Добавить свою статью
18 Декабря 2025
Элдик курултай: тарыхы жана учурдагы абалы

Жыл акырында, 25-26-декабрда Кыргыз Республикасында дагы бир чоң өнөктүк - 4-Элдик курултайды өткөрүү жараяны турат. Кыргыз Республикасынын 2021-жылы кабыл алынган Баш мыйзамынын 7-беренесинде “Элдик Курултай – коом-дук-өкүлчүлүктүү жыйын. Элдик Курултай кеңешүүчү, байкоочу жыйын катары коомдун өнүгүү багыттары боюнча сунуштамаларды берет” деп жа-зылган. Ал эми 2023-жылдын 24-июлунда (№146) кабыл алынган “Элдик курул-тай жөнүндөгү” конституциялык мыйзамда “Элдик Курултай - коомдун өнүгүү багыттары, коомду жана мамлекетти социалдык-экономикалык өнүк-түрүү боюнча маанилүү маселелерди чечүү, жарандардын укуктарын жана эркин-дигин коргоо, жарандык коомду өнүктүрүү жана руханий-идеологиялык маселелер боюнча сунуштамаларды бере турган кеңешүүчү, байкоочу коом-дук-өкүлчүлүктүү жыйын” - деп жазылып турат.

Учурда Элдик курултай Конституция, тиешелүү мыйзам менен киргизилген коомдук-өкүлчүлүк институт. Элдик курултайдын өзгөчөлүгү, негизинен анын кеңири коомдук өкүлчүлүккө, кеңеш берүү милдетине жана мамлекеттик бийликке коомчулуктун үнүн жеткирүүгө багытталгандыгында. Элдик курултай – эл менен бийликти байланыштырган орган катары жергиликтүү жарандардын үнүн мамле-кеттик жетекчиликке жеткирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон коомдук институт болуп калды. Эң негизгиси Элдик курултай эл менен мамлекеттик бийликтин ортосундагы түздөн-түз байланышты камсыз кыла турган институт, элдин үнү бийликке түз жеткен аянт болуп калды.

Булар азыркы учурдун аныктамалары, ал эми кыргыз элинин карт тарыхында Элдик курултай качан, кантип өткөрүлгөн, анын уңгусун эмне маселелер түзгөн, кандай вазыйпаны аткарып, маани-маңызга ээ болгон ж.б. олуттуу маселелерге тарыхый саресеп салууну туура көрдүк.

Кылымдарды карыткан кыргыз тарыхында Элдик курултай – белгилүү, мерчем-дүү бир мезгилде чакырылган, калың катмар элдин өкүлдөрү чогулуп, мамлекет-тин, коомдун, жоокердик согуш иштердин, эл арасындагы социалдык, экономи-калык карым катнаштардын, эл аралык мамилелер ж.б. маанилүү маселелерин ортого салып, заман талабына жараша, адилеттүү чечим кабыл алган, нукура элдик жыйын болгон. Негизинен ал көчмөн демократиялык мүнөзгө ээ болуп, жамы журттун, бүтүндөй элдин эркин билдирген институт катары кыргыз элине кызмат кылган. Кыргыздардын тарыхында Элдик Курултай бул мамлекеттик жана коом-дук олуттуу, өзөктүү маселелерди чечүүчү жогорку өкүлчүлүк жыйыны болгон десек жаңылбайбыз. Курултай кыргыз эли таянган көчмөндөр демократиясынын негизи катары кызмат кылып, эл менен бийликтин ортосундагы ачык-айкын байла-ныштын башкы институту болгон.

Тарыхый мааниден алганда Элдик курултайлар бир катар өзгөчөлүктөргө ээ болгон:

  • Элдик курултай көчмөн кыргыз элинин коомдук-саясий турмушунда жогор-ку орган катары эл турмушунда орун алган.
  • Курултай ошол көчмөн элдин уруу, уруктук, чөлкөмдүк, аскердик, демокра-тиялык принциптерине негизделген. Анткени Элдик курултайга ар бир урук, уруудан, аймактан өкүлдөр келип, коомдун, элдин турмушундагы чечүүгө зарыл, олуттуу маселелерди талкуулашып, бир туруктуу чечимге келишкен жана ал че-чимдер баардыгы үчүн бирдей мааниге ээ болгон.
  • Курултай эл ичиндеги терс, коомчулуктун ынтымагын, биримдигин бузган көрүнүштөрдү, социалдык, экономикалык, каржылык жана жер маселелерин, уруу-лар ортосундагы чек ара, алардын ич ара мамилелерин, чыр-чатактарын, кун масе-лесин, керек болгон учурда, чечүү жолдорун карап, баарына бирдей милдеттүү болгон адилеттүү чечимдерди, тыянактарды чыгарган.
  • Курултайда журт агасын, эл башын, ханды, бекти шайлоо, жоокерчилик убакта согуш, аскерге чакыруу, элдик кошуундарды уюштуруу жана тынчтык маселелерин чечүү, кыргыздардын тышкы мамилелерин жөнгө салуу сыяктуу олуттуу чечимдер кабыл алынган.

Элдик курултайдын түзүмү жана катышуучулары кандай болгон? Ар жолу Эдик курултайга ошол учурдагы кыргыз коомчулугунун кадыр-барктуу, оозунда сөзү, өзүнүн олутуу пикири жана чечкиндүү кадамы бар урук, уруу өкүлдөрү катышкан. Алар кимдер болгон:

  • Беделдүү жана белгилүү уруу төбөлдөрү, албетте абройлуу байлар, манаптар жана бийлер.
  • Кадыр барктуу, эл арасында сый урматка татыган, көптү көргөн жана билген, салт-санааны, үрп-адатты, эли журтунун тарыхын терең жана кенен өздөштүргөн, акылгөй даанышман аксакалдар. Кээ бир учурларда мындай аксакалдарды, кемен-гер карыяларды Курултайга кеңешчи катары да чакырышкан.
  • Эл четинде, жоо бетинде болуп, өз элин, жерин, Мекенин коргоп эл урматына ээ болгон эр жүрөк, тайманбас баатырлар. Булар айрыкча согуш маселелерин чечүүдө негизги ролду ойношкон.
  • Эл арасында таамай сөзү, бал тили, адилет чечими менен таанымал болгон, сөз баккан, караңгыда көз тапкан, кыйын кезде сөз тапкан чечен адамдар.
  • Курултайга кызыкдар болгон катардагы эл катышкан. Элдик курултайдын маани-лүү жыйындарына элдин калың катмары да келип, катышып, талкууларга күбө болуп, керек болгон учурларда өз сөзүн, оюн кошо алышкан.

Карт тарыхтагы Элдик курултайлар кандай милдеттерди аткарган? Алар төмөнкүлөр болгон:

  • Мыйзам чыгаруу, ар бир Элдик Курултайда кабыл алынган эреже, көчмөн кыргыз элинде мыйзам катары кабыл алынып, кыргыздардын адат укугунун негиз-ги булагы болуп калган.
  • Сот адилеттүүлүк милдеттери, уруу, уруктар арасында чечилбеген, өзгөчө таталдашып кеткен маселелер, Элдик курултайдын күн тартибине коюлган. Мын-дай учурларда Элдик курултай Жогорку соттун милдетин аткарып, ошол чечил-беген талаш-тартыш маселелрди, чыр-чатактарды адилеттүү чечкен.
  • Согуштук, аскердик маселелерди чечүү, мындай олуттуу жагдайлар согуш жарыялоо, аны камсыздоо, аскерге чакыруу, элдик кошуундарды уюштуруу, кол башчыларды дайындоо аркылуу чечилген. Согуш жана тынчтык маселелери да Элдик курултайда чечилген.
  • Социалдык, экономикалык, каржылык, чарбалык маселелерди чечүү. Айрыкча урук, уруулар ортосунда жер бөлүштүрүү, алардын чек арасын аныктоо, салык, өлүм менен аяктаган окуяларга байланыштуу кун маселеси, ууру-кескилер-ди жазалоо жана эл алдындагы коомдук милдеттерди аныктоо каралган.

Кыргыз элинин мөөнөттүү өткөрүлгөн Элдик курултайларында бир катар сая-сий, социалдык, экономикалык, стратегиялык жана тактикалык маселелер каралган:

  1. Журт эгесин, эл башын, бекти, ханды, деги эле кыргыз элинин, мамле-кетинин тагдырын чечүүчү адамдарды шайлоо. Анткени аларды шайлоодо сөзсүз Элдик курултайдын макулдугу жана колдоосу зарыл болгон. Курултайдын элегинен өткөндөн кийин, эл агасы, журт эгеси же хандыкка татыктуу талапкерди ак кийизге салып көтөрүп, жарыя кылышкан. Эгерде алар эл күткөн вазыйпасын так, туура, адилеттүү аткара албаса кийинки курултайда шайлабай коюшкан.

  2. Согуш жана тынчтык маселеси. Башка элдер менен согуштук же тынчтык мамиле түзүү, эл аралык мамилелерди аныктоо жана эл аралык аренага чыгуу, эл арасынан аскердик кошуундарды чогултуу, ар кандай муундардан аскерге чакыруу чечимин чыгаруу, кыргыз элинде эч качан бир муунду толугу менен согушка алуу каралган эмес, чек ара жана аны коргоо маселелери каралган.

  3. Уруу, уруктар арасындагы аймактык, социалдык, экономикалык, кар-жылык чыр-чатактар каралган. Мисалы, жер талашуу, артыкча салык төлөө, кун куумай же башка ич ара келише албаган талаш-тартыштар Элдик курултайда ачык талкууланып, калыс, адилеттүү чечим чыгарылган жана ал чечим эки таарп, баары үчүн аткарууга милдеттүү болгн.

  4. Мыйзамдарды чыгаруу, талкуулоо жана бекитүү. Кыргыз элинде жазма мыйзамдар, азыркы тил менен атйкнанда нормативдик актылары болгон эмес. Ошондуктан Элдик курултай салттуу укуктук нормаларды, адат, эрежелерди мый-зам таризинде талкуулап, ошол мезгилдин шартына, талабына жана жаңы кырдаал-дарга ылайыктуу толуктоолор менен кабыл алган.

Элдик курултайды өткөрүү кандай жана өзгөчөлүктөрү эмнеде болгон? Бул жааттагы эң негизги жараяндар:

  • Ачык, айкындык. Курултайдын күн тартибиндеги маселелер алдын ала бел-гиленип, ага даярдыгы, маселелерди түпкүрүнөн билген жана аларды чечүүгө жөн-дөмү бар адамдар чакырылган жана катышкан.
  • Элдик курултайдын чечимдери жабык эшик артында эмес, ачык-айкын талаа-да, жумурай-журттун, калың катмар элдин көз алдында курултайга коюлган масе-лелер талкууланып, жүйөлүү пикирлер айтылып, андан кийин гана туура, адилет-түү чечим кабыл алынган.
  • Чечендик өнөрдүн артыкчылыгы, Элдик курултайда кимдин сөзү жүйө-лүү, элге алымдуу, логикалуу жана элди ынандыра алган таасирдүү болсо, ошол чечендин-оратордун пикири элдин колдоосун тапкан.
  • Бирдиктүү пикирге келүү (консенсус), мындай көрүнүш кылым карыткан кыргыз элинин көчмөн демократиясынын салттуу жараянын далилдейт. Элдик ку-рултай жараянында, көп учурда көпчүлүктүн добуш берүүсү эмес, ынтымакчылык менен жалпы бир пикирге келүү принциби колдонулган. Эгер тигил же бул масе-лени чечүүдө кайсы бир уруу каршы болсо же макул эместигин ачык айкын бил-дирсе, Элдик курултай бирдиктүү, баардык тарапты канааттандырган адилеттүү чечим табылганга чейин талкуу созула берген.
  • Ар кайсы мезгилдерде өткөн Элдик курултай кыргыз тарыхындагы салттуу элдик институт катары элибиздин ынтымак-ырашкердигин, коомдук биримдигин бекемдеген.
  • Өзгөчө эске ала турган бир нерсе, кыргыз тарыхында курултайдын чечи-мине каршы чыгуу - бүтүндөй элге каршы чыгуу менен барабар болгон жана өтө оор кылмыш катары эсептелген. Бул да тарыхый чындык.

Элдик курултайдын тарыхый мааниси. Курултай кыргыздар үчүн жөн эле жыйын эмес, ал элдин биримдигин сактоочу негизги рычаг, механизм катары кол-донулган. Ал бийликтин, журт эгедерлеринин өзүм билемдигине жол берген эмес. Эгер журт туткасы болгон инсан элдин ишеничин актабаса, кийинки курултайда аны бийликтен четтетүүгө толук мүмкүнчүлүк болгон.

Сиздердин назарыңыздарга байыркы, орто кылымдардагы жана жаңы доордогу кыргыздардын Элдик курултайы менен азыркы Кыргызстандын Элдик курултайы-нын айырмачылыктарын көрсөтө кетели:

Байыркы, орто кылымдардагы, жаңы доордогу Элдик курултай Азыркы Элдик курултай
Элдик жыйын, урук, уруулардын, чөлкөмдөр-дүн өкүлдөрү катышкан Делегаттар баардык аймактардан, диний жана этникалык топтордон шайланып келет
Журт эгесин, эл башын, ханды шайлоо, согуш жана тынчтык маселелерин чечүү, уруулар арасындагы аймактык, социалдык, экономи-калык, каржылык чыр-чатактарды чечүү, мыйзамдарды чыгаруу, талкуулоо жана бекитүү Жогорку бийликке сунуш берүү, коомдук көзөмөл, Кеңеш берүүчү орган, мыйзам чыгаруу демилгеси бар коомдук институт
Ачык талкуу, ынтымакчылык-консенсус неги-зинде бирдиктүү, баардык тарапты канааттан-дырган чечим кабыл алуу Конституция жана “Элдик курултай жөнүндөгү” мыйзамдын негизинде иштейт, курултайдын сунуш- тарын Президентке, Өкмөт мүчөлөрүнө, Жогорку Кеңешке жеткирет
Көчмөн демократиялык мүнөзгө ээ Демократиялык коомдук институт, элдик көзө- мөлдү күчөтөт
Бир же эки жылда бир жолу чакырылган Жылына бир жолу чакыруу Баш мыйзамда жана тиешелүү конституциялык мыйзамда карлган
   

Азыркы Элдик курултайдын артыкчылыктары, мүчүлүштүктөрү же чек-төөлөрү. Артыкчылыктар таризинде төмөнкүлөрдү айтса болот: элдин үнүн бий-ликке чындап жеткирүүчү аянт; Кыргызстандын баардык аймактарынан, булуң бурчунан делегаттардын катышуусу; мыйзам чыгарууну демилгелөө укугу; коом-дук, элдик көзөмөлдү күчөтөт; улуттук биримдикти жана салттуу демократияны бекемдейт. Мүчүлүштүктөрү же чектөөлөрү тууралуу оюбуз: Элдик курултай Кеңеш берүүчү орган, чечимдери бийлик органдары үчүн милдеттүү эмес; делегат-тарды тандоо жараянында коомдук талаш-тартыштарга себеп болушу мүмкүн; мыйзам кабыл алуу демилгеси Жогорку Кеңешке сунуш киргизип, депутаттар кабыл алгандан кийин кана ишке ашат; реалдуу аткаруу бийлигине түз таасир эте албайт; Элдик курултай институту жаңы болгондуктан, тажрыйба аз жана меха-низмдер толук калыптана элек.

Эмне үчүн Элдике курултай азыр керек? Азыркы кыргыз коомчулугунда Элдик Курултай коомдук институт, өзгөчө аянт катары Парламент менен Өкмөт жете албаган же кайта-кайта убадасын берип, бирок аткара албаган жер-жерлер-деги олуттуу көйгөйлөрдү түздөн-түз Президентке жеткирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп калды. Демек мындай көрүнүш кыргыз элинин генетикалык эс тутумундагы "элдик бийлик" деген түшүнүктү калыбына келтирүү аракети болуп эсептелет.

Жыйынтыктап айтканда, тарыхта калган Элдик курултай - бул кыргыз элинин өзүн-өзү башкаруу жана кризистик учурда бир жакадан баш чыгарып, бир жеңден кол чыгарып, ынтымакка келүү, биригүү жөндөмүн көрсөткөн оригиналдуу жана уникалдуу коомдук институту болгону талашсыз көрүнүш. Анткени дал ошол мезгил-мезгили менен чакырылып турган Элдик курултай кыргыздарда жогорку элдик жыйын болуп, мамлекеттин жана коомдун эң маанилүү маселелерин чеч-кен. Ал демократиялык принциптерге негизделген бир топ олутуу вазыйпалар-ды аткарган. Курултай кыргыздардын салттуу элдик демократиясынын символу катары тарыхый мааниге ээ экендиги шексиз.

Эми бүгүнкү кырдаалга келели. Акыркы 3 жолу өткөрүлгөн жана учурда өтө турган 4-Элдик курултайдын негизги артыкчылыктары эмнеде?

  • Курултай эл менен мамлекеттик бийликтин ортосундагы түздөн-түз бай-ланышты камсыз кыла турган институт, элдин үнү бийликке түз жеткен аянт.
  • Элдик өкүлчүлүк, делегаттар бардык аймактардан, айылдардан, шаарлар-дан шайланып келишет. Бул борбор менен чөлкөмдөрдүн орто­сундагы байланыш-ты бекемдөөгө жана аймактык маселелерди чечүүгө көмөктөшөт, бул курултайды чыныгы элдик орган кылат.
  • Легитимдүүлүк, Элдик курултайдын чечимдери жана сунуштары элдик колдоого ээ болгондуктан, аткаруу бийлиги жана парламент үчүн чоң саясий сал-макка ээ болот.
  • Улуттук биримдикти чыңдоо. Өлкөдөгү элдин ар кандай катмарынын өкүл-дөрү чогулгандыктан: диалог күчөйт, аймактардын ортосунда байланыш жакшы-рып, этностор аралык ынтымак бекемделет. Бул Кыргызстандагы коомдук стабил-дүүлүктү чыңдоого өбөлгө түзөт.
  • Кеңеш берүүчү, байкоочу функция, мамлекеттик саясаттагы маанилүү масе-лелерди талкуулап, сунуштарды берет. Бул бийликке коомдук көзөмөлдү күчөтөт.
  • Элдик курултай министрликтердин, борбордук жана жергилиектүү мамле-кеттик бийлик органдарынын иши боюнча коомчулук алдында сын-пикир айтып, сунуш бере алат. Бул жарандардын бийликке демократиялык таасирин күчөтөт.
  • Эл менен бийликти байланыштыруучу звено, Курултай өлкө жетекчили-гинин көңүлүн жер-жерлерде көтөрүлгөн көйгөйлөргө түздөн-түз, көзмө-көз бурат.
  • Курултайдын эң маанилүү артыкчылыгы – анын мамлекеттик органдарга көзөмөл жүргүзүүчү функциясы. Курултай жыл сайын мамлекеттик органдардын (Президенттин, Жогорку Кеңештин, Министрлер Кабинетинин) отчетторун угат.
  • Мыйзам чыгаруу демилгеси, Конституцияга ылайык, курултай мыйзам чыгаруу демилгесине ээ болуп, Жогорку Кеңешке сунуш киргизе алат.
  • Курултай мамлекеттик саясаттын стратегиялык багыттары боюнча сунуш-тарды иштеп чыгат. Бул сунуштар мыйзам долбоорлорун жана өкмөттүк програм-маларды иштеп чыгууда маанилүү ролду ойнойт.
  • Социалдык-идеологиялык роль, Курултай улуттук биримдикти, руханий жана этномаданий өнүгүүнү бекемдөөгө багытталган уюм.
  • Ишеним фактору, Элдик курултай кыргыз элинин салттуу коомдук түзүмү-нө таянып, жарандардын ишенимине ээ болгон институт катары иштейт.
  • Курултайда улуттук өнүгүү стратегиясы, мамлекеттик реформалар, социал-дык-экономикалык көйгөйлөр сыяктуу чоң масштабдагы маселелер коомчулук менен бирге талкууланат. Бул мамлекеттик чечимдердин легитимдүүлүгүн жана коомдук колдоону жогорулатат.
  • Парламент - мыйзам чыгаруучу орган, ал эми Элдик курултай - кеңеш берчү жана коомдук өкүлчүлүк органы. Курултайдын чечимдери мамлекеттик саясий багыттарга таасир эте алат.

Демек алдыда боло турган IV Элдик курултай биз үчүн маанилүү жана олутту окуялардын бири болуп калаары талашсыз.

 

Байболот Абытов

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

02-10-2025
Алымбек Датканын саясий, мамлекеттик ишмер катары феномени жана өзгөчөлүгү
3465

31-08-2023
Насирдин Исанов — креативная и неординарная личность советского и суверенного Кыргызстана
7416

07-04-2023
2010-жылкы Апрель революциясы: окуялар тизмеги жана натыйжасы
8554

20-03-2023
Нооруз – традиционный праздник кыргызов
3391

07-02-2023
КЫРГЫЗСТАНДА КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮГӨ ТАРЫХЫЙ САРЕСЕП (этаптарына жаңы көз караш)
4136

07-02-2023
Проблемы безопасности мигрантов Кыргызстана: факты, реалии и последствия.
6294

11-10-2022
Первый курултай тюркологов – курултай репрессированных и расстрелянных
9023

19-03-2022
Нооруз — традиционный праздник кыргызов
8433

16-03-2022
Аксы окуясына 20 жыл
19583

03-03-2022
Нашему флагу 30 лет
15671

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×