Жыйырманчы кылымдын сексенинчи жылдарында, жаңылбасам, мен эң биринчи жолу өзбек журналисти, жазуучусу Ахмаджан Мелибаев менен... сырттан таанышкам. Анткени өзүм “Кыргызстан маданияты” жумалыгында жаңыдан иштеп жүрчү чагымда Казакстандагы, Өзбекстандагы кудум биздикиндей басылмаларга такай жазылып, окуп туруум жеке чыгармачылыгыма пайдалуу деп эсептейт элем. А “Өзбекстан адабияты жана санаты” апталык гезитинин агездеги башкы редактору, эми эскерип отурганымдай, Ахмаджан Мелибаев болчу.
Бул инсанга токсонунчу жылдардын орто ченинде бетме-бет, көзмө-көз кезиктим. Ал Ош тарапка Кыргызстанда туулуп-өсүп, кийин Ташкенттеги адабий басмалардын биринде эмгектенген дагы бир белгилүү акын, колу жеңил котормочубуз Турсунбай Адашбаевге кошулуп, эл-журттун өткөөл замандагы акыбалын суроо максатында эки-үч күнгө келип калган экен. Адегенде Ноокаттын айтылуу Карагой капчыгайынын токой-суусун тамшана аралап, таза абасын жутуп, эртеси Сузакта мектеп окуучуларына, Жалал-Абадда китеп окурмандага чогуу-чаран жолугуп, анан акшам маалда азиз меймандарыбызды жергиликтүү калемдешим Абдуганы Абдугапуров экөөбүз Анжияндын темир жол бекетинен артка, үй-жайына узатканбыз.
Ахмаджан Мелибаев мага кадыресе салабат күткөн, оор басырыктуу, ошол эле учурда оозунда ширин кеби бар, аския-апсанага, орундуу тамашага жуук, көңүлү куунак, жайдары адамдай таасир этти. Ошондо калемгердин беш-алты ойдон чыгарылбаган аңгемелеринин колжазамасын колтугундагы бапкесинен суурутуп алып, көп создуктурбай кыргызчалап, мезгилдүү басма сөзгө жарыялагам.
Ошентип ортобуздагы азыноолак чыгармачылык алака, жылуу урмат-сый кыска мөөнөттөгү баарлашуудан улам башталды окшобойбу. Кийинчерээк Ахмаджан ага Өзбекстандын борборунда айтылуу Алишер Навоинин эне тилинде басылган прозалык жыйнагыма алгы пикирин жоомарттык менен, кенен-чонон баяндап, ак батасын аябай арнады, а түгүл анын поэтикалык аталышын да сунуш кылды: “Шоро-Башат -менин бешигим”.
Өзбек калемдешибиздин өзгө жанда жок өзгөчөлүгү кыргыз калкынын турмушун, салт-санаасын, маданиятын абыдан мыкты билгенинде турат. Береги касиети Чыңгыз Айтматовдун кундуу рухий нарктарын, көөнөрбөс сабактарын замандаштарыбызга агызбай-тамызбай жеткирүүдө айрыкча чагылып көрүндү.
Баса, муну Ташкенттеги Мырза Улукбек атындагы Улуттук университеттин астында уюштурулган “Айтматов жана Өзбекстан” аттуу туруктуу экспозицияга баш багууга чыгынгандын жалпы баары түкшөмөлдөбөй түшүнөт. Эмне деген көркөм, илимий-изилдөөчүлүк дөөлөттөр, эмне деген сейрек маалыматтар, сүрөттөр! Аларды ар кайсы булактардан терип-тепчип, жыйнап, аспиеттеп сактап, ай айлантпай жаңыртып, бара-бара байытып, дүйүм журттун, бөтөнчө жаңы муундун керегине жараткан жөн билги мүдүр, талыкпас айтматов таануучу, азыр кадыр-барктуу “Жахан адабиёти” (“Дүйнөлүк адабият”) журналынын башкы редактору, жердиги Ала-Тоолук ардактуу акебиз Ахмаджан Мелибаев эмес бекен?!
Ий-е, ушу тапта ысымы өзбек-кыргызга тең барабар таанымал сүрөткердин жаш курагы, куда кааласа, сексенди сермеди. Аксакалыбыздын дарегине кубаныч толо кутуктоомду бүгүн айтпасам, качан айтам? Албетте, ага чын дилимден аманчылык, жаратмандык эргүү, изги ийгилик каалайм!




