Добавить свою статью
23 Января 2026
Кыргыз айылынын жана агрардык өндүрүштүн өнүгүүсүнүн уңгу жолу

IV Элдик курултайда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров өлкөнү 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын делегаттарга тааныштырып, анда аныкталган төрт негизги багыттын бири катары айыл чарбасын өнүктүрүү белгиленгенин билдирди. Президент агрардык тармак Кыргыз Республикасы үчүн социалдык туруктуулуктун, азык-түлүк коопсуздугунун жана региондордун туруктуу өсүшүнүн негизи болуп саналарын, ошондой эле калктын 58 пайызы айыл жергесинде жашап, алардын эмгеги өлкөнүн келечегинин пайдубалын түзөрүн белгилеп, агрардык сектор мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса көрсөттү.

Кыргыз Республикасында айыл чарба өндүрүшүнүн негизги байлыгы болуп агрардык чарбаларга таандык жер ресурстары эсептелет. Статистикалык маалыматтарга ылайык, сугат айдоо жерлеринин 72,2 пайызы дыйкан чарбаларына таандык болуп, алардын саны 2023-жылы 361,5 миң чарбаны түзгөн. Бул чарбалардын басымдуу бөлүгү майда жер үлүштөрүнө (1-3 га) ээ. Акыркы жылдары жер үлүштөрүнүн майдаланып кетүү процесси күчөп, жер аянты чектелүү чарбалардын саны көбөйүүдө, бул болсо алардын экономикалык жактан чыңдалышын жана кедейчиликтен чыгуусун татаалдаштырууда. Майда дыйкан чарбаларында заманбап технологиялардын жетишсиз колдонулушу жана өндүрүштүн рентабелдүүлүгүнүн төмөндүгү бүгүнкү күнгө чейин актуалдуу көйгөй бойдон калууда.

Сугат айдоо аянты чектелүү болгон чарбаларда дыйканчылык жүргүзүү системасы олуттуу түрдө бузулуп, анын натыйжасында топурактын асылдуулугу төмөндөп, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү азайып, алынган киреше кыскарууда. Ушул жагдайга байланыштуу жер аянты чектелүү болгон дыйкан чарбалары өз жерлерин ири жана капиталга бай фермерлерге арендага берүүгө, айрым учурларда сатууга мажбур болууда. Натыйжада азыркы мезгилде кыргыз айылдарында бай фермерлердин аз катмары жана көп сандагы майда, экономикалык жактан алсыз дыйкан чарбалары калыптанып, мындай теңсиздик келечекте олуттуу социалдык көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн.

Айыл аймактарында сугат айдоо жерлерине кеңири ээлик кылган бай фермерлер экономикалык жактан туруктуураак болуп, жогорку кирешелерди алуу менен бакубат жашоого жетишүүдө. Мындай чарбалар мамлекет тарабынан берилген жеңилдетилген кредиттерге жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, заманбап техникаларды сатып алууга жана инновациялык технологияларды киргизүү аркылуу өндүрүштү модернизациялоону ишке ашырууда. Бирок, практика көрсөткөндөй, айыл жергесиндеги ири жана бай фермердик чарбалар калкты жыл бою туруктуу жумуш орундар менен камсыз кылууда жана айылдын социалдык-экономикалык маселелерин комплекстүү түрдө чечүүдө толук кандуу роль ойной албай жатат.

Ушуга байланыштуу кыргыз айылынын жана айыл чарба өндүрүшүнүн келечектеги өнүгүүсүнүн эң натыйжалуу багыттарынын бири катары мамлекеттин түздөн-түз катышуусу менен мамлекеттик агрардык чарбаларды түзүү зарылдыгы барган сайын айкын болууда. Айыл чарба өндүрүшүнө мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн мындай системалуу колдоо өлкөнүн жалпы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, өзгөчө айыл аймактарынын туруктуу келечегине түздөн-түз оң таасирин тийгизе турган стратегиялык маанидеги саясат болуп эсептелет.

Бул багыттын негиздүүлүгүн айыл аймактарындагы мамлекетке таандык сугат айдоо жерлеринин үлүшү орто эсеп менен 25% түзөрү да тастыктайт. Мындан тышкары, калк совет мезгилиндеги совхоздордун ишмердүүлүгүн унута элек: алар айыл жергесинин социалдык-экономикалык абалын жакшыртууда, агрардык өндүрүштү комплекстүү өнүктүрүүдө, туруктуу жумуш орундарын түзүүдө жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү роль ойногонун жакшы билет.

Келечекте сугат айдоо аянты аз болгон майда дыйкан чарбалары жер үлүштөрүн мамлекеттик агрардык чарбаларга өткөрүп берүү менен туруктуу жумуш орундарын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, бул өз кезегинде айыл калкынын жашоо деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Азыркы учурда айыл аймактарында жумуш орундардын басымдуу бөлүгү сезондук мүнөзгө ээ болуп, калкты жыл бою туруктуу иш менен камсыз кылуу маселеси курч бойдон калууда. Ушуга байланыштуу көптөгөн майда чарбалуу айыл тургундары жашоо шартын жакшыртуу максатында эмгек миграциясына кетүүгө мажбур болууда. Мунун натыйжасында айыл жергесинде калктын картаюу процесси күчөп, жаштардын үлүшү кыскарып бара жатат.

Бул тенденция айылдык мектептердеги окуучулардын санынын азайышы менен коштолуп, билим берүү инфраструктурасынын туруктуу иштешине терс таасирин тийгизүүдө. Айыл жергесинде байкалган мындай социалдык-экономикалык терс көрүнүштөр мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан азыркы социалдык-экономикалык саясаттын максаттарына жана приоритеттерине карама-каршы келет.

Президент С.Н. Жапаров IV Курултайда: “Мамлекетибиздин бардык аракеттери ар бир кыргыз жараны өз жеринде урмат-сый менен жашоосуна, үй-бүлөсүнүн жанында болушуна, сүйгөн иши менен алектенүүсүнө жана келечегин өзү куруусуна багытталат. Максат - ар бир адам эртеңки күнүнө ишеним менен карап, өнүгүүгө, адал эмгектенүүгө жана татыктуу киреше табууга мүмкүнчүлүк алышы. Кыргызстан - ар бир жаранынын эмгеги татыктуу бааланган өлкө болушу керек”, - деп белгиледи. Бул сөздөр айыл элинин жашоосун ар тараптан жакшыртууга шарт түзүү зарыл экенин көрсөтөт. Бүгүнкү күндө өлкөнүн финансылык кубаты агрардык секторго кеңири көңүл бурууга мүмкүнчүлүк берет.

Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү агрардык секторду улуттук экономиканын стратегиялык артыкчылыктуу багыты катары таанып, аны өнүктүрүүгө олуттуу бюджеттик жана финансылык ресурстарды бөлүп келүүдө. Айыл чарбасы өлкөнүн экономикалык туруктуулугун камсыз кылууда, калктын социалдык абалын жакшыртууда жана аймактардын тең салмактуу өнүгүүсүнө чоң роль ойногондуктан, бул тармакка өзгөчө көңүл бурулууда. Бөлүнгөн каражаттар негизинен жеке дыйкан жана фермердик чарбаларды колдоого, айыл чарба өндүрүшүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана өндүрүштүк инфраструктураны жакшыртууга багытталат.

Бул максатта мамлекеттик программалар, жеңилдетилген насыялар, субсидиялар, гранттар жана инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда. Алар айыл жергесинде ишкердик активдүүлүктү жандандырууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, калктын кирешесин көбөйтүүгө жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган. Мындан тышкары, өндүрүштү көбөйтүү, импортко көз карандылыкты азайтуу, экспорттук продукцияны өнүктүрүү жана азык-түлүктөрдүн баасынын туруктуулугун сактоо негизги приоритеттер катары белгиленүүдө.

Ошол эле учурда, көрүлгөн аракеттерге жана бөлүнгөн олуттуу ресурстарга карабастан, агрардык секторду колдоо механизмдеринин практикалык натыйжалуулугу жана реалдуу экономикага тийгизген таасири күткөн деңгээлге толук жетпей жатканы байкалууда. Айрыкча өндүрүштүн туруктуу өсүшү, продукциянын сапаты жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, кошумча наркы жогору продукцияны өндүрүү жана экспорттук потенциалды кеңейтүү багыттарында олуттуу көйгөйлөр сакталып келет.

Кээде бюджеттик жана финансылык ресурстар чачырап колдонулуп, башкаруунун системасы жетишсиз, көзөмөл механизмдери алсыз, жоопкерчиликтин так бөлүштүрүлбөй калганы жана илимий негизделген пландаштыруунун жетишсиздиги агрардык сектордун туруктуу жана узак мөөнөттүү өнүгүшүнө тоскоол болууда. Бул абал азык-түлүк бааларынын өсүшүнө алып келип, аларды тез жана натыйжалуу жөнгө салуу кыйынчылыктарын жаратууда.

Мындай абал агрардык саясатты натыйжалуу ишке ашыруу үчүн комплекстүү, стратегиялык багыттарды иштеп чыгуу зарылдыгын ачык көрсөтөт. Айыл чарба тармагынын туруктуу өнүгүшү, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу жана региондордун тең салмактуу өнүгүүсүнө жетишүү аркылуу гана ишке ашат. Ошондуктан агрардык саясат кыска мөөнөттүү чаралар менен чектелбестен, узак мөөнөттүү стратегиялык максаттарды жана приоритеттерди ишке ашыруу механизмдерин камтыган системалуу мамилени талап кылат.

Бул контекстте Кыргызстандын мамлекеттик агрардык чарбаларын түзүү жана өнүктүрүү маселеси бүгүнкү күндө өзгөчө актуалдуу болуп, мааниси күндөн-күнгө өсүп жатат. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарба тармагында туруктуулукту сактоо жана узак мөөнөттүү өнүгүүгө жетишүү максаты мамлекеттик агрардык чарбалардын ролун күчөтөт. Алар стратегиялык мааниге ээ продукцияны туруктуу өндүрүүгө, кластерлердин эффективдүү иштешине шарт түзүп, рыноктук өзгөрүүлөргө, баалардын туруксуздугуна жана тышкы коркунучтарга туруштук бере алат.

Мындан тышкары, мамлекеттик агрардык чарбалар жеке сектор үчүн атаандаш эмес, тескерисинче, аны толуктоочу жана колдоочу өнөктөш катары иш алып барышы зарыл. Алар рынок экономикасында стратегиялык маанилүү багыттарда демилге көтөрүп, айыл чарба тармагынын туруктуу өнүгүүсүнө салым кошо алат. Бул ыкма аркылуу мамлекеттик чарбалар жалпы натыйжалуулукту жогорулатып, региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берип, айыл элинин бакубат жашоосуна жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу менен көз карандысыздыгын бекемдөөгө жардам берет.

Мамлекеттик чарбалар айыл чарбасында үлгүлүү өндүрүштүк, технологиялык жана уюштуруучулук моделдерди калыптандыруунун маанилүү аянтчасы болуп саналат. Алар инновацияларды жайылтууга, илим менен өндүрүштүн ортосундагы байланышты чыңдоого жана рыноктук механизмдер менен мамлекеттик кызыкчылыктардын тең салмагын камсыздоого шарт түзөт. Ошондой эле заманбап агротехнологияларды, санариптик башкаруу системаларын жана климатка туруктуу, экологиялык жактан таза технологияларды практикада сыноого мүмкүнчүлүк жогорулатат.

Алынган тажрыйбаны майда жана орто дыйкан чарбаларына өндүрүштүк көндүмдөр жана практикалык ыкмалар катары жеткирүү, квалификациясын жогорулатуу курстарына окутуу жана консультация берүү жалпы айыл чарба прогресси үчүн эффективдүү болот.Натыйжада эмгек өндүрүмдүүлүгү өсүп, ресурстар үнөмдүү пайдаланылып, топурактардын асылдуулугу жогорулап, айыл жергесинде туруктуу жана сапаттуу жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзүлөт.

Мамлекеттик агрардык чарбалардын ишмердүүлүгүн заманбап корпоративдик башкаруу принциптерине, стратегиялык пландаштырууга жана эффективдүү менеджментке негиздеп уюштуруу өзгөчө мааниге ээ. Бул үчүн так максаттарга жана көрсөткүчтөргө негизделген башкаруу системасын киргизүү, финансылык жана өндүрүштүк отчеттуулуктун ачыктыгын камсыз кылуу, ошондой эле жетекчилик курамдын кесипкөйлүгүн жогорулатуу зарыл. Мындан тышкары, узак мөөнөттүү, туруктуу жана системалуу өнүгүүнү камсыз кыла турган институттук-укуктук жана уюштуруучулук механизмдерди иштеп чыгуу негизги милдеттердин бири болуп саналат.

Бул багытта мамлекеттик саясаттын ырааттуулугун сактоо, борбордук жана жергиликтүү деңгээлдерде ыйгарым укуктар менен жоопкерчиликти так бөлүштүрүү, жеке сектор, илимий мекемелер жана жарандык коом менен өнөктөштүктү өнүктүрүү маанилүү. Ачык-айкындуулукка жана конкреттүү натыйжаларга негизделген башкаруу моделдерин киргизүү мамлекеттик агрардык чарбалардын ишенимдүүлүгүн жогорулатат жана аларды айыл чарба тармагын модернизациялоонун жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн чыныгы локомотивине айландыра алат.

Азыркы учурда агрардык секторго жооптуу профилдүү министрликтин ролун жана институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү стратегиялык мааниге ээ. Бул министрлик мамлекеттик агрардык чарбаларды түзүү жана өнүктүрүү багытында активдүү, максаттуу жана координацияланган иш-аракеттерди жүргүзүшү зарыл. Муну ишке ашыруу үчүн башкаруу системасын өркүндөтүү, кадрдык потенциалды жогорулатуу, илимий мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жеке сектор менен тыгыз кызматташтыкты жолго коюу маанилүү. Ошондой эле узак мөөнөттүү мамлекеттик программаларды иштеп чыгып, аларды каржылык, техникалык жана укуктук жактан толук камсыз кылуу зарыл.

Мамлекеттин ар тараптан көрсөткөн колдоосунун негизинде жакынкы келечекте мамлекеттик агрардык чарбалар айыл чарба тармагын комплекстүү өнүктүрүүдө алдыңкы орунду ээлеши керек. Алар заманбап технологияларды, инновациялык ыкмаларды жана илимий жетишкендиктерди практикада колдонгон үлгүлүү чарбаларга айланып, фермерлер үчүн тажрыйба алмашуу жана окутуу борборлору катары кызмат кылышы зарыл. Мындай чарбалар продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу менен катар, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана айыл жергесинде туруктуу жумуш орундарын түзүүгө олуттуу салым кошо алат.

Эң негизгиси, мамлекеттик агрардык чарбалар кластерлерди түзүүдөгү негизги база болуп кызмат кылат. Бул IV Элдик курултайдагы С.Н. Жапаровдун сөзү менен да дал келет: “Стратегиялык максатыбыз - кыргыз айылдары өзүн-өзү араң баккан аймак эмес, тескерисинче, өсүштүн, ишенимдин жана мүмкүнчүлүктөрдүн борбору болуп, жаштар айылдарда айласыздыктан эмес, өз каалоосу менен жашашы керек. Дыйканчылык аз кирешелүү жана оор жумуш катары эмес, заманбап экономиканын бөлүгү катары кабыл алынууга тийиш”.

Президентибиз белгилеген саясат гана айыл чарбасын туруктуу өнүгүү жолуна багыттап, өлкөнүн жалпы экономикалык өсүшүнө реалдуу салым кошо алат. Бул максатты ишке ашыруу мамлекеттик агрардык чарбаларды түзүү аркылуу чечилиши керек.

Мамлекеттик агрардык чарбаларды түзүү жана өнүктүрүү үчүн бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында саясий эрк жана финансылык колдоо жагынан зор мүмкүнчүлүктөр бар. IV Элдик курултайда Президент мындай деди: “Бүгүн бизде бекем финансылык база, туруктуу өсүү динамикасы жана келечекке болгон ишеним бар. Азыркы биздин жалпы милдетибиз - өнүгүү темпин жогорулатуу, жетишилген натыйжаларды бекемдөө жана келечекке бекем пайдубал түзүү менен ар бир жаран экономикалык өсүштүн жемишин сезиши үчүн кам көрүү”. Бул сөздөр агрардык тармакта мамлекеттик агрардык чарбаларды уюштурууга демилге жана түрткү берет.

Айыл чарбасында мамлекеттик агрардык чарбаларды түзүү багыты өлкөбүздүн туруктуу өнүгүү стратегиясына толук шайкеш келет. Анткени айыл өкүмөттөрүндөгү мамлекетке таандык 25% сугат айдоо жерлердин (ФПС) базасында мамлекеттик агрардык чарбаларды уюштуруу аркылуу дыйканчылык менен мал чарбасын жогорку деңгээлге көтөрүп, машина-трактордук парктарды жана жумушчу орундарды түзүү, агрошаарчаларды куруу жана айылдын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу маселеси актуалдуу болуп турат.

2024-жылдагы айыл аймактарын ирилештирүүдөн кийин, ар бир айыл өкүмөтүнүн карамагындагы 25% ФПС жерлери 700-1200 гектар сугат айдоолорду түзүп, бул мамлекеттик жерлер агрардык өндүрүштөгү негизги байлыкка айланат. Ошондуктан атайын программалардын алкагында региондордо 25% ФПСтин жерлеринде пилоттук мамлекеттик агрардык чарбаларды уюштуруу өлкөнүн алдыга карай өнүгүү саясатына туура келип, агрардык тармакты инновациялык өнүктүрүү жолуна багыттайт. Мындай чарбалар туруктуу жумушчу орундарды түзүү аркылуу айылдан шаарга миграция процессин токтотууга да шарт түзөт.

Бул мамлекеттик агрардык чарбалар айыл чарбасын өнүктүрүүнүн “локомотиви” болуп кызмат кылат жана алардын ишмердүүлүгү төмөнкү багыттарды камтыйт:

• Заманбап техника менен жабдылган машиналык-трактордук парк түзүлүп, өсүмдүк өстүрүүдө алдыңкы агротехнологиялар колдонулат, топурактын асылдуулугун сактоого багытталган дыйканчылык системалары киргизилип, экологиялык абал жакшыртылат;

• Өсүмдүк өстүрүүдө жана мал чарбасында селекциялык иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, айыл чарба продукциясынын көлөмү жана сапаты жогорулатылат;

• Азык-түлүк жана экологиялык коопсуздукка байланыштуу маселелерди чечүүгө шарт түзүлөт;

• Логистикалык борборлор жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканалар түзүлүп, кошумча нарк жаратуу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет;

• Туруктуу жумуш орундар түзүлүп, ички жана тышкы миграциянын деңгээли төмөндөйт, айыл аймактарынын социалдык-экономикалык абалы жакшыртылат;

• Университеттер жана илимий-изилдөө институттары менен тыгыз кызматташтыкта илимий изилдөөлөр жүргүзүлөт;

• Айыл чарба тармагы үчүн адистерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу системалуу негизде ишке ашырылат;

• Өндүрүштү башкаруунун заманбап ыкмаларын апробациялоо жана кадрларды практикалык даярдоо иштери жүргүзүлөт;

• Инвестицияларды тартуу боюнча комплекстүү чаралар ишке ашырылат;

• Кыргыз Республикасында мамлекеттик агрардык чарбаларды түзүү жана өнүктүрүү үчүн зарыл болгон саясий, экономикалык жана финансылык мүмкүнчүлүктөр бар.

Ошентип, Кыргыз Республикасында эл аралык стандарттарга жооп берген, атаандаштыкка туруктуу жана азык-түлүк менен экологиялык коопсуздукту камсыз кылган заманбап агрардык комплекс калыптанат. Бул комплекс айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн бардык баскычтарын - өсүмдүк жана мал чарбасын, сугат системаларын, логистиканы жана кайра иштетүүнү - интеграцияланган түрдө камтып, продукциянын сапатын жана көлөмүн жогорулатууга багытталган.

Мындай модель кыргыз айылынын жана агрардык өндүрүштүн өнүгүүсүнүн уңгу жолу болуп, агрардык саясатты илимий негизде, натыйжалуу жана туруктуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Натыйжада өлкөнүн экономикалык өсүшүнө реалдуу салым кошулуп, калктын жыргалчылыгы камсыздалат.

Доктор сельскохозяйственных наук Карабаев Нурудин Абылаевич, кандидат сельскохозяйственных наук Ызаканов Талгарбек Жаркынбаевич

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×