Чыңгыз Айтматов... Чыңгыз агай... Мен жыйырма сегиз жыл мурун Чыңгыз агай менен таанышып, өмүрдө сапарлаш болуп келдим. Бул мезгил арасында илимий, чыгармачылык жана турмуштук тыгыз байланышта болуп, өмүрдүн бактылуу күндөрүн өткөрдүм десем болот.
Али мектепте окуп жүргөндө Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы менен алгач таанышып, кийин студенттик күндөрдө дипломдук иш жазып, жан дүйнөм биротоло улуу жазуучунун чыгармаларына жуурулушуп кеткенин да билбей калдым. Ал кезде Чыңгыз Айтматовдун сүрөтүн басма сөз беттеринен, болбосо чогулуштарды чагылдырган теле берүүлөрдөн көрүп калаар элек.
Чыңгыз агайдын 50 жылдык мааракесин Ош педагогикалык университетинде иштеп жүргөндө телевизордон көрдүм. Опера-балет театрында ошол мезгилдеги СССРде эмгектенген мен-мендеген дөө-шаалар – адабият, маданият жана искусство ишмерлери жык-жыйма болуп отурушуп, биринен кийин экинчиси жылуу куттуктоо сөздөрдү арнап жатышты. Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары Турдакун Усубалиевич Чыңгыз агайдын төшүнө Алтын Жылдыз – «Социалисттик Эмгектин Баатыры» деген наамды такты. Дүркүрөгөн кол чабуулар залды жарып жиберди. Ошондо мен да опера-балетте жүргөнсүп, телевизордун жанында тура калып кол чаап турдум. Ичимен «Чыңгыз Айтматов менен жолуксам» деп тилек кылдым. Ал мезгилде «Социалисттик Эмгектин Баатыры» деген наамды 50 жашында алган бир да советтик жазуучу жок эле. Бул наамга башка улуттун, жада калса улуу орус элинин өкүлү эмес, кыргыз элинин уулу татыктуу болушу сыймыктандырып турду. Чыңгыз Айтматов 35 жашында 1963-жылы Лениндик сыйлыктын, 40 жашында 1968-жылы СССР Мамлекеттик сыйлыктын, 50 жашында 1978-жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры деген Советтер Союзундагы эң бир абройлуу, эң бир бийик сыйлыктарга ээ болуп, аны багындырып, чыгармачылыктын туу чокусуна чыкты. Мындайда айрым бирөөлөр атак-даңкына «мас» болуп, аны көтөрө албай кадыр-баркын жоготуп, төмөн түшүрүп алышы турмуштук көрүнүш эле. Бирок Чыңгыз Айтматов укмуштай атак-даңкты өтө жоопкерчилик менен, өтө сабырдуулук менен, өтө токтоолук менен көтөрө билди. Бул жагынан да эң үлгүлүү өрнөк көрсөттү. Кайра тынбай изденип, чыгармачылык машакатты баштан кечирди. Анын чыгармачылыгы канаттуу куштай улам жаңы бийиктерге карай багыт ала берди. Чыңгыз Айтматовдун ойлору, изденүүлөрү, ички сезими, аңгеме менен повестке батпай, роман жанрын өздөштүрүүгө түрттү. Адабиятчылар Ч.Айтматовдун көп пландуу, көп катмарлуу, терең романдарынын сырын ачып берүүгө умтулушту. Жазуучунун ар бир чыгармасы жаркыраган адабий жылдыз болуп жанып турду. Бирок, бирок... Айтматовдун жылдызы ичи тар айрымдарга жакпады. Кол менен күндү калкалоого болбогон өңдүү – Айтматовдун адабий жылдызы дүйнөнүн төрт бурчуна чачырап туруп алды. Айтматовсуз дүйнө адабиятын, дүйнө адабиятын Айтматовсуз элестетүүгө мүмкүн болбой калды. Чыңгыз агайдын таланты гана эмес, жан дүйнөсүнүн сулуулугу, жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги, абийирдүүлүгү, Айкөлдүгү, кенендиги, кең пейилдиги, тазалыгы... да анын дүйнөлүк аброй күтүшүнө зор роль ойноду. Мына ушулардын бардыгы – ата-бабалардын касиеттүү, ыйык каада-салттары, психологиясы, философиясы, жүрүм-туруму, кулк-мүнөзү Чыңгыз Айтматовдун жан дүйнөсүндө бала кезинен жыйналган, топтолгон. «Манас» эпосу болсо анын чыгармачылык булагы, чыгармачылык энергиясы. Кан-жанына бала кезден Айымкан чоң апасынын жомоктору, кыргыз макал-лакаптары, элдик эпостор менен поэмалар, анан чоң «Манас» эпосу сиңген чыгармачылык Жан дүйнөдөн, турмуштун азап-тозогунан, бороон-чапкынынан ийилбей башын өйдө көтөрүп өткөн Өмүрдөн сөзсүз дүйнөлүк маанидеги жазуучу, дүйнөлүк маанидеги коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун чыгышын шарттаган. Ошондуктан, Чыңгыз агай дүйнөлүк жүктү көтөрүп, дүйнөлүк бакытка ээ болду.
Дүйнөлүк кадыр-барк тер агызган чыгармачылыктан жаралып отурат. Дүйнөдөгү 170тен ашык тилдерге которулуп, миллиондогон нускаларда жарык көрүп, эң башкысы окурмандарды Адамдыкка, Абийирге, Адамгерчиликке, Акыйкаттыкка чакырып, Жакшылыктын үрөнүн себүү бакыт эмей эмне?!.
«Манас» эпосу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк космоско чыгышынын старттык аянтчасы деп бекеринен айтып аткан жокпуз. Жазуучу эпосту угуп гана тим болгон жок, ал студенттик мезгилде эле «Манас» эпосунун орус тилине которулушунун план-проектисин иштеп чыккан. Кийин реакциячыл делген Сагымбай Орозбаковдун вариантынын чыгышынын башкы редактору катары партиялык-советтик идеология мезгилинде коркпой-үркпөй бүт жоопкерчиликти мойнуна алган. Ал эми Саякбай Каралаев менен жанаша жашап, жанаша жүрүп, «Манас» эпосу менен биротоло жуурулушуп кеткен. «Манастагы» жакшы касиеттердин бардыгын Чыңгыз агайдан табууга болот. Ошондуктан, биз кээде Чыңгыз агайды бүгүнкү күндүн Манасы деп баа бергенде үстүртөдөн, сырткы көрүнүштөрдөн улам эмес, эң биринчи жазуучунун ички дүйнөсү менен Манастын далма-дал келишинен жыйынтык чыгарышыбыз керек.
Манаска да жакшы эстелик коё албай бушайманбыз, Айтматовго да эстелик коюу маселесине келгенде тарткынчыктап турабыз. Эстеликти ким коюшу керек?! Ушул суроо коомчулуктун бүйүрүн кызытып келет. Менин пикиримде, бири-бирине маселени түртө бербей, үй-бүлөсү да, коомчулук да жана мамлекет да бирдей кол кабыш кылышса эстелик Чыңгыз агайдын үстүбүздөгү – 2011-жылдагы туулган күнү – 12-декабрда туруп калышы керек. Бул маселени тезирээк чечүү жана келечекте Айтматов боюнча түбөлүктү системалуу иш алып баруу үчүн «Айтматов мамлекеттик дирекциясы» түзүлүшү зарыл. Айтматовго байланышкан маселелер бир күндүк эмес, Манас да, Айтматов да кыргыз эли, дүйнө эли менен бирдикте, түбөлүктүү. Бүгүнкү күнгө чейин мен «Манас» дирекциясынын жоюлушуна капа болуп келем. «Манас» дирекциясы да керек. Канчалаган дирекциялар түзүлүп жатат. «Манас», «Айтматов дирекциясына» мамлекеттик статус берип койсо эле коомчулук өзү колдоп кетет.
Тилегим орундалып, Чыңгыз агай менен жолукмак тургай туз-даамдаш болуп калдык... үч жылдан бери Чыңгыз агайды жоктоп, Жан дүйнөм бозоруп, бошоп, элесин эскерип келем. Бекеринен «Айтматов бар Аалам толук көрүнчү» деп жазып, жыйырма төрт ыр-поэмаларымды арнабасам керек.
Балким, деген ой кетет, эгерде Чыңгыз агайдын арбагын сыйлаганда июнь окуясы чыкпайт беле деп. 10-июнда Айтматов каза болуп, 10-июнда Ош окуясы чыгып жатат. «Өлгөндөр баркталмайынча, тирүүлөр даңкталбайт» эмеспи...
Профессор, академик Абдылдажан Акматалиев