Добавить свою статью
6 Ноября 2018
«Ар Тарап» программасында айтылган бир тараптуу сындарга жооп
2018-жылы 31-октябрда НТС каналынын «Ар тарап» программасы окуу китептердин сапаты боюнча уюштурган талкуусунда айтылган сындарга Кыргыз билим берүү академиясынын жообу

Талкууга катышкандар:
Марат Үсөналиев – Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы
Каныбек Осмоналиев – экс депутат, физика-математика илимдеринин доктору, профессор
Нуржан Жангазиева – №6 мектептин директорунун кыргыз тили боюнча орун басары
Гүлмира Үмүталиева – жарандык активист, журналист, бул талкууга ата-энелердин атынан катышты.

Билимдин негизги булагы − окуу китеби. Андыктан жаш муундар үчүн жазылган окуу китебинин сапаты жогорку деңгээлде болушу зарыл. Бул өңүттөн караганда «Ар тарап» программасынын «Толгон каталары менен басылган китептерге ким жооп берет» - деп суроо коюп, күнөөлүүлөрдү аныктоого, эл алдына алып чыгууга жасаган аракети абдан туура. Бирок, коюлган суроого жооп берүүдө талкууга катышкандар бардык күнөөнү Кыргыз билим берүү академиясына гана төңкөрүп жатышы биздин ушул жоопту жазуубузга түрткү берди.

Министрликтин өкүлү Марат Үсөналиевдин академияда жүздөн ашык «сотрудник» иштейт, академиктер, профессорлор басууга уруксат деп кол коюп жатышат, демек, окуу китебиндеги каталарга алар жооп бериши керек дегенин накта бет тырмачылык деп эсептейбиз. Профессор Каныбек Осмоналиевдин «академия кызматкерлери эч нерсе жасабай отурушат, «преференцияга» ээ болуп, мен академикмин деп асмандан түшүшпөйт, бул мекеме академия эмес, мурдагыдай илим изилдөө институту болуп аталышы керек» – дегени болсо майда-барат ушактын деңгээлиндеги сөз болуп калды.

Чындыгы мындай:

Кыргыз билим берүү академиясында негизги кызматкерлердин саны 68, алардын ичинен 45и илимий, 23ү башкаруучу адистер ж.б. кызматкерлер. Мектепте 20-25 аталыштагы предмет окулат (интеграцияны эске алганда), ар бир предметти бирден кызматкер тейлейт. Бир нече штаттык бирдиктер вакансияда, анткени кайра-кайра конкурс жарыяланса да, айлык акы менен академиядагы түйшүккө чыдагандар аз. Ошондуктан, эки предметти бир учурда тейлеп жаткан кызматкерлер да бар. Академияда Билим берүүнүн теориясы жана технологиясы борбору иштейт. Мына ушул борбордун тийиштүү илимий кызматкерлери профессор К.Осмоналиев армандаган илгерки илим изилдөө институтунун милдетин аткарып жатат. Ошондогу институттун директору профессор И.Бекбоев ушул борбордун директору болуп иштеп жүрүп, пенсияга кеткен. Ордунда үч жылдан бери Е.Е.Син иштейт.

К.Осмоналиев суктангандай, «гилтейген» айлык деле алышпайт. Илимий даражага, компьютердин зыяндуулугуна деген кошумча төлөмдөрүн эске алганда илимдин кандидаттары 8000 сом, докторлору 9000 сом колуна алат. Мына ушундай айлыкка каниет кылып, жетекчиликтин түз мамилеси менен талабынын негизинде, ар бир адис-кызматкер өзүнө тийиштүү предметти мазмундук жана методикалык жактан тейлейт.

«Тейлейт» дегенди сынчыларыбыз «авторлордун жазгандарын окугандан башка жумушу жок» же «эч нерсе жасабай отурат» дегенине жооп кылып, төмөндө ар бир кызматкердин аткарган ишин келтирели:

1. Ар бир кызматкер үч жылдык жана бир жылдык жалпы илимий темалардын үстүндө иштейт. Темалар министрликтин илим бөлүмү менен макулдашылып, Окумуштуулар кеңеши аркылуу бекитилет. Мисалы, мындай темалар каралат: «Мектепте билим берүүнүн мазмунун маданияттык-компетенттүүлүк мамиленин негизинде модернизациялоо (2009-2011), «Жалпы билим берүүчү мектептерде билим берүүнүн мазмунун компетенттик негизде оптималдаштыруу жана баалоо проблемалары» (2012-2014), «Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүүнүн Стратегиясын жүзөгө ашыруу максатында 2015-2017 жылдарда билим берүүнүн предметтик стандарттарын модернизациялоо жана окуу-методикалык комплекстерин компетенттик негизде өнүктүрүү» (2015-2017), «Дүйнөлүк билим берүү системасы менен жуурулуштуруу максатында Кыргыз Республикасында билим берүүнүн жаңы мазмунун иштеп чыгуунун жана электрондук окуу-методикалык материалдарды түзүүнүн илимий негиздери» (2018-2020). Бул темаларды илимий кызматкер өз предметинин мисалында конкреттештирип, изилдөөнүн жеке планын түзөт жана аны лабораторияда, борбордо жана Окумуштуулар кеңешинде бекиттирет. Илимий изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча квартал сайын отчет тапшырат, жылдык отчет министрликктин «илим» бөлүмүнө жөнөтүлөт.

2. Илимий изилдөөсүнүн негизинде: окуу программаларын, окуу китептерин, окуу жана методикалык колдонмолорун даярдоонун жана аларга баа берүүнүн критерийлерин, билим берүүнү уюштуруунун талаптарын тийиштүү предмет боюнча иштеп чыгат; окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун критерийлерин жана инструментарийлерин иштеп чыгат. Иштеп чыккан инструментарийлерин мектептерде апробациялайт.

3. Предметти окутуунун методикасы, технологиясы боюнча көрсөтмөлөрдү, методикалык колдонмолорду иштеп чыгат, илимий макалаларды жарыялайт (мисалга айтсак, өткөн жылы академия кызматкерлери тарабынан 2 монография, 98 илимий макала (анын ичинде 30у чет өлкөдөн), 21 окуу-методикалык колдонмо иштелип чыккан.

4. Мектеп менен байланышты үзбөй сактоо, иштелмелерин апробациялоо, тажрыйбаларын бөлүшүү максатында мектептерде жана башка окуу жайларда сабак өтүп да иштешет.

5. Министрлик бекиткен Базистик окуу пландагы өзүнө тийиштүү предмет боюнча предметтик стандартты иштеп чыгат. Аны бир жерде отуруп эле жаза салбайт: алгач КР Өкмөтү бекиткен Жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандарты менен таанышат; предметтик стандарттарды түзүү боюнча курстарга, семинарларга катышат; иштелип чыккан предметтик стандарттарды мугалимдердин талкуусуна (министрликтин көзөмөлүндө жүргүзүлө турган апробацияга) даярдайт. Апробациянын жыйынтыгы боюнча талкууларга катышат. Мугалимдерден, атайын дайындалган эксперттерден келип түшкөн сунуш-пикирлерди эске алып, предметтик стандартын кайра-кайра түзөтүп, жакшыртып иштеп чыгып, бекитүүгө даярдайт; тиешелүү лабораториянын талкуусуна коёт. Талкууда белгиленгендерди эске алып, дагы толуктайт. Аягында лабораториянын чечими менен Окумуштуулар кеңешинин талкуусуна коюлуп, талкууда оң чечилсе, «Макул» добушу көпчүлүктү түзсө предметтик стандарт бекитилет. (Эгер окуу жүктөмдөрүн кыскартуу жөнүндө, же дагы башка билим берүүгө тиешелүү маселелер боюнча Өкмөттүк документтер кабыл алынса, аларды да эске алуу менен предметтик стандарттар мезгил-мезгили менен жаңыртылып турат).

6. Бекитилген предметтик стандартка негиздеп, тейлеген предмети боюнча окуу программасын иштеп чыгат. Окуу программасы да так эле предметтик стандарттагыдай апробациядан, талкуулардан өтүп, оң баага татыса бекитилет. Жаңы окуу жылы башталаар алдында министрлик жарыялаган базистик окуу планда предметтер интеграцияланып же сааттар өзгөрүлүп кетсе, программаны ага ылайыктап чукул арада өзгөртүүгө мажбур болушат. Предметтик стандарт жана окуу программасы предметтин мазмунун аныктайт.

7. Жыл сайын окуу жылынын башында уюштурулуучу мугалимдердин август кеңешмелеринде предметти окутуунун өзгөчөлүктөрү, жаңы парадигмалар боюнча мугалимдерге көрсөтмөлөрдү даярдап берип турат.

8. Предметтик стандарт менен окуу программасынын, мугалимдер үчүн сунуш-көрсөтмөлөрдүн кыргыз жана орус тилиндеги котормолорун камсыздайт.

9. Мектептик билим берүү жана тарбиялоо маселелерине байланыштуу мугалимдерден жана башка тараптардан өкмөткө, министрликке жана академияга келип түшкөн суроолорго жооп даярдап берет.

10. Окуу-методикалык эмгектерди иштеп чыгууга даярдыгы жана укугу бар адам катары окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгуу боюнча жарыяланган конкурстарга катышат. Анонимдик баалоодо алган упайы жогору болуп, конкурстан өтсө, аларды иштеп чыгууга катышат. Биздин кызматкер катышкан кол жазмага эксперттер сырттан дайындалат.

11. Мектеп окуучулары жана мугалимдер үчүн даярдалып, академияга келип түшкөн кол жазмаларды экспертизалайт ж.б.

Бул жумуштар оорбу же жеңилби, өзүңөр таразалап көргүлө.

Академияда мындан тышкары дагы 2 лаборатория жана эки борбор бар. Алар: баалоонун жаңы методдорунун жана инструментарийлеринин негизинде окуучулардын окуу жетишкендиктерин баалап, илимий мониторинг жүргүзүп, кемчиликтерди жана алдыдагы аракеттерди диагноздойт; электрондук окуу куралдары, окуу куралдарынын апробациясы, жыл мугалими, мектеп олимпиадалары ж.б.у.с. иш-чараларды илимий кызматкерлер менен бирге уюштуруп-өткөрүшөт. Мекемеде жумуштардын бардыгы билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталгандыктан, мекемеге «Кыргыз Билим берүү академиясы» деген статус КР Өкмөтүнүн чечими менен берилген.

Академияга келип түшкөн мектеп үчүн даярдалган кол жазмаларды экспертизалоодо төмөнкү маселелерге көңүл бурулат кол жазманын статусу такталат (эмгектин аталышы мазмунуна туура келеби же жокпу, кол жазма мугалим үчүн методикалык колдонмобу же окуучу үчүн окуу колдонмосубу, кошумча окуу куралыбы же негизгиби ж.б.); кол жазманын структурасы каралат (аннотациясы, түшүндүрмө каты же кириш сөзү барбы, алар кол жазманын ички мазмунун чагылдырабы, кандай бөлүмдөрдөн турат ж.б.); колдонулуп жаткан ушундай эле басылмалардан айырмачылыгы, жаңылыгы, мазмундук жактан артыкчылыгы барбы, окуу материалдары окуу процессинин натыйжалуулугун арттырууга пайдасы тиеби, программалык окуу материалды камтышы, методикалык аппараты, көлөмү ж.б. боюнча берилген статуска карата коюлган талаптарга жооп береби, жокпу текшерилет. Мисалы, окуу китеби программалык материалдын 100%ын, окуу колдонмосу 70%га чейин камтуусу керек. Материалды баяндап берүүдө уланмалуулук, илимийлүүлүк, жеткиликтүүлүк ж.б. дидактикалык принциптер сакталууга тийиш).

Ал эми окуу китептерин экспертизалоо боюнча академияда өзүнчө баалоо критерийлери бекитилген (2012-ж). Ал 5 багыт боюнча 25 критерийден турат жана окуу китебин түзүү боюнча жоболорго шайкеш келет. Анда окуу китебинин илимийлүүлүгү, стилдик, грамматикалык жана техникалык мүнөздөгү каталары, сырткы көрүнүшү, даяр макетин көрсөтүү ж.б. баары эске алынган. Бирок, бул критерийлерге таянып, окуу китептеринин сапатын катуу көзөмөлдөгөнү үчүн Кыргыз билим берүү академиясы «монополист» атка конуп, китеп бизнесине аралашкан адамдар академияны жоюу сунушу менен кайрылышкан. Бир нече жолу Коопсуздук кеңеши ж.б. уюмдар тарабынан ур-токмокко алынган. Академия кайра түзүүлөргө (реорганизацияга) туш болгон.

Бирок, бул кайра түзүүлөрдөн же жоюлуудан коркуп, билим берүү академиясы каталарга көз жумуп койгон жери жок. Болгону, жогорудагы окуу китептерин баалоонун критерийлерин министрликке да, долбоорлорго да, басмаканаларга да берип (өздөрүнүн суранычы боюнча), окуу китептеринин сапатын тыкыр көзөмөлдөө жагын алар менен бөлүшкөн. Алар убакыт созулуп кетерин, долбоорлор жабылып, каржылоо токтоп, Кыргызстан окуу китепсиз калышы мүмкүндүгүн айтуу менен, окуу китебинин акыркы финалдык макетин же сигналдык экземплярын көзөмөлдөөнү академияга беришкен эмес. Андан тышкары, кол жазмалардын бир гана тилде жазылганын экспертизадан өткөрүп, калган которомолордун сапатына да академияны аралаштырбоону басмаканалар жана долбоорлор министрлик менен макулдашып алышкан.

Демек, «академия предметтин мазмунун аныктайт» - дегенди предмет боюнча ар бир китептин мазмунуна академиядагы жалгыз илимий кызматкер толук жооптуу деп түшүнүү жаңылыштык экени, окутуунун мазмуну предметтик стандарт жана программада аныкталары, академия жетекчилиги эмне үчүн кол койгону кашкайып эле көрүнүп турбайбы. Эгерде ар бир китептин сүрөтүнө, стилисттик, грамматикалык катасына чейин академия жооп берсе, анда автордон ашыгыраак эмгек акы алган корректорлору, редакторлору ж.б. бар басмакана эмне иш кылат? Тираждоочу майда типографиялардан айырмасы болбой калбайбы. Азыркы учурда кол жазманы компьютерге терип, сүрөттөрүн тартып берген да автор болуп жатат. Ага жаңы түр да берип коюшпай жатат.

Дагы бир күмөндүү жагдай – кээ бир окуу китептерге академия кызматкерлери жана Окумуштуулар кеңеши «жараксыз, программага, стандартка 90% дал келбейт, статуска жооп бербейт» деп чечим берсе да, аны «оңдодук» деп кайра-кайра (3-4 жыл бою болсо да) арыз жазып, министрликтен виза койдуруп алып келе беришет. Андай китептердин автордук тобунда китеп эмес макала жазып көрбөгөн, бирок долбоорлор менен мамилеси жакшылар, чет элдик окуу жайларда иштегендер, үй-бүлөсү менен автордук топ болуп алгандар ж.б. бар болуп чыгат. Аларды эмнегедир «Кактус» да сайбайт, башкалар да көрбөйт. Ал эми академияда азыр же мурда иштеген автордун жазган китеби болсо, баары «уйгакка» айланып жабышат. Же фамилиясын алып салып тынышат, же академияны китеп жазуу ишине аралаштырбоого аракеттенишет. Бул эмне деген мамиле? Адам укугу кайда? Чыныгы мекенчил ким, бизнесмен ким? Чындык издемиш болгон журналисттер деле акчанын кулуна айланышканбы? – деген суроолор айласыздан жаралат.

Бизде «улуттук ар-намыс», «улуттук баалуулук» деле акчага сатылып калды. Мисалы, ошол эле россиялык же башка жактык айтылуу, атактуу басмаканалар канчалык китеп бизнесин жүргүзүшпөсүн, улуттук, мамлекеттик ар-намысты, баалуулукту жогору коюшат. Мисалы, «Математика» боюнча академик А.Н.Колмогоровдун китеби автордун өлгөнүнө 30 жылдан ашса да, аты өчүрүлбөй 1960-жылдан бери басылып чыгат. Болгону, аны өнүктүрүп, жакшырткандардын гана фамилиясы өзүнчө тизмектелип, улам көбөйүп барат. М.И.Моро карып, 90дон ашып калса да, анын китеби улам жашарып, 50 жылдан бери чыгат. Физика окуу китептеринин негизги авторлору, п.и.к., профессор А.В.Перышкиндин өлгөнүнө 35 жыл болду, ага-инилер ‒ И.К Кикоин 35 жыл мурда өлгөн, А.К.Кикоин 19 жыл мурда өлгөн. Бирок, булардын окуу китептерин кийинки россиялык муун улам өнүктүрүү менен колдонуудан түшүрбөй, ал гана эмес, К.Осмоналиев белгилегендей, Германияга да чыгарып беришип, Кыргызстанда да колдонулуусун улантууда. Бизде болсо, эң биринчи окуу китептерин орусчадан которгон, андан кийин эгемендик алганда биринчилерден болуп улуттук китептерди жазып чыккан автор-профессорлорубузду сыйлап, китептерине жаңыча түс берген шакирттер жокко эсе, тескерисинче, алардын фамилиясын алып салуу, ордуна чет элдик китептерди которуп, жайылтуу адатка айланып барат.

Мына бул «Табият таануу» (автору п.и.д., профессор Э.Мамбетакунов ж.б.) жана «География» (п.и.к., доцент К.Жунушалиева ж.б.) окуу китептериндеги айрым каталыктарды маалымат каражаттарында журналисттерибиз кайра-кайра кайталап, сынчылырыбыз чоң катастрофага – «Дача-Суудагыдай» кырсыкка теңеп жатышпайбы. Чын-чынына келгенде, ал анчалык чоң катастрофа деле эмес эле. «Табият таанууда» Менделеевдин мезгилдик системасы деп 1869-жылы Менделеев өзү түзгөн биринчи таблицаны берип койсо деле болмок. Анткени, ал жерде «бөлүкчө», «зат», «молекула» менен кошо «элемент» деген түшүнүктү бериш максат болгон. Ал эми ар бир элементтин, анын ичинде жаңы ачылган элементтердин аталышы жана касиеттери кең-кесири 8-класста «Физика», «Химия» предметтеринде өтүлмөк. Ал эми география болсо жер жөнүндөгү илим. Планеталар жөнүндө 9- жана 11-класстарда «астрономиялык» курста толук окутулмак. Бул жерде автор Жердин планета экендигин, Жерден башка да планеталар бар экендигин маалымдоо максатында гана планеталар жөнүндө жазган. Мындай учурлар катастрофага алып келбеген соң, «Кут билим» газетасы аркылуу мугалимдерге көрсөтмө берип, же түзөтүү киргизип койсо деле болмок. Себеби, мурунку китептер бир аз эскирмейин, кайсынысы кайра басылганы айырмаланбай калышы да мүмкүн. Мындан пайда көргөндөр да чыгат.

Анан, дасыккан, методиканы жакшы билген авторду оюнан чыгарып эссе жазган журналист же оригиналдуу чыгарма жараткан төкмө акын, же бүт маалыматты камтыган интернет сыяктуу кабыл алуу жаңылыштык. Окуу китебинин автору айрым булактардан маалымат алат. Алган маалыматы эски болсо, мазактабастан, жөн гана айтып коюу жетет. Мисалы, 2018-жылдын башында ошол эле профессорубуз Каныбек Осмоналиевдин «Альфред Нобель жана физика: Нобель сыйлыгына ээ болгон физиктер жөнүндө баян» деген аталыштагы 2 томдон турган котормо китеби академиянын тийиштүү борборуна келип түшкөн. Биринчи эле титулдук барагын карасак, өзүнүн фамилиясын К.Осмоналиев автор катары бакыйтып коюп алган. Адатта которулуп даярдалган китептерге түзүүчү же которгон деп фамилия жазылат эмеспи. Нобель сыйлыгын алган физиктердин тизмеси 2000-жылкы нобелиаттар менен токтойт. 2017-жылы эле Нобель сыйлыгын алган эки физик айтылбай калса да акыркы маалыматты окуй элек тура демекпиз, акыркы 17 жылдагы нобелиат физиктер жөнүндө маалымат жоктугун эмне дейбиз. Котормолор сапатсыз, стилдик, орфографиялык каталары көп, алардын баарын жазып отурсак, бул макаланын көлөмүнөн да ашат (диктантка өзү да даярданса болчудай). Котормодо Диоген менен Македонскийдин диалогу, сөзмө-сөз которулгандыктан, Диоген эмне үчүн өзүн «итмин» дегени, Македонский эмне үчүн «Мен Македонский болбогондо, Диоеген болмокмун» дегени түшүнүксүз болуп калган. Ошондой эле К.Осмоналиевдин «Бул диалог азыркы замандагы бийликке жагынып, шыйпаңдаган кээ бир «окумуштуу сөрөйлөр» үчүн эң чоң сабак!» деген сүйлөмү кайсы окумуштууга багытталганы да белгисиз жана окуучу үчүн кызыксыз (өзү деле окумуштуу го).

Биз профессор, экс-министр К.Осмоналиевдин эки томдук материалды которуп даярдаган мээнетин, мындагы Нобель сыйлыгына ээ болгон физиктер жөнүндөгү маалыматтар физиканы окутууда пайдалуулугун сыйлап, убадаларына ишеним менен карап, каталарын «ажиотаж» кылбастан, пикир катары кагазга жазып, кызмат көрсөтүүнүн өкмөттүк бирдиктүү реестри боюнча рецензия акысын да төлөтпөй, мүчүлүштүктөрүн эске алуу менен, китебин кошумча окуу үчүн бекитип берген элек. Бул жерде кесиптешибиз башкалардын мүчүлүштүктөрүнө да түшүнүү менен караса болмок деген ойду айтмакчыбыз.

Ошондой эле журналисттер, жарандык активисттер да такталбаган маалыматтарды, ушактарды массага алып чыгуудан уялышса жакшы болмок. Мисалы, ушул эле талкууда журналисттин айткан 9-класстын математика китебинин мукабасындагы ката формулалар жасалма (фальсификация) экени бир нече жыл мурда эле такталып, аталган китептин эскисинде да, жаңысында да эч кандай формула жоктугу далилденген (1-сүрөт).

Ал эми Г.Адилованын «Родиноведение» («Мекен таануу») окуу китебиндеги карта боюнча окуучуга берилген суроону активист Гүлмира Үмүталиева кантип түшүнбөдү экен. Ал жерде областтардын административдик борборлору гана көрсөтүлүп турбайбы (3-сүрөт). Чүй областынын борбору болуп Бишкек эсептелерин, Токмок - Чүй районунун борбору экенин билбесе, мугалимден сураса болмок. Ошондой эле ак гүлдүн баары эле пахта эмес экенин, Таласта өскөн тамекинин же жөн гана гүлдүн кебетеси деле ошол сүрөттөгүдөй болушу мүмкүн экенин, пахтанын гүлү болсо 2-сүрөттөгүдөй болорун ушул макаладан көрүп алсын.

11-класс үчүн адабият сабагында кошумча окуу үчүн берилген «Манастаануу» окуу куралынын академиянын лабораторияларында да, Окумуштуулар кеңешинде да каралбагандыгы, ал манастаануучулардын бири-бирине көрсөткөн «ысык» мамилелеринин натыйжасында гана басылып чыгып кеткендиги далилденип, бул колдонмо расмий түрдө колдонуудан чыгарылгандыгын мектептерден сураса билет.

М.Үсөналиевдин «стандарттан сырткары ар бир мугалим кошумча пайдаланышы үчүн министрлик 120дан ашуун китепти бекитип берген» деп билдириши бизди өтө таң калтырды. Академия стандартка туура келбеген, адаптацияланбаган бир да китепти, (анын ичинде Г.Үмүталиев көрсөтүп жаткан «Азбуканы») бекиткен эмес жана бекитпейт. Мектеп мугалими Н.Жангазиев айткандай, мугалим билим берүүдө каалаган булакты колдонот: интернетти, түрдүү китептерди, газета, журналдарды, турмуштук мисалдарды ж.б. баарын өзүнүн чыгармачылыгына жараша стандарттын чегинде гана колдонот. Стандарттын чегинде деген сөз – стандартта белгиленген билимдерди берүү, жождун билимин берип, окуучуну кыйнабоо, же бала бакчанын билиминин чегинде калып калбоо деп түшүнүү керек.

Дарвиндин эволюциялык илимий теориясын болсо ага каршы чыккандардын теориясы илимде далилденгенче, б.а. топурактан же кабыргадан адам жасалганча эч ким жокко чыгара албайт.

Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе – талкуунун жүрүшүндө эки түрдүү ойдун башы чечилбей, ар тарапта калып кетти: ата-энелер, мектеп мугалимдери жана суроо бергендер тараптан айтылган биринчи ой – «Кыргызстандын өз окуу китеби болушу керек, суверенитетти алганыбызга 25 жылдан ашса да, башка мамлекеттин идеологиясына сугарылган окуу китептерди Кыргызстанда колдонуу уят» деген пикир. Муну биз эң туура деп эсептейбиз. Ал эми экинчи ой – Каныбек Осмоналиевдин «Окуу китептерин башка мамлекеттер менен бирге жазсак болот да, мисалы Ньютондун закону бардык мамлекетте бирдей, ал өзгөрүп кетмек беле» - дегени. Каныбек Осмоналиев Ньютондун законун, дегеле, физиканы бир гана автордун китебинен окуп, профессор болбосо керек эле. Ошондуктан, бул К.Осмоналиев агай өзү атагандай, башка мамлекеттен келген «китеп бизнесмендеринин» көксөгөн тилеги, заказы менен айтылган ой сыяктанат. Алардын бири болгон Россиянын «Дрофа» басмаканаларынын өкүлдөрү «Биздин китептерди адаптациялап, бекитип бергиле, которгула, анан биз чыгарып берели, кызматташалы», - деген сунуш менен тийиштүү мекемелерди да аралап жүргөнү жашыруун сыр эмес (биздин академияга да келишкен). Кыргыз китептеринен кынтык издегендердин же аларды каржылагандардын арасында андай «бизнесмендер» да болушу толук мүмкүн.

Мындай бизнесмендердин жемине айланбай, улуттук ар-намысыбызды сактап, бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, улуттук китептерди колдон келсе жазып, жаратууга, алардын сапатына ак дилден аракет кылсак деген ойдобуз. Окуу китептерди жазуу боюнча жобого ылайык уюшулган конкурска катышкан жана андан өткөн авторлордун саны да анча көп эмес. Ошондуктан, авторлорду да туш келди жемелеп, «кылмышкер» сыяктуу мамиле кылбай, тескерисинче, аларга колдоо көрсөтүү, жардам берүү, улуттук авторлордун көбөйүшүнө шарт түзүү, аларга калыс баа берүү туура багыт деп эсептейбиз.

Ошондой эле, мектеп билим берүүсүнүн мазмунун аныктоо, методикалык жактан камсыздоо, окуу-методикалык адабияттарды түзүүнүн жоболорун, экспертизалоонун критерийлерин иштеп чыгуу, апробациялоо ж.б. боюнча опол тоодой жүктү көтөрүп келе жаткан бирден бир мекеме – Кыргыз билим берүү академиясы болгону үчүн, ага түз жана адилет көз карашты кармансак.

Кыргыз билим берүү академиясынын
Билим берүүнүн теориясы жана технологиясы
борборунун директору, п.и.д., профессор Син Е.Е.

Табигый-математикалык берүү тармагынын
маселелери лабораториясынын башчысы, п.и.к. Рыспаева Б.С.

Табигый-математикалык берүү тармагынын
маселелери лабораториясынын ага илимий кызматкери Сөлпүбашева А.Ы.

Табигый-математикалык берүү тармагынын
маселелери лабораториясынын жетектөөчү
илимий кызматкери, п.и.к. Мурзаибраимова Б.Б.

Мамлекеттик тил жана көп тилде билим берүү
лабораториясынын жетектөөчү илимий
кызматкери, п.и.к, доцент Абдухамидова Б.А.

Технология, искусство жана дене маданияты
тармагынын маселелери лабораториясынын
илимий кызматкери Мурзалиева З.К.

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

17-12-2018
Сначала был учебник. А потом...
5457

14-10-2015
О последних реформах Высшей аттестационной комиссии Кыргызской Республики
10019

09-07-2015
О необходимости создания новой парадигмы педагогического образования
5393

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×