Добавить свою статью
25 Августа 2020
Шайлоонун шайтан оюндарына азгырылбайлы

Шайлоо компаниясы мыйзамдуу түрдө башталганы турат. Ушуга байланыштуу былык-чылыктарды чукушмай, шыбашуулар, каралоолор эмитен эле башталды. Мындан ары да күчөйт.

Бирок, чектен ашыкча чыкпоо керектигин өтүнөм. Себеби, эртең эле чогуу иштешебиз, жашайбыз, жүз көрүшөбүз, кыскасы көңүлүбүздү калтырбайлы. Байкоочулар, серепчилер бул шайлоодо депутат болуп коррупционерлер, карьеристер, криминалдар, элге жаман көрүнүп калган адамдар келет дешип уу-дуу болуп жатышат. Ашыкча бушайман болунун зарылчылыгы жок деп эсептеймин...

ЖМКдагы жана фейсбуктагы материалдарды терең карап талдасак депутатка талапкерлердин катарында прогрессивдүү, креативдүү оюн тайманбай айтып жүрүшкөн жаштар да бир топ экени көрүнүп турат. Ар бир партиялар сыяктуу эле бийликтин партиясы дагы аракетин жасайт, акча да эң негизги ролду ойношу мүмкүн. Бирок, шайлоонун жыйынтыгы элден, дагы кайталап айтам элдин өзүнүн гана колунда. Шайлоонун тынч калыстык менен өтүшү партиянын жетекчилерине (лидерлерине), айрыкча бийлике байланыштуу.

Мындан туура беш жыл мурда шайлоого байланыштуу карылык, калыстык сөзүмдү калкка жар салгам экем. Ошол материалды эч өзгөртпөй кайталап берүүнү туура көрдүм.

УЛУУ ЭЛ ЭКЕНИБИЗДИ УНУТУУГА АКЫБЫЗ ЖОК

Урматтуу шайлоочулар жана шайлануучулар! Мен көбүңөргө ата катары, дагы бириңерге ага катары, анан дагы Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын төрагасы катары Сиздерге кайрылып, шайлоону таза өткөзүп, адамдыгыбыздан тайбайлы. деген насаатымды айтууну милдетим деп сездим.

Баамыма караганда, бул жолку шайлоо өтө күчтүү мүнөздө өткөнү турат. Ошондон улам кандайдыр бир туура эмес иштер турсун, чатак окуялар болуп кетпесе экен деп санаам санга бөлүнөт, жаман абалды жаратпагыла дегенди айткандан тажабайм. Бир катар жерлерде, чогулуштарда, жеке кездешүүлөрдө, мейманда, дегеле кайсы жерде болбосун шайлоо тынч өтсө экен, тынч өткөзгүлө деп айтып келем, бул ар бир аксакал адамдын милдети болуш керек.

Кийинки муундун кээ бирөкүлдөрү анча элес албай келет, ал эми биздин муун кыргыз эли кандай жаралган эл экендигин билебиз, биздей ыймандуу, адамгерчиликтүү, ак көңүл, айкөл эл бу жарыкчылыкта жоктур. Кийинки муун анча элес албайт дегенди балким ашыра айттым, анткен менен кийинки муундун көп өкүлдөрү билимдүү, адамгерчиликтүү болуп өсүп жатат. Кемчиликтер кезиге калганы менен акыр-аягы кыргыз элинин каны жеңип турат эмеспи деген үмүтүм дайыма жашап турат.

Мына, шайлоо кампаниясы башталганына бүгүн бешинчи күн болот. Анын мыйзам менен бекитилген жол-жобосу бар, мына ошону бузбашыбыз керек. Шайлоо учурунда талапкерлердин, партиялардын укутары тең, "сен жаман, сен жакшы" деген жолду тандабашыбыз керек, региондорго бөлүү дагы кедерги. Татыктууларды тандайлы. Мурунку шайлоолордо кезиге калчу ушактоо, жамандоо, жалаа жабуу, уруш-мушташ жана башка терс кылыктардын кенедей да кереги жок. Эмне үчүн ошентип тартип бузушубуз керек? Баары мыйзамда жазылып турат. Ошонун негизинде аракетиңди кыл да, добушуңду каалаган партияңа бер. Шайлоочуларга кайрылып, академик агабыз Эл Баатыры Мамбет Мамакеев агабыз айтмакчы, ар кимибиз кыраан кыргыздын жолу менен басканды унупайлы! Биздин мамлекет көп улуттуу. Биз титулдук улут катарында башка улуттарга ар тараптуу үлгү болушубуз керек. Ыйманыбызды, адамдыгыбызды, тазалыгыбызды көрсөтүшүбүз керек. Ошондо башка улуттар бизди сыйлап турат. Биз болсо, аларды сыйлагандан жазбашыбыз керек. Учурда, кудая тобо дейли, улуттар арлык чыр-чатактар жок, мындан ары дагы болбошу керек. Бири-бирибизди сыйлап жашагандан башка жолубуз да жок.

Эгерде парламентке билимдүү, адамгерчиликтүү, элинин камын ойлогон азаматтар келсе, мамлекетибиздин мындан ары өнүгүшүнө мыкты таасирин тийгизет. Эл күткөн парламент келет деп мен дагы ишенем.

Эмесе, урматтуу шайлоочулар, шайлануучулар, таза шайлоо өткөзүү ар бирибиздин таза милдетибиз болсун. Кылымдар бою айтылып келаткандай "Бир жакадан баш, бир жеңден кол" чыгаралы, алды Улуу эл экенибизди таптакыр эсибизден чыгарбайлы. Кудай баарыбызга агынан берсин! Элибизде тынччылык болсун!

Бектемир Мурзубраимов, Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын төрагасы, академик

«Фабула». №12. 8-сентябрь, 2015-ж. б.2.

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

18-11-2022
О научной, научно-организационной и общественной деятельности ученого Какина Сулайманкулова
4855

29-05-2020
Пандемия суроосу: Бирөө баары үчүн, баары бирөө үчүн
6138

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×