Добавить свою статью
12 Августа 2021
Айкөлдүгү Манастай, кеткени жүрөк канатты, ай...! Тилек Мураталиевдин элесине
Кыргыздын залкар, айкөл, асыл адамы Тилек Мураталиев тууралуу ода

Мен жаш кезимден тилек кылчумун, жазуучу болсом, чыгармаларды жазсам, белгилүу адам болсом деп. Китептерге ырларым чыгып, анча-мынча аңгемелерим чыгып, эл оозуна бир топ эле мыкты журналист катары таанылып калсам да өзүмдү жазуучу катары элестете албай келгенм.

Кайсыл жылы экени эсимде жок, Айдарбек Сарманбетов агайдын бир аңгемесин окуп, суктанып, ушул агайдай жазышым керек экен деп кыялданып, ал аңгеме кыйла жыл сактап да жүргөм. Көптөгөн адабий газета-журналдар жоюлуп да кетти. Анын ичинде «Кыргызстан маданияты» газетасы, «Ала Тоо» журналы, «Жаш Ленинчи» адабий көркөм журналдарын таппай олтуруп калдык. Студент кезимден таланттуу балдарга жолугуп, алар менен чыгармачылыкта жакшы тилек кылып жүргөн кез мени кыйла такшалдырды. Алардын алды Кыргыз эл акыны жана кыргызга белгилүү адабиятчы журналисттер болуп калды. Маркум Аким Акжолов, ал кезде Жалал-Абад шаарында окуп билим алып жүргөн Абибилла Пазылов, Абдилаатбек Дооров, Рысбай Жумабеков, көзү өтүп кетти Эсенбек Садырбеков сыяктуу жаштарды чогултуп, башыбызды бириктирип, бир окуп, бир басып, ырларды окуп, күулдөп жүргөн кезибиз бизди адабият жолуна түшүүгө багыт берип, ошол жолго салган кез болгон экен.

Биздин бактыбызга Ош шаарында залкар жазуучу акындар Исираил Сулайманов, Кармышак Ташбаев, Жолон Мамытов агайлар уюштурган «Багыт» адабий ийриминин ачылып калышы да биздин үмүт тилегибизди адабият айдыңына учуруп, аалам кезип ыр издеп кетишибизге жол ачкан экен. Ал жерден да Таш Мияшов, Нооман Сайдуллаев, Курбаналы Сабыров, Улукбек Мамытов, Турабай Жороев, Маркабай Ааматов, Тазагүл Закирова, Курбанбай Калдыбаев сыяктуу чон таланттарга кошулуп, алардын ырларын угуп, кеп кенештерин угуп, чыгармачылык байланышта болуп, ал кездеги жыл сайын чыгып турган «Учкун» альманахына ырларыбыз чыгып, биздин темир канатыбызды жетилтип, уядан учурган экен.

Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайын бүтүп келип, райондук «Жаны турмуш» газетасына иштеп калдым. Эки жыл өткөндөн кийин карасам мугалимдик колдон келбей калгандай, анын үстүнө чыгармачылыкка жан отум менен кирип аралашып кеткендеймин. Газетада Сооронбаев Анаш, Казыбеков Шабданкул, Жумабеков Ысак, Нурманбетов Жаналы деген райондун дөө шаалары, чыгармачыл интелегенциясы мына ушул газетада иштешчү. Журналисттик күндөр кызык, бассак турсак күлкү, шат. Мен Шабданкул Казыбековдун үйүндө жүрүп иштечүмүн, Шакем алманын түбүндөгү сөөрүдө чай ичип олтуруп, айтып калды.

- Абдымомун, сен таланттуу жигитсиң, жазгандарынды окуп калам, жакшы, кызыктуу нерселерди жаратып келесин. Эми сага жетишпегени журналисттик билим, уулум, эми газетанын нанын жеп, ушундан тирилик кылгандан кийин, ишке кызыкпай, билимди өркүндөткүн, жогорку окуу жайына тапшырып оку, - деп наасатын айтып калды. Студент кезимде таланттуу кыздар балдар менен бирге окуп такшалуунун мектебинен өттүм. Ал эми кереметтуу Аксы жерим, элим канат күүлөп учушума негиз болгондугу. Аксыдан чыккан не бир керемет, адеп оозун ачканда ыр төгүлгөн, комузунан күү төгүлгөн, бешикте ыйлап жаткан баланы күү чертип соороткон, куштун сайрашын келтирген күү атасы Ныязаалы да мына ушул Аксыдан чыккандагы сыймыктанам, ошондой залкар таланттар баскан жолдо басып баратканыма кубанам. Аккан сууну жети күн айтып бүтпөгөн, бир кыргоолду тумшугуна чейин бир сутка мактаган, ак таңдай төкмө Жеңижок атабыз, күү атасы Ниязалы Борош уулу, «Балтийский мореге барып келген бу молдо, большевиктин сөзүнө канып келген бу молдо» деп ырдап жүрүп өткөн Молдо Багыш, акындардын торгойу Темиркул Уметалиев, кадимки Коргол ырчынын шакирти, ак таңдай төкмө, заманыбыздын залкарларынын бири Токтосун Тыныбеков, кара сөздүн устаты, тарыхчы, илимпоз, коомдук ишмер, кыргыз Эл жазуучусу Төлөгөн Касым-Бек жана алдыда жүрсө ак жолтой, аркадан жүрсө сан колдой, батасы журту байыткан, Бакайдай болгон карыя, акылы журтка дарыя Жунай Мавлянов агабыз, акын жазуучу Салибай Шатманов, Орозбай Көчкөнов, Ильгиз Талип, Анаш Сооронбаев, ак таңдай төкмө агабыз Ысак Барпиев, Исак Стамкулов жана Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, төкмө акын Ташбай Жоробеков, таң булбулундай таңшыган жыйырма беш жашында эки китеби чыгып, он гүлүнөн бир гүлү ачыла электе жарык дүйнөдөн өтүп кеткен Ормонбек Асанов, Рысбек Тасмаев, Абдыкерим Алымов жана башка ондогон залкар таланттардын мекени болгон Аксы жергеси жөнүндө дагы айта берсек түгөнбөйт, ошол залкарлардын көзүн көрүп, сөзүн угуп, батасын алып, көптөрүнүн үлгүсүн алып калдым, бул менин бактым. Ушул акындар жашап өткөн аймакта төрөлүп булардын айрамдары менен бирге жүрүп насааты менен өрнөгүн алып, такшалып жүрүп жетилдик.

Адабият айдыңында күлүктөр көп болгондуктан сүр басып алдыга бөлүнүп чыгып менмин деп айтыш опурталдуу иш. Ошол чон байгеден бөлүнбөй үзөнгү кагыштырып өз курагыбыздагылардын жоон тобулда келе жатканыбызга да үшүгүрчүлүк кылып келе жаткан учурда дагы бир залкар инсанга туш болуп калбасмынбы. Аны мага кудай жеткирди десем да болот. Ал Тилек Мураталиев. Айдарбек байке менен чыгармачылыкта тыгыз байланышып иштегеним, ал кишинин үлгүсүн алып, иштерман дыгына суктанып жургөн учурумда «Ала-Тоо» журналы негизделип Тилек Мураталиевдин колдоосу, сунуш, демилгеиси менен жарыкка чыгып калышы менин чыгармачылыгымдын бетин ачты десем да жанылышкандык болбойт.

Ошол учурда китебимди түзүп «Карышкырлар улуганда» деген ат менен «Бийиктик» басмасынан жарыкка чыгып калды. Бул китепке кирген чыгармаларым окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып калды. Өзгөчө китепке айткан жакшы пикир мени кыйла шердентти. Ошол учурда Тилек Тураркуловичтин демилгеси менен «Арча» эл аралык сыйлыгы жарыяланып калды. Мен ошол конкурска «Сирен гүлүнүн жыты» деген новеллам менен катышып үчүнчү орунду алдым. Ошол жерден Тилек Тураркулович менен таанышып, ал киши бир тууган агасындай кабыл алып, борборго келип калсаныз мага жолукпай кетпениз, сырдашалы, сүйлөшөлү деп Айдарбек байке экөөсү менен абдан жылуу кабыл алышты. Чындыгында чыгаан, мыкты жазуучулардын катарында сыйлыкка илинип калышым, мен үчүн чоң эле жанылык болду. Мени ал жерде эч ким тааныбайт экен, сыйлык алып жатканымда калыстар тобундагылар да ээ сиз белениз дешип куттуктап жатышты. Ошондо мен конкурстун чыгыны акыйкат өткөнүнө абдан кубандым. Жашыруун ат менен журналга конкурска деген белги менен жарыяланган. Мага окшогон эч жакка чыга албай жүргөн авторлдорго бул чоң дем күч болду.

Ал жерде чыгып сүйлөгөндөр Тилек Тураркулович мыкты жазуучуларды колдоп, алардын китептерин чыгарып, «Манас» эпосунун толук вариантын чыгарып элге сунгандыгын, жазуучуларга китебин чыгарып калем акысын да айрымдарга бергендигин угуп, абдан ыраазы болуп кайттым. Менин да китебим чыкса деген тилекте болдум. Арадан кыйла убакыт өткөндөн кийин Тилек Тураркулович күтүүсүздөн эле звонок кылып калды.

- Абдымомун байке, китебиңизди басмага тапшырыңыз, акысыз чыгарып берем деп. Кубанганымды айтпа. Өзүмдү кайда коерумду билбей калдым. Ошол «Карышкырлар улуганда» деген китебимди кайрадан карап чыгып, айрым өзгөртүүлөр менен «Турар» басмасына тапшырдым. Кийин эки жумадан кийин звонок кылды, мага жакты, байке, чыгат китебиниз буйруса деп. Арадан бир айча өткөн мезгилде дагы звонок болуп калды.

- Байке, мен Аксыга баратам. Китебиңизди алып баратам, - деп.

- Коюңуз убара болбоңуз, бекер чыгарып берсеңиз, дагы жеткирип да берип, эмне мен өзүм эле барып алайын, - десем.

- Жок, байке, мен жолго чыгып калдым, чоңдорго деле айтпаңыз, өзүм эле тапшырам, кайра эле кайтам. Күтүнүп, сыйлайт элем деп убаракелчилик чекпеңиз, андай кылсаңыз капа болом, - деди.

Чындыгында мындай камкордукту деги эле көрбөгөн жаным, көзүмө жаш айланып кетти. Китебимди эң мыкты сапат менен чыгарыптыр. Айдарбек Сарманбетов байке экөөсү келип китебимди тапшырып, Аксыга бир күн түнөп эртеси кетти. Чер жазыша сүйлөштүк. Кайтып бара жатып.

- Байке, мына бул китебиңиздин гонорары деп эки жүз доллар берди. Мына ушундай камкордук болсо анан кантип жазбай коесун. Чыгармачылык дем күч пайда болду. Не бир жер солкулдаткан байлар бар, тааныштар, инилер бар, бирок, бирөөсү да минтип камкордук көрбөгөн.

Союздун жок болуп кетиши адабият айдыңындагы адамдар үчүн трагедия эле болду деп айтсам жанылышкандык болбойт. Баарбыз эле колубуздан эч нерсе келбей, жазганыбызды эч ким сурабай, ал түгүл айрым калемдештерибиз, калемин таштап, базардагы соода сатыкка аралашып да кетти. Залкар жазуучуларыбыз кароосуз калды, алардын чыгармадарын эч ким окубай, баары эле акча деп, дүйнө деп анын артынан жүгүрүп калды. Дал ушундай кырдаалда «Ала-Тоо» журналынын жарык көрүп калышы ай жанырып чыккандай эле болду.

Көп адамдар журналдын жарыкка чыкканына ишенип ишене албай жүрүштү. Ошол мезгилде эл арасында түшүңдүрүү иштерин жүргүзүп, тилибизди, дилибизди адабиятыбызды маданиятыбызды сактап кала турган ушул «Ала Тоо» журналы экендигин айтып, элге жеткирип журналды жазылуу нускасын 100гө нускага жеткиргенде Тилек Тураркулович тим эле жаш баладай кубанган. Эл окусун деген, бир нече аңгеме новеллаларым жарык көрүп кетти. Элге таанылдым, көп окурмандарымдан Ысык-Көл, Нарын, Таластан звонок кылышып жакшы пикирлерин айтышып, мага канат бүтүрүштү.

Андан кийин «Күлүк», «Мээр чөптүн гүлү», «Көк», «Адеми», «Чабылбай калган күлүк» сыяктуу китептерим чыгып окурман журотунан жылуу кабыл алынып, жакшы пикирлерди жаратып келет. Жазган чыгарман тууралуу жакшы пикир уксаң абдан чоң кубаныч эмеспи.

Кылымда бир жаралып калчу адамдар болот экен. Дал мына ушул Тилек Тураркуловичтей колунда болсо жок деп айта албаган, бирөөгө жагынбаган, кошомат кылбаган, чыныгы мыкты таланаттарды баалаган дагы бир таланттуу адамдын шакирти болуп, жанында жүрүп көп жакшылыгын көрүп, жакшы иштерде бирге болуп жүргөн Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артисти, төкмө акын Ысак Барпиев деген агам бар болчу. Эки жылга аяк басып баратат көзү өтүп кетти. Ошондон бери жалгыз калган күлүктөй болуп орду толбой бөксөрүп келем. Ал киши да колунда бар болсо, такыр аячу эмес.

Бир жылы алтымыш жылдык маарекеси өтүп калды. Эми той ойдогудай өттү, акындар даңкташты, журналисттер да республикалык деңгээлде сөз кылдык. Менин республикалык газеталарга Ысак Барпиев жөнүндө чоң макалаларым жарыяланды. Журналист Рысбай Жумабековдун да чоң макаласы областтык, республикалык газеталарга чыкты. Тойдо элдин көң үлүндө Токтосун Тыныбековдун байбичеси чыгып сүйлөп, Током менен Ысак акенин бир жүрүп, бирге ырдашкандарын айтып, Током концертинде курчанып ырдап, чыгып жүргөн күмүш кемерин тапшырганда муну күтпөгөн Ысак акем көзүнө жаш алып, комузду колуна алып, микрофонго чыгып Токомдун залкарлыгына баа берип, Гүлсара жеңеге ыраазычылык билдирип ырдады.

Бул тойдо Ысак аке эли журтунан чоң сый урмат көрдү десек туура болот. Ондон ашык ат минди, сансыз сарпай үстүнө жабылып Ысакемдин адамдык улуу сапатын даңазалашты. Ысак акенин ысмына бир көчөнүн атын берип Кербен шаарынын эли, шаардык кеңештин депутаттары чоң урмат сый көрсөттү. Кеп анда эмес эле.

Тойдун акырында өзүн сыйлап келген чыгармачыл инсандардын баарына бирден чепкен, башына калпак кийгизип, сый-урматын билдирди. Андан сырткары интернатта окуп, билим алып жаткан балдарга деп бир жылкы, Кербен—Кызыл-Алма—Кош-Дөбө жолун куруп жаткан өз демилгелүү куруучуларга бир жылкы, ушул тойго келем деп, келе албай үйүндө калган кары картаңдарга, багар көрөрү жокторго союп бөлүп бергиле, деп бир жылкы, ошондой эле өзүнүн ысмы берилген көчөнүн жашоочуларына бир жылкыны элдин көзүнчө тапшырып, тойго келгендердин ыраазычылыгына арзыды. Азыркылар той кылса акча жыйнаш үчүн кылып жатат, ал эми Тилек менен Ысак аке элге берип жатат. Мына залкар адамдар, мындай адамдар бир кылымда бир жаралат өндөнбөйбү.

Келген меймандар мындай той 60-70 жылдын ичинде деги эле болбогон деп, абдан чоң ыраазычылыктарын айтып кетишти. Ысак Барпиев өзүнүн тектүү жердин уулу, нарктуу адамдын баласы экендигин, алысты көрө билген акылман адам экендигин дагы бир жолу көрсөттү. Ал эми адабият айдыңында той кылган Тилек Тураркулович нечен залкарларыбызга ат мингизгенден ашык сый көрсөтүп жалпы кыргыз элинин алкышына татып олтурат.

Бишкек шаарынан жарык көргөн «Тилек Мураталиев» деген эскерүү китебин окуп олтуруп, Тилек Тураркуловичтей адам бир кылымда бирөө же экөө жараларын билдим. Айрым адамдар бирөөгө белбоо курчаса ат мингизгендей көрүп анысын он жерде айтып мактанып, айлаңды кетирет го. Тилек Тураркулович кыргыз адабиятынын корифейлерин дагы бир кайра жаратып, өмүрүн узартып коюп деле эч кимге айтпай, карапайым эл менен жашап жүрүптүр.

Тилек Туракуловичтин дагы бир алтын сапаты — ал жаратылыш менен киндиктештей адам болчу. Аксынын жаратылышына да кызыгып, Сары-Челекте болуп, кайрымак салып, көлдүн балыгынын даамын татып, эми Чаткалга бир келем Айдарбек байке болуп чогу барып жер көрүп келебиз деп кеткен. Ар дайым жанында фотоаппараты жүргөнүн көрүп абдан кубангам. Жаратылыштагы ар бир ташка да аяр мамиле жасаган, жаратылыштагы сулуулукту көрө билген жигит эле. Билимдүү адам менен сүйлөшсөн өзүнчө эле университетти бүткөндөй болосуң да.

Бир жумуштар менен Бишкекке барып калдым. Жумушу көп адамдын тынчын албайын деп байланышпагам. «Кыргыз туусу» газетасынын редакциясына барайын деп Абдымомунов атындагы көчө менен келе жатсам бир машина өтүп баратып эле менин тушума келип токтоп калды. Карасам, Тилек иним.

- Ой, Абдымомун байке, кайдан жүрөсүз, келдим деп байланышып койбойсузбу? - деп келип экөөбүз кучакташып учурашып ал акыбалды сурап кыйла турду да.

- Эртең менин бир жакшы жолдошум бар, аны сиз да тааныйсыз, ошону менен бир жерге барып бир сырдашалы, чайлашалы. Мен сизге байланышам деп жөнөп кетти.

Чыныда эле байланышып, сурап койбогонума абдан уялдым. Эртеси акын Жедигер Саалаев менен келип бир жерде эки сааттан ашык олтуруп абдан маектештик. Жедигерди чыгармаларынан таанысам, эми жүз көрүшүп маектешип олтурдук. Таанышканыма абдан кубандым. Ошол жолугушуум акыркысы экенин кайдан билдим.

Айкөлдүгү кан Манастын өзү эле,
Кылган ишиң кубат берип турчу эле.
Жаз илебин сезип тургам өзүңдөн,
Таанышканда кар жааган кыш эле.

Өзү өлсө да сөзү өлбөсүн дегенсин,
Залкарлардын элестетип бейнесин.
Жатпасын деп алтын казына чаң басып,
Тапканыңды аянбастан бергенсиң.

Он томдугун басып чыгып Чыңгыздын,
Жайылткансың сыймыгы деп Кыргыздын.
Кан Манастан каражатты аябай,
Дал Манастай айкөлдүгүң билгиздин.

Катарында дал ошондой залкардын,
Мен да чыгып бүт элиме даңкталдым.
Мен барбагам, китебимди көтөрүп,
Анкарага, Москвага алып бардың.

Улуу сөзгө уютку деп уюган,
Таланты да ашып турчу боюнан.
Элдин алтын казынасын сактадың,
Жаш муундун көрөйүн деп колунан.

Ошол биз күтпөгөн кайгылуу окуя болордон бир күн мурун кечинде мага телефон чалып, ал акыбалымды сурап:

- Абдымомун байке, буйруса чоң иштерди пландаштырып жатам. Басмакананы жаңылап бүтүп калдым. Дүйнөлүк классиктердин томдорун да кыргыз тилине котортуп, басып элге берсем деген тилегим бар. Кыргыздын залкарларын Манасты баш кылып толук басып бир чон китепкана ачсам деген оюм бар деп көпкө сүйлөшүп, алдыдагы асыл максаттары тууралуу маектештик.

Дүйнөлүк мыкты жазуучулардын чыгармаларын окуган экен, көбүн айтып берип ой бөлүшкөн элек. Ошол түн Тилектин жакшы тилектерине кубанып, кыйлага чейин мына ушундай асыл адамдар көп болсо, кыргыз эли эч качан кор болмок эмес деп, Тилектей мыкты жигиттер көп болсо экен деп тилек кылып жаткан элем. Эртеси кечке маал суук кабарды угуп, тилектеримдин баарын таш каптырып, кабыргам кайышып, көзүмө жаш ойноктоп, шалдырап олтуруп калдым. Ден соолукка байланыштуу топурак салганы бара албай калдым. Тилектин күтүүсүздөн кайтыш болуп кетиши Кыргыздын баарынын эле кабыргасын кайыштырып кетти. Анткени ал элдик адам болуп-элдин уулу болуп калган экен.

Турар» басмасынын негиздөөчүсү коомдук ишмер, терең билимдүү аалым, айкөл жигит Тилек Мураталиевдин жарык элесине арнаймын.

ӨМҮРҮ ӨЛБӨЙТ ЖАКШЫ АДАМ

Келечекти көрө билген,
Элим деп жашап жүргөн.
Эр азамат Тилек болчу.
Адабият деп жанып күйгөн.

Колдодуң залкарларды,
Каражатың аябадың.
Сен билдин алтын иним,
Алардын баа, баркын.

«Ала Тоо» жарык көрдү,
Кубантып элде көптү.
Адабият майдаңына,
Жарыгын эми төктү.

Адам элең наркы бийик,
Элиңди жандай сүйүп.
Адабият, маданиятка,
Турчусуң оттой күйүп.

Сырдашып туруучу элең,
Максатың болчу кенен.
«Кыргызды бүт дүйнөгө,
Таанытайын агай» деген.

Сүйлөшүп телефондон,
Көңүлгө көптү түйдүм.
Ак жүрөк алтын иним,
Өткөнүң кийин билдим.

Аябай өксүп, күйдүм.
Каракчынын капканына
Кабылдыбы деп балээ басып.
Сындырдыбы деп канатынды,

Кайгырдым санаа басып,
Айла жок экен ажалга,
Каратып туруп кайсаган.
Жүрөктө жашайт элесиң,

Өмүрү өлбөйт жакшы адам.

Абдымомун Калбаев
Аксы району.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×