Мындан эки жыл мурда С. Жапаровдун 2015-жылы басмадан чыккан «Саясаттагы он жыл» аттуу чакан китеби кокусунан колума тийип калды. Окуп көрүп таң калдым: маанай-маңы жагынан бул китеп атактуу чех баатыры-антифашист Юлиус Фучиктин нацисттик Германиянын түрмөсүндө жатып жазган «Дарга асылар алдындагы сөз» («Репортаж с петлей на шее») деген китебине абдан окшош экен. Бүткүл Европаны нацизмдин кара тумоосу чылк каптап турган ошол кандуу жана касиреттүү заманда чех калемгеринин аталган китеби чындык жана адилеттик үчүн тайманбаган күрөштүн символу болгон. С. Жапаровдун китебин окуп олтуруп, саясаттагы ошол биринчи он жыл анын «мойнундагы сыйыртмак» болгонуна ынанасың. Дал ошол жылдары ал бийликтер менен болгон адилетсиз саясий күрөштүн алгачкы катаал сабактарын алды, достордун арамзалыгы менен саткындыгын көрдү, чет жакта бозгун болуп жүрдү, СИЗОдо жана түрмөдө отурду. Бул жылдары бюрократиялык-олигархиялык бийлик, элитанын жогорку эшелонундагы коррупцияланган аткаминерлер катмары анын чындык жана адилеттик үчүн чыркыраган үнүн тепсеп-тебелеп турду. Жаркын үмүттөрүнөн терең көңүлү калган жаш саясаткер бийликтегилердин кесипкерлик чалагайымдыгынан, моралдык ыпыластыгынан өлкөнү баш аламандык басып, чакчелекейи чыгып, каркап коррупция каптап, эл чарбасы талкаланып, таланганын көрдү. Өзгөчө алардын мамлекеттик менчикти бөлчөктөп бөлүп, таламайга салган көк мелтей бетпактыгы чыдагыс абалга жетти. Мамлекет өз субъективдүүлүгүнөн ыкчам айрыла баштады жана жок болуу коркунучуна келип кептелди.
Жалпы тарыхый аңытта көз карандысыз жаңы мамлекеттердин жаралуу доору СССР тарагандан кийин башталды, алар улуттук-мамлекеттик эгемендикке ээ болушту. Жаңы мамлекеттердин өнүгүү процесси, арийне, ар кайсы республикада ар түрдүү жолдор менен жүрдү. Кыргызстанда, маселен, жаңы эле жетишкен улуттук-мамлекеттик эгемендик таң каларлык түрдө трансформацияланды. Мамлекеттин уук-керегеси белгилүү өлчөмдө демократиялык түспөлдө тикеленди, а бирок борбордогу жана жер-жерлердеги практикалык бийлик чиновникчил-олигархиячыл мүнөздө калыптанды, эски командалык-административдик түзүлүш түн өзүнчө эле бир жаңыланган түрү болуп калды. Дүй нөлүк саясий илимде мындай системаларды демократура* деп аташат. Анын тушунда Кыргызстандын өнүгүшүндөгү анык демократиялык мазмун жоголду, Компартияны же кебийлеген озуйпадан оолактатып салышты, бирок анын ордуна олигархиялык-бюрократиялык бийлик келди, анын күлдү бийликчил арааны укмуштай ачылды. Эски жана жаңы бюрократия бачым тил табышты, демократиялык процедураларга амалкөйлүк менен оңтойлошуп алып, аларды элге каршы экономикалык террордун чүмбөтү кылып пайдаланышты. Анан калса эч ким эчтеме үчүн жооп берген жок. Айрыкча мамлекет башчылары орто кылымдардагы хандардан бетер өздө рүнүн жарлыктары жана буйруктары менен гана башкарып турушту, ал эми көкөйгө тийген курч проблемаларды чечүүнү премьер-министрлерге жүктөп коюшту. Тегин жерден өлкөдө эгемендик жыл дары 30дан ашуун өкмөт башчысы, эсеп жеткис министрлер алмашкан жок.
«Мамлекеттин жана элдин тагдыры үчүн бүткүл жоопкерчиликти жеке өзүмө алам», – деп жарыялады С. Жапаров Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришип жатып. Ыйык анттай айтылган бул сөздөр элдин эсинде жана жүрөгүндө кыттай уюп калды. Муну айтып жатып, ал каркап коррупцияны жоюу жана олигархиялык-бюрократиялык бийликти өзгөртүү бүгүнкү күндөгү стратегиялык проблема экенин эске алган. Ал эми оперативдүү тактикалык милдеттер алдыда турган иштердин деңгээли менен кадрлардагы практикалык башкаруу жөндөмүнүн деңгээлине шайкеш келбегенине байланыштуу болчу. Башкара билгендер же бизнесте эле, же алар архаикалык моделдин мыяткерлери эле. Стратегиялык түшүнүгү жана башкаруучулук эрки барлар болсо практикалык тажрыйбага чукак эле.
Мына ушул себептен улам С. Жапаров президенттик кызматтагы ишин кадрлардын форматын өзгөртүүдөн баштады. Эмнеге дегенде идеологиялык жактан мамлекеттин жана коом дун азыркы заманга ылайык моделин мөлчөр туткан кадрлар, уңгулаш санаалаштар ашкере маанилүү эле. Мунсуз бирдеме кылуу мүмкүн эмес болчу. Мыйзамдарга түккө турбас түзөтүүлөрдү киргизе бергенден пайда жоктугуна бир министрди он ирет ынантып, же, тескерисинче, экинчисин кайра-кайра тартипти сактоого чакырып, убактысын коротуп отурган жок. Кадрларга так кесер талап койду: «Тү шүнбөйсүңөрбү, жаңыча иштегиңер келбейби – бошсуңар, кеткиле. Оппозицияга баргыла, тарапташтарды тапкыла, ишендиргиле аларды, бийлик үчүн күрөшкүлө». Бул, демекчи, бийликтеги элита, бери дегенде анын бөлүгү, жалпы баалуулуктарды, баарын болбосо да негизгилерин, фундаменталдууларын эш тутушу керек дегендик.
Биринчиси жана эң башкысы: элита компрадорлук мүнөздө болбошу керек, анын негизги, турмуштук кызыкчылыктарын Кыргызстан менен тутумдаш кылуу зарыл.
Экинчи: элитанын керектөөсү демонстративдүү болбош керек, ал өзү менен калган коомчулук ортосуна көз күйгүзгөн «материалдык» бийик тоскун түзүп албашы зарыл.
Үчүнчү: элита өз аракетин жалпы жыргалчылыкка жетүү мүдөөсү менен аныктаганга милдеткер. Жекелик, кландык, тайпалык кызыкчылыктар мамлекеттин кызыкчылыктарына кайчы келбегидей өлчөмдө эске алынууга тийиш.
Төртүнчү: элитанын ички талаш-тартыштары коомдогу социалдык, улуттук же диний принциптер боюнча жиктелүүнү күчөткөн ыкмалар аркылуу чечилбеши керек.
С. Жапаров Кыргызстандын башкаруучу олигархиялык-бюрократиялык бийлиги дал ирип-
чирип бараткан коррупция маалына жетип турган кезде өлкөнүн президенттик кызматына келди. Ошол себептен улам жаңы бийлик жаралган биринчи күндөн тарта коррупцияга каршы жапырт күрөштү биринчи даражадагы милдет кылып койду. Олигархиялык-бюрократиялык системанын омурткасын омкоргондо гана мамлекеттин жана коомдун жалпы кызык чылыгына төп келген экономикалык жаңы саясат жүргүзгөнгө жол ачылат эле.
Конституциянын адеп ачкандагы бетинде эле биринчи жободо «Кыргызстан – социалдык мамлекет» деп жазылып турат. С. Жапаров жана анын командасы проблемалардын чырмалышкан бүткүл түймөгүн сууруп чыгыш үчүн ушул принципке чап жармашты. Эмнеге дегенде социалдык мамлекет деген өз саясатын материалдык жыргалчылыктарды социалдык адилеттүүлүк принцибине ылайык бөлүштүрүүгө багыттаган мамлекеттин модели болуп саналат.
Мындай мамлекетти куруу үчүн төмөнкүдөq үч проблеманы кечиктирбей чечүү зарыл эле.
Биринчи. Кыргызстанда тамырлап таралып алган финансылык-чайкоо капитализмин жана анын олигархиялык-бюрократиялык бийлигин уратып-бузуп, анын ордуна реалдуу экономикага негизделген өндүрүштүк капитализмди өнүктүрүү керек эле.
Экинчи. Коомдо, айрыкча башкаруучу саясий элитанын жана компрадорчул улуттук буржуазиянын арасында коррупцияга каршы жалпы элдик келишкис күрөштү жайылтуу зарыл болчу. Буга, албетте, «Кумтөр» үчүн кармашты кошушту, бул глобалдык трансулуттук компанияга каршы күрөш болду жана ал Кыргызстандын тарыхый жеңиши менен аяктады.
Үчүнчү. Мамлекет өндүрүш – капиталисттик, бөлүштүрүү – социалдык адилеттүүлүк принцибин бекем карманды. Бүгүн минтип биринчи эки пунктта көрсөтүлгөн иш-чараларды ийгиликтүү жүзөгө ашыруунун натыйжасында мамлекеттин казынасы толукталганын, өлкөнүн өзүнүн жандуу акчасы пайда болгонун сокур киши деле көрүп турат. Мунун өзү калкты социалдык жактан коргоонун бүткүл системасын күчөткөнгө, заводдорду, жолдорду, ГЭСтерди гана эмес, ондогон бала бакчаларды, мектептерди, ооруканаларды, маданий объекттерди курганга, массалык кесиптеги бардык категориядагы жумушчулардын жана мамлекеттик кызматчылардын айлык акыларын жогорулатканга мүмкүндүк берди.
Мунун баарына сыймыктансак жарашат жана тартынбай айтсак болот: бүгүн биздин өлкөбүз жаңы Кыргызстандын жаралуу дооруна кирип баратат. Көз алдыбызда жаңычылдыгы, чабыты жана мүнөзү жагынан мурда көрө элек процесстер жана окуялар болуп жатат.
Экономиканын алысындашы айрыкча таасирлентет. Камбарата-1 ГЭСи, «Кытай – Кыргызстан –Өзбекстан» темир жолу сыяктуу эңгезер курулуштар кантип салынары баарыга маалым. Жакынкы 6 жыл ичинде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүн ондогон процентке көбөйтүү, жаңы ишканаларды, анын ичинде жогорку технологиялуу өндүрүш жайларын куруу пландалып жатат.
Ушул эле мөөнөткө алман жүгүн кыйла адилеттүү үлөштүргөн салык шарттарын жаңылоо жагы каралган. Салык системасын түзөтүп түзүп чыгуу инвестициялык шарт-шариятты жакшыртуунун дагы бир кадамы болууга тийиш. Кыргызстанга эмгек өндүрүмдүүлүгүн олуттуу түрдө жогорула-тууга, башкаруу моделинин санариптик платформасын өнүктүрүүгө жана кеңири автоматташтыруунун негизинде өнөр жай кубаттуулуктарын тутумдаш модернизациялоого туура келет.
Маданий чөйрөдө эле эмес, элдин жалпы рухий турмушунда да кайра жаралуу жараяны жүрүп жатат. Узак жылдарга созулган дымыгуудан кийин эл театрларга бара баштады, китеп окуганга кызыгуу жанданды. Өткөн кылымдын орто ченинде бүт дүйнө биздин улуттук кино өнөрүн «Кыргыз керемети» деп атаган. Азыркы туштагы улуттук спортту эмнеге «Кыргыз керемети» деп атаганга болбосун? Биздин олимпиадачылардын, балбандардын жана мушкерлердин жетишкен ийгиликтери айныксыз тамшандырат. Менин чет элдик тааныштарым кыргызстандыктардын өз Мекенин коргоого туура келген учурда көрсөткөн каармандыгына жана жан аябаган тайманбастыгына чын пейилден суктанганда сыймыктанбай тура албайсың. Аларды биздеги саясатчылардын, дипломаттардын, аскерлердин, бизнесмендердин, илим менен искусство ишмерлеринин жаңы жаш мууну да шүйшүнтөт, бул муун жалпы жана саясий жогорку маданияты менен айырмаланат, көптөгөн чет тилдерди билет, заманбап менеджменттин, эң жаңы жогорку технологиялардын ыкмалары менен сырларын мыкты өздөштүрө алат.
Бир сөз менен айтканда, Кыргызстанда бүгүн баары түп тамырынан бери өзгөрүп жатат, болгондо да жакшы жагына өзгөрүп баратат. Кала берсе адамдар да башкача боло баштады, кабак-кашы ачылып, көбүрөөк күлүмсүрөп калышты. Көчөдө бейтааныш кишилер бири бирине жылмайып турса кандай жакшы! Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 80 жылдыгын кандай гана сабылып күтүп, жалпыга бирдей кубаныч катары белгилебедик, Москвада Кызыл аянтта салтанаттуу параддан өткөн биздин жоокерлерге кандай гана сыймыктанбадык! Мунун баары улуттук биримдиктин чыңдалып баратканына, Жаңы Кыргызстандын кайра жаралуу доору башталганына жаркын мисал боло алат, булардын баары көп жагынан президент С. Жапаровдун талыкпаган ишинин аркасында жүзөгө ашып жатат. Ал Жаңы Кыргызстандын түзүүчү-президенти болуп тарыхта каларына күмөн жок. Бул китеп ушул киши жөнүндө.