Өлкөбүздө болуп өткөн «Апрель ыкылабынан» кийин жалпы Кыргызстандын элинин референдумда жаңы Конституцияны кабыл алышы менен Кыргызстандын жаңы тарыхынын барактары ачылды. Биздин бекем ишенимибизде өлкөнү демократиялаштыруу кадамдарынын бири болуп, жалпы коомчулуктун талабына ылайык маалыматтык мейкиндикти турукташтыруу, жарандык контролдун механизмдерин киргизүү жана коомдук кабар берүүнүн ролун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декрети менен Улуттук телерадиоберүү боюнча корпорациясына коомдук телерадиоберүү статусу берилгендиги, «Биринчи» каналдын ишине коомдук көзөмөл жүргүзүү ирээтинде Байкоо Кеңешин уюштуруу жана анын курамынын түзүлгөндүгү эсептелет.
Укуктук мамлекетти курууда коомдо сөз эркиндиги, адам укуктары олуттуу мүнөзгө ээ экендигин айтпаса да баарыбызга «бештен белгилүү» эмеспи. Алдыга жасалган ар бир кадамыбыз, кабыл алган чечимдерибиз укутук талаанын алкагынан чыкпай, мыйзамдардын гана чегинде болуусу зарыл. Андыктан, бүгүнкү күндө кээ бир саясатчылардын коомчулукту дүрбөлөңгө салган Байкоо Кеңешинин курамын таратып, кайрадан түзүү тууралуу билдирүү жасаганына эч кандай негиз жок. Себеби эч бир укуктук-ченемдик актыларда Байкоо Кеңешин таратып жиберүү тартиби жазылбагандыгы менен түшүндүрүлөт.
Мына ушундай негиздерден жана мыйзамдардагы коллизиянын болушунан улам, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин КСДП депутаттык фракциясы Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоо Кеңешин таратып жиберүүгө каршы, ошондой эле Жогорку Кеңеш Конституцияга ылайык Байкоо Кеңешинин курамын түзүү тартибин жөнгө сала турган мыйзамды кечиктирбестен кабыл алышы зарыл деп эсептейт.