Куюшкандуу бул Кыргыз
Кутурган ушу дүйнөгө
Кул болбо үчүн келиптир.
«Манас» эпосунан
Түрк дүйнөсүнүн эле эмес, бүткүл адамзат цивилизациясынын пайгамбарына айланган Чынгыз Айтматовка акараат айткан ким болду экен деп, интернеттин желесинен генерал Сыймык Жапыкеевдин сөзүн эрикпей издеп таап толук уктум. Ири алды, С.Жапыкеевдин ой-жүгүртүүсүндөгү, анын эмоцияга, ызаага толгон агресивдүү сөздөрүндөгү саясий туркойлук менен тымызын куйтулук таң калдырды. Сөздүн ылайыгы келип турса да, Кыргызстандагы жаңылануу, ар тараптуу дүркүрөп өнүгүү жөнүндө ооз ачпады. Ага кубанбай эле ичи тарып, С.Жапаровдун командасынын ийгиликтерин көрө албай тургандыгын билгизип койду. Айтматовду үстүртөн да окуган белгиси жок, бирок анын чыгармаларын 5 тыйындык тарых деп кемсинткени, коомдо атайын чатак, жаңжал чыгарып, өзүнө элдин, айрыкча бийликтердин көңүлүн буруу анын максаты турбайбы.
С. Жапыкеевдин бул аракетинин мотивациясы баягы эле көкөйгө көк талкандай тийген бийлик үчүн күрөштүн драмасынан үзүндү экен. Ал башкы бийликке, атап айтканда президент С.Жапаровко жана ага жакын жүргөн жардамчыларына ызаасы, таарынычысы “аттын башындай” экен. Болжолдуу айтсам анын айткандары мындай: “мен революцияны уюштуруп, бийликти жеңип алсам, Ак үй, Көк үйлөрдү коргосом, бошотсом аны бийликтер баалабай, мени пайдаланып туруп, эски тряпкадай четке ыргытып ташташты. Жан жөкөрлөрү Президентти менден кызганышат, бут тозуп сүйлөштүрбөйт, кабинетине айлап-жылдап кире албайм ж.б.”. Мунун канчасы калп, канчасы чын экенин билбейм, бирок Президенттин жан жөкөрлөрү аны кызганат, ага келген каттарду тозуп, кезигем деген аттуу – баштуу эле кишилерди да киргизбей коюшат, - дегенинде чындыктын үлүшү бар.
Кандай гана аткаруу аппаратын албайлы, кичине эле сын же каяша айтылса, ал кишинин артынан түшүп, кубалап кармашып, кордомой “ит оорусу” бар. Падышалык Россиянын бир чиновниги айткандай: “Мы русские едим друг друга и сыты бываем”. Биз кыргыздар булардан ашып түшпөсөк кем калбайбыз го. Калыстык менен тыңшасак, С. Жапыкеев ичиндеги ызаасын, таарынычтарын ачык, көз жаш аралаш айтты, кечирим сурады. Аппаратчылар, эми бир аз айкөлдүк кылып, сунган колду ары түртпөй сүйлөшсө бул жигит, кайра өз катарыңарга келерине шек жок.
Кыргызстан азыр тарыхтын чукул бурулушунда, эзели болуп көрбөгөндөй темп менен Жаңы Кыргызстанды куруп жатат. Мындай үлкөн социалдык революцияга тете иштерде, албетте, кемчиликтер да, одоно катаалар да кетет. Орусча айтканда “лес рубят, щепки летят” кадрлар ондоп, жүздөп алмашат. Алар кубанышат, таарынышат ж.б.
Ал “таарынчактардын” көпчүлүгү Жапыкеевдей кечирим сурабайт, чагымчыл топторду түзүшөт, кандай жакшы иш болсо да каралайт, ичи тардык, көрө албастык алардын негизги куралы болуп калат. Эгер биз бийликке келсек, элдин байпагын манат кылабыз, туалетин алтындан курабыз дешет.
Булардын эң өкүнүчтүү, эң коркунучтуу касиети – ата-бабанын каада салттарын, элдик авторитеттерди сыйлабайт. Аларга Айтматовуң да, Манасың да, Ата Мекениң да Жапыкеев айткандай 5 тыйынга татыбайт. Булар чыныгы маңкурт-кулдар.
Роза Төрөкуловна бүгүн өзүнүн элге кайрылуусу менен жүрөктү оорутту. Ар бир кыргыз билет: “ааламдагы адамдар кыргыз калкын Айтматов аркылуу танышат. Мурда да, азыр да, кыргыз интеллигенциясынын арасынан эч ким Айтматов сындуу кыргыз элинин улуттук духу менен улуттук аң-сезиминин жарчысы боло алган эмес. Ал өз элинин дүйнө калктарынын ичиндеги татыктуу орду туурасында кыялданып гана им калбай, жан аябастан күрөшкөн, анын үнү улуттардын бүт ааламдык хорунда сыймыктуу жаңырган. Ал сөзү менен да, иши менен да кыргыз элинин бийик идеалдарга умтулган, улуттук жана универсалдык, адамзаттык касиеттерди бириктирип, өзүнүн жогорку ордун билген эл болушуна жетишүү максат деген. Ошону туура баалай албай, Айтматовка асылып жаткан нигилисттер, маңкурт-кулдар көп экен го. Демек, Айтматовду кайрадан окутуу, таануу иштери жаңыланышы керек. Бул жагдай Айтматовдун чыгармаларын жаңыдан тарыхый-философиялык көз караштан изилденишин талап кылат. Мисалы, кыргыз элинде гана чет элдик баскынчылыкка каршы баатырдык “Манас” эпосу бар, эмне үчүн маңкурт – кул феномени кыргыздын кыртышынан табылды, тапканда да аны кыргыздын өз уулу Ч. Айтматов тапты?
Байыркы жана орто кылымдардагы тарыхка көз чаптырсак, кул-кул элөөчүлүк коомдун туундусу. Мындай түзүлүштүн негизи – өндүрүш каражаттары да, кулдун өзү да кул элөөчүнүн менчиги.
Жалпысынан ошондой, бирок кулчулук коомдук түзүлүштөр бардык жерлерде бир кылка, бирдей өнүкпөптүр. Батышта да, Чыгышты да, тарыхый – маданият, техникалык процесстери алдыга кеткен региондордо гана кулчулук доор гүлдөгөн экен. Мисалы, Грецияда, Италияда, Индияда, Азиянын айрым бир чөлкөмдөрүндө. Мени, ушу азырда таң калдырганы, сыймыктандырганы, кадимки улуу тарыхчы Л. Гумилев баса белгилегендей, кыргыздар кулчулук коомдук түзүлүштү башынан өткөрүптүр.
Кулчулук доорду башынан өткөрбөгөн Азиядагы Африкадагы, Латын Америкасындагы, Россиянын эң четки түндүк- региондорундагы чукча, эскимосы, ондогон уруктар жана элдер келе жаткан феодалдык доордун каардуу сыноолоруна чыдабай, кулчулук доордун босогосун аттап өтө албай адамзат цивилизациясынын сыртында калышкан.
Бүткүл дүйнөлүк тарых кул ээлөөчүлүк доорду адазамт цивилизациясынын эң биринчи пайдубалы деп эсептейт. Ошол заманда ушул мезгилге чейин кулчулуктан жаралган таптык күрөш, таптык карама-каршылыктар тарыхтын кыймылдаткыч күчү болуп, эң биринчи гуманитардык революцияга алып келди: так ошол мезгилде байлыгына, бийлигине, улутуна, расассына ж.б. карабастан бардык адамдар бири-бирине тең деп диний императив катары буддизмде жана христианстводо катары жазылды. Бул жалпы адамзаттын кулчулук доорундагы теңдешсиз улуу жетишкендигинин бири эле.
Ф.Энгельс айткандай: “Кулчулук болбосо, Грек мамлекети, Гректин искусствосу жана илими болмок эмес. Ал тургай Рим империясы да болмок эмес. Греция жана Рим негиздеген кулчулуктун пайдубалы болбосо, азыркы Европа да болмок эмес”. Демек, кулчулукту басып өтпөсө, кыргыз да, анын мамлекети да “Манас” да, маданияты да болмок эмес.
Кулчулук доордун адамзатка калтырган дагы бир мурасы – мамлекеттик түзүлүштү жана анын формаларын калтырды. Миңдеген кылымдар өттүү, жүздөгөн мамлекеттер, империялар жок болду, бирок кулчулукта жаралган монархия, республика, автократия, меритократия ж.б. ар кандай түсүн, түрүн өзгөртүп коет да, жашап келе жатышат. Ошо кезде кулчулуктун эң коркунучтуу, жырткыч формасы – башка мамлекетке өз мамлекеттиңдин куладнуусу болгон. “Манас” эпосунун жалындуу пафосу, эпикалык деми – дал ошо чет элдик баскынчыларга каршы кыргыз элинин эркиндик үчүн жан аябаган күрөшүндө болгон. Мисалы, китептеги биз билген маңкурт-кул чет элдик душмандардын, жуан-жуандардын кулу да. Жусуп Мамайдын вариантындагы “Манаста” Касиет менен Калка/Отуз миң үйлүү эл менен/Калмакка барып кул болду/Эки калмак аларды/энчи кылып ээ болду. Калмактардын энчисине бүт мал-мүлкү, аялы, кыздары эле айланбастан, өздөрүнүн энчилүү аттары, да менчиктелди. Касиет-Албан аталып, Калка-Кыяз болду”.
Манас баатырдын өлбөс-өчпөс вазыйпасы-элин ушундай чет элдик кулчулуктан куткаруу экендиги анын төмөнкү антында кашкайып көрүнүп турат.
Алты сан аман турганда,
Ыйык кыргыз жеримди
Душмандын буту баскыча
Асыл кыргыз элимди.
Тебелетип койгуча.
Кор кылып карап жаткыча
Төрөлбөй туна чөгөйүн,
Тирүү жүрбөй өлөйүн.
Аткарбасам антымды
Төшү түктүү жер урсун!
Төбөсү бийик көк урсун!
Көкө Теңир өзү урсун!
Чынгыз Айтматов “Кылым карытаар бир күн” романын башында “Обруч” деп атагысы келгенин айткан. “Обруч” кыргызча “шири”. Роман жалгыз эле бир персонажга – маңкурт-кулга арналган эмес. Ал бүтүндөй ааламды, адамзатты солкулдатып турган проблемаларды кучагына алган чыгарма. Аталган романда Ч. Айтматов адамдын эркиндиги үч “шириге”, зордук-зомбулук менен кулчулуктун үч түрүнө кабылат.
Символикалык шири – бул улуттук ыйык жайды-байыркы “Эне-Бейит” көрүстөнүн темир кашаа менен курчап, эч ким кире алгыс аймакка айланткан тоталитардык мамлекет. Маалым болгондой, КПССтин жана совет мамлекетинин идеологиясы менен интернационализм саясаты “совет эли” деген жаңы тарыхый жалпылыкты калыптандыруу үчүн коомду унификациялоого багытталган болчу. Бул, демек, кааласаң да, каалабасаң да улуттук фактор басмарланган дегенди түшүндүрөт. Иш жүзүндө улуттук тилдер, салттар жана маданияттар артка сүрүлгөн. Азыркы муундар ишенишпес, арийне, өткөн кылымдын 50-60 жылдарында республикабыздын борбору Фрунзе шаарында кыргыз тилиндеги бир гана мектеп иштеген. Улуттук каада-салттар кысмакка алынып, аларга тыюу салынган.
Экинчиден, шири – бул Ата мекенин эне тилин, салт-санаасын жана маданиятын жериген адамдын аң-сезими. Мындай феномен азыркы “массалык адамдын” кеңири тараган сапаты болуп эсептелет. Азыр бүт дүйнөдө миллиондогон массалар керектөөчүлүктүн (потребильство) айрыкча акчанын, анан виртуалдык информациянын (гаджеттин) кулу болуп калды. Бир гана нерсе талаш туудурбайт – “маңкуртчулук” кыргыздардын байыркы турмушунун фактысы катары улуттук фольклордо жашап келсе, муну философиялык жактан кайрадан аңдап-түшүнүп, кайрадан иштеп чыгып, береги көрүнүштү жалпы адамзаттык масштабдагы актуалдуу феноменге айланткан дал ушу Айтматов болду.
Үчүнчүдөн, шири – бул, акыр-түбүндө, адамзатты өзүн өзү жоготууга түрткөн азыркы глобалдык коркунучтар менен чалкештиктер. Романдын финалында согуш ракеталарынын – роботтордун кулак тундурган чуусунда жана айлананын сүттөй аппак жарыгында ушул баардык “ширилер” бир бүтүнгө ширелгендей болот, ошондо карапайым макулуктар, киши, төө, ит коркконунан тиерден безе качат.
XX кылымдын башындагы чындыкты байкоо менен, Чынгыз Айтматов жалпы азыркы адамзат үчүн, аны түзгөн элдердин көбү үчүн улуттун улутту басмырлоосунан колониализмден ашкан душман жок экендигине бекем ишенген. XX кылымда адамзат мамлекеттик акылсыздыктын туу чокусун көрдү. Эки улуу өлкө – Германия менен Советтер Союзу – көп жылдар бою элдерди тукум курут кылууну улуттук саясаттын деңгээлине – биринчи учурда бу этникалык принцип боюнча, экинчи учурда идеологиялык жана таптык принцип боюнча жасалды. Азыр да кулдандыруунун ыкмалары менен масштабдары абдай үрөй учурарлык. Мамлекеттик суверенитетке жамынган шовинизм жалпы адамзаттын жашап турушунун башкы коркунучу болуп калууда. Америкада, Европада болуп аткан “төө бастылар”, ачыктан ачык саясий зордуктоолор, жалгыз эле Трамптын жүрүш-турушу, азыр эле апокалипсис болчудай жүрөгүнду түшүрөт.
Айтматовдун акыркы романында “өлтүрөмбү-өлөмбү..” деген анча чоң эмес аңгеме кошо тиркелет. Анын башында лөлүнүн оозу менен айтылган мындай эпиграмма берилет: “Күндүн бетине гана кан чачырабайт... Ээр-токулгалуу ээсиз ат татырактап тастактайт...” (астын сызган мен-Ж.С.) Кандай гана үрөй аеосуз экзистенциализм! Мындай сүрөттү Чыкем гана тарта алмак!