Айдоочулук күбөлүкту алуу үчүн окуу мөөнөтүн 10 айга узартуу чечимин, айрым депутаттар дүнүйөлүк, дүрбөлөң катары көрсөткүлөрү келишти... Бул багытта президент көп нерсени билет. Айтпадыбы бир генерал бүтүндөй окуу системасын менчиктештирип алганын. Муну ачыктаганга буга чейин бирөөнүн да духу жеткен эмес.
Кимдин күчү көбүрөөк болсо баарын ээлеп ала берген. Буга президент жол берген жок. Ал ошон үчүн президент... Окуу системасын мыйзамдаштыруу парламентарийлердин милдети, ал эпак ишке ашырууну талап кылып жаткан, анын ордуна белгилүү чиновниктер олигархтардын тоюнда көрүнүшүп, өздөрүнүн жеке иштерин мыйзамдан жогору коюшкан. Эмнеде проблема? Бул олигархиянын каалосу болуп жүрбөсүн.. Канчалык күбөлүктөр көп тапшырылса, утилге чыккан унааларды көбүрөөк сатканга шарт түзүлөт. Мындан ары минтип жашаганга болбойт, замандын өсүү темпи ачыктыкты жана тактыктыкты талап кылууда. Саясаттын ордуна инженердик ой жүгүртүүлөр келгени жакшы. Айдоочулук күбөлүк жөнүндө айтсак, унаа айдаганды он күндүн ичинде деле үйрөнсө болот. Бирок максатка жетүүнүн кыска жолдору жетишсиз, коркунучтуу да, жол кырсыктарынын кайталанып жатышы квалификациялуу айдоочулардын аздыгынан.
Ошол эле маалда коррупцияны саясатташтырган синхронизацияга айландыруу да коркунучтуу. Маселенин сыртын гана көрбөстөн анын тамырынан чечүү жагдайлары да пайда болду.
Татаал маселе пайда боло калса, саясатчылар дароо элди үндөөгө киришет. Бар болгону айрымдардын мажирөөлүгү, маселе чечүү башка маселе, же 7 миллион кишинин баары айдоочулук күбөлүк алабы? Бир парадокс бар. Манас эпосундагы «Чоң казат» баяндамасында, Манас атабыз жарадар болуп, кара кытай, калмактар каптап кирип келатат деп айтылат.Калмактардын арасында Шыпшайдар деген адис мергенчи снайпери болот, ал башына тал сайып, маскировка жасап Алмамбет, Чубак, Сыргакты баш кылып Манастын чоролорун чекеге атып өлтүрөт.Сыргактын атын тизеге атканда ат мүдүрүлүп кетти, башынан туулгасы ыргып кеткенде Сыргакты так чекеге атат.
Терроризм дал ушундай башталган. Ааламда убакыттын башталышы, анын тынымсыз агылышы адам өмүрүн эсеп барагына киргизди. Баары өткөндүн деңизине чөгүп баратат,куткаруучу пайда боло элек. Алмамбет, Кытайда жүргөндө бир чоң окууга Шыпшайдар менен чогуу барып окуган. Шыпшайдар, Алмамбеттен үч ай артык окуп калат да көзгө атаар казыналык чоң мерген болуп чыга келет. Эгер Алмамбет дагы окууну Шыпшайдар менен тең окуганда, чабуул башталганда эле, Шыпшайдарды жок кылмак... Ал мусулман болгондуктан террористтик.окууну, окугусу келбеген чыгаар. Бир нерсени үйрөнгөн адам , сөссүз бир нерсени окуп чыккан. Шыпшшайдардын мисалында теориянын мааниси жогору экендигин түшүнүүгө болот. Эмне үчүн бир окууну эмприкалуу дейбиз. Жоөнөкөй кабыл алуудан жогору чыкпагандыктан, эмоциянын найзаларына кабылуудабыз. Ал түгүл Эйнштейндин так эсептөөлөрү кванттар дүйнөсүңө жооп таба албай калууда... Эмприкалүу моңголдор бүт дүйнөнү каратып алса да, өздөрүнүн империясын кура алган эмес. Алардын кол астындагы Россия, Европалык билимге багыт алгандыктан зор мамлекетти куруп, үстөмдүккө жетишти. Бир нерсени чала- була өздөштүргөнгө караганда, эч нерсе өздөштүрбөй койгон жакшы, бирөөгө залалың тийбейт. Айдоочулук күбөлүктүн маани- маңызы жол кырсыктарын болтурбоого багытталган. Чала үйрөнгөн адамдын креативи автоавария. Сылаңкороздук аракеттер адамдардын өмүрүн алып жатат.
Автокатастрофаларды токтотуш үчүн сөзсүз Улукманды окуп чыгыш милдетке кирбейт, бирок чебер айдөочу болуш үчүн, Шыпшайдардай узак убакыт окууңу талап кылат... Замандын алгоритмин кармай турган мезгил келди. Ансыз жаңы технологияларды өзддөштүрүү кыйын. Окуу, машыгуунун алгоритмин түзгөндөр ийгиликке жете алышат. Балбан Акжол Махмудов окуу машыгууну алгоритмге айланта алган. Ал эми анча деле кара күч коротпойт, каршылашын энергетикалык айлампага алып кирип, өзгөчө ыкма менен утуп кетет. Атаандашы өзүнүн инерциясынан жеңилди. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы, эмне үчүн негизги оюндарды уттуруп коюшууда, оюнду синхрондуу алып баруу жок, оюнчулар ар кимиси өз бет алдынча аракет кылышат, антип жылдыз болууга жол табылбайт. Футбол жылдызы Сеси деле жеке ойноп атпайбы деп, айтышы мүмкүн бирөө. Окуу, машыгууда ал өзүнүн зор ынтаасын коюп машыккан. Командадагы ар бир оюнчуну жон териси аркылуу сезет. Меси оюнга сыйкырдуу буттары менен дирижерлук кылат. Оюн талаасында гармония жүрүп жатат. Эмне үчүн айрым адамдар беш- алты тилде сүйлөй алышат, эшек такалап жүргөндөр эмес алар. Берилип аракет кылгандыктан алгоритмди өздөштүрүп кетишти. Жасалма интелект да алгоритм, көз ачып жумгуча миллиондогон информацияларды иштеп чыгат.
Президент Садыр Жапаров дагы иштин алгоритмин өздөштүрө баштады. Эмки максат Президент, парламент, министрлер кабинети, пресса, укук коргоо органдары бирдиктүү түрдө стратегиялык иштерди алып баруунун алгоритмин аныктап чыгуулары зарыл. Юридикалык тааладан ким мыйзамды буйтап өтүп гол жаратам десе чоң жаңылыштыкка барат. Арбитрлар аны көз жаздымда калтырбайт. Айдоочулук күбөлүктү алууда шашмалыкты жаратуу проблемаларды жойууга тоскоолдук жаратат.
Чоң жолдун алгоритмин окуп, үйрөнгөндөн кийин квалификациялуу адистер жолдогу өлүмдөрдү жокко чыгара алышат.Биз экзистенциалисттик кырдаалды өзгөртөбүз, ый жараткан кырдаал болсо дагы.. Ал жөнүндө кийин...