Добавить свою статью
14 Ноября 2025
«Манас», Сагымбай, Айтматов жана ааламды түйшөлткөн эмбрион

Улуу эпосубуз “Манас” менен Айтматовдун байланышы жөнүндө бир топ макалаларды жазып келебиз. Жазуучунун Сагымбай Орозбаков айткан “Манас” эпосунун вариантынын чыгышына демилге кылып, баш редактор болуп, баш сөз жазып, Саякбай Каралаевдин өзүнө жана чыгармачылыгына бир топ макалаларды арнап, урматтап-сыйлап келгендигин жакшы билебиз. “Манасты” укканда ыйлабаган кыргыз жок” деп, не бир кереметтүү, бийик пафостуу жалындаган сөздөрдү арнап, чет өлкөгө барганда “Манас” – менин чыгармачылык паспортум” деп көлөмү, мазмуну, көркөмдүгү жагынан кыргыздардын эпосу “эң сейрек кездешкен дүйнөлүк поэтиканын эстеликтеринин үлгүлөрүнө жатарын” сыймыктана жар салып келгендигин дүйнөлүк коомчулук ырастайт. Ал гана эмес чыгармаларында да эпоско кайрылып, айтайын деген оригиналдуу идеяларына эпостон тамызгы алып, чыгарылчу жыйынтыктарын эпостун эстетикалык идеалдарынын жалындуу табы менен чыңап, ширетип, уңгулуу сөздүн учугун улап, чеберчиликтин мыкты үлгүлөрүн жаратканы айтпаса да түшүнүктүү. “Кылым карытар бир күн” романы да шири темасынын тегерегинде “Манаска” барып байланат. “Маңкурт” жөнүндө көп айтылды, көп жазылды.

Мен Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан, макалаларынан, маектеринен, сүйлөгөн сөздөрүнөн алып “Манас” – эпос-океан” деген китепти “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын өткөрүү мезгилинде түзүп, чыгарган элем. Андан бери жыйырма жыл өттү. Айтматовдун Сагымбай Орозбаковдун вариантына жазган баш сөзүнө 30 жылдан ашык убакыт болуптур. Орозбаковго байланыштуу энциклопедия боюнча Айтматов жөнүндө ойлонуп отуруп, алардын ортолорунан дагы бир параллелдүүлүктү таптым. Бекеринен Сагымбай Орозбаковдун вариантына редактор болгон Чыңгыз Айтматов дал “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде (совет учурунда эле Айтматов 1000 жылдыкты өткөрүүнүн демилгечиси болгон) “Кассандра тамгасы” романын кызуу иштеп жаткан учуру болчу. 

“Кассандра тамгасын” жазуу Айтматов үчүн чыгармачылык жактан өтө татаал, өтө кыйын болгондугун мага автордун өзү моюндаганы эсимде: “Ар бир чыгарманы жазуу кыйын, бирок бул жаңы романымды жазганда күнүнө болгону беш-алты эле сүйлөм жазып жатам. Роман мурдагы чыгармаларыма таптакыр окшошпойт. Батышка баргандан кийин чыгармачылыгыма таптакыр башкача көз караш менен карап калдым” – деген эле. Чынында эле чыгарма мазмуну, камтыган окуясы, масштабы, стили, образдар системасы, ж.б. жагынан биз күтпөгөндөй таптакыр башкача болуп, атайын даярдыгы болбогон окурмандар Ч.Айтматовдун бул романын мурдагыдай кабыл ала албай, көпчүлүгү окубай калышканы да белгилүү. Ал эми чыгарманы терең философиялык маанисин түшүнгөн япон ойчулу Дайсаку Икеда сыяктуулар Айтматов романында жаңы темага – эмбрион темасына кайрылып, көркөм адабиятта чоң ачылыш жасады деп белгилешти. 2000-жылы Японияга барганымда Дайсаку Икеда мени менен болгон маегинде дал ушул пикирди билдирген эле. 

Чыңгыз Айтматовдун көркөм ачылышы эмнеде?! Эмне үчүн жазуучу бул чыгармасында али жарык дүйнөгө келе элек эмбрионго кайрылып теманын негизги “каарманы” кылып түйүлдүктү алды?! Ойдун өзөгү кайда жатат? Жогоруда айткандай кассандра-эмбрион темасына “Манас” эпосунун тиешеси барбы? Элибиздин миңдеген жылдык тарых, тажрыйбасын камтыган, энциклопедиялык мазмундагы көп катмарлуу көркөм мурасыбызда ушул эмбрион темасына байланыштуу маселе камтылды беле?!

Мына ушул суроолордун айланасында ой жүгүртсөк, сюжеттик байланышты тапсак болот экен. Эпос менен бүгүнкү күндүн ааламдык проблемасын Ч.Айтматов байланыштырууда эң чебер көркөм устат экендигин жакшы билебиз. Эгерде “Гүлсарат” повестинде “Кожожаш” эпосу менен “Карагул ботом” поэмасын башкы каармандын жан дүйнөсүн ачып берүүгө колдонсо, Бугу, Кайып кыз жөнүндө миф, легенда, уламыштарынын көркөм функциясын кеңейтип, бүгүнкү коомдук турмуш менен синтездесе, “Манас” эпосундагы бир көркөм окуядан, же эки-үч саптан ааламдык жаңы идеяны ойлоп таап, ааламдык проблеманы коюп отурат. 

Эненин курсагында түйүлдүк болуп жатканда эле Манастын өткүр болушу билинет эмеспи:

Өлөңдүү жерге өрт коём,

Туулаңдуу жерге тутантам.

Кара сууга кан куям,

Кабар берди кабардан – делет эпосто.

 Ошону менен бирге Умай эне менен түйүлдүк-эмбриондун ортосундагы сүйлөшүү көрүнүшүндө анын келечек тагдырына болгон “тынчсыздануусу”, “түйшөлүүсү” жатат. Умай эне гана ага келечегинин кеңдигин айтып, ынандырат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында мындай саптар менен берилет: 

Умай эне бериште

Урду келип баланы,

Урганына чыдабай

Үжүддү көздөй барганы.

“Ак амири, чык! – деди,

Айтканымды ук!” – деди.

Анда бала муну айтат:

“Ыгы менен айда – деп,

Ырыскым менин кайда? – деп.

Ылдамдап сууруп айда – деп,

Тар курсакка талашып,

Таппайсың мындан пайда – деп,

Талаага сыйбайт ырыскың

Барсаң, жалган жайда!” – деп. 

 Түйүлдүк-эмбриондун көрүнүшү башка манасчыларда да кездешет. Мисалы:

Шапак Рысмендеевдин вариантында:

Умай эне келгени,

Шапалактап куйрукка,

Чапкылап эми киргени.

Анда бала кеп айтат:

“Сен айдаган жалган жай,

Барбаймын анда” – деп айтат.

Кайтарып Умай кеп айтат:

“Ырыскың жалган жайда – деп,

Тар курсакка тыгылып,

Таппайсың мындан пайда – деп,

Ырыскың чөптөн көп болот,

Сен барчу ошол жалган жай,

Ар кылган ишиң төп болот!”.

Тоголок Молдонун вариантында:

Умай эне байбиче келип калды,

Ужутка чык – деп,

Алданын амирин ук – деп.

Анда бала кеп айтат

Мен чыгайын,

Сөзүңдү угайын,

Мени тургузбай айда.

Менин ырыскым кайда?

Баланы уруп кирди.

Умай энени урдурган

Улук кудай сенин

Ырыскыңа жалган жайда,

Чык ылдам,

Тар курсакты талашып,

Таппайсың мындан пайда.

Сенин ырысың талаага сыйбайт.

Барсаң

Жалган дүйнө деген жайга” – 

Деп балага мубакул болгон

Бериштелер баланы сүрүп

Айдап салды.

 Демек, манасчылар бир эле мааниде баланын жарык дүйнөгө келүүсү жөнүндө “ойлонушун” беришет. Бул үч манасчынын ортосунда чыгармачылык байланышты көрөбүз. Шапак Рысмендеев менен Тоголок Молдого текст менен караганда Сагымбай Орозбаков таасир бергендей. 

“Манас” эпосунда Алмамбеттин образы эң татаал, талаштуу образдардан. Анан энесинин курсагында жатканда эле жарык дүйнөгө келүүгө каршы болушу эмнеден кабар берет?!

Мындай саптар бар: 

Чык! – деп, кирди бериште,

Ынабады баласы

Жалган жайга келишке:

“Жаш чыгамын каргандан,

Ач өлөмүн – деп, ойлойм

Жалган жайга баргандан

Ыгы менен айда деп

Ырыскым менин кайда? – деп

Жаман жасап жан кылган

Жалгандан таппайм пайда – деп,

Жаннат бекен, тозокпу,

Жайым менин кайда? – деп,

Өлүп түшсөм экемин

Өрттөнгөн жалган жайга” – деп. 

Көрсө Алмамбет жарыкка келе турган чөйрөнсүн курсакта жатканда эле кабыл албайт. Ал өзүнүн келечектеги турмуш тагдырын туюп, сезип жатат. 

Ч.Айтматов: “...манасчыдан угуп отуруп же жазылып алынган кол жазмадан окуп отуруп, ар бир сүрөттөө өз ордунда экенин көрүп, ар бир сүрөттөөнүн өзүнчө көркөмдүк системасы, көркөмдүк максаты бар экенин сезип, элдик көркөмдүк фантазиясына таң калбай койбойбуз” деп айткандай, каарман төрөлө элек жатып эле ал келип кошулчу чөйрө, коом анын келечектеги жашоо принциптерине карама-каршы келип, өз эли, өз мекени үчүн жат, өгөй болуп, өз элинин безарманы, чыккынчысы болуу оор тагдыры маңдайына жазылганын сезип, “өлүп түшүүнү” артык көрөт.

Мына ушул көрүнүштү Чыңгыз Айтматов таптакыр башкача өңүттөн карап жатат. Эгерде Сагымбайдагы эмбрион Алмамбет алгач сырт дүйнөдөгү зордук-зомбулук, адилетсиз дүйнө менен келише албаган менен кийин алган багыты, аздектеген чөйрөсү Манас дүйнөсү болгондуктан образдын касиетине ээ болсо, Айтматовдун эмбриону дүйнөгө келсе жакшы коомго, жакшы адамдардын жашоосуна бүлүк салаарын эскертип жатат!

“Эгер эрк өзүмдө болсо, мен туулбай коюуну артык көрөр элем. Силердин сурооңорго жооп кылып, мен белги берем, силер андан мени, менин жакындарымды да, келечекте тагдырдын оор жазмышы, бөөдө кырсык күтүп турарын чечмелеп биле аласыңар. Эгер силер ал белгилерди чечмелей ала турган болсоңор, анда билип алгыла, мен кассандро-эмбрион, эч кимге артык жүк болбой, туулбай туруп, туна чөгүүнү артык көрөм. Силер сурадыңар – мен жооп бердим. Менин жашагым келбейт. Бирок менин эркиме койбой, жарык дүйнөгө келүүгө мажбур болсом, анда мен, бардык эле адамдардай, маңдайыма кандай тагдыр жазылса, аны дал ошондой кабыл алам. Эмне кылуу керек – аны өзүңөр чечкиле, барыдан мурда мени боюна бүтүрткөн энем чечсин. Ага чейин менин айтканымды угууга жана түшүнүүгө аракет кылгыла. Мен – кассандро-эмбрионмун! Менден кутулуу али кеч эмес, мен ага даярмын. Мен, кассандро-эмбрион, туулгум келбейт, келбейт, келбейт... Мен – кассандро-эмбрионмун!” 

Ата-энеси эмне кылуу керек?! Туулса өмүр бою азабын тартат, туулбаса өзүнүн канынан жаралган баланы өзү кантип кыят?! Мына ушул жеке адамдык турмуштан Айтматов аалам проблемасын көрүп отурат. Дүйнөнүн төрт бурчун терс эмбриондор каптап, көбөйүп бара жатат. Себеби глобализация учурундагы жамандыктын, тескери теориянын масштабы да глобалдуу. Гитлер-Сталиндик коомдун таасиринен жана ага чейинки терс энергетикалуу көрүнүштөрдөн адамзат канында, генинде топтолуп, көбөйүп келе жаткан эсхотологиялык комплекс президенттикке талапкерлигин коюп жаткан азезил Оливер Ордоктун заманында дагы көбөйбөсө кемибейт. Ошол үчүн алар Алмамбет-Манастын заманына караганда алда канча агрессивдүү, коркунучтуу. Алмамбет Манастын чөйрөсүнө барып жабыккан көңүлүнө жай тапса, XXI кылымдын компьютербаш кассандро-эмбриондору кайсы баалуулук, кайсы ыйыктардын алдында тизе бүгүп, жан дүйнөсүн тазартып, агартуунун айныгыс жолуна түшсө болот?!... Айтматов көркөм микроскоп аркылуу эпостон аалам маселесин көрүп, эпос калыптангандан 10 кылымдан кийин адамзат жашоосунун проблемасын ХХІ кылымдын босогосунда жаңыдан жаңыртты. Жаңыртканда да жер жүзүнө келе турган келечектеги адамдарды алыскы Космостон нур жиберип, кимдин ким экендигин таанып, коңгуроо кагып отурат. Космос – бул адамдын үчүнчү көзү сыяктуу. 

“Болочок эне ойлобой кое албас кыйынчылыктар мына булар: 

ачарчылык,

трущобдор,

оору-сыркоолор, алардын ичинде СПИД бар,

согуштар,

экономикалык кризистер,

социалдык толкундар,

кылмыштуулук,

сойкулук,

баңгилик жана банги,

этника аралык сабаш, расизм,

экологиялык, энергетикалык катастрофалар,

ядролук сыноолор,

кара тешиктер ж.б. ж.б.

Ушунун баары колдун иши, ушунун баарын адам өзү жараткан. Адам башына түшкөн кырсыктардын масштабдары муундан муунга көбөйүүдө. Мына ошонун баарына өзүбүз катышып келебиз. Көз ачыктык бизди жар башына токтотту, Кассандра тамгасы аркылуу өзү жөнүндө билдирүүдө...”

Демек, Айтматовдун эмбриону тар, жекелик мааниде эмес, кеңири, масштабдуу жана терең мааниде! Коом жазуучу коюп жаткан проблема боюнча терс эмбриондордон кантип тазаланыш керек?! Акыр замандын жат идеологиясынын кара булут сыяктуу коомдогу жакшылыктарды, адилеттиктерди, адамгерчиликтерди, боорукерликтерди сүрүп чыгып баратышына ким, кандай күч тоскоолдук кыла алат?! Полицай эне эртең мафиозник баласы менен күрөшүп калабы?! Адам баласы өз ара, мамлекеттер бири-бирине коркунуч келтирбей, карама-каршылыксыз, кагылушуусуз, кандуу согушсуз жашай алышпайбы?! Адам эмне үчүн туулат?! Ата-эненин балалуу болууда максаты барбы, же аял-эркектик биологиялык милдетти аткаргандыктан чыккан жыйынтык катары көрүшөбү?! Ким күнөөлүү, ата-энесиби, же коомбу, адамдардын ашкере манчыркап кетишине мүмкүнчүлүк түзгөн илимий-техникалык прогресспи?!

“Манас” эпосу, С.Орозбаковдун варианты Ч.Айтматовду дал ушундай өз алдынча ааламдык масштабдагы философиялык ой жүгүртүүлөргө, идеяларга түрткү берген окшойт. Айтматов тапкан эмбрион ааламды түйшөлтүп келет. “Манас” эпосу менен Ч.Айтматовдун кездешүү чекити (балким, жазуучунун ою эпос менен дал келишүүсү кокустук да болушу мүмкүн) – эмбрион, түйүлдүк. 

Айтматовдук кассандро-эмбрион заманына жараша бүткүл адамзаттык курч проблема. “Кассандро-эмбриондун ички туюму өтө курч, доорду алдын ала сезүүсү бөтөнчө. Ошондуктан анын импульстарын баамдап түшүнүү – бул баарыдан мурда биз тышта жана ичибизде баш-аламан куруп алган дүйнөнү биз өзүбүз баамдап-түшүнүү үчүн себеп. Бул жагынан алганда Кассандра тамгасы, мүмкүн, чындыктын маңызына жаңыдан сүңгүүгө, мурда биз жетүүгө мүмкүн болбогон нерсени талдоого түрткү катары Жараткандын эрки менен болгон ачылыштыр.”

Ч.Айтматов романын мындан туптуура жыйырма жыл мурун жазып чыгарган. Ал мезгилде жазуучунун фантазиясынан жаралган терс эмбрион маселеси менен каршы күрөшүү, тоскоол болуу мүмкүнчүлүгү жеңилирээктей сезилсе, мына жыйырма жылдын ичинде терс түйүлдүктөр реалдуулукка айланып баратканын көрүп жатабыз. Уят-сыйыт, абийир, адамгерчилик, боорукерлик ж.б. сезимдер пассивдешип, тескерисинче, уятсыздык, алдамчылык, пайдакечтик, таш боорлук, өзүмчүлдүк, кайдыгерлик ж.б. терс көрүнүштөр үстөмөн абалга ээ болуп баратат. Бүгүнкү күнү Айтматовдун олуялыгы далилденип жатат. Ал көзү ачыктык кылып азыркы заманды көрө билген. Эмне деген жүрөктү титиреткен окуялар Кыргызстанда эле болуп жатат. Аң-сезимдин бузулушу адам баласынын руханий кыйроосуна алып келүүдө. Кеп саясий, экономикалык кризисте эмес, эң башкысы руханий кризиске учурагандыкта. Айтматовдун чыгармасын жалаң гана көркөм чыгарма катары кароо туура эмес!

Мына ушул терс эмбриондор жана лабороториядан жасалма түрдө өнүп-өсүп чыккан иксроддор менен маңкурттардын ортосунда кандайдыр жалпылык жаткандай. Ал жалпылык – коомдун таза, туруктуу, толук жана аң-сезимдүү мүчөлүү боло албагандыгы. Коомдун өнүгүшү таза пейилдүү, ак ниет, өз жашоосун гана эмес, мамлекетти, келечекти ойлогон адамдарга байланыштуу эмеспи! Мындай адамдарды Чыңгыз Айтматов “дүйнөнүн түркүгү” деп атап, көркөм үлгү катары Эдигей каарманын сүрөттөгөн. Жазуучунун Эдигей, Танабай, Бостон жана Борк сыяктуу оң каармандары терс эмбриондордун продуктусу болуп саналган – Таңсыкбаев, Сабитжан, Сегизбаев, Базарбай, Ордок сыяктуу терс каармандарды коомдон сүрүп, кууп таштоого күрөшкө катышат, керек болсо өзүнүн гана абийири, ар-намысы үчүн гана эмес, коомдун, келечектин тазалыгы үчүн бүт жоопкерчиликти өздөрүнүн моюндарына алышып, алар менен бетме-бет чыгуудан тартынышпайт. Демек, Ч.Айтматовдун чыгармачылыгында бул тема бир эле чыгармасында капысынан пайда боло калбаптыр, тема калемгердин бүт чыгармачылыгынын мазмунунда кызыл сызык сымал аралап өтөт экен. 

Чындыгында Айтматовдун ой жүгүртүүсүндө эпикалык масштабдуулук өкүм сүрөт. Анын мейли чыгармаларында болсун, мейли сүйлөгөн сөздөрүндө болсун, коюлган проблеманы камтуу, анализдөө жагынан мезгил, мейкиндиктин чеги кеңири. Ал гана эмес коомдук практикалык иштери да, мисалы, жаңыча ой жүгүртүүгө салым кошкон “Ысык-Көл форуму” дүйнөлүк масштабдуулуктун бир күбөсү. “Ысык-Көл форумун” жалпылап алганда “Манастагы” “Көкөтөйдүн ашынын” жаңы формасы катары кароого да болот. Ооба, экөө эки башка нерсе, бирок ошол мезгилдеги эл, урууларды Манас жыйнаса, ХХ кылымдын аягында – он кылымдан кийин Айтматов да дүйнөлүк чыгармачыл инсандарды чакырып, ааламдык маселелерди талкуулап, жаңыча ойлонууга идеяларды жаңыртты. Айтматовдун эпикалык масштабдуулугунун түпкү өзөгү, албетте, “Манас” эпосунда жатат. Ошондуктанбы, мен “Манас” менен Айтматовду, Манастын образы менен Чыңгыз аганын образын бири-биринен ажыратып карай албайм. Мен үчүн дайыма экөө бир.

Профессор, академик Абдылдажан Акматалиев

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

18-11-2025
Арслан Койчиевдин мистикасы жана реализми
1382

14-11-2025
Айтматов бүгүнкү күндүн Манасы беле?..
1261

14-11-2025
Айкөл Манас жана Айкөл Айтматов
1196

04-11-2025
“Айтматов бүгүнкү күндүн Манасы беле?.. (3-макала)
806

20-08-2025
Султан Раевдин адабияттагы тополоңу...
2854

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×