Добавить свою статью
23 Декабря 2019
Тоолор кулаганда. Болот Шамшиев жөнүндө эс-тутум эссе
…Акыркы сөз... улуу сөздүн баш сөзү...

Болот Шамшиев... дагы бир тообуз, дагы бир чокубуз, дагы бир тообуз кулагандай болду.

Эсеңгиреп аалам калды. Ач эчкирип аалам калды улуу боштук мейкиндигинде. Улуу көчкүдөй улуу таланттын өмүрү жүрүп берди. Ар бир адам жашоонуну сыр түйүнүн билгиси келет, ал сыр түйүндүн жандырмагы искусстводо. Болот Шамшиев ошол түйүндүн сырын ачууга, ошол сырдын түбүнө жетүүгө, ошол сырдын маңызын билүүгө өмүрүн сайды, ал анын өмүр чындыгына айланды. Ал чындыкта өзү жашады, ал чындыкты биздин жүрөгүбүзгө шам-чырактай жандырып
кетти...

Ким болбосун, жашоого сүрөткер катары мамиле жасаса, демек, анын бүткүл акылы, баам-парасаты, ой-туюму жүрөгүндө жашайт. Болот Шамшиев да ошо көөнө улуулукту, көөнө бийктикти, көөнө рухту алакан отундай жүрөгүндө кармап келди. Ал ар бирибиздин жан дүйнөбүзгө өзүнүн көкүрөк жарыгын жандырып, улуу сапарга аттанды.

Жашоо бүткөн жерден кайра жаралуу үчүн бу актыкты түбөлүккө таштап, түбөлүккө рух жашоосу менен кайра тирилип келүүгө улуу сапарага аттанды...

Бу чыныгы сүрөткердин тагдыры... Өткөн менен болочок, азыркы менен болумуш Жараткандын бир көз ирмемине татыбайт, ошо көз ирмемде улуулукка айланып калуу улуулуктун өзү эмеспи. Болот Шамшиев ушул көкүрөк мыйзамы менен, жан дүйнөнүн түшүнүп-түшүнбөгөн, ачылып-ачылбаган сакалдуу мыйзамы менен жашап өттү...

Ал дүйнөнү кадр менен көрдү. Дүйнөнүн ар көргөн ыпым фиксилиндей, анын кадрлары ирмемдин эпопеясын жаратты. Болот Шамшиев – бу "культовый" ысым, кыргыз аң-сезимин, кыргыз дүйнө таанымын, кыргыз дүйнөсүн ааламдык түшүнүктүн кыл чокусуна көтөргөн, кыргыздын улуулугун, бийиктигин өнөр менен бүт дүйнөгө жар салган адам. Аны кинолору Шамшиевдин гана эмес, кыргыздын бийиктиги, элдин бир уулу, улуттун бүтүндөй улуулугун дүйнөгө жайылтты.

Ал өз элинин алдында ушул бийик миссияны татыктуу парз катары өтөп кетти...

Биз, баарыбыз Жаратканга ишенебиз, ишеним анын ысымы менен башталат. Жаратканыбыз ар бир адамга өзүнө таандык дүйнөнү жараткан, ошол ыйык дүйнөдө ар бирибиз өз дүйнөбүздө жашаганга аракет кылабыз. Ал – биздин ички дүйнөбүз, ал биздин көкүрөк жашообуз. Рухий бунтарлар гана өз өнөрүнүн күчү менен башкалардын көкүрөгүнө жарык чачууга гана кудуреттүү. Ал кудурет Болот Шамшиевде бар эле. “Караш-караш”, “Ак кеме”, “Эрте келген турналар”, “Бөрү зындан” фильмдери Шамшиевдин ааламга батпаган жүрөгүнүн, жүрөк чындыгынын апофеози, адам залкарынын, улуу сүрөткердин апофези эле.

Бул чындыкта өзү жашады, бизди да үйрөтүүгө аракет кылды. “Адамдагы адамдыкты сактап калуу” Айтматовдун ыймандык постулаты Шамшиевдин картиналарында даана чагылып келди. Анткени Айтматовдун орду адабиятта кандай болсо, Шамшиевдин орду кинодо ошондой эле. Бул эки залкардын руханий киндигинин тамырлаштыгы...

Ар бир инсан, сүрөткер өз элинин, улутунун жалпы түшүнүгүн дүйнөлүк бийик деңгээлдеги эстетикалык берметке айланта алса, ал өзүнүн талант күчү менен дүйнөлүк цивилизациянын казынасын байытат.

Бир личность – жалпы улуттук даңазаны жаратат.

Болот Шамшиевдин кинолору дүйнөлүк фильмияда, эпопеясында татыктуу орунду ээлеп калды. Айтматов адабиятты, Шамшиев-Океев кинону, Молдобасанов музыканы, Айтиев сүрөттү, Бейшеналиева балетти, Миңжилкиев вокалды дүйнөлүк бийик сереге көтөрдү. Булар – кыргыз маданий цивилизациясын бир кылым алдыга арым салдырган улутубуздун чыныгы даанышмандары, кыргыз асманынын өчпөс түбөлүктүү топ жылдыздары... Алар өз элинин туусун дүйнөгө жайылткан ички ыймандык мыйзамдын эрежеси менен жашады, таланты менен элин дүйнөгө таанытты...

Болот Шамшиев өмүрүндө бир гана душман менен күрөшүп келди – ал көкүрөк кедейлиги, “духтун кедеизими” менен күрөштү. Бул Болот агабыздын кезегинде ачуу чындык катары айткан жан чындыгы. Аны көп уктук. Кезегинде маани берген эмеспиз. Жашообуздагы, коомубуздагы баш оору да ошол, көкүрөктүн кедейлигинен чыгып жаткан чыгар, асыресе кедейликти жоюу материалдык маңызды камтыбайт, ал эң оболу көкүрөк кедейлигин жоюдан башталат. Көкүрөк кедейлиги маарыган байлардын ооруусуна, саясий истеблшменттин оорусуна айланып бараткандыгы бизди коопсуздандырат.

Болот Шамшиев сүрөткер катары ушул социалдык оору менен каршы күрөштү. Ал күрөш анын турмуш маңызында жашап келди, өзү да ошол чындык менен алпурушту...

Бул күрөш Шамшиевдин жашоо кредосуна айланды. Дагы бир штрих. Болот Шамшиевдин чыгармачылыгы, көз карашы, жарандык позициясы, дүйнө таанымы адамдын интеллектуалдык, атуулдук эркиндигине арналган. Ал жашоодогу өзү тутунган формуланы, өз абийиринин бийлиги менен жашоону, бир гана ички абийрдин бийлигине баш ийе билүүнү тутунуп келди. Шамшиевдин бул касиетин, сапатын баалаганадар да, урматтагандар да болду, ага каршы чыккандар да болду. Жашоо өзү ушундай кош канат түшүнүк...

Тоо... бул кыргыз бийиктигинин символу. Тоолор куласа, тоонун орду толбойт. Улуттун тоодой адамдары куласа, алардын ордун эч ким толтура албайт. Бирок алар өз руханий жашоосу менен биздин көкүрөгүбүзгө түбөлүк жарык чачып, ошол тоолорго карай жол баштап берет.

Тоону карай кеткен багыт эч качан жолдон адашпайт...

Болот Шамшиев – бул ысым бүгүн түбөлүктүүлүктүн ысымына айланды...

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

20-06-2023
Академик. Штрихи к портрету Абдыганы Эркебаева
5565

10-02-2023
Таке (штрихи к портрету Табылды Эгембердиева)
7582

06-12-2022
Закон вечности… (штрихи к портрету Мелиса Эшимканова)
6158

25-03-2022
Штрихи к творчеству поэта Атантая Акбарова
7346

17-12-2021
Төлөмүш Океев: «Чындык – адамдын ички абийри...»
8996

10-12-2021
Эссе о Чингизе Айтматове
13679

06-05-2021
Худой мир лучше доброй ссоры
12671

24-01-2021
Предисловие к книге Гульнар Эмиль «Чердак»
12373

16-01-2021
Умерло… слово… Слово – живо!
28318

24-08-2020
Доке
36889

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×