Добавить свою статью
11 Июня 2021
Кыргыз Республикасынын президенти Жапаров менен кыргыз элине саясий кайрылуу

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ C. Н. ЖАПАРОВ

МЕНЕН КЫРГЫЗ ЭЛИНЕ УЛУУ ТАРЫХЫЙ – САЯСИЙ КАЙРЫЛУУ!

Кыргыз Республикасынын Президенти C. Н. ЖАПАРОВго

17 – май 2021 – жыл

Урматтуу Садыр Нургожоевич! Урматтуу мекендештер!

Дүйнө жүзүндө Бириккен Улуттар Уюмунда (ООНдо) мүчө мамлекеттер өздөрүнүн ар кандай негиздери жана максаттары менен өздөрүнүн расмий аталыштарын жаңыча расмий аталыштарга өзгөртүшөт.

Өткөн жакынкы жана орто убактарда, мисалы: 2020 – жылы Голландия мамлекети Нидерланды болуп, 1978 – жылы Шри – Ланка Республикасы мамлекети Демократиялык Социалисттик Шри – Ланка Республикасы болуп, 2019 – жылы Македония Республикасы мамлекети Түндүк Македония Республикасы болуп жаңыча расмий аталып калышты.

Мен Айтикеев Акбаралы 2005 жана 2011 – жылдары президенттик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна расмий талапкер, Эл аралык инженердик Академиясынын академиги (Москва шаары, Россия Федерациясы) миң деген жылдардан бери азыркы убакытка чейин, так айтканда алгачкы кыргыз мамлекеттүүлүгү түзүлгөндөн бери элибиздин тарыхында биринчи жолу мамлекетибиз менен элибизге, жарандарыбызга эл аралык деңгээлде даңкына даңк, кадыр-баркына кадыр-барк, аброюна аброй кошуучу жана даңктуу аброй алып келүүчү, көп улуттуу мамлекетибиздин эл биримдигин бекемдөөчү, эл биримдигин түбөлүк бекемдөөчү, мамлекетибиздин бүтүндүгүн түбөлүк сактоочу, элибиздин патриоттук сезимин бийик көтөрүүчү, мамлекеттүүлүктү түбөлүк бекемдөөчү тарыхый демилге менен 2010 – жылдын 26 – майында расмий чыгып, ошол убактагы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө кыргыз мамлекетинин азыркы Кыргыз Республикасы – деп аталышына улуу Манас атанын ысымын кошуп, мамлекетибиз жаңыча:

кыргыз тилинде: Манас – Кыргыз Республикасы

орус тилинде: Кыргызская Республика – Манас

англис тилинде: The Kyrgyz Republic – Manas

деп аталышы керек – деп, 2010 – жылынын 26 – майында мамлекетибиздин жаңыча аталышын расмий сунуштагам.

Демилгечи жана автор катары, мен кыргыз мамлекетинин жаңыча аталышы боюнча өзүмдүн расмий сунушум менен кайрылуумду ошол убакыттагы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө жөнөткөм жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төрайымы Роза Отунбаевага, Бириккен Улуттар Уюмунун (ООНдун) Башкы катчысы Пан Ги Мунга, Россия Федерациясынын Президенти Дмитрий Медведевге, Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Барак Обамага да сунуш боюнча маалымат жөнөтүлгөн эле.

2010 – жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук расмий төл гезити «Кыргыз Туусу» №47 (23435) 25 – июнь 2010 – жылы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити «Эркин Тоо» №1865 (55) 22 – июнь 2010 жылы, коомдук – маалыматтык гезит «Нур» (Москва шаары, Россия) №8 (9) 26 – май 2010 – жылы, Азаттык Үналгысы 25 – июнь 2010 – жылы, Акипресс маалыматтык агентствосу 11– июнь 2010 – жылы жана башка массалык маалымат каражаттары жогоруда айтылган менин кыргыз мамлекетинин жаңыча аталышы боюнча расмий тарыхый демилгемди кеңири жарыялашып ошол убактагы мамлекеттик бийлик органдарына жана элге билдирип жазып чыгышкан.

2020 – жылы жогоруда айтылган 10 жылдан ашык убакыт мурун 26.05.2010 – жылы берген ушул тарыхый расмий сунушумду – мамлекетибиздин азыркы Кыргыз Республикасы деген аталышына улуу Манас атанын ысымы кошулуп, мамлекетибиз жаңыча:

толук аталышы:

кыргыз тилинде: Манас – Кыргыз Республикасы

орус тилинде: Кыргызская Республика – Манас

англис тилинде: The Kyrgyz Republic – Manas

кыскартылган аталышы:

кыргыз тилинде: Манас – Кыргызстан

орус тилинде: Манас – Кыргызстан

англис тилинде: Manas – Kyrgyzstan

болуп аталсын деп 27.11.2020 – жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т. Т. Мамытовго жана Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун жарлыгы менен 20.11.2020 – жылы түзүлгөн Конституциялык кеңешмеге расмий сунуштадым.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити «Эркин Тоо» №99 (3171), 04 – декабрь 2020 – жыл:

Мамлекетибиз жаңыча Манас – Кыргыз Республикасы болуп аталсын

«Кыргыз Республикасынын өнөр жай, айыл чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыгын коргоо партиясы» саясий партиясынын төрагасы, Москвадагы Эл аралык инженердик Академиясынын академиги, 2005 жана 2011-жылдары өткөн шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна расмий талапкер Акбаралы Айтикеев мамлекетибиздин азыркы Кыргыз Республикасы деген аталышына Манас ысымы кошулуп, жаңыча Манас – Кыргыз Республикасы деп аталышын сунуш кылууда.

Кыргыз Республикасынын улуттук тун гезити «Кыргыз Туусу» №87 (24484), 29 – декабрь 2020 – жылы:

Конституциялык кеңешмеде мамлекетибизди Манас – Кыргыз Республикасы деп атоо боюнча сунуш карала баштады.

Отурумда демилгечи жана ушул расмий сунуштун автору Акбаралы Айтикеев мамлекетибиздин жаңыча аталышынын негиздери жөнүндө айтып берди.

Андан кийин Конституциялык кеңешменин мүчөсү Казыбек Шайымбетов сөз сүйлөп А. Айтикеевдин сунушун колдой турганын айтты, колдоо башка мүчөлөрдөн дагы айтылды.

Бул тарыхый алга жылыштарды жогоруда келтирилген «Эркин Тоо», «Кыргыз Туусу» гезиттери жана башка массалык маалымат каражаттары, интернет маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Негизинен бул расмий тарыхый саясий сунушту жалпы элдин добушуна коюу алдыда!

Анткени миң деген жылдардан бери азыркы убакытка чейин, так айтканда алгачкы кыргыз мамлекеттүүлүгү түзүлгөндөн бери азыркы убакытка чейин кыргыз мамлекетинин аталышына улуу Манас атанын ысымын кошуу керек – деп мамлекетибиз менен эл үчүн берилген бул тарыхый саясий сунуш – миң деген жылдардан бери кыргыз элинин тарыхында биринчи улуу тарыхый саясий сунуш!

Улуу тарыхый саясий сунушту атайын дайындалган тарыхый референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) жалпы эл гана добуш берип чечет!

Ошондуктан улуу тарыхый саясий сунуш боюнча атайын тарыхый референдум (жалпы элдик добуш берүү) дайындалышы керек!

УРМАТТУУ МЕКЕНДЕШТЕР!

Кыргыз мамлекетинин Кыргыз Республикасы – деп азыркы аталышы өзгөртүлбөй толукталып, так айтканда мамлекетибиздин азыркы аталышына улуу Манас атанын ысымын кошуп,

Кыргыз Республикасы – деп мамлекетибиздин азыркы аталышын

Манас – Кыргыз Республикасы – деп кыргыз мамлекетине жаңыча аталышты берүүгө толук, түбөлүк кең максаттуу жана тарыхый негиздер бар!

Ошону менен бирге бул улуу тарыхый саясий сунуш азыркы кыйчалыш убакытта өтө актуулду жана абадай керек, акыркы 30 жылдан бери болуп жаткан кыйчалыш мезгилден чыгып кетүүнүн негизги шарттарынын эң биринчиси.

Мамлекетибиздин азыркы аталышы өзгөртүлбөй улуу Манас атанын ысымын кошуу менен толукталып, мамлекетибиз тез арада жаңыча аталышы керек!

Так айтканда, мамлекетибиздин азыркы Кыргыз Республикасы – деп аталышына улуу Манас атанын ысымы кошулуп, мамлекетибиз Манас – Кыргыз Республикасы – деп тез арада жаңыча аталышы керек!

Мындай болбой, дагы бир аз убакыт кечиксек, жакынкы келечекте мамлекет катары жок болуп кетүү коркунучтары пайда болушу мүмкүн!

Ар бирибиз билгендей мамлекетибиз менен элибиздин акыркы 30 жылдагы оорлошкон турмушу мындай коркунучтардын жакындап келе жатканын ташка тамга баскандай далилдей баштады.

Мындай коркунучтарга быйыл 2021 – жылдын Ыйык Орозо айында болгон мамлекетибиздин аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч туудурган окуялар мисал боло алат.

УРМАТТУУ МЕКЕНДЕШТЕР!

Улуу Манас ата миң деген жылдар мурун алгачкы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзгөн, улуу Манас ата кыргыз эли менен Ала – Тоо жерин ыйык коргоп, бек сактап жана бийик өнүктүргөн, үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган!

Тарых издери көрсөткөндөй баатыр Манас атанын алдын ала алысты көрө билген кыраан жана деңиздей терең акылы, айкөлдүгү, кыраакылыгы, кайрат-күч деми жетекчилиги жана калтырып кеткен баалуулуктары жана осуяттары менен элибиз менен жер – суубуз сансыз кылымдар бою дүйнө жүзүндө сакталып жана өнүгүп, эркин мамлекет, эгемен эл болуп жашап жатабыз!

Анткени улуу Манас атанын ысымы миң деген жылдар бою эл биримдигинин борбору жана күчтүү символу болгон, көп улуттуу мамлекетибиздин эл биримдигинин, эл ынтымагынын борбору жана күчтүү символу болуп турат!

Улуу кыргыз элинин баатыр жана айкөл уулу Манас атанын ысымы кыргыз элинде жана дүйнө жүзүндө ыйык жана бийик турат!

Улуу Манас атанын ысымы дүйнөдөгү бардык мамлекеттердин эл аралык борбору болгон Бириккен Улуттар Уюмунун (ООНдун) ЮНЕСКОсунда расмий түрдө катталган!

Улуу Манас ата Бириккен Улуттар Уюмунун (ООНдун) ЮНЕСКОсунда 2013 – жылы расмий түрдө катталган кыргыз элинин басып өткөн тарыхый жолун чагылдырган, адамзаттын маданий мурастарынын көрүнүктүү шедеврлеринин шедеври – деп аталган эпикалык чыгармабыздын – «Манас» эпосунун Башкы каарманы!

Баатыр Манас атанын ысымы адамзатынын тарыхында болгон дүйнө жүзүндө эң даңктуу, эң кадыр-барктуу жана эң даңктуу абройлуу өз элин жетектеп элинин мамлекеттүүлүгүн түзгөн адамдардын ысымдарынын катарына кирет.

Улуу Манас атанын ысымы дүйнөлүк Гиннес рекордунда дүйнө жүзү боюнча эң көлөмдүү эпикалык чыгарма – деп расмий түрдө катталган кыргыз элинин «Манас» эпосунун Башкы каарманы!

Улуу Манас атанын ысымындай эң көлөмдүү эпикалык чыгармада чагылдырылган дүйнө жүзүндө башка бир дагы адамдын ысымы жок жана болгон эмес!

Кыргыз эли дүйнө жүзүндө дүйнөнүн башка элдеринин арасында улуу Манас ата менен салттуу эл, бактылуу эл жана белгилүү даңктуу эл!

Улуу Манас ата улуу кыргыз элинин сыймыгы!

УРМАТТУУ МЕКЕНДЕШТЕР!

Кудай буйруп элибизге Кудай берген миң деген жылдар бою кош канаттай болуп кошо айтылган жана бири биринен түбөлүк ажырагыс элибиздин эки улуу сөзү бар, алар бул улуу сөздөр: Кыргыз менен Манас – деген эки улуу сөз!

Манас менен Кыргыз – деген эки улуу сөзүбүздүн касиеттүү күчү элибиз менен жер – суубуздун дүйнө жүзүндө сансыз кылымдардан бери азыркы күндөргө чейин сакталып жана өнүгүп келишинин фундаменталдуу жана негизги фактору болгон, болуп турат жана мындан ары да түбөлүк болот!

Демек, дүйнө жүзүндө мамлекеттер расмий аталышып жашап жаткан мезгилде – элибиз менен жер – суубуз дүйнө жүзүндө мындан ары да сансыз кылымдар бою түбөлүк сакталышы үчүн биздин дагы мамлекетибиз дүйнөдөгү башка мамлекеттер арасында расмий түбөлүк туура аталышы керек, так айтканда мамлектибиздин аталышында Манас менен Кыргыз – деген ушул эки улуу сөзүбүздүн экөөбү тең сөзсүз түрдө болушу керек!

Жогоруда айтылган улуу тарыхый саясий сунуш берилгенине 10 жылдан ашык убакыт өтсө да, азыркы учурга чейин мамлекетибиздин Кыргыз Республикасы – деп азыркы аталышында кош канаттай болуп кошо айтылып элибиз менен жер – суубуздун сансыз кылымдар бою сакталышынын жана өнүгүшүнүн фундаменталдуу жана негизги фактору болгон эки улуу сөзүбүздүн бири гана бар – Кыргыз деген улуу сөзүбүз гана бар, ал эми экинчи улуу сөзүбүз – Манас деген улуу сөзүбүз – улуу Манас атанын ысымы мамлекетибиздин аталышында жок бойдон турат!

Бул деген элибиз менен жер – суубуз бекем сакталсын жана заманбап, ылдам жана бийик өнүксүн деген мамлекеттик идеологиянын реалдуу түрдө толук иштей албай турганы. Анткени мамлекеттик идеологиянын негизги жана фундаменталдуу фактору толук түрдө болбогону!

Ал эми, улуу Манас атанын ысымы кошулуп мамлекетибиз жаңыча Манас – Кыргыз Республикасы – деп аталар замат: улуу Манас атанын баалуулуктары жана осуяттары мамлекеттик идеологиянын негизи катары реалдуу түрдө ишке ашышы башталат, алар коомдук турмушта реалдуу түрдө алдыңкы баалуулуктар боло баштайт жана коомубуз реалдуу түрдө заманбап өнүгө баштайт!

Анткени улуу Манас атанын баалуулуктары жана осуяттары мамлекеттик идеологиянын негизи катары элибиз менен дүйнө жүзүнө так көрсөтүлгөн болот!

Улуу Манас атанын руху, баалуулуктары жана осуяттары элибиздин азыркы кыйчалыш акыбалдан чыгышына сөзсүз түрдө баа жеткис чоң көмөкчү жана туура улуттук жана эл аралык идеологиянын негизи Манаста.

Элибиз менен жер – суубуз дүйнө жүзүндө сансыз кылымдар бою улутум Кыргыз, урааным Манас! – деген улуу салтыбыз менен сакталып жана өнүгүп келген, так айтканда миң деген жылдар бою кош канаттай болуп кошо айтылган: Манас менен Кыргыз – деген ушул эки улуу сөзүбүздүн касиеттүү күчү менен сакталып жана өнүгүп келген!

Кыргыз бар кезде Манас бар! Манас бар кезде Кыргыз бар!

Башкача айтканда: Кыргыз болбосо Манас болбойт, Манас болбосо Кыргыз болбойт! – ушул так айтылган улуу эскертүү боюнча дагы мамлекетибиздин

азыркы Кыргыз Республикасы – деп аталышына улуу Манас атанын ысымы кошулуп, мамлекетибиздин аталышында Манас менен Кыргыз – деген эки улуу сөзүбүздүн экөөбү тең болушу керек, мамлекетибизди тез арада жаңыча Манас – Кыргыз Республикасы деп аташыбыз керек!

Мындайча айтканда мамлекетибиздин азыркы аталышында жок болуп турган улуу Манас атанын ысымын, мамлекетибиздин аталышына тез арада алып келишибиз керек!

Мындай болбой, дагы бир аз убакыт кечиксек, жогоруда айтылгандай жакынкы келечекте мамлекет катары жок болуп кетүү коркунучтары пайда болушу мүмкүн!

Эгерде мамлекетибиздин азыркы Кыргыз Республикасы – деп аталышына улуу Манас атанын ысымын кошуп, мамлекетибиздин азыркы аталышына улуу Манас атанын ысымын алып келсек – улуу Манас атанын ысымы мамлекетибиз жана элибиз менен жер – суубуздун бекем сакталуусуна жана элибиздин тагдырында заманбап, ылдам жана бийик өнүгүүгө тарыхый бурулуштун ачкычы болот!

Миң деген жылдар бою кош канаттай болуп кошо айтылган элибиздин эки улуу сөзү: Манас менен Кыргыз – деген эки улуу сөзүбүздүн бирөөсү эле эмес, экөөбү тең мамлекетибиздин аталышында болор замат: эки улуу сөзүбүз ар дайым дүйнө жүзүнүн бардык мамлекеттеринде, дүйнөнүн бардык жерлеринде кошо жазылып, кошо айтылып жана даңктуу жаңырып дүйнө жүзү боюнча мамлекетибиз менен ар бир жараныбыз азыркыдан да даңктуу жана барктуу болуп, элибиздин руху жана мекенчилдик сезими бийик көтөрүлөт, адамзаттык гуманизмдин алкагында алганда эркиндик, тендик, калыстык жана чындык үчүн өнүгүү символу болгон жолду улантууну козгоп, көп улуттуу мамлекетибиздин эл биримдиги түбөлүк бекемделет, мамлекетибиздин бүтүндүгү түбөлүк сакталат, мамлекеттүүлүк түбөлүк бекемделет!

Улуу Манас атанын ысымы кошо жазылып кыргыз мамлекетинин жаңыча Манас – Кыргыз Республикасы – деп аталышы:

мамлектибиздин бүтүндүгүнүн түбөлүк сакталышы, элдин түбөлүк бекем биримдиги, коомдун жаңыланып, өнүгүүгө карай секирик жасашы үчүн сөзсүз түрдө баа жеткис чоң ийгиликтүү таасирин берет жана келечек муундун тагдырына байланыштуу болуп көрбөгөндөй энергетика, элибиздин биримдиктүү болуп алдыга өнүгүшүнө түздөн – түз эң жогорку стимулду түзөт.

Ошондуктан Кыргыз Республикасынын улуу Манас атанын ысымы менен кошо жаңыча аталышы азыркы кыйчалыш убакытта өтө актуулду жана абадай керек, акыркы 30 жылдан бери болуп жаткан кыйчалыш мезгилден чыгып кетүүнүн негизги шарттарынын эң биринчиси.

Мамлекетибиздин түбөлүк туура расмий аталышы боюнча,

мамлекетибиз жана элибиз менен жер – суубуз дүйнө жүзүндө мындан ары да сансыз кылымдар бою түбөлүк сакталышы боюнча жана алардын заманбап өнүгүүсү боюнча, дүйнө жүзү боюнча мамлекетибиз менен ар бир жараныбыз эл аралык деңгээлде азыркыдан да даңктуу жана барктуу болушу боюнча, көп улуттуу мамлекетибиздин эл биримдиги менен эл ынтымагын түбөлүк бекемдөө боюнча, мамлекетибиздин бүтүндүгүн түбөлүк сактоо боюнча, элибиздин патриоттук сезимин бийик көтөрүү боюнча, мамлекеттүүлүктү түбөлүк бекемдөө боюнча жогоруда айтылган – 10 жылдан ашык убакыт мурун сунушталган – улуу тарыхый саясий сунуш түбөлүк туура жол!

Башка түбөлүк туура жол жок, болгон да эмес жана болбойт дагы!

Анткени кыргыз мамлекети менен элибизге миң деген жылдар бою Манас күчү дем болгон жана мынданы ары да ар бир жараныбызга, баарыбызга дем болот – улуу Манас атанын руху, баалуулуктары жана осуяттары түбөлүк дем берет!

Элибизди улуу Манас атанын руху, баалуулуктары, осуяттары жана урааным Манас! – деген улуу салтыбыз сансыз кылым сактап келген, сактап турат жана мындан ары мурункудан да күчтүү сактайт!

Элибизди улуу Манас атабыз касиетинде сансыз кылым колдогон, колдоп турат жана мындан ары мурункудан да күчтүү колдойт!

УРМАТТУУ МЕКЕНДЕШТЕР!

Мамлекетибиздин азыркы Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) – деп толук жана кыскартылган аталышына улуу Манас атанын ысымы кошулуп,

Манас – Кыргыз Республикасы (Манас – Кыргызстан) – деп

жаңыча аталышында, толук аталышы 3 сөздөн, кыскартылган аталышы 2 сөздөн турат жана Бириккен Улуттар Уюмунда (ООНдо) мүчө мамлекеттердин аталыштарынын эл аралык стандартына толук жооп берет жана эң туура келет (мамлекеттердин аталыштарында ысымдардын бардыгы боюнча, мамлекеттердин толук жана кыскартылган аталыштарында сөздөрдүн сандары боюнча), мисалы:

Америка Кошмо Штаттары (Кошмо Штаттары) мамлекетинин аталышына Америго Веспуччинин ысымы кошулган, мамлекеттин толук аталышы 3 сөздөн, кыскартылган аталышы 2 сөздөн турат;

Сауд Арабия Падышачылыгы (Сауд Арабия) мамлекетинин аталышына Аль Сауддун ысымы кошулган, мамлекеттин толук аталышы 3 сөздөн, кыскартылган аталышы 2 сөздөн турат;

Филиппин Республикасы (Филиппин) мамлекетинин аталышы Филипп II-нин ысымы менен аталган, мамлекеттин толук аталышы 2 сөздөн, кыскартылган аталышы 1 сөздөн турат;

Коста – Рика Республикасы (Коста – Рика) мамлекетинини толук аталышы 3 сөздөн, кыскартылган аталышы 2 сөздөн турат;

Россия Федерациясы (Россия) мамлекетинини толук аталышы 2 сөздөн, кыскартылган аталышы 1 сөздөн турат;

Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Падышалыгы (Улуу Британия) мамлекетинини толук аталышы 6 сөздөн, кыскартылган аталышы 2 сөздөн турат.

Кыргыз, орус, англис тилдеринде жана дүйнөнүн башка элдеринин тилдеринде мамлекетибиздин жаңыча аталышы дүйнө жүзүндөгү башка мамлекеттердин тизмесинин арасында азыркы аталышынан да кооз жазылат, кооз көрүнөт, айтылыштары да кооз айтылат, угулуштары да уккулуктуу, даңктуу угулат жана мамлекетибиздин жаңыча аталышын адамдар окуганда, жазганда, рекламалардан көргөндө же укканда алардын эсинде тез сакталат жана көп убакыт бою эсинде калат, мисалы:

кыргыз тилинде:

1. Манас – Кыргыз Республикасы (Манас – Кыргызстан)

2. Россия Федерациясы (Россия)

3. Америка Кошмо Штаттары (Кошмо Штаттары)

4. Сауд Арабия Падышачылыгы (Сауд Арабия)

5. Филиппин Республикасы (Филиппин)

6. Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Падышалыгы (Улуу Британия)

7. Коста – Рика Республикасы (Коста – Рика)

орус тилинде:

1. Кыргызская Республика – Манас (Манас – Кыргызстан)

2. Российская Федерация (Россия)

3. Соединенные Штаты Америки (Соединенные Штаты)

4. Королевство Саудовская Аравия (Саудовская Аравия)

5. Республика Филиппины (Филиппины)

6. Республика Коста – Рика (Коста – Рика)

7. Соединённое Королевство Великобритании и Северной Ирландии (Соединённое Королевство)

англис тилинде:

1. The Kyrgyz Republic – Manas (Manas – Kyrgyzstan)

2. The Russian Federation (Russia)

3. The United States of America (United States)

4. The Kingdom of Saudi Arabia (The Saudi Arabia)

5. Republic of the Philippines (Philippines)

6. The Republic of Costa Rica (Costa Rica)

7. The United Kingdom of Great Britain and Northern Ireland (Great Britain)

Кыргыз, орус, англис тилдеринде жана дүйнөнүн башка элдеринин тилдеринде мамлекетибиздин жаңыча аталышы боюнча жарандарыбыздын жарандыгы башка мамлекеттердин жарандарынын тизмесинин арасында мамлектибиздин азыркы аталышындагысынан да кооз жазылат, кооз көрүнөт, айтылыштары да кооз айтылат, угулуштары да уккулуктуу жана даңктуу угулат, мисалы:

кыргыз тилинде:

1. Манас – Кыргыз Республикасынын жараны

2. Россия Федерациясынын жараны

3. Америка Кошмо Штаттарынын жараны

4. Коста – Рика Республикасынын жараны

5. Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Падышалыгынын жараны

орус тилинде:

1. Гражданин Кыргызской Республики – Манас

2. Гражданин Российской Федерации

3. Гражданин Соединенных Штатов Америки

4. Гражданин Республики Коста – Рика

5. Гражданин Соединённых Королевств Великобритании и Северной Ирландии

англис тилинде:

1. Citizen of the Kyrgyz Republic – Manas

2. Citizen of the Russian Federation

3. Citizen of the United States of America

4. Citizen of the Republic of Costa Rica

5. Citizen of the United Kingdom of Great Britain and Northern Ireland

Мамлекетибиз Манас – Кыргыз Республикасы – деп жаңыча аталар замат: улуу Манас атанын ысымы Кыргыз Республикасы – деп мамлекетибиздин азыркы аталышы менен ар дайым кошо жазылып, ар дайым кошо айтылып:

мамлекетибиз Бириккен Улуттар Уюмунда (ООНдо), дүйнөдөгү бардык мамлекеттерде, дүйнөдөгү бардык элдер арасында, дүйнөдөгү бардык адамдардын арасында даңктуу жаңырып – улуу Манас атанын ысымы кыргыз мамлекети менен кыргыз элининин даңкына даңк кошуп бүт дүйнөгө даңктуу жар салып турат!

Эл аралык деңгээлде мамлекетибиз менен элибиздин даңкына даңк кошот, кадыр-баркына кадыр-барк кошот, аброюна аброй кошот жана эл аралык деңгээлде мамлекетибиз менен элибизге, баарыбызга, жарандарыбыздын ар бирине даңктуу аброй алып келет!

Мамлекетибиз Манас – Кыргыз Республикасы – деп жаңыча аталар замат: мамлекетибиз дүйнөдөгү эң белгилүү, миң жылдаган даңктуу тарыхы менен эли бар, дүйнөдөгү келечеги кең мамлекеттердин бири болот!

Анткени ошол замат дүйнө жүзүнүн мамлекеттери менен элдеринин арасында биздин мамлекетибиз менен элибиз – миң жылдап басып өткөн тарыхый жолу бар, барктуу, даңктуу жана түбөлүк кең келечеги бар мамлекет менен эл экенибиз дүйнө жүзүнө так көрсөтүлгөн болот!

Мамлекетибиздин азыркы Кыргыз Республикасы – деп аталышына улуу Манас атанын ысымы кошулуп, Манас – Кыргыз Республикасы – деп жаңыча аталышында – улуу Манас атанын ысымы кыргыз элинин сансыз кылым басып өткөн тарыхый жолун түздөн – түз билдирип айтып турат,

алгачкы кыргыз мамлекетинин миң деген жылдар мурун түзүлгөндүгү менен элибиз сансыз кылым карыткан улуу эл экендиги жөнүндө жана мамлекетибиз менен элибиздин миң жылдап басып өткөн тарыхый жолу бар, барктуу, даңктуу жана түбөлүк кең келечеги бар – мамлекет менен эл экенибиз жөнүндө түздөн – түз жар салгандай айтып турат!

Заманбап тил менен айтканда улуу Манас атанын ысымы Кыргыз Республикасы – деп мамлекетибиздин азыркы аталышы менен кошо жазылып, мамлекетибиз Манас – Кыргыз Республикасы – деп жаңыча аталар замат: миң деген жылдардан бери азыркы убакытка чейин, так айтканда алгачкы кыргыз мамлекеттүүлүгү түзүлгөндөн бери мамлекетибиз менен элибиз эл аралык маркетингде Ала – Тоодой бийик, ак кардай таза, алтындай баалуу түбөлүк супер ребрендинг болот!

Анткени улуу Манас атанын ысымы эл аралык деңгээлде бийик даңктуу, кадыр-барктуу жана даңктуу абройлуу ысым жана көп улуттуу мамлекетибиздин эл биримдигинин, эл ынтымагынын борбору жана күчтүү символу, Бириккен Улуттар Уюмунун (ООНдун) ЮНЕСКОсунда расмий түрдө катталган, адамзатынын тарыхында болгон дүйнөдө эң даңктуу, эң кадыр-барктуу жана эң даңктуу абройлуу өз элин жетектеп элинин мамлекеттүүлүгүн түзгөн адамдардын ысымдарынын катарына кирет!

Улуу Манас атанын ысымындай эң көлөмдүү эпикалык чыгармада чагылдырылган башка бир дагы адамдын дүйнөдө ысымы жок жана болгон эмес! Ошону үчүн кыргыз эли дүйнө жүзүндө дүйнөнүн башка элдеринин арасында улуу Манас ата менен салттуу эл, бактылуу эл жана белгилүү даңктуу эл!

Мамлекетибиз Манас – Кыргыз Республикасы – деп жаңыча аталганда: дүйнө жүзүндөгү жана мамлекетибиздеги бардык расмий документтерде жана жарандарыбыздын паспортторунда

кыргыз тилинде: Манас – Кыргыз Республикасы

орус тилинде: Кыргызская Республика – Манас

англис тилинде: The Kyrgyz Republic – Manas деп жазылып турат, бул мамлекеттик идеологиянын негизи реалдуу түрдө ишке аша башташы.

Жарандык паспортторубузду жаныбызда алып жүргөндүктөн, ар дайым паспортторубузду колубузга алып көрсөткөндө ар дайым мамлекетибиз сансыз кылым карыткан кыргыз эли түптөгөн мамлекет экени дүйнөдөгү бардык адамдар менен бардык мамлекеттерге билинип турат жана ушундай мамлекеттин жарандары экенибиз дагы билинип турат.

Бул ар бирибиз үчүн эң чоң сыймык жана ар бирибизге дүйнөдөгү бардык адамдар менен бардык мамлекеттерде мамлекетибизге урмат!

Анткени мамлекетибиз улуу Манас атанын урпагы жана сансыз кылым карыткан кыргыз эли түптөгөн мамлекеттин жараны экенибиз ар дайым жарандык паспортторубуздан эле билинип турат.

Жана ар бирибизге жарандык паспортторубуз улуу Манас атадай баатыр, эли менен жерин сүйгөн, биримдикте болгон патроиот болушубуз керектигин ар дайым эстетип турат!

Мамлекетибиз Манас – Кыргыз Республикасы – деп жаңыча аталар замат: адатта жарандарыбыз жарандык паспортторун жандарында алып жүрүшкөндүктөн, Манас – Кыргыз Республикасынын ар бир жаранында, анын жанында баатыр Манас ата жүргөндөй сезим пайда болот, руху менен патриотттук сезими бийик көтөрүлөт, көп улуттуу мамлекетибиздин эл биримдиги менен эл ынтымагы улуу Манас атанын ысымы айланасында түбөлүк бекемделет!

Анткени улуу Манас атанын ысымы эл аралык деңгээлде бийик даңктуу, кадыр-барктуу жана даңктуу абройлуу ысым жана көп улуттуу мамлекетибиздин эл биримдигинин, эл ынтымагынын борбору жана күчтүү символу!

Мамлекетибиз Манас – Кыргыз Республикасы – деп жаңыча аталар замат: элдин биримдиги улуу Манас атанын ысымынын айланасында күчтүү жана түбөлүк бекемделүү жолуна түшөт, анткени айкөл Манас атанын ысымы сансыз кылымдар бою эл биримдигинин борбору жана түбөлүк бекем фундаменти болгон, болуп турат жана түбөлүк болот!

Мамлекетибиздин көп улуттуу эли улуу Манас атанын ысымы айланасында биригип бирдиктүү жана күчтүү биримдикте болот!

Жарандарыбыздын баарына жана ар бирибизге жакшылык алып келет, анткени баарыбыз улуу Манас атанын ысымы айланасында биригип күчтүү биримдикте болобуз!

Мамлекетибиз менен элибиз, ар бир жараныбыз көп жылдап күткөн жакшылык менен заманбап өнүгүү башталат! Мамлекетибиз менен элибиз күчтүү өнүгүү менен бай жашоого тарыхый старт алат!

Мамлекетибиз менен элибиз заманбап, ылдам жана бийик өнүгүү жолуна түшөт! Мамлекетибиз менен элибиз заманбап, ылдам жана бийик өнүгөт!

Баарыбыз улуу Манас атанын ысымы айланасында биригип күчтүү биримдикте болобуз! Элдин ынтымак жана бай жашоосу башталат!

Жыйынтыктап айтканда жогоруда айтылган улуу тарыхый саясий сунуш боюнча тарыхый референдумду (тарыхый жалпы элдик добуш берүүнү) атайын дайындап эл менен мамлекеттик бийликтин колдоосуу менен кыргыз мамлекетинин жаңыча расмий түбөлүк туура аталышына убакыт келди!

Кыргыз мамлекетинин жаңыча аталышы боюнча жогоруда айтылган расмий тарыхый саясий сунушту элибиз менен мамлекетибиз тарабынан бир добуштан расмий колдоого алынышы керек!

Миң деген жылдар мурун алгачкы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзгөн, кыргыз эли менен Ала – Тоо жерин ыйык коргоп, бек сактап жана бийик өнүктүргөн, үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган, баа жеткис баалуулуктары менен осуяттарын калтырып кеткен улуу Манас атанын улуу урматына мамлекетибиздин Кыргыз Республикасы – деп азыркы аталышына улуу Манас атанын ысымын кошуп, мамлектибизди жаңыча Манас – Кыргыз Республикасы – деп атаганыбыз элибиздин улуу Манас атаны түбөлүк урматтаганы жана улуу тарыхый ыраазычылыгы болот!

Кудайга жаккан жана улуу Манас атанын арбагы да ыраазы болгон элибиздин урматтоосу менен улуу тарыхый ыраазычылыгы болот эле!

Ошондуктан эртеби кечпи баары бир боло турган тарыхый референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) эл менен мамлекеттик бийликтин колдоосуу менен мамлекетибиздин Конституциясына өзгөртүү киргизилип кыргыз мамлекетинин жаңыча расмий түбөлүк туура аталышына ар бирибиз салым кошушубуз керек, убакыт келди!

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Жогоруда айтылган улуу тарыхый саясий сунушту Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан кабыл алуу үчүн киргизиле турган суроо кылып, кыргыз мамлекети жаңыча:

толук аталышы:

кыргыз тилинде: Манас – Кыргыз Республикасы

орус тилинде: Кыргызская Республика – Манас

англис тилинде: The Kyrgyz Republic – Manas

кыскартылган аталышы:

кыргыз тилинде: Манас – Кыргызстан

орус тилинде: Манас – Кыргызстан

англис тилинде: Manas – Kyrgyzstan

деп аталсынбы? – деген суроо менен (добуш берүү бюллетенинде жооп: “Ооба” же “Жок”) Кыргыз Республикасынын жарандары референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) добуш берүү үчүн атайын тарыхый референдум (жалпы элдик добуш берүү) дайындалышына Кыргыз Республикасынын Президенти катары да, Кыргыз Республикасынын жараны катары да жардам берүүңүздү суранабыз!

Урматтоо менен,

«Кыргыз Республикасынын өнөр-жай, айыл-чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыгын коргоо партиясы» саясий партиясынын Төрагасы,

2005 жана 2011 – жылдары президенттик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна расмий талапкер,

Эл аралык инженердик Академиясынын академиги (Москва шаары, Россия Федерациясы)

2005 президенттик шайлоодо: Россия Федерациясынын өкмөтүнүн «Российская Газета» газетасынын (Москва шаары, Россия) 2005-жыл 11-июлдагы №3817 санындагы кабары: «Кыргызстанда Президентти шайлашты: «…Курманбек Бакиев, экинчи орунду Акбаралы Айтикеев ээлөөдө»

Айтикеев Акбаралы

Кол коюлган,

Бишкек шаары

17 – май 2021 – жыл

Фото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

31-10-2022
Обращение о переименовании Кыргызской Республики
2230

28-10-2022
КАЙРЫЛУУ
2706

23-08-2021
Манас – Кыргыз Республикасы. Кыргыз мамлекетинин жаңыча аталышы боюнча расмий сунуш
7353

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×