Добавить свою статью
12 Декабря 2016
Айтматовдун ааламды камтыган акыл ой дөөлөтү арабызда

Чынгыз Айтматовдун көзү өттү, өзү өткөн жок. Ааламды камтыган акыл ой дөөлөтү арабызда. Ал-түбөлүк улуулук, тереңдик. Табиятты өзүндөй сыр дүйнө.

1986-жыл. Чыкемдин идеясы, демилгеси менен "Ала-Арча шеринеси" деп дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнөн окумуштулар, көрүнүктүү атуулдар чогулган эле. Анын уюштуруу, тейлөө иштерин негизинен биз, Тайыров Рүстөм, Воровьев ,Аман Токтогулов , Санжар Айтматов, , болуп колго алган элек. Касиеттүү Ысык-Көлүбүзгө барганда: ”Бул жыйыныбызды Ысык-Көл Форуму деп атайлыгы дешти. Ошону баары туура көрүштү. Ошентип ал ошол кезден ушул кезге чейин жашап келет, дүйнөлүк интеллектуалдарды бириктирүүгү күчкө айланып. “Чынгыз Айтматов жана анын Ысык-Көл Форуму: маданияттар диалогу жана цивилизациялардын жакындашуусу”. Баары ушул айтымда уютулган. “Ысык-Көл Форумунун жаралышы, өнүгүшү, келечеги” деген эмне? Жаралышы да, өнүгүшү да, келечеги да-азыркы 21 кылым зарылчылыгы, заман зарылчылыгы, тарыхий зарылчылык, Чынгыз Айтматовдогу улуу көсүмдүк, адамзат келечегин көрө билгендик. А адамзат келечеги-азыркы араб дүйнөсүндө болуп аткандай кырчылдашкан кызыл кыргын, сары сүргүн эмес , Айтматовдун эмгектеринин өзөгүндөгү адам жана Адамгерчилик. “Ядролук согуштан кийинки эле өтө кооптуу жагдай-адамгерчилик касиеттердин алсызданышы” деп Айтматов албетте, жөн эле айтып койгон жок да. Интеллектуалдар, эл башчылары биргелешип ойлоно турган маселенин ушул экендигин айтып атат да, улуу инсан.

Ысык-Көл Форумунун иши-дүйнөлүк маанидеги тарыхий миссия экендигинде талаш жок. Эгерим өчпөйт. Өчүп калышы мүмкүн эмес. “Келечек күчтүү идеялардан башталат”, “Сааты келгене идеядан күчтүү эч нерсе жок”. Айтылуу акылмандардын ушинтип айткандары бар. Бул деген-Айтматовдук идеялардын табияты.Биринчи Ысык-Көл форумунун жыйынтыгында Горбачевдин кабылдоосунда болуп дүйнөлүк жогорку деңгелге көтөүлдү ,анын натыйжасында Москва форуму Чынгыз Айтматовдун демилгеси менен чакырылып зор мааниге ээ болгон.Ысык-Көл форумунун менин идеям аркылуу китебин,Токбаев А. скулуптурасын Т.Садыков тарабынан ,ишке ашкан . Экинчи форумду 1997 жылы Ала –Арча паркында андан кийин Ысык-Көлдө Нанаев К.К. уюштурусу менен өкмөттүк деңгелде өткөрүлгөн.Үчүнчү форум Маданият Министирлиги Раев С.,үй бүлөсү ,Ысык-Көл форумунун президенти Аскар Айтматов , Элдар Айтматов ,Илимдер Академиясы жана башка дүйнөлүк бир топ коомчулук уюштурушту. Айтматовка туулуп өскөн мекенинде гана эмес, дүйнө жүзүндө таазим-улуулуктун кадырына жете билүү, элесин укумдан тукумга түбөлүктөө, айрыкча өзүбүздө. Менин сунуштарым:

-Баарыбыз жакшы билебиз. Борбор шаарыбыздын борбор аянтынын аталышы Ала-Тоо болсун деп Айтматов сунуштаган. Мына ушул аянт, Киев көчөсүндөгү айкелинен баштап, Айтматовдун элеси өзүнчө бир архитектуралык ансамбль болгудай иштер жасалып, эл дүйнөнүн ар тарабынан келгендер сүрөткө түшүп, Айтматовдун элеси алар менен кошо дүйнөлүк калайык калк арасына таралып турса.Экинчи бир сунушум, Айтматов атындагы Эркиндик бульвары делип аталса. Жашаган үйү, эс алган сүйүктүү жайы, бир кездерде, ушул бульвар болгондугу эске алынса.

-Ысык-Көл Эл аралык Форумунун, Айтматов атындагы Эл аралык фондун, Академиясынын, Эл аралык клубунун кеңселери, китепканасы, чыгармачыл союздар,Маданият минстирлиги - азыркы ( Айыл Чарба министрлиги жана башка кээ бир мекемелер) жайгашкан имараттан чогуу орун алып, "Айтматов атындагы Мамлекеттик Эл аралык сыйлык "уюштурулуп, аны тапшыруу аземи ушул жерде өткөрүлүп турса.

-“Вселенная Айтматова” деп Россия, Бириккен Улутар Уюмунун имаратына эстелиги коюлуп, Туркияда борбордук сейил бактардын бирине, Украинада, Казакстанда чоң көчөлөргө ысымы ыйгарылып, дүйнөнүн дагы далай өлкөлөрүндө Чынгыз Айтматовдун элесин түбөлүктөө колдоого алынып аткандыгынын өзү-улуулукка, улуу адамга таазим.

-Таласта Бишкектеги Кара Бууралыктар 5 миллионго жакын акча жыйнап Кызыл-Адыр кыштагына Айтматовдун айкелин тургузушту. Талас шаарында чоң эстелик аянтын аты берилди ,туулуп өскөн Шекерде Чынгыз Айматовдун,Ашым Жакыпбековдун , Капар Медебековдун эстеликтери коюлду . Шекер айылындагылардын 50 гектарга жакын жер бөлүп, айкелин тургузуп “Чынгыз Айтматовдун Улуттук маданий ордосу ”проектиси жасалып , жердештердин демилгеси да колдоого алууга арзый турган иш.Азыркы мезгилде жер маселелери өкмөттүк деңгелде каралууда .Ошондой эле Суусамыр Талас жолун Айтматов жолу аталып 8,5 метр болгон эстелиги Таластын жашоочуларынын атынан областын жетекчилери да колдошуп коюлмакчы .

Ошто , Ыссы-Көлдө ,Жалал -Абад областында ,Алма-Атада,Астанада жана башка жерлерде эстеликтерин коюга аракеттер болууда .Чынгыз Айтматов өзүнө чыгармачылыгы менен дүйнө Элине эстелигин коюп кеткен ага муктаж эмес .бирок Манастын , Айтматовдун эстелиги Элибиздин мурасы , тарыхы катары абзел...

Чоң-Арыкта Үй музейинин бет маңдайына бош жаткан жерге "Жаңгак багын" отргузууга КР Аксакалдар Кеңешинин демилгесине менен бийлик бутактарына кайрылганбыз азырынча жооп жок, болбосо коомчулуктун күчү менен ишке ашырабыз ..Чыкемдин да ою бак отургузуу ...нети бар эле , таштандыга айланатпай ...

-Айтматовдун дүйнөлүк аброю аркылуу Кыргызстан, кыргыз эли дүйнө жүзүнө таанылган болсо, өз элинде, республикабыздын бардык жактарында элеси түбөлүктөлүп , элдин, жаштарыбыздын жан дүйнөсүндө, аң сезиминде муундан муунга мурасталгыдай, жашагыдай болушу керек. Бул деген-улуттук сыймыктануудагы тарбиялык таасир.Бул деген-издеп жүргөн идеологиябыздын бир жагы курулай сөз эмес, турмуш жүзүндө жасалган иштер, эл башчыларындагы көсөмдүк, даанышмандык таасирлер аркылуу гана коом, эл келечекке түздөнө, жаңылана тургандыгы-эң зарыл маселе экендиги эстен чыгарылбаса. Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин өз жаныннан акча каражатарын берип демилге көрсөтүп ,Айтматовдун эстеликтелигин курууга ,Ысык-Көл форумунун өтүшүнө салым кошуп сүрөгөнү Эл арасында жакшы пикирлерди жаратууда .Ата-Бейите келген коноктор менен бирге күмбөздү (уулу Аскар Айтматов негизги демөөрчүлүгү аркылуу курулду) ачылуу аземине Президенттин катышып,сөз сүйлөп даңазалашы дагы Чынгыз Айтматовка болгон сый урматтын баалагандыгын чет элдиктер тарабынан жакшы маанайда кабыл алынды. Үй музейин Ч. Айтматовдун фондусунун президенти кичүү уулу Элдар Айтматов ишке ашырды. Ысык –Көл форумунда Айтматов атындагы Ысык- Көл форумунун эл аралык коомдук кеңешинин түзүлүшү максатка ылайыктуу кабыл алынып кийинки форумдарды өткөрүүгө өбөлгө түзмөкчү .Тең төрагалары болуп Мухтар Шаханов ,Аугусто Форти , Золотов Андрей Андреевич ,Оморбай Нарбеков,орун басарлары Федоров Михаил Васильевич ,Ирмтраул Гучко(Германия) ,Жирков Александр Николаевич (Якутия)Иманалиев Каныбек ,жана башкалар комитеттердин жетекчилигине, кеңешчилигине шайланышкан.

Кыргыз Республикасынын Аксакалдар Кеңешинин Төрагасы,

Апрель Элдик Революцисынын Баатыры ,академик .

Шадыбеков Дөөлөтбек Ташкаратегин

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×