебинен эт өндүрүү көбөйүп, керектөөбүз 80 пайыздан жогору камсыз болууда. Ошондой болсо дагы, малыбызды жайында жайлоого айдап жиберип эле туруп калбастан, аны бордоп семиртүүгө өтүшүбүз зарыл. Союз мезгилинде малды бордогон ири комплекстер бар болчу. Мисалы, Сокулукта 2000 баш кара малды семирткен атайын имарат куруп, суткасына ар бир уйдун салмагын 1 килограммга чейин өстүрө алганбыз. Тоют менен толук камсыз кылчубуз. Беденин кургак чөбүнөн сырткары силос, сенаж жана жем (арпа) берчүбүз. Жайында ысыктан, кышында сууктан сактачубуз. Мына ушунун эсебинен өзүбүздү гана эмес, Москва, Ленинграддай чоң шаарларды эт менен камсыз кылчубуз. Азыр андай жок. Болгон имараттардын баары талкаланып таланып кеткен. Малды бордоп семиртүү деген жок болду. Бул ыкманы кайра калыбына келтирсек эле, эт өндүрүү дагы көбөйөт.

Бирок эгерде эттин баасын жасалма кымбаттатып жаткан алып сатарларды кылмыш жазасына тартпасак, анда канча эт өндүрсөк да, баасы 900 сомдон төмөн болбойт. Анткени бул шылуундар ишкер же бизнесмен эмес. Алар чып-чылкый спекулянттар, карапайым элдин эсебинен оңой акча таап, обу жок байып жаткандар. Бул жөнүндө кечээ генерал Ташиев жакшы айтып, маселени кабыргасынан койду. Чындыгында эле, бул маселе жергиликтүү деңгээлде дээрлик көңүл сыртында калып жатат. Ушуга байланыштуу Камчыбек Кыдыршаевич район, облустардын жетекчилерин: «Базарларга чыккыла. Бааны өзүңөр текшерип, аны көзөмөлдөгүлө» деген катуу тапшырма берди. Бирок менин оюмча, бул дагы жетишсиз. Качан гана укук сактоо органдары (милиция, прокуратура, соттор жана атайын уюмдар) К. Ташиевдин жетекчилиги астында алып сатарларды колго эмес башка чапканда гана эттин баасы турукташат. Ойлоп көргүлөчү, эгерде эттин дүң баасы 450-500 сом болсо, базар эрежесине ылайык соода үстөгү 15 пайызынан ашпашы керек. Ал эми чындыгында эттин 1 килограммы 700-900 сомдун айланасында болуп жатпайбы. Ушул кантип болсун? Бул боюнча мамлекет катуу жана чечкиндүү кадамга барышы керек.

Эми кайра айыл чарба министрлигине келсек, Бакыт Төрөбаевдын бир эле учурда Өкмөт башчысынын орун басары жана суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жай министри болушу абдан туура болду. Президент Садыр Жапаровдун бул чечимин мен колдоймун. Анткен себеби, Союз учурунда Госагропром болуп турганда айыл чарбабыз гүлдөгөн. Госагропромдун төрагасы бир эле учурда өкмөт башчысынын биринчи орун басары болгон жана ал СССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган. Ыйгарым укуктары аябай чоң болгон. Ал жалгыз эле айыл чарбасын тейлебей, тийиштүү башка министрликтерге, облустардын жана райондордун жекетчилерине дагы тапшырма берүүгө акысы бар болчу. Мына ошонун негизинде маселелер тез чечилип, ишибиз алдыга жылган. Бакыт Төрөбаев дагы эки кызматты бир колго топтоп, жумушубуздун ийгиликтүү болушун камсыз кылууда. Эгерде мурда өзүбүздү өзүбүз 3 гана азык-түлүк менен (жашылча, картөшкө жана сүт) камсыз кылып келсек, азыр бул көрсөткүч 5-6га чейин көбөйдү. Ушул темп менен жүрүп отурсак, алдыдагы 5 жылда буудай, өсүмдүк майы, мөмө-жемиш жана жумуртка менен дагы элибиздин муктаждыгын толук канааттандырабыз деген ойдомун.

Бакыт Төрөбаевдин көңүлүн төмөнкүдөй маанилүү маселелерге бургум келет.

1. Президент Садыр Жапаровдун 2024-жылы чыгарган Буйругуна ылайык, өлкөдөгү майда-чүйдө, натыйжасыз 500 миңден көп дыйкан чарбаларын коопертивдерге ирилештирүү жана бул максатта жергиликтүү фермерлерди үстөгү төмөн, жеңилдетилген насыя акчалар менен камсыз кылуу. Башкача айтканда, аларды материалдык жактан кызыктыруу. Коопертивге өтөбүз деген дыйкандарды заманбап техника, сапаттуу үрөн, асыл-тукум мал, жер семирткечтери жана сугат суусу менен толук камсыз кылуу жана аларды 5-6 жылга салыктын баардык түрлөрүнөн бошотуп коюу. Коопертивдерде өндүрүлгөн азык-түлүктүн сакталышын, сатып алуусун жана экспортко чыгуусун камсыз кылуу.

2. Республика боюнча айыл чарба продукциясын кайра иштетүү деңгээлин 2030-жылга чейин 50 пайызга жеткирүү.

3. Колубузда болгон суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланып жана каналдарыбызды бетон менен жабуунун эсебинен айыл чарба өсүмдүктөрүн сугат суу менен камсыз кылып, талааларыбыздан мол жана туруктуу түшүм алуу.

Жамин Акималиев,

КР Улуттук илимдер академиясынын академиги,

айыл чарба илимдеринин доктору, профессор

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

10-12-2025
Личность Айтматова – как Вселенная (начало в статье от 10 декабря 2025 года)
260

10-12-2025
Чингиз Айтматов – классик мировой литературы (ко дню рождения великого кыргызского писателя)
618

02-12-2025
Прошедшие выборы – это торжество демократии или ее ущемление?
3544

07-11-2025
Иса Ахунбаев – совесть нации
2175

03-10-2025
«Чапаев» и Сталин
1027

17-09-2025
Штрихи из жизни Иосифа Сталина
1588

08-09-2025
Избрание Сталина Генсеком
1719

04-09-2025
Стихи Сталина (обзор печати)
1605

02-09-2025
История из истории
1739

31-08-2025
Прошлые подвиги не должны забываться
1761

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×