Добавить свою статью
28 Июня 2021
Кыргызстанда энергетикалык кризистин келип чыгуу себептери жана аларды чечүүнүн жолдору
Азыркы учурда республиканын энергетика тармагындагы оор кырдаалды эске алып, Токтогул суу сактагычынын жана Төмөнкү-Нарын ГЭСтер каскаддарынын ресурстарын климаттын өзгөрүү процесстерине ыңгайлаштыруу чараларын эске алуу менен эффективдүү пайдалануу эрежелерин иштеп чыгуу зарылчылыгы келип чыгууда.

Бул милдетти ишке ашырууда Токтогул суу сактагычында суунун толушун жана Токтогул ГЭСи аркылуу суунун агызылышын камсыз кылуу үчүн узак мөөнөткө Нарын дарыясынан агып келүүчү жылдык суунун илимий негизделген божомолун иштеп чыгуу керек.

Акыркы энергетикалык кризистердин негизги себеби болуп, 2011-2014-жылдар аралыгында, Токтогул суу сактагычына келүүчү суунун көп жылдык орточо көрсөткүчүнөн, тактап айтканда 12,5 млрд. м3 дан ашып кеткендиги болгон. Тактап айтканда, 6,269 млрд. м3 суу ашыкча чыгып кеткен. Ал эми, учурда Кыргызстанда 2008-2009 жана 2014-жылдардагы энергетикалык кризис кайрадан кайталанууда. Себеби, биз ошол жылдарда болгон энергетикалык кризистен сабак алган жокбуз. Анткени, кайра эле Токтогул суу сактагычынан чыккан суунун көлөмүжогоруда белгиленген 12,5 млрд.м3 ашыкча чыгып кеткен.

Токтогул суу сактагычын мындай иштетүү– аны өлкөнүн негизги гидроэнергетикалык ресурстарын сактоочу жана жөнгө салуучу объект катары маанисин жоготот.

Ошондуктан, кыргыз энергетикалык тутумунун объектилерин эксплуатациялоо боюнча көп жылдык тажрыйба көрсөткөндөй, улуттук энергетикалык тутумдун туруктуу иштешин жана республиканын керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен көп жыл бою үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн, Токтогул суу сактагычынан агып чыккан суу ага агып келүүчү суунун көп жылдык орточо көрсөткүчүнөн ашпоого тийиш.

2014-жылдагы агып келген суунун аздыгынан улам, 2015-жылдын 1-апрелине карата (күз-кыш мезгили аяктаган күн) Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 6,41 млрд. м3 ду түзгөн. 2021-жылдын 1-апрелинде 8,716 млрд. м3түздү. Эгерде алгылыктуу чаралар көрүлбөсө,анда 2008-2009-2014-жылдардагы энергетикалык кризис кайталануусу толук мүмкүн.

Ошентип, 2010-2014-жылдар аралыгында суу сактагычка агып кирген суунун жалпы көлөмү 68,8 млрд. м3 ду түзсө, ал эми жалпы чыгымы 60,6 млрд. м3 га жеткен. Ал эми, 2017-2020-жылдар аралыгында суу сактагычка агып кирген суунун жалпы көлөмү 53,9 млрд. м3 ду түзсө, ал эми жалпы чыгымы 57,3 млрд. м3 га жеткен. Демек, ашыкча иштетилген 3,4 млрд. м3 суу 2010-2016-жылдардагы иштетилгенден калган суу болуп эсептелет. Себеби, Кыргызстанда электр энергияны керектөө 2010-жылы 10 млрд. кВт/саат болсо, 2021-жылы 16,4 млрд. кВт/саатка чейин өстү. Электр энергиясынын жалпыкубаттуулугунун көбөйүшү электр энергиясына болгон керектөөчүлөрдүн өсүп жаткан талабын канааттандырбайт. Алсак, 1991-жылдан бери 120 МВт гана жаңы кубаттуулуктагы Камбар-Ата 2-ГЭСнин биринчи агрегаты ишке киргизилген. Бул электр системасынын жалпы кубаттуулугунун 1% гана түзөт.

Эмпирикалык ыктымалдуулуктун бир нече формулалары бар. Анын ичинен С.Н.Крицкий менен М.Ф.Менкелдин формуласынын жардамы менен Нарын дарыясынын 1975-жылдан 2020-жылга чейинки көп жылдык агымдын суу менен камсыз болушу анализденди. Ошондой эле, июнь айындагы суу агымы менен көп жылдык агымдын суу менен камсыз болушунун ортосундагы байланышты жана корреляциялык байланышты карап чыктык. Анда, июнь айындагы келген сууну кошумча суунун келишин божомолдоонун элементи катары кароого болот.

Алсак, июнь айындагы келген суу менен жыл ичинде келген суунун жалпылык байланыштары бар экенин байкоого болот. Бул жалпылыкты дарыя алабына жааган кардын негизги бөлүгү эрип бүткөндөгү жана жаз айларындагы жаан-чачындуу мезгилдин бүтүшү менен байланыштырабыз. Ошол эле учурда, 1975-2020-жылдардагы Нарын дарыясынын агымын кварталдар боюнча анализ кылган учурда агымдын эң көп бөлүгү – 40,5% 2-кварталда (апрель, май, июнь) келе тургандыгы белгилүү болду. Ошондуктан, июнь айындагы келген агым аркылуу жыл ичинде келүүчү агымды божомолдоо үчүн кошумча индикатор катары пайдалансак болот. Бул боюнча төмөнкү 1-таблицаны сунуш кылабыз.

1-таблица

Токтогул суу сактагычында суунун топтолуусунун 2021-жылга жана 2022-жылдын 1-апрелине карата божомолу.

Жыл

Токтогул суусактагычы

Көлөм, млрд. м3

Агым, млн. м3

Чыгым, млн. м3

Жылбашында

12251

Январь

10711

414

2005

Февраль

9631

444

1522

Март

8716

429

1333

1-кв.

8716

1287

4860

Апрель

8661

682

749

Май

10,145

2231

757

Июнь

2-кв.

11666

5200

2250

Июль

Август

Сентябрь

3-кв.

13499

4083

2250

Октябрь

Ноябрь

Декабрь

4-кв.

11318

1619

3800

Жалпы:

12189

12660

Январь

Февраль

Март

2022-ж. 1-кв.

8781

1263

3800


1-таблицада көрсөтүлгөндөй 2021-жылы 12,1 млрд. м3 дун айланасында суунун келиши (200 млн. м3 ка айырма болушу мүмкүн) божомолдонууда. Бул маалыматты июнь айында келген суу менен тактоого болот. Биз кварталдар боюнча агымдын келишине жана суунун чыгымына божомол жүргүздүк. Эгерде, биз электр энергияны үнөмдүү колдонсок, анда 2022-жылдын 1-январына болжол менен 11,3 млрд. м3 өлчөмүндө суунун калышы күтүлүүдө. 2022-жылдын 1-кварталына 3,8 млрд. м3 суу чыгымдасак, анда 2022-жылдын 1-апрелине 8,7 млрд. м3 суу калат. Бирок, өлкөбүздө электр энергияны керектөө 16 млн. кВт/сааттан ашып жаткандыктан, суунун чыгымы да өсүүдө. 2-таблицада берилгендей, эгерде суунун чыгымы 13,5 млрд. м3 ка чейин чыгып кетсе, анда 2022-жылдын 1-апрелине Токтогул суу сактагычынын көлөмү 7,1 млрд. м3 ка чейин түшүп кетиши мүмкүн. Ошондуктан, күзгү-кышкы жылытуучу мезгилде Кыргызстан кошумча электр энергиясын башка мамлекеттерден импорттоп алууга туура келет.

2-таблица

Токтогул суу сактагычында суунун топтолуусунун 2021-жылга жана 2022-жылдын 1-апрелине карата божомолу.

Жыл

Токтогул суусактагычы

Көлөм, млрд. м3

Агым, млн. м3

Чыгым, млн. м3

Жылбашында

12251

Январь

10711

414

2005

Февраль

9631

444

1522

Март

8716

429

1333

1-кв.

8716

1287

4860

Апрель

8661

682

745

Май

10,145

2231

748

Июнь

886

2-кв.

11537

5200

2379

Июль

1020

Август

903

Сентябрь

417

3-кв.

13279

4083

2341

Октябрь

736

Ноябрь

1377

Декабрь

1928

4-кв.

10857

1619

4041

Жалпы:

12289

13586

Январь

Февраль

Март

2022-ж. 1-кв.

7120

1263

5000


Акыркы бир нече жылдын ичинде электр энергиясын керектөөнүн дээрлик өсүшү, күз-кыш мезгилинде электр тармактарынын иштөө режиминин толук кубаттуулукта иштөөгө мажбур кылды. Ал эми, Кыргызстандын энергетика тармагы Токтогул суу сактагычында топтолгон сууга көз каранды болууда.

Демек, Токтогул суу сактагычында суунун толушун жана Токтогул ГЭСи аркылуу суунун агызылышын камсыз кылуу үчүн узак мөөнөткө (6-7 жыл) Нарын дарыясынан агып келүүчү жылдык суунун илимий негизделген божомолун иштеп чыгуу керек. Биздин көп жылдык суунун агымын анализдөөбүз боюнча 6-7 жылдык циклды байкадык. Бул анализ көрсөткөндөй 2022-жылдан баштап суунун келүүсү жогорулап, болжол менен 2024-жылы эң жогорку чекке жетиши мүмкүн. Ал эми, жыл ичинде келүүчү агымды Кыргыз гидромет кызматынын божомолун жана июнь айында келүүчү агымды эске алуу менен иштөөгө чакырабыз. Мындан сырткары, Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдүү пайдалануу максатында Токтогул ГЭСи аркылуу чыгарылган суунун жылдык көлөмү (50-100 жылда бир болуучу чектен тыш суу келген жылдардан сырткары, Алсак 1921-жылы 20,747 млрд. м3, 1966-жылы 19,013 млрд. м3, 2010-жылы 19,042 млрд. м3 суу келген)12,5 млрд. м3 дан ашпоого тийиш.

Ошондуктан, республикабыздагы энергетикалык кризисти эске алып, жалпы Кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырабыз.

СУНУШТАР

1. Токтогул суу сактагычын эксплуатациялоонун эрежелери Кыргыз Республикасынын колдонуудагы тийиштүү делген бардык ченемдик укуктук актылардын негизинде иштелип чыгып, колдонууга берилиши керек.

Бул эреже электр энергиясын иштеп чыгаруу үчүн Токтогул ГЭСинин гидротехникалык курулмаларынын жана суу сактагычынын техникалык абалын талаптагыдай камсыз кылган, жаратылыш чөйрөсүн коргоо боюнча талаптарды сактаган шартта гана баардык сууну керектөөчүлөрдүн жана пайдалануучулардын ар кандай гидрологиялык жагдайлардагы муктаждыктарын канааттандырууну карашы абзел.

Мамлекеттик баардык органдар менен кызматтар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар менен ишканалар, юридикалык жана жеке жактар менчигинин түрүнө жана жарандыгына карабастан бул Эреженин талаптарын сактоого милдеттүү болушу шарт.

2. Токтогул ГЭСи суу сактагычтагы суунун деңгээлинин 860,0 метрден 900,0 метр аралыгындагы зонада иштөөгө тийиш.

Себеби, бул зонада гидроагрегаттардын иштешине ыңгайлуу шарт түзүлүп, долбоордо белгиленген кубаттуулукта электр энергия иштелип чыгып, кавитациялык процесстер анчалык олуттуу болбойт.Ошондой эле, саатына 1 кВт. электр энергия иштеп чыгарууга кеткен суунун үлүштүк чыгымы алгылыктуу мааниде сакталат.

Суунун деңгээли 860,0метр белгисинен төмөндөгөндө Токтогул ГЭСинин гидроагрегаттарынын иштөөсү пайдалуу аракет коэффициентинин (ПАК) олуттуу төмөндөшү менен коштолот.Эгерде электр энергиясын өндүрүүнү бир аз көбөйтө турган болсок, анда суунун чыгымын кескин жогорулатып, суу сактагычтагы суунун тез түгөнүшүнө алып келет. Бул зонада гидрогенераторлордун пайдалуу аракет коэффициенти төмөндөп эле тим болбостон, электр энергияны долбоордо белгиленген кубаттуулукта өндүрүү мүмкүн болбой калат (гидроагрегаттын мерчемделген кубаттуулугу төмөндөйт), ошондой эле турбиналардын бараларын жабыркатуу тобокелдиги менен кавитациялык процесстер ашкере күчөйт.

3. Токтогул суу сактагычынын суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу стратегиясы так иштелип чыгуусу кажет.

4. Камбар-Ата №1 ГЭСин жакынкы жылдарда куруу керек. Эгерде, Камбар-Ата №1 ГЭСи курулуп калса, анда ал Токтогул суу сактагычын иштетүүдө жана анын суу-энергетикалык ресурстарын жөнгө салууда (контррегулятор катары) эбегейсиз ролду ойнойт.

Мындан сырткары, элибизди энергиянын альтернативдик булактарына (күн, шамал, биогаз ж.б.) тез арада өтүшү үчүн мамлекеттик деңгээлде программалар иштелип чыгышы зарыл.

Акматов Руслан Тынымсейитович, география илимдеринин кандидаты, доцент – И.Арабаев атындагы КМУнун География, экология жана туризм факультетинин деканынын орун басары.

Чонтоев Догдурбек Токтосартович, география илимдеринин доктору – КРнын УИАнын суу проблемалар жана гидроэнергетика институтунун директору.

Байызбеков Жолдошбек Калчороевич, «Электр станциялар» ачык акционердик коомунунун гидротехникалык кызматынын жетекчисинин орун басары.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×