Добавить свою статью
13 Июля 2020
Шайлоо куну жылса – легитимдуулук сакталат!

Беделдуу эксперттер, ошондой эле, эл өкулдөру жана мамлекеттин кызматкерлери – Конституциялык мыйзамдын алкагындагы маселелерди талкулоодо, баш мыйзамга таянып жыйынтык чыгарганды уйрөнсөк.

Учурда коомчулукта пандемияга байланыштуу шайлоо маселелеси курч талкууга алынып жатат. Эксперттер, саясат таанучулар, эл өкулдөру ар кандай ойлорун баш мыйзамга шилтемеси жок эле айтып жатышат. Мисалга алып карап көрсөк, Шерадил Бактыгулов sputnik.kg сайтында төмөндөгудөй белгилеп кетти - «Баарыбыз бийликти мыйзам чегинде иштешин талап кылып келебиз. Бирок учурда шайлоону жылдыруу керек деп, бийликти мыйзам бузууга түртүп жатабыз. Бул жерде эң негизги маселе легитимдүүлүк».(https://sputnik.kg/Radio/20200711/1048979795/ehpidemiya-uchurunda-shajloo-otkoruu.html)

Эксперттин айтканы мыйзамга дал келбейт. Эгерде мыйзамга таянып шилтеме кылып карап чыксак Конституциянын 71 – беренесинин, 3-пунктунда так белгиленген «Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып мурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары токтотулат» - деп каралган.

Урматтуу окурман, бугунку кырдаалга байланыштуу шайлоо кунун жылдыруу маселесин мыйзамдарда каралган беренелер аркылуу карап көрөлук:

1. Президент Конституциябыздын 64 - беренесинин 1 - пунктуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгу Конституциялык Мыйзамынын 59- беренесине таянып,

2020-жылдын 3-июлундагы №139 Жарлыгы менен Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо кунун 2020 жылдын 4 – октябры деп дайындалды;

2. Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгу Конституциялык Мыйзамынын 7- беренесинин, 3–пунктунда белгиленген “Кыргыз Республикасынын бардык аймагында өзгөчө же аскердик абал киргизилген учурда шайлоо өткөрүлбөйт”;

3. Мамлекетибиздин бардык аймагында өзгөчө абалды киргизуугө Жогорку Кенештин гана укугу бар. Кыргыз Республикасынын Конситуциясынын 74- беренеси, 5-бөлугу, 1 пункту «Жогорку Кенеш конституциялык мыйзамда каралган учурларда жана тартипте өзгөчө абалды киргизет; бул маселе боюнча Президенттин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат”.

Баш мыйзамга таянып талдасак, Кыргыз Республикасынын Президенти менен Коопсуздук кеңеш бугунку кырдаалга таянып Жогорку Кенешке сунуш бергенге укугу бар. Жогорку Кенеш сунушту кабыл алып өлкөбуздун баардык аймагына өзгөчө абалды киргизип, шайлоо кунун белгисиз убакытка жылдырса болот. Мындай учурда 6-чакырылыш ишмердуулугун, кийинки 7-чакырылыш шайланып келип, биринчи жыйналышын өткөзгөнгө чейин улантат, легитимдулуук сакталат! Бирок Кыргызстандыктарга өзгөчө кырдаалды киргизип, шайлоо кунун артка жылдыруу канчалык денгээлде керектуу? – деген маселе өзунчө бир чон талкууну жаратат...

Юрист, политолог Наргиза Абдылдаева.

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

10-07-2020
Covid-19 и выборы 2020
2587

10-06-2020
Реализация конституционных прав граждан в режиме онлайн
2604

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×