Добавить свою статью
8 Февраля 2021
Кожонт кыргыздары жана Жийдели айылы
Кожонт аймагын Фергана өрөөнүнүн күн батыштагы «дарбазасы» деп койсо да болот. Улуу жибек жолу өткөн Сырдарыянын ортоңку агымынан орун алган, тогуз жолдун тоомунда жайгашкан мурдагы Кожонт чөлкөмү көптөгөн тарыхый жана саясий окуялар өткөн жер. Байыркы мезгилден эле басып кирген баскынчылар бул чөлкөм аркылуу өтүшкөн. Кир, Александр Македонский, Чыңгызхан, Темирлан ж.б. белгилүү инсандар катарында кыргыздын баатыры Манас да Бухарга жортуулга чыкканда бул аймак аркылуу өткөн. Ал гана эмес, Манастын өзүнүн жана кырк чоросунун сөөгү Баткендин Каратоосунда көмүлгөн дешет. Эл арасында кыпчактар Манастын мүрзөсүн коргоо жана сактоо максатында бул аймакта калып калышкан деген да версия айтылып жүрөт.

Кожонт аймагы учурда Тажик Республикасынын Согди облусу деп аталат. Согди облусунун калкынын басымдуу бөлүгүн тажиктер түзүшөт. Тажикстандык тарыхчы, окумуштуу Турсунов Бустон Рахманович өзүнүн изилдөөлөрүндө азыркы тажик элин: вилояти(областтыктар же өрөөндүн эли) жана кухистони(тоолуктар) деп, экиге бөлөт. Өрөөндө жашагандарды же «вилояти» деген топко кирген тажиктерди мурда «сарт» ал эми «кухистони» же тоолуктарды «галча» деп да аташкан деп жазат. Зеравшан дарыясынын башатында жайгашкан Матча, Фальгар, Ягноб, Кштут, Магиан сыяктуу тоолуу массивдердин калкын жалпы жонунан галча(калча) деп аташкан. Галча болсо ар бир элдин жашаган аймагына карата дагы бөлүнгөн. Мисалы: Маччаи – тоолуу Матчаны жердеген эл, ягноби-Ягнобду жердеген эл. Ал эми, Зеравшан, Түркистан, Алай жана Курама тоо кыркаларынын этегиндеги өрөөндөрдү мекендеген тажиктерди «сарт» деп, же Исфаралык, Канибадамдык, Ашттык, Ходженттик жана Өрө-Төбөлүк деп, жашаган шаар, кыштактардын аталышына карап да аташкан.

Бул аймактагы саясий окуяларга кыргыздар активдүү аралашып, аймактын ички жана тышкы саясатына кийлигишүүсү күчтүү болуп, башкаруучу ханды же акимди алмаштырууга чейин жетишишкен. Ал гана эмес Кожонт аймагын кыргыз улутунун өкүлдөрү бийлеп, башкарган учурлары тарыхтан көп эле учурайт. Мисалы: Темир-Малик, Акмат-Могол, Салимбек, Акбото-бий, Баабек (Бабабек) ж.б. Кожонт шаарынын борборунда «махаллаи мирзоен» - «мырзалар кварталы» деген ат менен кыргыздардын махалласи болгондугун тажик тарыхчылары «Кожонт тарыхы» деген китепте белгилешет. Бул шаардын так ортосунда жайгашкан махалла балким, Кожонтту башкарган кыргыздын мырзаларынын үй-бүлө мүчөлөрү жана тууган-уруктары турган квар¬тал болушу да ыктымал.

Кыргыз тарыхында кыргыздар үчүн Кожонт аймагынын ээлеген орду жана ролу туурасында Сайпидин Ахсикентинин «Маджуму-атут-таварих» эмгегинде кеңири маалымат берилген. Күчтүү душмандан негизги күчтөрү тапкаланган жана чачыранды кыргыздар Кожонт тоолоруна келип, бир топ жылга душмандан жашырынып, бул аймакты мекендеп калышат. Кожонт тоолору кыргыз¬дар үчүн чачылгандарын жыйнаганга жана өздөрүнүн көбөйүп-өсүшүнө ыңгайлуу мекен жайга айланат.

Бул аймакты кыргыздын байыркы урууларына кирген канды, кыпчак, нойгут, кесек (байкесек жана бөксө-сибирги), тейит, найман, аваат, чапкылдыктар байыртан эле байырлап келгендиги белгилүү. Падышалык Россиянын карамагында турган мезгилде кыргыздардын уруу-уруктук түзүлүштөрүн эске алып, ошол түзүмдүн негизинде административдик бирдиктерди – волостторду түзүшкөн. Волосттор же кыргызча болуштуктар негизинен уруу-уруктардын аталыштары менен аталган. Мисалга алсак, Жоокесек-Бостон, Найман, Нойгут-Кыпчак, Авахат, Байкекек, Бөксө-Сибирги, Чапкулук ж.б.

Кожонт аймагы бир эле Лейлек-Баткендиктердин мекени эмес, кыргыздын башка уруу-уруктарынын да тарыхый мекени болгонун карт тарыхыбыз күбөлөйт. Мисалга: саяк, моңолдор же моголдор, саруу ж.б кыргыз уруулары бир кезде Кожонт тарапта жашап, азыркы турган аймактарга ушул жактан барышкан дешет. Кожонттук моголдор аваат уруусунун курамында авааттын бир уругу ката¬ры кездешет. Алар өздөрүн Индияда Захрид-дин Бабур түптөгөн «Улуу Моголдор империясынын» өзөгүн түзгөн уруунун өкүлдөрү катары санашат. Ошондой эле моголдор Кожонттун күн батыш тарабынан орун алган Могол тоосун болсо, ата-журт катары кабыл алышат.

Кожонттук кыргыздардын аксакалдарынын айтымында Кожонт аймагы бир кезде кыргыздар үчүн мекен жай болуп, жалпы кыргыздардын ордосу Кожонт шаарында болгон. Шаардын аталышы да тажикче эмес, «кожокент» же «кожолордун шаары» - деп, кыргыз тилинде.

Тажикстандын аймагында калып кеткен нукура кыргыз мазар-көрүстөндөрү Ко¬жонт, Исфара, Ноо жана Өрө-Төбө шаарларынын айлана-тегерегинде бир топ эле учурайт. Кожонт шаарынын күн чыгыш тарабында, Сыр¬дарыянын сол жээгинен орун алган Катаган де¬ген чоң айыл бар. Бир кезде бул айылдын тургундары 100% кыргыз болгон. Мүмкүн, «Катаган саяк» аталган Ысык-Көлдө жашап жатышкан саяктар же «Катагандын Кан Кошою» менен бул айылдын аталышы ортосунда кандайдыр байланыш бардыр. Кожонт шаарынын күн ба¬тыш тарабында, Сырдарыянын сол жээгинде, Могол тоосунун түштүк тарабынан орун алган жергиликтүү эл сыйынып, зыярат кылган чоң мазар бар, бул мазардын аты «Байыш булак». Мүмкүн, санжыра боюнча Алаша менен Улуушадан кийинки саяктардын атасы (патриархы) Байыштын булагы болуп жүрбөсүн. Кожонт шаарынын күн чыгыш тарабында «Мозори чил духторон» (кырк кыз мазары) деген мазар бар. Уламыш боюнча эркек аттуунун баары согушка кеткенин билип, капыстан басып кирген жоодон жалтанбастан, кынсыз кылыч байланган кыздар шаарды коргошот. Теңсиз айыгышкан согушта курман болуп, шейит кеткен кырк кыздын сөөгү дал ушул мазарда көмүлгөн. Күчтүү душманга арстандай айбат көрсөткөн эр жүрөк кыздардын эрдигин эл бүгүнкү күнгө чейин унутпай келет. Кырк кыз жөнүндө уламыш, дастан кыргыз жана каракалпак элдеринде айтылгандыктан, бул мазар кыргыздын эле кырк кызынын мазары болсо керек деген ой туулат. Уламыштын экинчи варианты боюнча «жоого олжо болгондон көрө өлгөнүбуз артык» деп, кырк кыз уу ичип өлөт.

Тажикстандын Ноо (Нау) шаарынын борборунда кыргыздын кесек уруусунун Тагайберди тобунун өкүлдөрү илгертен эле жашап келишкен. Тагайбердинин бийлери Ноо аймагын кылымдар бою бийлеп турган деп айтышат. Алардын да көрүстөнү Ноо шаарында бүгүнкү күнгө чейин жок боло элек.

Өрө-Төбө шаарына жакын жайгашкан мурда Бөксөсибирги болуштугуна караган Бөрүгөн, Мукур жана Тегене айылдарынын тургундары да 100% кыргыздар, кесек уруусунун бөксө, калдар уруктарынын өкүлдөрү. Алардын да өздөрүнө тиешелүү эскиден калган көрүстөнү жана мазарлары бар. Бүгүнү күндө бул айылдардын жаштары Чүй бооруна көчүп келип жайгашып жатышат.

Ошондой эле, Курама тоонун этегинде жайгашкан Жылгынды айылынын тургундары да жалаң кыргыздардан турат. Бул айылда Аваат уруусунун токмок уругунун өкүлдөрү жашашат.

Ал эми Кожо-Бакырган Сайдын жээгинде, автожолдун боюнда Кыргызстанга караштуу Кулунду Бешкент айыл округдары менен чектеш турган Тажикстандын Ходжент районуна караштуу Оочу-Калача айылынын күн батыш тарабынан чегара тилкесинде орун алган «Калтатай мазар» аттуу кыргыздын чапкылдык уруусуна тиешелүү эски көрүстөн бар. Лейлектин Самат айылынын Мурзапатча участкасынын этегинде Тажикстанга караштуу Коргончо деген айыл бар. Бир кезде бул айылда кыргыз, өзбек аралаш жашашкан. Учурда жалгыз бир үй-бүлө кыргыз калган. Тажик- Кыргыз чегара тилкесинде, Сайдын жээгинде эски мазар бар. Бул мазарды Кабылан-Ата мазары деп коюшат. Мурда Коргончо айылынын бир бөлүгү Чапкылдык болуштугуна карап тургандыктан, бул жерде Чапкылдык уруусунун жапар тобунун өкүлдөрү жашап турган экен. Ошол жапар тобунан чыккан Кабылан баатырдын сөөгү коюлган себептен, бул көрүстөн «Кабылан Мазар» аталып калган.

Кожонт аймагын жердеген уруу-уруктардын, жер-суулардын, деги эле бул ай-мактын тарыхын иликтеп, изилдегенде гана 13-18-кылымдар аралыгындагы кыргыз тарыхынын актай калган барактары толукталып, көптөгөн суроолорго жооп табылат.

Тарыхка көз чаптырсак азыркы Тажик Республикасына караштуу Согди (Ко-жонт, Ленинабад) облусунун аймагынын өсүп-өнүгүшүнө ошол жерде жашаган кыргыздар тажик улутунан кем эмес салым кошкон. Себеби алар Кожонт аймагын өз мекени катары билишкен.

Кожонт кыргыздарынан чыккан тарыхый инсандардын катарына Илияс-Кесек Сохтун акими, Темир Малик Кожонттун акими, Чыңгызхандын аскерлеринин чабуулунан Кожонт шаарын коргогон, Салимбек Кожонттун акими, Акбото-бий Кожонттун акими, Баабек Кожонттун беги-акими, Түлкү-бий Исфаранын акими, Шоорук-бий Кокон хандыгынын тушунда Ордо башы болгон (мүмкүн өзбек,тажик тарыхчылары Шоорук-бийди Шахрух-бий деп атап, бара-бара өзбөктүн минг уруусуна кошуп койгондур), Калдыгач-бий Ко¬кон хандыгынын тушунда Ордодо мансап ээлеп турган, Мавлян Лашкар-башы, Жаныбек-Олуя, Бердикул миңбашы, Сатыбалды миңбашы, Сейитбек датка, Султан болуш, Жолдош паңсат ж.б. кирет. Ал эми, совет доорунда Тажик Республикасынын бийлигинин жогорку эшелонунда Дастан Салихов, Ахмат Жолдиев ж.б. инсандар жооптуу кызматтарда иштешкен.

Кожонт кыргыздары Лейлек жана Баткен районунун калкы менен түпкү теги бир. Мурда жалпысынан баарын «кожонттук кыргыздар» деп аташкан. Ошондуктан, той-аш өткөрүүдөгү, жамандык-жакшылыктагы каада-салттары да окшош. Бүгүнкү күнгө чейин карым-катышы да тыгыз.

Тажик Республикасынын Согди (мурдагы Ленинабад) облусунун аймагында Шурап (Шор-Суу) шаарчасы, Матпари, Кыргыз-кыштак, Мазар-Тал, Жигдалик (Жийдели), Сада, Селкен, Чуулдак, Маданият, Катма, Дигмай (Демай), Андарсай, Бөрүгөн, Мукур, Жылгынды ж.б көптөгөн кыргыз айыл-кыштактары бар. Катаган, Маданият, Гулякандаз, Табошар, Комсомол өңдүү кыргыздар өзбек, тажик улу-тунун өкүлдөрү менен бирге жашаган калктуу пункттар кездешет. Кожонт же Ходжент шаарын курчап турган айыл-кыштак, жер-суу аттарына көңүл бурсак да бул аймакта байыртан бери эле өзбек, кыргыздар жашап келгендиги белгилүү болот. Мисалы: Акташ, Катаган, Шор-Көл, Самгар, Кан-Сай, Кайрак-Кум, Көк тоңду, Корук, Беш-Капа, Демай, Багыш-Булак, Пайыз-Булак, Казнак, Кулан-Баш, Катма, Куркат, Саид-Коргон, Орто-Коргон, Парван-Коргон, Коштегирмен, Тагаек, Жылдызкак, Андарсай, Маданият, Жылгынды, Жантак, Бостон, Катар-Булак, Текели, Тоо-Ашар(Табошар), Адрасман, Шайдан, Могол-тоо, Пес-Тоо, Курама-тоо, Кара-тоо, Үркөк, Балык мазар, Ак-Дөбө, Коргончо, Куруксай, Жийдели, Каракчикум, Мазар-Тал, Көчкөк, Какыр, Найман, Ташкоргон, Камышкоргон, Долоно, Карамазар, Булак, Баш-тал, Ормон-тал, Кырк кудук, Жигда, Аккудук, Оочу-Калача (уучулардын чеби - охотничий домик), Сада,Чуулдак, Донуз-Көпурө, Селкен, Кытай, Кытай-Реза, Оро-Төбө, Мукур, Бөругөн, Кыр-Тегене, Сай-Тегене, ж.б.

Ошол айылдардын бири Канибадам районуна караштуу Жийдели айылы. Бул айылдын тургундары 100% кыргыздар. Кыргыздын чапкылдык уруусунун өкүлдөрү.

Айыл Сырдарыянын сол жээгинен өткөн Улуу жибек жолунан орун алып, тогуз жолдун томунда турат. Кожонт шаарына 40, Кокон шаарына 90 чакырым аралыкта жайгашкан. Лейлек районуна караштуу Арка айылына 10 чакырым. Мурда суу сактагыч курула электе Жийдели: Калтатай, Тайлакы жана Асанали айылы болуп үч бөлүктөн турган. Бүгүнкү күндө да айылда чапкылдык уруусунун Калтатай, Тайлакы, Асанали, Салимбек, Имамшайык, Бакыбек урук-топторунун өкүлдөрү жашап жатышат. Сырдарыяны тосуп, Совет бийлиги тарабынан 1950-60-ж.ж. аралыгында Кайраккум суу сактагычы курулганда, эски Жийдели айылы суу астында калып, эл азыркы турган жерине көчүрүлөт. Айылдын күн батышынан орун алган кыргыздардын байыркы «Шум-Коргон» көрүстөнү да суу астында калган. Падышалык Орусиянын карамагында турган мезгилде Жийдели айылы административдик жактан Кожонт уездинин Чапкылдык болуштугуна карап турган. Совет доорундагы коллективдештирүү мезгилинде да өзүнчө кол¬хоз болуп, Чапкылдык болуштугунун курамында болгон. Самарканд облусунун Кожонт уездинин Чапкылдык, Исфана болуштуктары Фергана облусунун Кокон уездинин Лейлек (Аваат) болуштугу менен биригип, Ош облусунун алгач Сүлүктү, кийин Лейлек району болуп түзүлгөн мезгилде Жийдели айылы да Кыргызстанга карап калган. Кийин Тажик Республикасынын курамына кандай жана кантип өтүп калгандыгын айыл жашоочулары өздөрү да түшүнбөй калышкан. Маалымат: Баткен району жана азыркы Лейлек районуна караштуу Катран менен Лейлек айыл өкмөттөрүнүн аймагы Өзбекстандын Фергана облусунан 1924-25-жылдары бөлүнүп чыкса, Лейлек районунун калган бөлүгү Өзбекстандын Самарканд облусуна караштуу Ходжент округунан 1926-27-жылдар аралыгында бөлүнүп чыккан. Ходжент округу 1929-жылдын аягында гана Өзбек ССРинин Самарканд облусунун түзүмүнөн чыгарылып, Тажик ССРинин аймагына өткөн.

Айыл тургундары негизинен дыйканчылык жана багбанчылык менен кесип-тенишет. Дыйканчылыктан пахта өсүмдүгү басымдуулук кылса, багбанчылыгы негизинен өрүкзардан турат. Бул жерде Кыргызстанда «Баткен өрүгү» атыккан өрүктүн сорттору өстүрүлөт. Малчылыкты кесип туткандар да бар. Кой чарбасы менен алектенип, үй-бүлөсүн гана бакпастан, эмгеги менен тажик-кыргызга тегиз таанымал болгон чарбадар инсан катары Осмон Толубаев аксакалдын атын атап кетсек жаңылбайбыз.

Билим берүү тармагында да эмгеги сиңген Жайнак агай баштаган мугалимдердин жоон тобу бар. Канибадам району боюнча жалгыз кыргыз мектептин коллективи үзүрлүү иштеп келүүдө. Учурда айылдагы орто мектепте окуу процесси толук түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Айылдык мектеп жаш муундар үчүн билимдин гана эмес, таалим- тарбиянын уясы, маданияттын башаты ката¬ры кызмат кылат эмеспи. Мектепте талыкпай эмгектенген Рустамов Амир, Душаев Жайнак, Бекмурадов Маман, Кумаров Акмат, Туратов Өзгөн ж.б агайлар Тажик Республикасынын «Билим берүүнүн мыктысы» наамы, райондук, облустук, республикалык деңгээлдеги Ардак Грамоталар ж.б. баалуу белектер менен сыйланышкан.

Бул айылдан чыккан илимпоздор менен баарыбыз сыймыктанабыз. Алардын башында турган математик Толубаев Жолчу агай Бишкек шаарында жашайт. Айыл чарба илимдеринин кандидаттары: Жораев Жумабай, Түркбаев Ташполот жана Туратов Өмүрзак Душанбе, Кожонт шаарларындагы Жогорку окуу жайларда эмгектенишүүдө.

Көп жылдан бери облустук ооруканада эмгектенип жаткан, элге эмгеги сиңген, атактуу дарыгер Ахмадов Махмуджанды Согди (Ленинабад) облусу боюнча таанып билишет. Махмуджанды коллегалары эркелетип «биздин кыргыз доктур» деп да коюшат.

Совет доору гүлдөп турган мезгилде бул айылдын үч тургуну Самадов Ахмат, Алиев Гадай жана Базаров Пирмат «Социалисттик Эмгектин Баатыры» наамына татыктуу болгон. Ал эми, Азимов Абдурахман Ленин, Мадалиев Сапар Кызыл Жылдыз, Эмгек Кы¬зыл Туу, Сахибов Балтабай Эмгек Кызыл Туу Орденинин ж.б. медалдардын кавалерлери болушкан. Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согушка катышкан бир канча согуш ардагерлери бар. Алардын арасынан Ибрайимов Нарынбай Даңк (Слава) Орденинин эки жолку кавалери, бир канча медалдардын ээси. Батыров Кахар Кызыл Жылдыз Орденинин, Худояров Жоро, Базаров Шарил, Махадов Усман ж.б. ар кандай орден, медалдар менен сыйланышкан. Согуштан кайтпай, кан майданда курман болгондордун саны да аз эмес.

Социалисттик мелдеште озуп чыккан азаматтардын эмгеги да жогору бааланып, айыл тургундары Худояров Жоро Тажик Республикасынын «Эмгек сиңирген агроному», Толубаев Бостон Тажик Республикасынын «Эмгек сиңирген пахтакери» деген наамдарды алышкан. Айылдын тургундарынын арасынан совет доорунда айылдык, райондук, облустук Кеңештердин депутаттары болгондору да бар. Кыргыз оозеки чыгармачылыгындагы «Олжобай менен Кишимжан» дастанында баяндалган негизги окуялар ушул чөлкөмдө өткөн дешет, айылдын карыялары. «Лейлектин булбулу» аталган акын Абдраим Шаматов өмүрүнүн акыркы жылдарын кемпири экөө ушул айылда өткөргөн. Көзү өткөндө акындын өзүнүн керээзи боюнча сөөгү ушул айылдын көрүстөнүнө коюлган. Айыл тургундары Абдраим Шаманы өзүнүн бир тууганындай кылып, акыркы сапарга узатышкан. Кийин анын жубайынын сөөгү да ушул айылдын көрүстөнүнө коюлган.

Кокон хандыгынын тушунда башка көптөгөн кыргыздар катары Жийдели айылынын эр-азаматтары да хан кызматында ар кандай мансап ээлери болушкан. Айыл аксакалы Мөөлан-ажынын айтуусу боюнча атагы алыска кеткен Кокон хандарынын династиясынын негиздөөчүсү Шоорук-бий ушул айылдан болгон. Шоорук-бийдин тушунда бул айылдын тургундары хан-сарайга көчүп барышкандыктан, хан атайын жарлык менен Кокондун чет-жакасынан жер ажыратып берген. Кийинчерээк жаңы бөлүнүп берилген жер «Дасторкон чеги» деген айылга айланган. Ошентип, Шоорук-бийдин туугандары Дасторкон чеги аталган айылда туруп калышкан. Мөөлан ажынын билдирүүсү бүгүнкү күнгө чейинки Кокон хандарынын илимий чөйрөдө кабыл алынган генеалогиясы жөнүндөгү маалыматты кайра кароого жол ачат. Тагыраак айтканда «Алтын-Бешик» уламышын жана Кокон хан¬дарынын түпкү тегин териштирүүдө айтылуу Шахрух-бий кыргыздын Шоорук-бийи болуп чыгышы да ыктымал. Ошондо Кокон хандарынын династиясын негиздөөчү катары өзбектин миң уруусунан чыккан Шахрух-бий эмей эле, кыргыздан чыккан Шоорук-бий эсептелип калышы мүмкүн. Лейлек тоолорундагы Алтын-Бешик чокусу менен Кокон хандарынын генеалогиясына тийиштүү айтылган «Алтын-Бешик» уламышын байланыштырган жергиликтүү санжырачылар да жок эмес.

Жийдели айылы кыргыз күрөшүнүн бир бөлүгү болгон «лейлек күрөшү» боюнча атактуу палвандардын да мекени. Фергана өрөөнү, деги эле Орто Азия чөлкөмүндө таанымал, желкеси жер көрбөгөн күрөш чеберлери көп чыккан айыл. Акыркы мезгилде Кыргызстан, Тажикстан ж.б. Орто Азия өлкөлөрүндө улуттук күрөш боюнча өткөрүлгөн чемпионаттардын жеңүүчүсү, бир канча жолку чемпион болгон Латип-палван Саттар уулу да ушул айылдын кулуну.

Ошондой эле бул айылдан улак тартыш, күлүк чабыш ж.б. ат оюндары боюнча атак-даңктуу чабандестер көп чыккан. Орто Азия, Казахстанга кеңири таанымал Кумар чабандес, Гапар чабандес ж.б. инсандардын атын атап өтсө болот.

Айылдын чебер-ууздары тарабынан жаратылган «лейлек килеми» атыккан килем, таар, курак, туш кийиз, ар кандай сайма ж.б. улуттук буюмдар Кыргызстан, Казахстан жана Россияга чейин атагы тарап, кардарларга жеткирилип турат.

Айыл жаштары чектешип гана эмес, жерлери туташып турган Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Арка өрөөнүндө жайгашкан Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн аймагына көчүп жатышат. Алар өз мезгилинде Арка өрөөнүн өздөштүрүүгө зор салым кошушкан. 20-чы кылымдын 80-чи жылдарында Арка өрөөнүндө пайда болгон Достук айылында 50, Жаштык айылында 70 тен ашуун Жийделиден көчүп келген үй-бүлө жашап жатышат.

Бул айылдын жашоочулары бүгүнкү күндөгү суроо-талаптарын бир гана маселеге байланыштырышат. Бул айылдын түштүк тарабында какырап-какшап жаткан Кыргызстанга таандык жерден жаштарга үй курууга участок алып берүү. Ошондо Кыргызстандын курамындагы жаңы Жийдели айылы пайда болмок. Натыйжада бош жаткан дың жерлер өздөштүрүлүп, кыргыз атуулдугун алган Жийделиликтер Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө өз салымдарын кошмок. Азыркы Жийдели айылы менен болочок айылды болгону суу өткөн канал гана бөлүп турат.

Сөз соңунда айтарым, кожонттук кыргыздар өздөрүн кыргыз элинин бир бөлүгү катары санашат жана кыргыз элинин келечегине терең ишенишет. Ошондой эле улутташтары жөнүндө дайыма камкордук көрөт деп, Кыргыз бийлигинен үмүтү чоң экендигин белгилеп кетким келет.

Орунбай Ахмедов

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×