Добавить свою статью
8 Февраля 2017
Апамды издеп...
Режиссер Руслан Акундун “В поисках мамы” деген жаңы шедеврин кыргызчага “Апамды издеп... “ деп которсок туура болчудай.

Баш каарман, балдар үйүнүн тарбиялануучусу, он эки жаштагы Азаматтын тагдыры жетим балдардын типтүү тагдырына көп окшой бербейт. Антистандарт ойлонгон, антистандарт жашаган, антистандарт жөндөмдөргө ээ антистандарт баланын антистандарт окуясы... Комедия менен драматизм, социалисттик лагерден бошонсо да аң-сезими социализмде кала берген жетекчилер... Америкага эптеп жетип алса эле май көл, сүт көлгө туш келчүдөй стереотиптердин талкаланышы...

Айтылуу Америка кыялынын жаркыраган эмес, күңгөй жактары, миң түркүн улут, миң түркүн кыялдар, миң түркүн менталитеттердин жуурулушкан очогу Америка турмушун америкалыктын өз көзү менен, болгондо да негр жигиттин турмушу, баскан-турганы менен, ой кыялы менен чагылдырып берүүнү кыргыз режиссерлорунун ичинен биринчи болуп Руслан Акун колго алыптыр.

Америкалык негр жигит Майк, казак азаматы Таукел, кыргыз өспүрүм Азамат – мындай курамдагы үчилтик али кыргыз киносунда жок болчу. Майк фильмге чыныгы америка духун алып келиптир. Болгондо да кылымдап расалык зомбулук, кемсинтүү, кордоону баштан өткөргөн элдин кайраттуу, күрөшчүл, куу, ошол эле учурда күлкүлүү, маңыроо образын Майк сонун ачып бериптир. Ачып бериптир десем анча окшошпой калат: Майк өзү да турмушта дал ошондой эле адам сыяктуу элес калтырды мага. Анткени эненин курсагынан түшкөндө эле актер болуп туулгандай тубаса актер жигит экен Майк.

Азамат – кыргыз киносундагы жаңы каарман. Постсоветтик кыргыз киносундагы балдар кыргыз табиятынын өзүндөй таза, баёо, алпейим, азыркы алдым-жуттум турмуштан обочо жашаган балдар бар эле. Азамат болсо капиталисттик мамлекеттин алчы-таасын жеген мыйзамдарын да тез эле буйтап өтүп, дүйнөдөгү эң куу, бети жок, принципсиз, алдамчы адамдар болгон кумарпоздорду да бок жедирип койгон гениалдуу бала экен. Америкалык трущобканын турмушуна батыл аралашып, арам акча айланган азгырыктуу чөйрөдө тез эле баш каарман болуп чыга келгени менен Азамат уникалдуу.

Супер заманбап компьютерден бешбетер укмуш эске ээ Азамат апасынын элесин такыр эстей албайт экен. Азаматты балдар үйүнүн алдына таштап кеткен адам “Баланын апасы Америкада” деген жазуу калтырыптыр. Ошол бир сүйлөмдү илинчек кылып, айла амал менен Америкага барып калган өспүрүмдүн окуялары күлкүлүү чагылдырылыптыр. Ошол эле учурда апа – бала деген дүйнөдөгү эң ыйык, эң изги сезим фильмдин жүрөктү козгоор өзөгү болуптур. Азаматтын өз атасын табуусун, апасын таба алабы, жокпу... аны киного кирген адам көрөөр.

Айта кетчү нерсе: Азаматтын баскан-турганын, кылган-эткенин туурап калчу өспүрүмдөр чыгаарына бөркүмдөй ишенип турам. Анткени ал өспүрүмдөр үчүн жаңы үлгү, жаңы идеал!

Кыргыз киносуна америкалык режиссеру мектебинин өкүлү Руслан Акун ишенимдүү кадам таштады. Учурда Америкада жашап жаткан кыргыз атуулдарынын социалдык абалы ушундай: алар негизинен майда-чүйдө тейлөө кызматтарында иштешет. Азыр ошол катмардын турмушу америкалык кыргыздар үчүн түшүнүктүү, жанга жакын. Дагы мезгил өтүп, Америкадагы бай катмарлар, саясатчылар, олигархтарга аралашкан кыргыздар тууралуу кинолор тартылат. Анткени качандыр бир кезде ошол катмарларга кыргыздар өздөрү аралашып каларына ишенип турам.

Руслан Акун потенциалдуу, көп мүмкүнчүлүктүү, таланттуу, билимдүү режиссер экендигин “Апамды издеп...” фильми менен дагы бир жолу далилдептир. Бул жигиттин өз турмушу да кыргыз жаштары үчүн ийгиликтин формуласы болуп бере алат. Биз, кыргыздар, дүйнөнү товарыбыз, байлыгыбыз менен эмес, чыгармачылыгыбыз менен гана багынта алаарыбызды ушул Руслан далилдеп тургансыйт.

Киночуларда тамашага салып “Братская могила” деп койгон нерсе бар. Ал фильмдин аягында чыкчу жазуулар. Көрүүчүлөр кино бүтөрү менен этек-жеңин кагынып туруп кете берип, фильмди тартууда кимдер катышканына көңүл бурулбай калат. “В поисках мамы” фильминин “Братская могиласында” көп адамдардын, көп мамлекеттик мекеме, жеке ишканалардын аттары жазылыптыр. Уникалдуу фильм тарткандыгы үчүн ошолордун бардыгына рахмат!

Мен фильмден чоң рахмат алдым.

Баарыңыздарды фильмди көрүүгө чакырам.

Апасын издеген Азамат! Азаматсың! Салам, Америка!

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×