Добавить свою статью
9 Ноября 2022
Өткөндөн сабак алуу жана бүгүнкү реалдуулук жөнүндө

Падышалык Россиянын Түркстан аймагын ээлеп алуу максатында жүргүзгөн колониалдык саясатынын кесепетинен келип чыккан 1916-жылдагы элдик көтөрүлүш, аны аёосуз басуу аракетинин натыйжасы – Улуу Үркүн, империялык бийликти кулатып, Совет бийлигин орнотууга негиз салган 1917-жылдагы Октябрь Социалисттик революциясынан кийинки саясий-системалык баш аламандыктар, большевиктердин жол башчысы В. Ленин дүйнө салган соң саясий топтордун ортосунда күчөгөн бийлик талашуулардын жыйынтыгында жалпы союздук аймакта өрт кеткендей өөрчүгөн репрессия зордук-зомбулугу, калыстык, чындык үчүн жан аябай күрөшкөн жүздөгөн, миңдеген жазыксыз адамдардын өмүрү курмандыкка чалынган катаал жылдар – өз алдынча улут катары сакталып калуу, улуттук мамлекетти түзүүгө жетишүү максатында алгач империялык, кийин советтик, социалисттик Россиянын этегине жармашууга мажбур болгон кыргыз эли башынан кечирген оор мезгилдердин бир бүркүмү катары тарых барактарында жазылып калды.

Россия Федерациясынын архивдик материалдары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнүн түзүлүшү, улуттук боштондук кыймылынын жана Улуу Үркүндүн 100 жылдыгынын алдында, Россия Мамлекеттик Думасынын жабык отурумунда А.Керенскийдин 1916-жылдагы окуяларга иликтөө жүргүзгөн атайын комиссиянын атынан жасаган докладынын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарык көрүүсүнө жол ачууга, падышалык Россия бийлигинин саясатына каршы (албетте, мында жергиликтүү бийлик төбөлдөрүнүн да күнөөсү жок эмес) көтөрүлгөн Кыргызстандын түндүк аймактарынын тургундарынын үркүп качууларынын себептери, алардын Ак падыша аскерлеринин аёосуз кыргынына, кордоосуна кабылуулары, адам чыдагыс азап-тозокторго туш болушканы ачыкка чыкты. «Кандуу падыша» Николайдын бийлигин кулаткан Февраль революциясына жетимиш күн калганда жасалган бул докладда баяндалган Россия империясынын Түркстан крайындагы баш кесерлеринин императордун атынан жүргүзгөн мыйзамсыз, кылмыштуу аракеттерин айгинелеген ал маалыматтар, учурунда, Мамлекеттик Думанын депутаттарынын да кыжырданууларын пайда кылганы белгилүү болду. Падышалык куралдуу аскерлердин чабуулуна туруштук бере албай, аргасыздан Кытайды көздөй сүрүлгөн карапайым элди артынан кууп жете келген жазалоо отрядынын желдеттеринин жаш-кары, аял-эркегине карабай жазалоосу, жүздөгөн, миңдеген жаш балдардын, аялдардын, кары адамдардын ач-жылаңач, ак кар, көк муздуу тоо арасында карышкыр, жоруга жем болуп кала беришкени, өлгөндөн калгандары мал-жанынан ажырап, ачка-ток эптеп чегарадан өткөндөн кийинки бөтөн жерде баштан өткөргөн оор жашоо жөнүндө ал күндөргө күбө болгон улуу муун өкүлдөрүнүн эскерүүлөрүндө, акын, жазуучулардын чыгармаларында сүрөттөлгөн адам жүрөгүн титиреткен окуялар – элибиздин тарыхындагы бул айыкпас жаратты ар дайым эске салып турат.

Советтик кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн ана башында турган чыгаан инсандардын бири, белгилүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдыракманов да өз учурунда бул көтөрүлүштүн келип чыгышына – Россия империясынын орус помещиктерин жайгаштыруу аркылуу акырындык менен кыргыз жерин колониалдаштыруу саясатын жүргүзүүсү, биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Россияда түзүлгөн оор кырдаалга байланыштуу анын муктаждыктарын аткаруу максатында оорук иштерине жардамга деген шылтоо менен алдуу-күчтүү жигиттердин аскерге алынуусуна жергиликтүү калктын каршылык көрсөтүүсү, падышалык бийлик төбөлдөрүн колдоого алышкан кыргыз бай-манаптарынын элге жасаган көз боёмочулук мамилелери негизги себептерден болгонун белгилеген.

Ал келтирген жүйөөлүү далилдер советтик жана андан соңку мезгилдеги тарыхчылар тарабынан да ырасталып, улуттук-боштондук үчүн күрөшкө көтөрүлүүгө – жыйырманчы кылымдын башында Түркстан аймагын орусташтыруу боюнча колониалдык-улутчул саясаттын болуп көрбөгөндөй күч алышы, орус дыйкандарынын көчүп келүүлөрүнүн барган сайын көбөйүшү жана алардын жергиликтүү элди басмырлоолору, дыйканчылыкка ылайыктуу жерлерди тартып алуу (1896-1916-жылдары аларды көчүрүүгө жана отурукташтырууга падышалык Россия 237 млн. ашуун рубль жумшаган, 1916-жылы Түркстандагы жалпы калктын 6 пайызын түзгөн орустарга айдоого жарамдуу жердин 57 пайыздан ашыгы берилген, ал эми жергиликтүү калк болсо анын 42 гана пайызына ээ болгон, Чүй өрөөнүндө 700 миңден, түштүк аймагында 82 миңден ашуун гектар жер тартылып алынган), орус дыйкандарын куралдандыруу (көтөрүлүштүн алдында Жети-Суу облусундагы орустардын 43 пайызы куралдуу болушкан), биринчи дүйнөлүк согушка байланыштуу акча, кийим-кече, ат жана башка жарактуу унаа, шаймандардан (согуштук керектөөлөр үчүн Жети-Суу облусунан жыйналган мал чарба азык түлүктөрүнүн наркы 55 млн. рублга жеткен) сырткары аскердик курактагы (19дан 43кө чейинки) эркектерди ооруктагы жумушка тартуу (падышанын буйругуна ылайык Сыр-Дарыя облусу 60 000, Самарканд облусу 32 500, Фергана облусу 51 300, Жети-Суу облусу 43 000 киши жөнөтүүгө милдеттендирилген), ансыз да эптеп күн көрүп жаткан калкка аскердик, түтүн салыктарынын жүктөлүшү жана алардын көбөйүүсү, орус төрөлөрүнүн, айрым келгин дыйкандардын жергиликтүү элдин маданиятына, каада-салт, үрп-адатына, тилине, динине карата жасаган орой мамилелери себеп болгону көрсөтүлөт.

Көтөрүлүшкө бүгүнкү Кыргызстан, Казахстан жана Өзбекстан республикаларынын аймактарынан миңдеген адамдар тартылган. 1916-жылы июнь айында элдик кыймыл жер-жерлердеги (адегенде Кожент шаарында, андан кийин Фергана өрөөнүнө кеңири кулач жайып, ага кыргыздар да жигердүү катышкан, Анжиян, Ош жергелеринде июль айынын баш ченинде) толкундоолор башталып, август айында куралдуу көтөрүлүшкө өсүп жеткен жана ал октябрь айынын аягына чейин созулган. Массалык толкундоолор болуп өткөн жерлердин бардыгында жергиликтүү калк уулдарын согушка жибербей турганын ачык-айкын айтып чыгышкан. Элдик кыймылга Өзгөн, Алай, Ноокат, Куршаб болуштуктары да тартылып, август айынын башында түштүктүн кеңири аймагы көтөрүлүштүн кучагында калган.

Кыргызстандын түндүк аймагында Кеминден башталган көтөрүлүш көп узабай эле Сокулукка чейинки аймакты камтыган жана толкундоолор Ысык-Көлдө, Таласта, Борбордук Теңир-Тоодо күчөгөн. Верный – Пишпек жолун ээлеп, телеграф, байланыш түйүндөрүн талкалаган көтөрүлүшчүлөрдүн катарында кыргыздардан сырткары казактар, дунгандар, уйгурлар, татарлар, ал гана эмес кээ бир орус, украин дыйкандары да болушкан. Бирок, алар мыкты куралданган, атайын аскердик даярдыктагы падыша аскерлерине каршы күрөшүүгө алсыздык кылышып, кысымга туруштук бере алышкан эмес.

Көтөрүлүштүн келип чыгышына Түркия, Германия жана Англия мамлекеттеринин атайын кызматтарынын кол кабыш кылганы тууралуу советтик тарыхчылар тарабынан айтылып келген божомолдордун бүгүнкү күндө да тастыкталышы, башкача айтканда, Германиянын тышкы иштер министрлигинин Саясий архивинен аны даярдоого Түркия жана Германиянын атайын кызматтарынын тиешелери бар экени, алардын, кезинде жалпы Орто Азия чөлкөмүндө түзүлгөн саясий кырдаалды өз кызыкчылыктарына пайдаланып калууга ынтызар болушканы, жергиликтүү калкты орус төбөлдөрүнө каршы көтөрүү максатында атайын жиберилген агенттер аркылуу иш алып барышканы жөнүндө кабар берген маалыматтардын табылышы үркүн окуяларынын себептерин изилдөө жаатында алдыда дагы көптөгөн жумуштар бар экенинен кабар берет.

Изилдөөчүлөр чет мамлекеттердеги немис дипломатиялык кызматтарынын депешаларын, бири-бирине жолдогон каттарын талдоодо герман жана түрк чалгындоо кызматтары Россия империясындагы мусулман элитасы болуп эсептелген казань, крым татарлары жана түркстандыктар менен тыгыз иш алып барышканын, аларды өздөрүнө союздаш кылууга аракеттенишкенин, мисалы, биринчи дүйнөлүк согуш учурунда (Түркияда) түзүлгөн эмиграциялык «Россия империясынын могометандык түрк-татар элдеринин укуктарын коргоо Комитети» Германия жана анын союздаштарынан абдан чоң жардам алып турганын, айрым немис агенттери бул өзүн-өзү жарыя кылган комитет – блеф, ал эч кимдин атынан иш алып бара албайт деп эсептешсе, айрымдары, тескерисинче, бул комитеттин башчысы Акчуранын Осман жана Россия империялары, Мамлекеттик Думанын депутаттары менен олуттуу байланыштары бар экенин айтуу менен, жок дегенде, Россия мусулмандарынын көңүл-маанайларын билип турууга маалымат чогултуу үчүн болсо да аны менен кызматташуу керектигине басым жасаганын, ал эми Германияда түзүлгөн комитет болсо, кавказ мусулмандарынын кызыкчылыгы үчүн алардын атынан иш жүргүзгөнүн, биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Россия империясынын каршылаштарынан жардам күткөн мындай мусулман комитеттеринин бир нечеси иш алып барышканын белгилешет.

Архивдик материалдардан түрктөрдүн көтөрүлүштү чыгарууга түздөн-түз кызыкдар болгонун көрүүгө болот. Анткени, алар биринчи дүйнөлүк согушта жеңишти камсыз кылуу – Крымды (түрктөр муну Россия убактылуу оккупациялап алган өз территориясы катары карашкан), Кавказдын мусулман элдерин (буларды да түрктөр өзүбүздүкү деп санашкан), Каспий жана Түркстан аймагын биротоло Осман империясына кошуп алууга мүмкүнчүлүк түзөрүнө ишенишкен.

Немистер түрктөрдүн карамагына Түркстанды кошуп берүүгө убада кылган, ошол эле учурда, алар россиялык мусулман төбөлдөрүнө – казань татарларына Казань хандыгын кайра орнотууга, түркстандыктарга Түркстан автономиясын курууга, мамлекеттик көз карандысыздыкты алууга убада берүү менен өздөрүнө керектүү саясат жүргүзүшкөн. Октябрь революциясынан кийин Түркстандагы басмачылык кыймылдарынын пайда болушу да ошол эле Түркиянын (республикалык Түркиянын) саясатынын уландысы болуп, кечээ эле орус империясына каршы күрөш жүргүзүүнү уюштургандар, эми британиялыктардын колдоосу астында, совет бийлигине каршы күрөшүүнү улантышкан.

Расмий маалыматтарда Улуу Үркүн учурунда Жети-Суу облусунан 332 000 адам Кытайга сүрүлүп качса, алардын 200 000ден ашуунунун өмүрү кыйылганы, же болбосо, Кыргызстандын түндүк аймагынын тургундарынын саны 41,4% га кыскарганы белгиленип келет. 1916-жылдагы ал каргашалуу окуя – бүгүнкү да, эртеңки келечек муун да эсинен чыгарбай, кыргыз эли биримдигин, улуттун өсүп-өнүгүүсүн камсыз кылууда ар кандай сыноолорго каршы бекем турууга чоң сабак болуусу тийиш.

Үркүндүн чыгуу себептеринин бири падышалык Россиянын жергиликтүү калкка каршы жүргүзгөн агрессивдүү саясатынын натыйжасы болсо, Октябрь революциясынан кийин большевиктеринин жол башчысы В. Лениндин биринчилерден болуп кыргыздарды ата мекенине кайтаруу боюнча жасаган аракетинин үзүрү менен көптөгөн мекендештерибиздин туулган жерине кайтып келүүлөрү совет өкмөтүнүн жардамынын аркасында кыргыз эли бүгүн дүйнөнүн эң билимдүү, интеллектуалдуу элдеринин катарына кошулганын танууга мүмкүн эмес.

Совет мезгилинде ачык айтууга мүмкүн болбогон үркүнгө байланыштуу маалыматтар менен Кыргызстандын да, Россиянын да коомчулугунун ачыктан-ачык кабардар болуулары, ал окуяларга саясий баалардын берилип жатышы, Шанхай кызматташтыгындагы өлкө жетекчилеринин Бишкекте өткөн кезектеги отурумуна расмий делегацияны жетектеп келген Россия президенти В. Путиндин Ата-Бейит комплексиндеги Үркүндүн жүз жылдыгына карата империализм курмандыктарын эскерүүгө арналып тургузулган Мемориалдык эстеликке атайын барып таазим кылышы – анын бүгүнкү Россия мамлекетинин кыргыз элинин кечээги падышалык Россиянын шовинсттик саясатынан жапа чеккенин моюнга алуусу эмеспи. Андыктан, үркүн окуяларын эскерүү менен андай күндөрдүн экинчи кайталанбашына кам көрүү – келечек муун алдындагы жооптуу милдет катары каралуусу шарт.

Кыргыз жергесинде совет бийлигин орнотуу, социалисттик республиканын пайдубалын түптөө, революциялык мүнөзгө таандык таптык күрөш («буржуазия идеологиясын колдоочуларга», «контрреволюционерлерге», «эл душмандарына», «улутчулдарга», «кулактарга» ж. б. каршы), Кеңеш өкмөтүн түзүүнүн алкагында колхоздоштуруу, коллективдештирүү, индустриализациялаштыруу, массалык агартуу жана калктын социалдык деңгээлин жакшыртууга багытталган башка маселелерди чечүү аракетиндеги кыйын кезеңдерден кийин бардык мурдагы союздук республикалардагыдай эле кыргыз мамлекетинин тарыхында да кара тамгалар менен жазылып калган мезгил – массалык реперессия жүргөн жылдар болду.

СССРде буйрукчул-төбөлдүк системанын калыптана башташынын (анын объективдүү жана субъективдүү себептери жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырылган) негизинде 1934-жылга чейин «эл душмандарын» жазалоо, аларды коммунисттик партиянын катарынан чыгаруу, кызматтан алуу менен гана чектелип келген болсо, партиянын XVII съездинен кийин оппоненттерди жок кылуу иштери (1934-жылы 1-декабрда С. М. Кировдун өлтүрүлүшүн шылтоо кылуу менен) агрессивдүү мүнөзгө ээ боло баштаган. СССР Жогорку Сотунун Аскердик коллегиясы 1936-жылы август айында «троцкийчил-зиновьевдик биргелешкен антисоветтик уюмдун» ишин карап, Г. Зиновьев, Л. Каменев жана башка ондогон жогорку кызмат адамдарын атууга өкүм кылган чечим чыгарган соң, Сталинге каршы делип эсептелген анын мурдагы соратниктеринен арылуу маселеси өзгөчө багытта өөрчүгөн.

Москвадан от алган репрессиялык иш-чаралар Кыргызстанда 1933-жылы ишмердүүлүгү токтотулган «Социал-Туран партиясынын» ишин кайра козгоодон башталып, ага тиешеси бар деген жалган жалаа менен өз көз караштарын ачык, тайманбай билдиришкени кылмыш катары каралган Ж. Абдрахманов, И. Айдарбеков, Т. Айтматов, Б. Исакеев, А. Орозбеков, А. Сыдыков, К. Тыныстанов, И. Тойчиновдор баш болгон, кыргыз элинин жүздөгөн чыгаан уулдары – кыргыз улуттук мамлекетин түптөөчүлөр «эл душманы» катары айыпталышып, 1937-жылы атууга кетишкен.

Алардын жазыксыз өлүмү тууралуу маалыматтар андан жыйырма жыл өткөндөн кийин, тагыраак айтканда, 1957-жылы гана жалпы кыргыз коомчулугунун алдында ачык жарыя кылынган. Коммунисттик режим урап, Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон кийин 1993-жылы Бүбүра Кыдыралиева апанын (ага 80 жаштагы атасы өмүр бою көкүрөгүндө сактап келген сырды керээз калтырган) көрсөтүүсү менен мамлекеттик коопсуздук комитетинин ошол кездеги кызматкери, капитан Болот Абдрахмановдун атуулдук жигердүү аракетинин натыйжасында 138 адамдын сөөгү Чоң-Таш айылындагы эски кыш заводу орун алган жерден табылды. Бүбүра-апага атасы: «Эгер заман жакшы жагына өзгөрүп, кысымга албай турган күндөр келе турган болсо, менин акыркы керээзимди элге жеткир. Бул жердеги эски кыш заводунун жанына көп адамдардын сөөктөрү чогуу көмүлгөн, алардын репрессия курмандыктары болушканынан эч шегим жок. Акыйкаттык ачыкка чыксын, кызым», – деген экен, акыркы сапарга узап жатып. Азыр ал жерге Ата-Бейит аты ыйгарылды, ыйык жайга айланды.

Репрессия залакасынан миңдеген адамдар өмүрлөрүн түрмөлөрдө өткөрүүгө мажбур болушса, атууга кетишсе, жүздөгөн адамдардын дайындары бүгүнкү күнгө чейин белгисиз бойдон калууда. 1930 – 1940-жылдары 1,4 млн. калкы бар Кыргызстандан эле 40 миңге жакын адам репрессия курмандыгы болгону жөнүндө архивдик-статистикалык маалыматтар кабар берет. «Кыңыр иш кырк жылда билинет» дегендей, кеч болсо да репрессияны калкан кылган коркок, ичи тар, карөзгөйлөрдүн кара көө жабылган беттери ачылды, бирок ал эки жүздүүлөрдүн кесепетинен эл-журтуна кан-жанын аябай кызмат кылган чыныгы мекенчил эр азаматтардын өмүрлөрү кыйылды, бул дүйнөдөн арманда кетишти.

Бүгүн эгемен өнүгүү жолунун саясий, экономикалык жана этномаданий моделин тандап алууда бир кыйла карама-каршылыктуу этаптарды басып өтүп, келечекке карата чоң ишенимге ээ болуу, ага жетүүнүн максаттарын, милдеттерин түшүнүү менен XXI кылымга кадам таштаган Кыргызстан мамлекеттик, коомдук саясий системанын жаңы нукта калыптануусуна шарт түзүүчү либералдык-демократиялык процесстерге өбөлгө болууга, экономика, каржылоо, насыя берүү институттарын, калкты социалдык жактан тейлөө чөйрөлөрүн базар экономикасынын шарттарына ылайык келтирүүгө, эл аралык институттар жана алыскы, жакынкы мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, этностор аралык мамилелерди бекемдөө жана өнүктүрүү, көп партиялуулук, адам укугу, сөз эркиндиги институттарынын сакталышын, иштөөсүн камсыз кылууга багытталган жана башка зарыл мыйзам актыларын кабыл алууга, советтик заманда унутта калып келген улуттук руханий-нравалык баалуулуктарды кайра жаратуунун артка кайткыс мүнөзүн негиздөөчү жана ага кепилдик берүүчү иш-аракеттерди камтыган стратегиялык программаларды иштеп чыгууга жетишти, башкача айтканда, эгемен мамлекеттин саясий, социалдык-экономикалык, коомдук өнүгүүсүнүн бекем пайдубалын түзүү аракеттери көрүлүүдө.

Ошондой эле, ар бир жарандын айныксыз теңдигин, өздүк баалуулугун жана өзүн өзү ишке ашыруу эркиндигин таануусуна, бири бирине болгон муктаждыкты аңдап билүү жана өз ара мамилелешүүдө руханий жаңыланууну, толеранттуулукту, ишенимди, сый-урматты бекемдөөгө, мамлекет, жарандык коом кызыкчылыгындагы маанилүү чечимдерди кабыл алууда ачыктыкты, өз ара жоопкерчиликти камсыз кылууга, коомдогу ар кыл катмарлар менен топтордун, этностордун өз ара катнашуу жана кызматташуулары үчүн жалпы компромисттик негизди табууга, этникалык, диний же башка таандыктыгына карабастан инсандын өнүгүү приоритеттүүлүгүн камтыган этностор аралык жана конфессиялар аралык өз ара аракеттешүүлөрдүн сапаттуу жаңы системасын калыптандырууга багытталган иш-аракеттер дүйнө коомчулугу тарабынан коомдук өнүгүүнүн негизги атрибуту – демократиялык принциптерди кабыл алуу, калыптандыруу жаатында жасалып жаткан алгылыктуу аракеттер катары белгиленип келет.

Бирок, өлкөнүн мындан аркы стабилдүү өнүгүүсүн, мамлекет бүтүндүгүн, коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мамлекетте башкаруу бийлигинин коомдук пикирди эске алуу менен иш алып баруусуна негиз болуучу жалпы элдик биримдиктин, ынтымактын болушу зарыл экенин, анткени, саясий көз караштардын келишпестиги, мамлекеттик, улуттук деңгээлдеги маселелерди чечүүдө жарандык коом позицияларынын эске алынбагандыгы, бийлик менен элдин ортосундагы олуттуу саясий ажырымдардын, тирешүүлөрдүн, мамлекеттин ички иштерине сырткы күчтөрдүн кийлигишүүлөрүнүн натыйжасы кандай трагедиялык абалга алып келип жатканын бүгүнкү күндөгү Россия, Украина, Америка жана Европа мамлекеттеринин катышуусунда болуп жаткан саясий окуялар көрсөтүп жатканын эске алуу абзел. Себеби, алардын таасири жалпы дүйнө коомчулугун бир нече топко бөлүнүүгө, мамлекеттер аралык араздашууларды, дүйнөлүк масштабда социалдык-экономикалык алсызданууну пайда кылууга түрткү болууда жана мындай шартта айрым экономикалык, аскердик жактан абдан күчтүү мамлекеттер өздөрүнүн геосаясий кызыкчылыктарын канагаттандыруу максатында Борбордук Азия мамлекеттеринин, анын ичинде Кыргызстандын аймагында да, ички пикир келишпестиктерди күчөтүү аркылуу, жумшак айтканда, жагымсыз шарттарды жаратып койбошуна эч ким кепилдик бере албайт .

Жоробек Борбодоев,

саясий илимдердин доктору

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×