Добавить свою статью
23 Декабря 2025
Түгөлбай Казаков – нукура кыргыз ойчулу

Түгөлбай чыгаан композитор-обончу, ырчы, акын катары кыргыз элине эле эмес, бүткүл Евразия чөлкөмөндүгө элдерге кеңири таанымал инсан. Аны кыргыз элинен жана Кыргызстандан тышкары элестеттүү мүмкүн эмес. Биздин интеллигенциянын арасында кыргыз эли деп, анын түпкү кызыкчылтары үчүн күрөшкөндөр аз эмес. Бирок мурда да, азыр да, эч кимибиз Т. Казаков сындуу кыргыз элинин улуттук духу менен улуттук иденттүүлүгүнүн жарчысы боло алдык деп айта албайбыз. Ал сөзү менен да, иши менен да кыргыз элинин бийик идеалдарга, универсалдык, адамзаттык касиеттерге умтулган, дүйнөдө өз ордун билген эл болушуна жетишсек деп, күйүп – бышып келет. 

Т. Казаковдун философиясы – улуттук эркиндиктин философиясы. Анын жан эргиткен музыкасы, акылга бүлүк салган поэзиясы кайсы философиялык тереңдикте шөкөттөлөөрү билинбейт, өзү да билбейт. Таланттуу чыгарманын магиясы ушунда да. Ошондуктан, Түкөңдөй залкарлардын чыгармачылыгы эч кимди кош көңүл калтырбайт, алар изилденет, окулат. 

Мисалы: “Кайран кыргыз бүркүт эле бир кезде” деген ырын алалы:

Кыргыз ким экени, бүркүт кандай экени баарыбызга белгилүү дечи. Бирок, алгыр куштун асыл сапаттарына кыргыз элинин тарыхый эрдиктери, батырлыгы ширетилгенде, адамды айраң-таң калтырган ажайып бир эстетикалык чындык чыга келет. 

“Каалаганда көккө шаңшып чыга алган.

Карт дүйнөнү карап жүргөн мунардан.

Кайран кыргыз бүркүт эле бир кезде,

Катылгандын калайманын чыгарган.

Көктөн түшпөс көкүрөгү буюгуп,

Көк деңизден чет деңизге уюлгуп.

Бороон болуп турган кайран кыргызым,

Бу дүйнөгө батып-батпай удургуп.

Ал жашоого неге келгенин билчү эле,

Ата журтун жандан артык сүйчү эле.

Көр дүйнөнү садага чаап көңүлгө,

Көкүрөгүн көкөлөтүп жүрчү эле”.

Күнүмдүк турмушта адамдар өмүрүнүн басымдуу көпчүлүгүн көп азаптуу көр оокаттын түйшүктөрү менен өткөрөт. Ал турмуштан башка да, андан алда канча бийик да, реалдуу да керемет дүйно бар экенин көрүшпөйт. 

Ушуга байланыштуу залкар философ М.Мамардашвилинин оюн оригиналдагы орус тилинде келтирейин: “Помимо той жизни, которой мы живем и которую мы называем реальной, обыденной жизнью, есть еще какая-то другая жизнь, которая боее реальна, чем та, которую мы считаем повседневной и обыденно реальной”. 

Демек, турмушта эң сейрек кезиге турган сулуулуктун, эрдиктин, ар-намыстын ж.б. асыл дөөлөттөрдү адамдар колу менен кармалап, көзү менен көрүп, же кулагы менен уга албаган башка реалдуулук, башка дүйнө бар экен да. Аларды анда-санда гана адабияттагы искусстводогу таланттуу сүроткерлер көрө алат, таба алат, анан тапканын элге тартуулайт. Казаков да ошолордун бири эмеспи. 

Баарынан да кызыгы Түгөлбайдын ойлонуу диалектикасы кыргыз элин бүркүткө окшоштурат. Анкени, ал жырткыч куштардын үлкөнү. Анын куралы – күч, экспансия, буларсыз анын жашоосу токтойт. Демек, кыргыз эли да, өзүн өзү эптеп коргой алган бир кичинекей эл эмес, ал чексиз территориясы, көп миллиондогон калкы, кубаттуу куралдуу күчтөрү бар, баскынчылыкка, экспансияга жөндөмдүү эл болгон тура. Антпесе тарыхта жазылып, ырасталып калган кыргыздын нечен протоимперияларын кайда алып барабыз. Өңгөсүн айтпаганда да IX кылымданы Енисейдеги кыргыз улуу империяны кыргыздын күч үстөмдүгүнүн символу да. 

Сынган бутту канжыгага байланып, 

Сыр билгизбей сыр найзаны караманып. 

Атасынан калган кара жер үчүн, 

ааламды да кетээр эле айланып. 

Антип ааламды айланбаса, кыргыз кайдан жүрүп түркмөндөр мене биригип, Византия империясын кулатат эле. Туркиянын Изник деген шаары Византия Империясындагы Христиандык диндин борбору болгон. 1078 жылы ошол шаарды туркмендер менен кыргыздар курчап, камалоого 3500 кыргыз жигиттери катышып, алардын 1550-үсү алдыңкы штурмовиктер болгон, шаардын дарбазасын ошолор ачкан экен. Азыр Изникте “Кыргыздар тюрбеси” деген күмбөз – көрүстөнү бар. 

Немистин белгилүү тарыхчысы Альфред Вебер: “Бабурдун (анын түбү кыргыз экенин билесиздер) баскынчылык доорунда кыргыздар күчү үстөмдүк кылган арий расасы катары Индияга өздөрүнүң эпосунда чагылдырылган баатырдык жанан трагедиялуулук сезимин ала келип сиңиришти. Анан эң башкысы, алар атчан келишти да, атты көрбөгөн элге ат мингизди, туземдердин атчан армиясы пайда болду, анан алар акырындан индоевропалык баскынчыларга айланды” – деп жазыптыр. 

Андан бери канча империялар, мамлекеттер жок болду. Байыркы жана орто кылымдарда Борбордук Азияга масштабы боюнча эң күчтүү үч жортуул хунндар, түрктөр жана Чыңгызхандын монголдору тарабынан жасалган. Кыргындар жана чабуулдар төрт-беш кылым бою улана берген. Ошентип кайран кыргыз миң өлүп, миң тирилген. Орхон-Енисейдеги атактуу эстеликте жазылган төмөнкү тексти менен биринчи таанышканымда жүрөгүм сыздап, шалдая түштүм. Мына окугула: 

267. Мы ходили в поход на кыргызов. 

268. Пробившись через снег глубиною с копье, 

269. (Мы) прошли, поднявшись Кегменскую чернь, 

270. Мы напали на кыргызский народ, когда он спал. 

271. С их каганом мы сразились в Черни Сунга. 

272. Кюль – Тегин сел верхом (Чыгыш-Түрк каганатанын каганы). 

273. На белого жеребца из Байырку, (36) бросился в атаку. 

277. Белого жеребца из Байырку, сломав ему бедро. 

278. Кыргызского кагана мы убили,

279. Их государство мы взяли. 

Кечээ эле, XVII кылымдарда Россия империясы Енисейдеги кыргыз жери үчүн (“за кыргызскую землицу”) узак убакыт бою күрөшкөн. Тарыхый далилдер бул басып алуу Россиядан жүз жылдык күч-аракетти талап калганын көрсөтүп турат. 

Кыргыз эли түрк элдеринин бири катары эки жүз жылдан ашык мезгилде орус падышачылыгын колониялык башкаруусунда жашаган. 

Т. Казаковдун “бүркүтүндөгү” төмөнкү зээн кейиткен саптары көп азаптуу ушул тарыхты поэтикалык зор күч менен кыска гана бирок таамай, көзгө сайгандай айтып жатпайбы. 

“Келди заман кең дүйнөнү тарыткан,

Келгин куштар баарын басып алышкан.

Башталды анан жем талашкан тирилик,

Башсыз – жыргап, ашсыз калып даанышман.

Көк бүркүтү тоокканага камалып,

Көздөн учуп бийик тоонун шамалы.

Көз мокогон, канаттары уктаган.

Көрбөй калды тоолорду да тааланы.

Тоокканада тоок болуп калыш бат,

Тоок бүркүттүң эртеңкиси табышмак.

Улуулугу качып барат канынан,

Унутулган уламыштай алыстап.

Азыркы капитализм доорунда материалдык керектөөчүлүккө, акчага көз карандылык, кулчулуктун эң башкы фактору болуп калды. Коомдун бай-кедей болуп эки карама-каршы уюлга бөлүнгөн сайын бул кырдаал курчуп барат. Карап туруп таң калам, бу адам деген кедейликке, жакырчылыкка чыдап, көнөт билет экен. Согуш жалдарында биздин муундар өз башыбыздан өткөрбөдүкпү. Бирок адам байлыкты, мансапты көтөрө албайт экен. Өгүнү А. Лукашенко Беларусь олихартарын теледе тепкилеп жатат. Алардын бирөөнү тургузуп алып, “Сенин гаражыңда 6 “сверхавтомобилдер бар”, андай машинелерди президент Трамп да минбейт, элден тартынат, элден коркот, алар сен кийип турган костюмду да кие алышпайт, сени тейлеген сауналарга бара алышпайт” деди. Биздин кыргыздын олигархтары алардан калышпайт. Алар элден тартынмак тургай, көкүрөк керип мактанышат, алардын балдары чет өлкөлөрдө окуш керек, алардын той-аштарында “ала-тоодой эт, ала-көлдөй чык тарылыш керек”, алардын ага инилери, туугандары депутат же чиновник болушу керек ж.б. Эң өкүнүчтүүсү ушу байладры жөнөкөй эл туурайт. Ырас, азыр эл бир кыйла бакубат жашап, малдуу-жандуу болуп калды. Бирок булар да “Манастан Чубак кем бекен” дегендей өтө чоң ысырапкорчулукка барып жатышат. Ушуга байланыштуу Президеннтин буйруктары аткарышпайт. Кайран кыргыз илгери эле:

“Кыргыз байыса катын алат, 

Сарт (өзбек) байыса там салат”, деп өзүнө өзү туура баа берип койгон экен. Там салгандар өнүгүп-өсүп жатат, ысырапкорлор элди, айрыкча жаштарды жалкоолоуктун кулу, арактын, наркотиктин кулу, оюн-шооктун кулу кылып тарбиялоодо түрткү берип жатат. 

Кыскасы, Т. Казаковдун бир эле ырында канча ой-толгоолор, сары санаалар, элдин кайгы-муңу жатат. 

Бар бол, элибизге бийик кадырлуу, замандаш иним, Түгөлбай!

Ж.Сааданбеков

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

27-01-2026
Бул ызы-чууга Ч. Айтматовдун тиешеси кандай?
1083

15-01-2026
Т.Касымбековдун «Сынган Кылычындагы» бийлик сырлары (туулган күнүнө карата кайталадык)
662

09-12-2025
Жаңы Кыргызстандын жаратманы
1555

31-10-2025
Улуттук драматургиянын ханышасы
1188

02-10-2025
Алп акындын жалгыздыгы
3026

29-09-2025
Аспекты религии в философии Ч.Айтматова
2390

21-07-2025
Байджиев Мар — народный писатель КР, неувядаемый талант
3026

04-07-2025
Кыргыз киносунун Байтереги (Т.Океевдин 90-жылдыгына арналат)
3919

11-06-2025
Омор Султанов, кыргыз эл акыны, эл жазуучусу (90-жылдыгына карата «Биз - кыргызбыз» деген китептен алынды)
3616

20-05-2025
Төлөмүш Океевдин 90-жылдыгына карата
4388

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×