МАТЬ — источник жизни.
Даже бескрайний океан, бурное море
и тихая река, уходящая вдаль,
начинаются с маленького родника.
Источник воды — родник.
Источник жизни — МАТЬ.
Без родника нет воды.
Без Матери нет жизни.
Желание Матери — душа бытия.
И, может быть, весь этот бесконечный мир
движется именно благодаря
маленькому материнскому сердцу,
вмещающему в себя целую вселенную.
Именно Материнское сердце
умеет поддержать добро
и удержать человека от зла.
Именно Материнский разум
соединяет вчерашний день, сегодняшний
и завтрашний,
сохраняя непрерывность жизни.
Когда Мать говорит:
«сын мой… дитя моё…» —
она перестаёт бояться даже смерти.
Мать идёт по жизни,
словно по острию лезвия —
не останавливаясь, не жалуясь.
Даже устав,
она никогда не скажет:
«я устала».
В душе Матери есть всё.
У Матери есть всё.
Она никогда не скажет:
«нет».
Даже если у неё ничего не осталось —
она всё равно не скажет «нет».
Мать — удивительная красота жизни.
Перед красотой Матери
отступают и холод,
и огонь,
и раскалённые угли,
и ураганы,
и ветры, переворачивающие горы.
Мать — нежность.
Она хрупка,
как едва дрожащий лепесток цветка
под лёгким дыханием ветра.
Мать — это весна жизни.
Это пробуждение мира.
Чистота Матери —
как первый снег,
только что упавший на землю:
белый, тихий,
неприкосновенный.
Природа Матери — благословение,
потому что она соткана из любви и радости.
Мать живёт ребёнком.
Даже когда её сердце болит,
она всё равно шепчет:
«сын мой…»
И если однажды воздух исчезнет
и сама жизнь начнёт угасать,
Мать отдаст ребёнку
свой последний вдох.
Потому что жизнь Матери —
в её детях.
МАТЬ — священна.
Святость Матери —
в том, что она рождает жизнь,
качает её на руках,
бережёт её
и ведёт сквозь время.
Я тоже сын своей Матери.
Моя Мать прожила почти целый век.
Она приблизилась к столетию.
И всю свою жизнь
жила словами:
«дети мои…»
Даже когда мы давно стали взрослыми,
она всё равно смотрела на нас
как на детей.
И сегодня, вспоминая её,
я чувствую,
как сжимается сердце.
И глаза наполняются слезами.
Мать моих детей
тоже живёт этим словом:
«дети мои…»
И каждый раз, когда она произносит его,
кажется, будто на её лице
зажигается тихий свет.
Свет материнской любви.
Прислушайтесь…
Сердце Матери бьётся не просто так.
Оно бьётся ради ребёнка.
И именно поэтому
Матери — священны.
С праздником вас,
Матери,
в чьих объятиях помещается целый мир…
Пока вы есть —
продолжается жизнь.
Она продолжается благодаря вам.
Продолжалась всегда.
И будет продолжаться дальше.
Берегите себя,
великие Матери,
вмещающие в сердце целую Вселенную…
****
ЭНЕ...
(Эне жөнүндө Гимн)
***
ЭНЕ - жашоо булагы.
Чалкыган океан да, толкуган деңиз да,
суналып аккан өзөн да булактан башталат.
Суу башаты – булак.
Жашоо башаты – ЭНЕ.
Булаксыз СУУ жок.
ЭНЕсиз жашоо жок.
ЭНЕнин тилеги тириликтин жандүйнөсү.
Чексиз ааламды кыймылдатып турган да ЭНЕнин алкандай жүрөгү...
Жакшыны сүрөп, жаманды иргеп турган ЭНЕнин ниети.
Кечээкини, бүгүнкүнү , эретеңкини
айкалыштырып, шөкөттөп турган ЭНЕнин акылы.
Наристем, балам дегенде ажалдан да жалтанбаган ЭНЕнин эрдиги.
Устаранын мизиндей
катаал курч мизи менен басып келет ЭНЕ, чаалыкпай.
Чарчаса да чарчадым дебейт.
Эненин жандүйнөсүндө баары бар.
ЭНЕде баары бар.
ЭНЕ жок дебейт.
Жок болсо да жок дебейт.
Эне – жанда жок сулуу.
ЭНЕнин сулуулугунан ызгардуу суук да,
жалындаган от да,
кыпкызыл чок да,
бороон-чапкын, тоо томкоргон шамаал да аптыгат.
ЭНЕ - назик.
Билинер-билинбес желаргыга дирилдеген
кооз гүлдүн үлбүрөгөн баригиндей назик.
ЭНЕ өмүр – жазы, жашоо көктөмү.
ЭНЕнин аруулугу, тазалыгы алгачкы жааган апапакай кардай.
Жаңы жааган акактай аппак кардай.
Таза. Тунук. Назик.
ЭНЕнин табияты – ырыс, анткени ал кубанычтан куралган.
ЭНЕ бала деп жашайт.
Жаны кейип кыйналып турса да балам дейт, ЭНЕ.
Эгерим, аба соолуп, эгерим жашоо куурап баратса
ЭНЕ акыркы демин баласына ыроолойт.
ЭНЕнин жашоосу баласында.
ЭНЕ – ыйык.
ЭНЕнин ыйыктыгы жашоону жаратып,
жашоону терметип, жашоону бакканында.
Мен да ЭНЕнин уулумун.
ЭНЕМ кылым жашады.
Жүзгө таяды.
Балам деп жүрүп өттү...
Пайгамбар жашынан өтүп калсам да,
Мени, балдарын балам деп өттү...
Энемди эстегенде азыр да,
Кабыргам кайышат...
Көзгө жаш тегерене түшөт...
Менин балдарымдын ЭНЕси да
балдарын балам дейт.
Балам деген сайын,
маңдайынан шам жанып турат.
Мээрим шамы...
Аста тыңшап көргүлөчү.
ЭНЕнин жүрөгү жөн эле түрсүлдөбөйт.
Бала деп согот.
Ошонусу менен алар ыйык.
Энелер ыйык.
Майрамыңыздар менен, кучагында аалам бар,
аалам кучактап турган ыйык ЭНЕЛЕР...
Силер бар – жашоо бар.
Силер бар үчүн жашоо уланып келет.
Уланып келген, улана берет.
Ааламдай ЭНЕЛЕР аман болгула...