Добавить свою статью
24 Апреля 2020
Акын Элмирбек Иманалиевдин жаркын элесине арналат

Акындардын алпы, ырчы, обончу, композитор, руханий дүйнөнү өзгөчө аздектеген чыгармачыл адам, чындыкты айтуудан тайманбаган, жалтанбаган эр жүрөк акын Элмирбек Иманалиевдин жаркын элесине арналат.

Элмирбекке

Жашоодо майтарылгыс акын элең,

Ак сүйлөп, чындыкка сен жакын элең.

Арабыздан капыстан учуп кеттиң,

Бул жашоонун жалгандыгы ушул беле?..

Ак таңдай акын элең таңшып турган,

Ырларыңды жамы журт тыңшап уккан.

Ажалга арга барбы, айла барбы,

Кош эми, арабыздан эрте кеттиң.

Элмирбек элиң сүйгөн акын элең,

Чындыктан эч тайбаган, жалтанбаган.

Оо, ажал улук белең баарысынан,

Байкатпай арабыздан сууруп кеткен.

Элмирбек булбул болуп ырдаганда,

Ээричүүбүз ырларынын ыргагына,  

Добуш чыгат, тымызын күйүт коштой,  

Ал ырдаган ырлардын ыргагында.     

Эсте калды кереметтүү ырларың,  

Ачуу чындык, сүйүүлөрдү ырдадың.  

Кош бол эми, кыргызымдын шумкары,  

Жүрөктөрү сыздап турат жаш-кары.     

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты, профессор Элмира Жумалиева

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

13-02-2021
Улан Эгизбаевдин жаркын элесине арналат! ЭСКЕРҮҮ
2297

18-01-2019
Государственные должностные лица могут быть подвергнуты критике в СМИ
4329

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×