Добавить свою статью
13 Декабря 2016
Чапкылдыктар жана чапкынчылар жөнүндө

Акматали Ормошов

Чапкылдыктар жана чапкынчылар жөнүндө

Адам баласы пайда болгондон баштап көптөгөн доорлор алмашты, миңдеген жылдар өттү, бир адамдын Адам ата менен Обо эненин балдары, миңдеген элдерге, урууларга бөлүнүшүп, миңдеген тилдерде сүйлөшүп, ак, кара, сары түстөргө бөлүнүшүп, негизги 4 динди жана көптөгөн диндерди кармашып, түрдүү идеяларды, көз караштарды тутунушуп, бир эле планетанын жердин 6 аймагында, ар түрдүү географиялык өзгөчөлүктөрдө, мээ кайнаткан ысыкта, кычыраган суукта, мээлүүн кыш болбогон климатта жашап, күн өткөрүшүп жатышат. Канча элдер, улуттар, мамлекеттер житип жоголду. Бирок кыргыз тарыхтан өз ордун таап,башка элдер менен ымалашып, бирде кыргынга учурап, бирде күчтүү мамлекетке айланып, акырында кырк уруудан куралган КЫРГЫЗ эгемендүүлүккө жетип, өз алдынча түтүн булатып жатат.

Бүгүнкү күндө уруулар жөнүндө да көптөгөн китептер жазылып, аларда авторлор өз уруусун мактап, даңктап, даңазалап, уруу баатырларын, эл бийлеген бийлерин көтөрүп жатышат. Бирок кыргыз качан пайда болгон, кайсыл уруулар анын негизин түзөрүн жазышпастан оңдүк, солдуктарды алдыга сүрүшүп, ал эми ичкиликтерди экинчи, үчүнчү кезекке коюп жатышкандыгы таң калтырат. Биз тарыхты эң алгачкы доорго, биздин заманга чейинки доорго жана биздин замандын дооруна бөлүп карап келгенбиз. Мен окуган тарыхтарда, кыргыздар жөнүндө жазылган байыркы, биздин заманга чейинки доорлордо кытай, араб, перс, орус тарыхчылары изилдөөчүлөрү кырк уруу кыргыздын ичинен каңдыларды, төөлөстөрдү, наймандарды, кыпчактарды, абааттарды, тейиттерди, кесектерди, нойгуттарды аташып келишет. Жогоруда аталган уруулар биздин заманга чейинки доордо өз алдынча эл болуп, айрым учурларда мамлекеттүүлүккө ээ болуп, коңшулар менен мамиле түзүп, кээде согушуп бирде күчтүү мамлекетке айланып, Алтай тоолорунан Орол тоолоруна, Орол сууларына чейинки аймактарда, эки дарыя Аму дарыя, Сырдарыя аралыктарында бийлик жүргүзүшүп келген, кыпчак, каңды, найман, төөлөс элдери болгон. Бул элдер Алтай, Энесайда да, Борбордук Орто Азияда да жанаша жашап келишип, 12-15-кылымдарда Чыңгыз хандын жапырыгынан кийин Ала-Тоого, Фергана өрөөнүнө, Алай кыркы тоолоруна, анын этегине келип жайланышкандыгын көпчүлүк тарыхчылар далилдешип жазып жатышат. Ошого байланыштуу кыргыз элинин уюткусун негизин түзгөн, мурда эл, мамлекет болуп, кийин кыргыздын кырк уруусуна айланган ичкиликтерди айтса болот. Себеби тарыхта, санжырада, Манас эпосунда ичкилик урууларынын аттары башка кыргыздын урууларынын арасынан биринчи жана алгачкы болуп аталып жүрөт. Эми чапкылдыктар же чапкынчылар жөнүндө айтсак алар кайсыл элдер, уруулар менен кайсыл аймактарда бирге жашашкан, алардын тилинде, каада-салттарында, үрп адаттарында кандай окшоштуктар жана айырмалар бар деген суроолорго жооп беришибиз керек.

Орус тарыхчысы Я.Р.Винников өзүнүн изилдөөлөрүнөн кийин найман уруусуна кирген төмөндөгүдөй урууларды атайт. “Чапкылдык, шыргоо, кара найман, үркүнчү, нарай найман, туума тукум, босторгой, көкө найман, ходжо найман, баа найман, көк найман.” 164-бетте “Тейит” китебинде найман найман уруусунун генакологиялык системасын берген. Анда Найман-Хан Найман- Бек Сыдык-Каргадан-Чапкылдык тараган деп берет.

Орус изилдөөчүсү А.Н.Федченко “Түркстанга болгон саякат” аттуу китебинде “Лейлекке жакын тоолордо кыргыздардын абаат, батыш жагында кесек жана чапкылдык уруулары жашайт,” -деп учкай белгилеген. СП.б.М. 1875. 64-бет.

Я.В.Венников “Түштүк кыргызстандын аймагындагы кыргыздардын жайгашуусу жана тууган уруктун составы” жөнүндөгү китебинде Москва.1958-ж. 164-бетте чапкылдык уруусун найман уруусунун курамына киргизген.

Нурбек Туран “Чапкынчы” аттуу урук бөлүкчө кытай жана чекир саяк, саяк урууларынын курамында кездешет.

Кыргыздын Сол канатындагы кытай уруусунун курамында чапкынчы урук бөлүкчөсүн А.Усупбаев чапкылдык уруусу менен байланыштырып, азыркы чапкылдык уруусу “чапкынчы” деп аталган дейт.

Кыргыздын Оң канатына кирген чекир саяк уруусунун курамындагы чапкынчы урук бөлүгү жөнүндө С.М.Абрамзон мындай деген маалыматты берет, Профессор К.К.Юдахин. чапкынчы уругу жөнүндө биз алган маалыматтар, чекир саяктардын бул уругунун Кыргызстандын түштүгүндө жашап турган чапкылдык тобу менен кандайдыр бир байланыш бар экендигин кабарлайт. Алар бул жакта Тянь-Шаньдан, Кочкор, Жумгалдан ооп келишкен деген пикирлер бар.

Ал эми тарых илимдеринин доктору профессор, тарыхчы Жолдошбай Малабаев өзүнүн “Чапкынчылар” Б.1996-жыл китебинде Фергана өрөөнүндө, Жумгал өрөөнүндө “Чапкылдык, Чапкынчы” деген уруу жашайт. Бул эки уруунун түбү бир. Алардын ата-бабалары Кашкар тараптагы Чапкын деген жерде жашап, баласына Чапкынчы деген ат койгон. Чапкынчы болжол менен ХVIII кылымдын башында туулган.Чапкылдыктардын пайда болгонуна 300 жылдай болгон деп келип, чапкылдыктарды Андижандагы Ажибийге байланыштырып, кыпчак уруусуна жакындаштырат.

Ал эми Бексултан Арыков аксакал чапкынчы, чапкынчылардын келип чыгышын мындайча баяндайт. “Калмактар менен күрөшкөн баатыр Чапкынчы болгон, анын он баласы болуп, үчөөсү Жумгалда, жетөөсү Ходжент тоолорунда жашап жатат. Биз Сыр-Дарыянын жээгиндеги Көк-Тоңду айылынан көчүп келгенбиз. Ал эми бабабыз Чапкынчы калмактар менен согушта Өзгөндөгү Жазы дарыясынын боюнда каза болуп, сөөгү ошол жерге коюлган. Биз бир уруубуз”-дейт.

Мага бир канча жыл мурда Абдисалам Юлдашев “Найман санжырасы жөнүндө” деген 6 барактан турган санжыраны берди. Ал арабча тамгалар менен жазылган. Санжыранын туура экендигин тастыктаган 6 казынын мөөрү коюлуптур. Ал санжыра Самарканд айылынын тургуну 1947-жылы туулган наймандын Карамоюн тобунан Абдираимов Абдишүкүргө таандык экен. Кол жазманы арабчадан кыргызчага Бишкектеги Ислам университетинин мугалими Молдо Сабыр Досбол уулу которуптур. Анда байыркы өткөн замандагы жазылган этибарлуу кыргыз элинин санжырасы, айрыкча анын бөлүгү болгон Найман уруусу Урмия пайгамбардын уулу Аздия урпагынан. Андан эки уулу болгон бири-Эрдене, экинчиси-Салмук. Эрденеден аталган найман уруусу бар. Салмуктан эки уул болгон бири Назым, экинчиси Махмут. Назымдан Чапкылдык найман, Кушчу найман жана Оргу найман деп аталган уруулар бар. Махмуттан Кара найман тобу бар.

Санжырадагы маалыматтарга таянсак Урмия пайгамбар мындан үч миң жыл мурда жашаган, ал эми Махмуд Аззам ХIII кылымда жашагандыгы анык. Демек, наймандар ичкилик кыргыздары сыяктуу эле өтө байыркы эл. Чапкылдык наймандан-Чапкылдыктар, Кушчу наймандан-Кушчу уруусу, Оргу наймандан-Оргундар(Аргындар) тараган болушу ыктымал, деп белгилейт, наймандар санжырасында.

Мына ушуну эске алып Нурбек Туран “Тейит” китебинин 167-бетинде “Чапкылдык тобу кайсы гана уруудан чыкпасын ал өз алдынча уруу катары Ичкилик тобуна кире албайт, бирок Найман уруусунун курамына гана кире алат,”-деп далилдеген.

Сулей Инфо газетасынын 31-сентябрь 2016-жылдагы №154 экинчи бетинде Кочкор Батыровдун “Көкүм бий жана Акбото бий” деген макаласында, чапкылдыктардын ичиндеги Калтатай уруусун Чоң багыш уруусуна кошуп, автор ата-бабамды таптым деп кубаныптыр. Ал Көкүм бийдин эки аялы болуп, бири кыргыз, дагы бири казак болгон. Кыргыз аялынан Таеке, Чаеке деген балдары болуп, анын балдары Лейлекте Актам, Эски Овчу, Жигдали, Акарык, Булак-Башы айылдарында жашап жатышат. Чоң багыш уруусундагы Калматай, азыркы кезде Калтатай болуп тыбыштары өзгөрүп, этнонимге айланып айтылып жүрөт-деп тастыктаган. Чындыгында калтатайларды мурдатан эле экиге бөлүп келген чапкылдыктар. Оштук жана Ташкенттик деп. Кочкор Батыров бул макаласында Ташкенттик калтатайларды Көкүмбийдин уругу Калтатайдан тараган, алар Жапар уруусу (чапкылдык тобу) менен Ташкентте, анын айланасындагы жайлоолордо жашаган деп, өзүн Калтатайларга кошуп Чоң багыш уруусу экен деп тыянак чыгарат. Калтатай чапкылдыктардын уруусу, мындай 3-4 кылым мурда да чапкылдык болгон.

Калматай, калтатай болуп калганына “т” тыбышы менен “м” тыбышы менен алмашып калгандыгына окуя 1620-жылдары болсо 400 жыл өтүптүр. Ушунча жылдардан бери төрт кылым чапкылдыктын бар уруусу болуп келген Калтатай, Чоң багыштын калтатайы экендигин, автор өзү жазгандай 5-6 казылар да аныктай албагандыгы таң калтырат. Бул жөн гана бир адамдын ой жүгүртүүсү, табылгасы болуп жүрбөсүн. Аны азыр өзү санап өткөн айылдардагы калтатайлар, калматай чоң багыш экенбиз деп тан алабы? Ал эми автор тарабынан белгиленген казылар Мамлакат, Сүйүн, Кузат, Чебер, Тебер, Равшандар эмне үчүн медреседен билимдүү болуп чыгып калтатай, чапкылдык уруусу эмес чоң багыш уруусунун калматайдан болот деп далилдеп коюшкан эмес. Ал эми Жумгалдан келген чапкынчылар менен мен бирге жүрүп, Орункожоевдин мүрзөсү турган жерде туруп биз Көк-Тоңду, Катаганда ата-бабаларыбыз жашап, мен ал жерлерди көрсөткөндөн кийин ушул айылдардан көчүп кеткен экенбиз деп айтышкан.

Айрым санжырачылар, изилдөөчүлөр чапкылдыктарды Чапколу сарыбагыштарга Сол кол болуп кошулат десе, айрымдары кесектерге, кээ бирлери солтолорго да кошуп коюшкан. Кыскасы ар бири өз билгенин, укканын айтышкан.

Бул далилдер да бир топ санжыраларга, тарыхчылардын аныктамаларына таянып айтылып жаткандай. Туура жагы чапкылдыктардын Лейлектеги тобу кылымдар бою ичкиликтер найман, абаат, каңды, кыпчак, тейит, кесектер менен жанаша жашап келишкен. Башка Оңдук, Солдуктарга караганда тили да, дин таануусу, үрп адаты, каада-салты окшош. Айрым гана айырмачылыктары бар, бирок ал дагы өзгөчө эмес. Ал эми түндүк тараптагы Жумгалдагы, Кочкордогу чапкынчылар Сыр-Дарыянын жээгиндеги Көк-Тоңду, Катаган айылдарынан көчүп кеткендигин моюндарына алгандыктан, алар жашаган жерине, мамилелешкен башка урууларга байланыштуу тили да, каада-салты, үрп адаты да жашаган аймагына карап өзгөрүүгө учураган деп жыйынтык чыгарууга болот.

Менин атам Жакып уулу Ормоштун айтуусу боюнча чапкылдыктардын бабалары Ажибий Манастын чечени, акылманы, Бакыбек же Бакай Манастын акылманы, караңгыда жол көрсөткөн көсөмү, Манастын акыл кошчуусу, кырк чоросунун экөөсү да чапкылдык болгон, алар ошол мезгилдеги найман, абаат, кесек, кыпчак, каңды, төөлөстөр менен мындан миң жыл мурда эле жашашып, калмак кытайлар менен согушуп, Манас баштаган уруулар менен Алтайдан Ала-Тоого келип жайланышкан. Мына ошондо чапкылдыктар Алтайдан келгенде Койбос Жанбоско жайланышып, XVII кылымдардын орто чендеринде калмактардын кыргынында жер которуп Сузактын Калмак кырчыны аркылуу келип, Алай тоо кыркаларынын этек жагындагы Рабат айылына келип, андан Төө-Моюн деген жерге Ажибийдин жетекчилиги менен келип, анын уулу Куткабийдин башкаруусу менен Даркум, Даргаз, Обут, Маргун, Себистан, Ылайлы, Кашка-Шоро, Эски-Овчу, Булак-Башы айылдарына жайгаштырылып жашап калган. Менин жеке пикиримде ошол мезгилдерде абааттар, каңдылар, наймандар, кесектер да кошо келип, Лейлек аймагынан орун алышса керек. Бул багытта жазуучу Нууман Сайдуллаев да “Кызыл” деген китебинде, жогорку уруулардын биргелешип, калмак басып алуучуларына каршы тургандыгын, өздөрү ынтымакта жашагандыгын жана нак кыргыз тилинде сүйлөгөндүгүн жазган.

Бүгүнкү Лейлек аймагында чапкылдыктар менен жанаша жашаган уруулар наймандар чапкылдыктардын чыгышында, түштүгүндө, ал эми батышында түштүгүндө кесектер, абааттар, каңдылар, түндүгүндө тажиктер Сыр-Дарыя жээгинде жашап жатат. Бул уруулар менен аралашып жашашып жаткан өзбек, түрк, тажик элдери да бар. Бул уруулар же ичкиликтер(кызылдар) тажик, өзбек менен аралашып жашап, сарт болуп кеткен. Тилдери да өзбек, тажикке тартылып турат деген былжырак, өзүн сыйлабаган айрым адамдар айтып жүрүшөт. Алар кыргыздын нак төл сөздөрүн билбегендиктенби же басынтуу иретиндеби айтышат. Чындыгында кыргыздын ичкиликтеринин тили , аркай сөздөрү байыркы кыргыздын төл сөздөрү деп эсептеймин. Анын өзбек, тажик, парс тилдерине эч кандай окшоштуктары жок. Ичкиликтердин сөздөрүнөн мисал келтире кетсек:

Акгиңдаба - элээрибе

Ашаткы - булганыч

Адиса - кокустук

Алкынды - калдык

Арип - ык

Бетамиз - түрү суук

Бетопук – канаатсыз

Бүкүр – ийри

Бежагым – жагымсыз

Гүңүрт – күңүрт

Гүң – дудук

Галдай – жука нан

Галжып – алжып

Голо – ири

Гадай – тилемчи

Гөр – көрүстөн

Гөөдан – дене

Гараң – таң калуу

Галаба – чыр

Дабшуу – дегдөө

Дагдаба – убайма

Даки – жеме

Догол – жолугуу

Додо – топтоо

Дөөдүр – келесоо

Даңкайып – чоң

Дарбадар – шылкым

Даңгал – ачык

Жумур – кулку, алкы

Жүда – эң

Жанч – майдала

Жөкөш – өжөр

Зардал – колбашчы

Закым – элес

Зарп – күч менен

Зада – көңүл калуу

Зыкым – сараң

Илла – айла

Интала – аша тоюу

Кайбани – куу

Кал – таз

Капкир – кыргыч

Кекеч – тутунма

Кодо – кыска

Кусур – каргыш

Кыйгап – четтен

Кыйгыл – кычкыл

Кымабы – кылык

Кыям – саам

Кар – дүлөй

Как – кургак

Кабак – эркек

Каш – аял

Калта – кыска

Курутап – майлуу эзилген курут

Ланч – чечкинсиз

Мазак – шылдың

Мукум - бекем

Мүжүмал – даргүмөн

Мүйүш – бурулуш

Маареке – азем

Мазза – жыргал

Мустар – томсоруу

Мүрү – ийин

Мыкыр – кыйтыр, куу

Мурат – максат

Нык – тың

Нымтыр – алсыз

Набада – эгерде

Нажай - жайсыз

Нургуч – үбөлүк

Наар – татым

Напси – сук

Нымыжан – жарым жан

Огожо – бир кыйла

Орсок – бөлүнгөн

Пүч – бош, көңдөй

Пүчүлүк – төөнөгүч

Пасыра – кайран талаа

Пысып – бекинип

Пайпастап – шашуу

Пайча – багалек

Пакиза – аруу, таза

Пакыр – жоош

Пампайып – көлөмдүү

Парасат – этиет

Пас – төмөн

Пай – жуп

Пастек – кичине

Патир – нан

Пөк – ичи көңдөй

Пачакта – талкала

Пайтама - оромо

Сак ооз – жаман ооз

сыйыр – уй

Сетирейбен – тейтейбе

Сыяк – кебете

Солодой – килейген

Сылтуу – аксоо

Сарпай – сый-кийим

Сыз – ным

Сая – көлөкө

Субагай – денелүү

Субагай – денелүү

Сырттан – күчтүү

Сара - мыкты

Тилазар – тил албас

түлөч – колунан иш келбес

Торсун – устун

Таргыл – чаар

Тараша – куу жыгач

Ушак – нан күкүмү

Ушар – сергек

Умач – аш

Үргүл – айлан

Үш – эс

Үлкөн – чоң

Чагым – күнөөлөө

Чаңгал – тутам

Чилдашир – арык

Дөөдүр – келжирек

Чалыш – аралаш

Чалдыбар – бузук

Зака жеп – жеме угуу

Ибарат – улгу, таалим

Кыт – түштүк

Кут – түндүк

Бул аркай сөздөрү Нууман Саадинин “Кызыл” деген китебинин 249-260-беттеринен кыскартылып алынды.

Нак кыргыздын ичкиликтеринин аркай сөздөрүн жээрибей, бул сарттарга ыктаган сөз деп паска урбай, кыргыз тилинин сөздүгүнө киргизсе, кыргыз тили бир топко байып, жалпы кыргыздар пайдаланса жакшы болмок. Бул тил менен ичкиликтер Лейлек, Баткен, Кадамжай жана Ноокат району эски Ноокатка чейинки элдер сүйлөшөт. Ошондон башка жактарда Тажикстанда, Өзбекстанда, Кытайда, Афганистанда, Туркияда жашаган ичкилик кыргыздарынын төл сөзү болуп эсептелет. Мындайча айтканда чапкылдыктарда, ичкиликтердин ичинде жанаша жаап, ар түрдүү маареке каада-салт, үрп-адат, маданият, соода сатыкта колдонулган тили да аркай сөзү же ичкиликтердин тили менен туулуп, эне сүтү менен аны билип, аны менен сүйлөп, ой жүгүртүп калган. Ал эми өзбек, тажик эли менен жанаша жашагандыгы, ичкиликтерди сылыктыкка, адамгерчиликке, меймандостукка ыктоого таасир берген. Искиликтердин сылык-сыйлуу, тили ширин болгондугу ошондон болсо керек.

Лейлек жергесинде жашагандардын өзбек менен тажиктерди кошпогондо негизинен ичкиликтер түзөт. Жалпы жашоочулардын 2013-жылдын январына карата кесектер 49,5%же 9680 үй-бүлөну 42881 адамды, абааттар 19,7% же 4197 үй-бүлөнү 17068 адамды, чапкылдыктар 18,9% же 3338 үй-бүлөнү 16317 адамды, тейиттер 4,9% же 878 үй-бүлөнү 4204 адамды, каңдылар 5,7% же 762 үй-бүлөнү, 4893 адамды, наймандар 1,4% же 275 үй-бүлөнү 1194 адамды түзөт. Лейлекте 48 айыл болсо анын 24 айылында негизинен төмөнкү аймактарда чапкылдыктар жашайт. Мындайча айтканда ичкиликтер менен жашаган жери да, каада салты, үрп адаты, тили, маданияты да окшош. Бул далилдердин бардыгы чапкылдыктар жогорудагы ичкилик уруулары менен ымалалаш жашап келген өз алдынча кыргыздын байыркы урууларынын бири экендигин далилдейт. Чапкылдыктар эч качан наймандарга, кыпчактарга, кытайларга жана башка урууларга кошулган эмес, алар менен бирге жашаган өз алдынча уруу болуп эсептелген.

2016-жылдын 8-августунда Актайлак мазарында чапкылдыктардын аксакалдары Арка айылынан Гапаров Абдилаким аксакал 1927-жылытуулган (89 жашта), Гапаров Муса ажы (Аркадан 86 жашта), Убаев Досбай аксакал( 87 жашта), Бегалиев Өктөм аксакал (Маргундан 87 жашта), Турдуев Баба аксакал (86 жашта), Баянов Салам ажы (Аркадан 80жашта), Айдаров Салибай (69 жашта, Маргундан) жана мен, Ормошов Акматали (68 жашта, Маргундан) сый тамак үстүндө отуруп, мен ал аксакалдарга кайрылып “биз кыргыздын кайсыл урууларына кошулабыз, ар түрдүү китептерде, тарыхчылар, тарых изилдөөчүлөр бизди найманга, кытайларга, кыпчактарга, саяктарга, солтолорго кошуп жазып жүрүшөт, сиздер эмне дейсиздер”- деген суроо узаттым. Абдилаким аксакал “биз эч бирине кошулбайбыз, биз чапкылдык бойдон калабыз. Бир эки адам билип билбей айтып койсо эле ошол туура деген санжырачылар, тарыхчылардыкы туура эмес. Мен билгенден чапкылдыктар ушул Лейлек аймагында жашап келген Ажибийдин, Бакыбектин, Салимбектин, калта тай, Тайлакы Жапар, Асаналинин балдары ынтымакта жашап келгенбиз. Биз өз алдынча уруубуз, жанаша жашаган кесектер, абааттар, кыпчактар, наймандар, каңдылар, тейиттер менен теңатта жашап, алар дайыма чапкылдык уруусу, кыргыздын кырк уруусунун бири катары сыйлап, урматташып, дайыма улуу (великий) чапкылдыктар деп билишкен”. Бул ойду Лейлек жергесинин, чапкылдыктардын ошол жерде олтурган бардык аксакалдары бир ооздон кубатташты. Чындыгында Лейлектиктер чапкылдык уруусун улуу (великий) чапкылдыктар дешет.

Бул ойлорду Даркум айылында жашап жаткан Арзыбаев Эрали 83 жашта, Сыдыков Кудайназар молдо 91 жашта колдошту. Алар да ушул жерде жашап жаткан чапкылдыктар же мурда Рабатка келип, андан кийин Төө моюн деген жерге келип, отурушкан. Ошондон уламбы Рабатта жана Төө моюндун, күн чыгыш тарабында Мадиген айылында наймандар жашагандыктан, чапкылдыктарды наймандан тараган десе керек деп айтышат. Ал эми азыркы чапкылдыктар жайланышкан айылдарга Ажибийдин баласы Куткабий жайланыштырган, мындан 350-330-жыл мурда дешет. Ал эми чапкылдыктар ичкилик уруулары менен бирге жашап, өз алдынча чоң уруу катары айтылып келген. Биз кыргыздын кырк уруусунун бирибиз. Чапкылдыктар жайланышкан Козу Баглан дайрасынын жээктери, Булак Башы айылы чытырман токой болгон экен деп кошумчалашты. Чапкынчы, чапкылдык аты эмнеден улам аталган жана Кыргызстанга Койбос(Кочкор), Жанбос (Жумгал), Андижандын, Кокондун, Ходженттин айланасына, Алай кырка тоолорунун этегине кайдан келип жайгашкан, эмне себептен? Бул маселеге белгилүү санжырага Бексултан Арыков өзүнүн “Куйручуктун жоруктары” деген китебинин “Чапкынчы жана чапкылдык уруусунун келип чыгышы” деген бөлүкчөсүндө чапкынчы, чапкылдыктын келип чыгышы жөнүндө 16 атагы аттын кашкасындай белгилүү санжырачыларга, анын ичинде Тоголок Молдо, жана өзү да бир таянып нойгуттун Акбалтасынын Чубак баатырдын урпактары, Манас эпосундагы Чубак баатыр жөнүндө айтылып жатат. Чубак баатырдын тогузунчу баласы Чубактан эсептегенде Чубатай Алтайда болуп турганда ал өзүнүн элчилерин жөнөтүп Чыңгызханга биригет. Чыңгызхан аларга кытайларга каршы согушка жөнөтөт. Көптөгөн кыргыздар жоготууга учурап, Чубатайдын бир тууганы Муратай өз адамдарын ала качып Ходжент шаарына жана анын айланасына качып келет. Муратайдан-Жусупбек, андан күйөөсү өлгөндөн кийин Маниш айым Жусупбектин бир тууганы Эшимкарага турмушка чыгып, андан Дайырбек аттуу балалуу болуп, Дайырбектин Садык, Жусуп, Шакир деген балдары болот. Өзбек менен кыргыздын ортосунда жаңжал чыгып, Байысбекти издеп Жумгалга барышат да саяктардын ичинде жашап калышат,- дейт Бексултан Арыков. Шакирдин, Үч Куртка, андан Кулжыгач, анын кичүү аялы Супканадан Сүтемген, Итемген деген балдары болот, Сүтемген Андижандын ханы, Бадашбектин кызы Уларжанга үйлөнөт. Сүтемген Жазы деген жерде калмактар менен согушта өлөт. Анын баласынын атын чапкында өлдү деп, Чапкынчы, Чапкылдык коёт. Чапкынчыга Өкүм хандын кызы Орозканды алып беришет. Себеби Чапкынчы баатыр, акылдуу болгон. Орозкандан, Кудаке Обозек “Араке төрөлөт. Орозкан апабиз дагы жети уул табат. Аттары Дидар, Каландар, Калтатай, Асанбек, Бакыбек, Салимбек, Жапар. (Аталган китептин 200-207беттерде). Мында Бексултан абабыз Дидар, Каландар, Ажибайдын чебереси болуп саналарын белгилеген. Бул балдардын ичинен Ажибийден тарагандар көп, ал эми Тайлакыны унутуп калган ал жетөө Ажибий, Бакыбек, Салимбек, Калтатай, Асанали, Тайлакы Жапарлар. Түштүктө жашаган жети атаны Изат Абдиева менен Кадыр Калилов жазган “Аброю арткан адам” деген китебинин 110 бетинде кайталап Дидар, Каландарды бала кылып, ал эми Ажибий менен Тайлакыны жазбай койгон. Булар Бексултан Арыковдун китебине таянса керек, себеби анда да, бул китепте да бирдей жазылган. Негизи Бексултан Арыков аксакал түштүктөгү алты атаны атоодо Жолдошбаай Малабаевдин “Чапкынчылар” китебинен пайдаланган да, аны туура деп келе жатат. Биздин санжырачылар түштүктө жашаган чапкылдыктарды алты атага бөлүшөт да, Асаналини Ажибийдин кытай аялынан болгон баласы катары айтышат. Ажибий Манас менен Кытайга барганда ошол жактан үйлөнүп, эгерде уул төрөлсө мага жөнөтөсүн деген, Асанали ошол белеги менен келип Маргун айылында Ажибий атасына жолугат да, ошондон баштап Ажибий баласына жайыт жер бөлүп берип жашап калат. Ошондуктан Асаналиден тарагандарды бизде кытайлар деп коюшат. А.Усупбаевдин чапкылдыктарды кытай уруусуна кошкону да ошол себептен болгон. Жогорудагы китепте да Шакир же (Чекир)дин арасында саяктардын баргандыгын далилдешкен. Мен дагы менин атам Жакып уулу Ормош да чапкынчылар же чапкылдыктар Алтай, Энесайда ичкилик уруулары менен бирге Чыңгызхандын жапырыгынан чочулап элди сактап калыш үчүн Ала тоого көчүп келип, Кыргызстандын аймагына мындан 800 жылдай мурда көчүп келишип, Алай тоолорунун этегинде Ходжент шаарынын айланасына Лейлектин төмөнкү аймагындагы кырка тоолорунун арасында азыркы жашап жаткан жерине келген. Оомал, төкмөл заманда Андижанга барып, андан ары Жумгал, Кочкорго, Суусамыр өрөөнүнө барып, жайланышып, Ходженттен жана анын аймагынан Жумгал Кочкордо жашап жаткан Араке Обозек, Кудакенин балдары көчүп кеткен деп эсептейбиз. Жумгалда жашап жаткан туугандар да биз Ходженттин Көктоңду деген айылынан келгенбиз дешет. Азыркы мезгилде Көктоңду Кайракум суу сактагычынын астында калып, адамдар жай айларында кумга көмүлгөнү барышат. Көрүнүп тургандай чапкылдыктардын түпкү мекени Маргун, Даркум, Даргаз айылдары болгондугун айгинелешет.

1993-жылдын 2-августь күнү Маргун айылынын борборунда, эски клубдун алдында жалпы чапкылдыктардын Курултайы болду. Ага Лейлектеги 24 айылдан, Сүлүктүдөн, Тажикстандын 9 айылынан, Баткендин 5 айылынан, Жалал Абаддан, Сузактан, Жумгалдан, Ош, Бишкектен, Чүйдөн болуп 50дөн ашык айыл, шаарлардан чапкылдыктар келишип катышып, чапкылдыктардын, чапкынчылардын уюткусу, байыркы мекени болгон-Маргун, Даркум, Даргаз экендигине дагы бир маакул болушкан эле. Анын видеожазуусу сакталып турат менде. Ушундай эле жолугушуу 2013-жылдын же 20 жылдан кийин кайра эле Маргун айылында болду. Жумгал, Кочкор, Жалал Абад, Чүй, Бишкектен келген меймандарды Лейлектин борбору Исфана шаарында тосуп алып коноктоп, жүздөй адам Исфананын борборундагы Исхак Раззаковдун музейинин алдында чогултуп, ар бирине атайын даярдалган Илек-Илек куш менен килемдин сүрөтү түшүрүлгөн значокту, белгини төштөрүнө тагып Лейлек районунун музейлерин көрсөтүп, район жөнүндө маалыматтар берип, ресторандан сый тамак берип Кулундуга келип, ал жерден Согди областынын жетекчилери менен күн мурунтан сүйлөшүп коюп, беш микро автобуска салып, Ходженттин көрктүү жайлары Орунходжаевдин маданият үйү, кеңсеси, үч кабат чайкана, базар, музейлер, Сомонинин эстелиги, Чымчык арал менен тааныштырып, Аркага алып келип, чай, сый көрсөтүп 18-май күнү кечинде Маргунга келип 18 жерде коноктоп, эртеси 19-майда Маргун айылынын борборундагы үгүт-насаат үйүнүн алдындагы улуу ата мекендин согушта курман болгондорго куран окуп, гилемдер көргөзмөсүн көрсөтүп, Маргундагы мектептин алдында салтанаттуу жыйналыш кылып, Арка айылындагы “Рано” ресторанында сый көрсөтүп жөнөттүк. Ошондо Ходжентке барганда Орунходжаевдин эстелигинин жанында сүрөткө түшүп, ал жер бийик болгондуктан айлана жакшы көрүнүп турат. Жумгалдык туугандар айтып жүргөн Көктоңду айылын көрсөттүм. Себеби, санжыраларда Ходжентин Көктоңду айылынан көчүп келгенбиз деп айтышат. Алар азыр кыргыздар барбы дешти. Мен кыргыздар калбагандыгын алар бардыгы бүгүнкү күндө Арка өрөөнүндөгү төрт айылда жашап жаткандыгын айттым. Маргунда өткөн жыйынга Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандан келишкен 350 адам жана Лейлектиктер болуп миңден ашык адам катышты. Чапкылдыктар, чапкынчылар эки чоң жыйынды да Маргун айылында өткөрүштү. Себеи Маргун, Даркум, Даргаз айылдарында жалаң чапкылдыктар жашашат жана чапкылдыктардын кийинки мезгилдердеги түпкү мекени болуп саналат. Жыйынтыктап айтканда чапкылдыктар, чапкынчылар бир эле уруу, алар ичкиликтердин арасында Лейлек аймагында жашаган чапкылдыктардын өтө меймандос, адамгерчиликтүү, маданияттуу, сылык жана ширин сөздүү экендигине биздин жумгал, Кочкордон, Чүйдөн, Өзбекстандан, Тажикстандан, Жалал Абаддан келген туугандар абдан таң калышып, шаар, айылдардын кооздугун, тарыхка бай экендигине суктанышып кетишти. Бул аймакта мөмө-жемиштердин бардыгы өсүп, алар башка жактарга караганда шириндиги менен айырмаланып тургандыгын айтышты. Эч кандай башка урууларга кошулбайт. Кыргыздын кырк уруусунун бири, ичкиликтер менен ымалаш өскөн уруу. Ата-бабалардан ооздон-оозго, муундан-муунга айтылып келе жаткан санжырага карганда мындан 1000 жыл мурда Манас менен бирге жүргөн акыл-насаатчысы болгон Ажибий менен Бакыбектер. Ал эми тарыхка сарсееп салсак Чыңгызхандын мезгилинде, ал тарабынан куугунтукталып, Ала Тоого XII-XIII кылымдарда келген, ал эми XVII кылымдарда калмактардын кысымынан кийин Алай кырка тоолорун этегине Ходжент шаарынын төгөрөгүнө келип олтурушкан, көчмөн калк болгон. Бизде Лейлекте чапкылдыктарды башка уруулар великий (улуу) чапкылдыктар десе, Жумгалда чапкынчыларды супер (эң мыкты, Эң жакшы) саяктар дешет экен. Экөөндө тең чапкылдык, чапкынчыларга болгон башка уруулардын сый-урматы көрүнүп турат. “Көрсө, мезгил оомал-төкмөл экен, доор жаңырат экен. Өткөн тарых биротоло жиксиз жоголбойт экен, анын баа-баркын чындап билсе, кадырына жетсе, кийинки муунга баа жеткис кенч, басылбас добулбас жана даңгыр жол тура. Арийне, өзүнүн өткөнүн, бабалар тарыхын, маданий мурасын билбеген, аны унуткан элдин келечек тагдыры тайкы” (Кыргыздар, Бишкек, “Кыргызстан” 1991 3-б) туура белгиленген ак сөз. Акылмандар мурдатан айтып келе жаткан дагы бир учкул сөз бар. “Тарыхты сен тапанча менен атсан, келечек сени замбирек менен атат”. Абдан туура биз ата-бабаларыбыздын, кыргыздын, ар бир адам өзүнүн уруусун, жети атасын билүү милдеттүү мусурманча айтканда парз деп айтсак болот. Себеби Жумгал, Кочкордогу чапкынчы туугандар менен Лейлектик чапкылдыктар 1920-30-жылдарда эки жолу, ал эми 1993-жылдан бери 2012-13-14-жылдары төрт Жумгалда, Соңкөлдө, Жалал Абадда, Кара алмада, Баткенде, Лейлекте Маргунда эки жолу туугандашуу жолугушууларын өткөрүшүп, жакындан таанышып, ата-бабалардын жолун жолдоп бир уруу экендигин далилдеп коюшту. Тили, салт санаасы, үрп-адатында окшоштуктар болбосо да, аларды туугандык жакындыгы бириктирди. Катташуу бул жакындашуу. Кыргызда макал бар алты бир тууган болсо да катышпаса жат болот деп. Биз катташууну баштадык бул- ынтымактын, боордоштуктун, биримдиктин белгиси эмеспи..

2010-жылы 9-июнь күнү Бишкек шаарында Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын кичи залында ичкиликтердин биринчи Курултайы болду. Ага бардык ичкиликтердин урууларынын 265 өкүл катышты. Курултайда ичкилик урууларын тарыхы талкууланып, кайсыл уруулар ичкиликке кирерин аныктап, курултай революция (жараян) кабыл алып, Улуу Курултайга делегаттарды шайлады. Ордо кеңешине он бир адам шайланды. Ичкиликтерге төмөнкү уруулар киргендигин тактады. Алар;

1. Найман

2. Кыпчак

3. Нойгут

4. Чапкылдык

5. Кесек

6. Тейит

7. Каңды

8. Төөлөс

9. Абаат

10. Оргу

11. Бостон

12.Жоокесек-деп чечишти. Кыргыздын кырк уруусунун курултайы 12-июнь күнү болуш керек эле, ал Ош окуясына байланыштуу болбой калды. Ичкилик Курултайына мен, Бегалиев Өктөм, Жумагулов Муса, Арзыбаев Эрали, Айдаров Салибай, Толубаев Жолчу, Ахмедов Орунбай катышканбыз, мен курултайда чапкылдыктардын тарыхы, жайгашкан аймагы жөнүндө сүйлөгөнмүн. Ошого байланыштуу биз чапкылдыктар дайыма бирге жашап, тил каада-салт, үрп-адатыбыз, маданиятыбыз, өтүмүш тарыхыбых, жашаган жерибиз бир болуп, жакшы ымалада жашаган ичкиликтерге киребиз деп ишенимдүү айтсак болот. Эмне үчүн уруунун аты “Чапкынчы”, “Чапкылдык” болгон? Бул боюнча да ар түрдүү ойлор айтылып жүрөт. Тарых илиминин доктору Жолдошбай Малабаев чапкылдыктын ата-бабалары кашкар тарапта чапкынчы деген жерде жашаган, ошого байланыштуу баласынын атын чапкынчы койгон, ал баладан тарагандарды чапкынчылар деп аташкан десе, белгилүү санжырачы Бексултан Арыков Сүтемген калмактар менен салгылашууда Өзгөндүн жазы деген жеринде курман болгон. Анын баласынын атын чапкында өлгөн деп чапкынчы койгон. Чапкынчыдан он бала болуп анын жетөөсү Лейлекте же түштүктө, ал эми үчөөсү Жумгалда, түндүктө жашап жатат дейт. Ал эми жазуучу Нууман Сайдуллаев өзүнүн “Кызыл” деген китебинде чапкылдык аты. Чапкол дегенден келип чыккан, ичкиликтер оң колго, сол колго бөлүнгөн, чапкылдыктар сол колго тиешелүү болгон. Чапкол барып барып, чапкылдык уруусуна айланган. Мен өзүмдүн “Эсте калган элестер” деген китебимде жазгандай ата-бабаларыбыз Алтай, Энесайда жашап жүргөн мезгилде, Чыңгызхандын Угедей деген уулу кыргыздарга 1218-20-жылдары каттуу кыргын салган, басып алган аймактарын аяосуз талап-тоногон, ошого байланыштуу чоң бабабыз Угедейди өлтүрүү үчүн чапкан, бирок ал өлбөй калган. Себеби артынан жоокерлери келип калган. Кайрадан Угедей кыргын салганда чоң бабабыз келип мына сени чапканмын, өлтүрүү үчүн, бирок өлбөй калдың элди кыйнадың дегенде анын баатырдыгына, адептүүлүгүнө таң калып, баа берген. Чыңгызхандын уулу бабабызды мен сени кечирдим. Өз элинди, туугандарыңды алып менин аймагымдан чыгып кет деген экен. Ошого байланыштуу бабабыз Алтай, Энесайдан-Ала Тоого көчүп келип жашап калган. Ханды чапкан урууну башка уруулар чапкынчы, чапкылдыктар деп аташкан. Жогорудагы келтирилген уруунун аталышы жөнүндөгү пикирлерди эске алып. Биздин уруунун бийлери, хандары баатыр эл болуп, душмандарга, хандарга каршы аяоосуз согушкандыгы үчүн чапкынчы же чапкылдык деп аталып калгандыгы көрүнүп эле турат. Биринчисинде Чыңгызхандын уулуна кол көтөрүп чапкан болсо, экинчисинде калмактарга каршы чапкында баатырдык көрсөткөндүгү үчүн чапкынчы деп аталган деген аныктама туура деп эсептеймин.

Ормошов Акматали Лейлек району, Маргун айылы, Кыргыз Республикасынын Ардактуу аксакалы наамынын, орденинин ээси, Маргун айыл аймагынын ардактуу атуулу Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги пенсионер.

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

08-02-2016
О проблемах онкологической лаборатории
4629

10-11-2015
Эстония – страна IT-ишников, островов и рыцарей
5537

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×