Индиянын Кыргызстандагы элчилигинде 5-мартта «ITEC» күнү белгиленди. Ага ОшМУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Семетей Амиралиев катышып келди.
Салтанаттуу кечени элчи Алок Амитабх Димри ачып берди. Өз сөзүндө ал техника багытындагы адистерди даярдоо, банк иши, финансы жана менеджмент, англис тили, телекоммуникация, айлана-чөйрөнү коргоо, компьютердик технология сыяктуу көптөгөн багыттар боюнча кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруп жаткан «ITEC» (Indian Technical and Economic Cooperation) программасы күн санап кулачын кенен жайып жаткандыгын белгиледи.
Элчинин айтымында, программада 1992-жылы 2 гана багыт болсо, 2019-жылы ал 80ге жетти. «Бул жылдар аралыгында 1 миң 300гө жакын кыргызстандык жаран программага катышып, Индиянын түрдүү шаарларында болуп, курстардан өтүп келишти. Мына, ошондуктан бул өлкөдө «ITEC» күнүн белгилөө зарылчылыгы келип чыккан. Ошондой эле бул программага тандоо элчиликте ачык-айкын, таза өтүп жатат», - деп белгиледи Алок Амитабх Димри.
Иш-чаранын жүрүшүндө өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, Индиянын маданиятын, тарыхын, улуттук өзгөчөлүктөрүн, искусствосун, кооз жерлерин социалдык тармактар аркылуу таанытып-жайылтып жаткан активисттер белектер менен сыйланышты жана бул программага катышуучулардын ассоциациясы түзүлдү. ОшМУнун окутуучусу Айнура Сапарбаева ассоциацияга мүчө болуп кабыл алынды жана өзүнүн саякаты боюнча презентация жасады. Жалпысынан жолугушууга 50дөн ашуун өкүл катышты. Кече ыр-бий менен коштолуп, Индия ашканасынан даам сызуу менен аяктады.
«ITEC» программасына жыл сайын ОшМУдан 20га жакын окутуучу катышып, стаж өтүп келүүдө. Мындан бир нече күн мурун элчи Алок Амитабх Димри университеттин «ITECке» катышкан окутуучулары менен жолугушуп, пикир алмашкан.