Кыргызстан эгемендик алгандан бери улуттук идеологияны иштеп чыгуу үчүн көптөгөн илимий эмгектер, идеологиялык программалар жазылып – даярдалып, бирок кагаз жүзүндө калганын карапайым эл жакшы билет.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда идеологиялык “Уңгу жолу” иштелип чыгып, ошол “Жол менен жүрүүнүн жол эрежелери” сунушталып жатат!
Бирок аны ишке ашыраардан мурун “Уңгу жолдун – уңгусун” тактоо керек. Ар кандай мамлекеттин, улуттун сакталышы “Уңгу жолдорду улам толуктап улантыш” үчүн биринчи ирээтте “уңгу жолдун уңгусу” болгон кыргыз элинин демографиялык өсүшүн камсыздап, сапатуу генофондду сактоонун жана мамлекеттин туруктуу өнүгүү жолдорун иштеп чыгуу керек. Ал үчүн жогорку интеллектуалдуу-башкарууну камсыздап, өзөктүү-пайдубалдуу-тамырлуу экономикалык өсүштү, мезгил талабына жараша жаңылануу менен туруктуу өнүгүүгө жетишүүнү илимий негизде ишке ашыруу орундуу болот. Ага жетишүү үчүн “Ар-бир мезгилдин-коомдун талабына” жооп бере турган, илимий нускаларын, нарктуу жолдорун-механизмдерин жөнөкөйлөтүп, эл терең түшүнүп, иш жүзүндө колдоно-аткара ала турган кылып иштеп чыгуу абзел.
Эгерде мамлекетте каза болгондордун саны, төрөлгөндөрдүн санынан көп боло баштаса “Уңгу жолду колдонуучулар - (потребители)”, улуттун атын алып жүргөн мамлекет дагы жок болот. Бул жөнүндө ар түрдүү элдердин атын алып жүргөн мамлекеттер жоголуп, жаңы элдер-мамлекеттер пайда болгонун тарыхчылар гана эмес жөнөкөй карапайым элдер деле жакшы билишет. Ошол себептен “сапаттуу-туруктуу ” демографиялык көрсөткүч биринчи орунда болуп-уңгу жолдун уңгусун түзүүсү керек. Эмне себептен “сапаттуу” болушу керек деген суроо туулат, себеби биздин эл бүгүнкү күндө көрүнгөндүн тамагын жеп, ичимдигин ичип, жашоосун туурап жатып, мурун кыргыздардын арасында кездешпеген жана сейрек кездешкен ооруларды массалык түрдө пайда кылып, кыргыздардын генофонду жылдан-жылга начарлап жатат. Муну мен генофонд боюнча илимий иш жасап жаткан адам катары жакшы билемин! Анын анча - мынча бөлүкчөлөрүн АКИПресс аркалуу элге –кээ бир жетекчилерге жеткирүүгө аракет жасадым, кудайга шүгүр жыйынтыгы байкалып жатат. (АКИпресс Мнение 18.08.2023 г. 11.25. О первом секретаре Ошского обкома партии Р. Кульматове, «Придет время и людей будет кормить базар, а женщин не сможете заставить рожать детей»).
Балдардын төрөлүүсү жөнүндө 1980 жылы Кыргызстанга Франциянын элчиси келип райондорго барып көрүп келгенден кийн, Оштогу кыргыз драм-театрында эл менен жолугушууда, биздин элге жерге кайра-кайра суктанып, “Силер дүйнөдөгү эң бактылуу эл экенсиңер, балдарыңар анан роза гүлдөрүңөр өтө көп экен” деп айткан сөзү такыр эсимден чыкпайт. Ал кишинин ошол кездеги айткан сөзүн, азыркы мезгилде “Төгөрөктүн төрт бурчун кыдырып жүрүп”, өнүккөн бай өлкөлөрдө 300 орунду самолётко түшкөндө көп болсо бир эки баланы көрүп калам. Ал мезгилде биздин республикада балдардын төрөлүүсү бир миң кишиге 46 жетсе, бул көрсөткүч 2002 жылы Чүйдүн кээ бир райондорунда 1,0; 1,1; 1,9 чейин түшпөдүбү, мындай көрсөткүч менен барсак уңгу жолду- жолдоочулар жок болуп кетет го! Ошол себептен жогоруда келтирилген көйгөйдү (18.08.2023 г.) -макаланы АКИПресске жаздым эле, кудайга шүгүр бийлик тарабынан иш жүзүндө колдоо бар!
Мамлекеттүүлүктү түбөлүктүү –миндеген жылдар бою сактоонун дагы бир жолу ал ички карама-каршылыктарды жок кылып, жарандардын ынтымак-ыраашкерлиги, биримдиги, ич ара жана коңшу мамлекеттер менен болгон достугун, мамлекеттин кызыкчылыгын баарынан жогору коюп, кыргыз мамлекетинин бүтүндүгү үчүн өз жанын кыйган патриот жетекчилерди, жогорку интеллектуалдуу адамдарды бийликке алып келүү керек! Ал үчүн жетекчи-президент, Жогорку кеңешке депутат болом дегендерге “Мамлекеттин жетекчилигине, депутат болобуз дегендер үчүн талапкерлердин, көрсөткүчтөрүн-ченин-критерийлерин”- иштеп чыгуу жана ошол ченге-критерийлерге жооп берген, сыноодон өткөн талапкерлерди шайлоого катышууга уруксат берип, катыштырып, шайлап, же дайындоо керек! Себеби мамлекетти сактоодо-гүлдөтүүдө, же тескерисинче талкалоодо жеке адамдын ролу өтө чоң! Далил катары азыркы мезгилдеги бийликтин түзүлүшү, тагыраагы президенттик башкарууга өтүп, эки тизгин бир чылбырды Садыр Нургожоевич Жапаров өз колуна алгандан кийин, отуз жылдан бери таланып-тонолуп, талкаланган экономиканын системага түшүп 5-6 эсе өсүп-өнүгүшү мисал боло алат! Бирок курмандыксыз бийлик болбосун эл билип, ар-бир иштеген жетекчиге адилет туура баа берүүсү керек! Кеткен бийликтин жакшы жагын алып, бийликте турганда мактап, бийликтен кеткенде шыбабай турган, жогорку интеллектуалдуу деңгээлге жетишкен коом туруктуу өнүгөт! Буга Кытай мамлекетинин бүгүнкү күндөгү өнүгүүсү далил.
Табияттын мыйзамынын- мыйзамы бул “Төрөлүү-жаралуу, татыктуу жашоо-өмүр сүрүү, өлүү менен бүтөт” бул принцип атомдордун (бөлүнбөс-неделимий) кошулушунан баштап, тирүүлөргө, баарына, ааламга дагы - таандык!
Туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн, ар бир коомдун, мамлекеттин “карып-алсыздана баштаганын”-“өлөрүн”, алдын ала билип-сезип, убагында реформалоону-жаңыланууну баштоо зарыл!
Ар бир коомдун, мамлекеттин миңдеген жылдар бою сакталып, туруктуу өнүгүүсүнүн, бийликтин-бийлигинин, байлыктын-байлыгынын туу чокусуна чыккандан кийин, “чокудан түшүү” мезгилинде-“расцвет и спад государства-общества” башталат, ал мезгилде интеллекти жогору болгон жетекчилер-башчылар-лидерлер, ошол “коомду, мамлекетти” чокудан кулатпай, “ички карама-каршылыктарга, баш аламандыка жол бербей турган”, кийинки “бийик чокуга алып чыгуу”, үчүн “жаңылануу жана тең салмактуулук мыйзамын”, колдоно билүүсү керек. Жаңыланууну баштоо үчүн жана жаңылануудан тең салмактуулука келгенче “В. Гейзенбергдин белгисиз-баш аламандык принцибин”-(принципы неопределенности В. Гейзенберга), ага алып келүү үчүн “козгоочу– ташуучу энергиянын” –(транспортная энергия) ордун, ролун тактап-аныктап колдонуп, андан кийинки этапта- Н. Бордун толуктоо принцибин - (Принципы дополнительности Н. Бора) катыштыруу- киргизүү, аны орду менен колдонуп, “Аватардын ойлонуу мезгилин-кыймылсыз кыймылын” (относительной относительности Аватара) эми эмне кылуу керек (эскини кайталайбызбы же жаңыны жаратабызбы?) деген суроосуна акыл калчап, жооп таап, тең салмактуулука келүү үчүн, үчилтиктин-карама каршылыктын принцибин- (принципы тройственности), авалкыны- мурункуну кайталоо үчүн “кайталоочу маалымат энергиясын” (информационной матричной энергии), же жаңыны жаратуу үчүн “Жанайдын маалымат жаратман энергиясын”, (информационной созидательной энергии Жаная) - колдонуу керек. Ошондо кийинки жаңы бийиктике - чокуга көтөрүлүүгө шарт түзүлөт. Ушундай принципти колдонгондо, мамлекет миңдеген жылдар бою улам жаңыланып-кайталанып, мезгилдин талабына жооп берип, улам бир тепкичке көтөрүлүп турганда, мамлекет кылымдар бою туруктуу сакталат. Бирок, бул жолдомо -жол көрсөткүчтү (дорожный картаны) ишке ашыруучу жетекчилерден эң жогорку деңгээлдеги интелектти, акыл эсти, жаратмандыкты, тапкычтыкты, патриоттуулукту жана анлитикалык талдоону, терең- фундаменталдык илимий изденүүнү билүүсүн талап кылат! Бул жазылгандарды биздин коомдо жашаган түшүнгөн адамдар, айрыкча жаштар эл арасынан табылып иш жүзүнө ашырышаар деген ой–каалоо–тилек менен, кийинкилерге нарк, нуска-“жол картасы” болсун деп жаздым!