Добавить свою статью
17 Декабря 2021
Султан Раевдин «Кашаба» повести тууралуу

Султан Раев бүгүнкү кыргыз адабиятынын гана эмес бир жагынан мурдагы Союздун, экинчи жагынан азыркы жалпы түрк дүйнөсүнүн, ал гана турсун акырындап бүткүл дүйнөлүк көркөм маданияттын алдыңкы чегине чыгып бараткан көйкашка калемгер болуп калганы улам күн өткөн сайын жаңы мисалдар менен далилденип баратат. Бул айткан сөзүбүздүн эң сонун жана азырынча эң соңку далили катары чыгаан калемгерибиздин ТАБИГАТ жана АДАМ ПРОБЛЕМАСЫН жаңыча өңүттөн көркөм иликтөөгө алган «Кашаба» повести Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында өткөн Roman & drama сынагында «2021-жылдагы эң мыкты чыгарма» деп табылды.

Повесть Чынгыз Айтматовго арналганы белгиленген. Кезинде Ч. Айтматов да өзөк сюжетин В. Сангиден угуп жазган «Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт» чыгармасын ага арнаганын эске алсак, С. Раев да «Кашабада» адабий-көркөм модель катары Ч. Айтматов жазган Акбара менен Ташчайнардын тарых-таржымалына таянганын көрүүгө болот. Повестте ошондой эле Ч.Айтматовдун «Тоолор кулаганда» романындагы Жаабарс илбирсти картайган чагында жаш ургаачы жан шериги чанып, башка өзүнө теңтуш дөбөттү ээрчип кеткен кайгылуу эпизодду кайталаган кейиштүү сцена да бар. «Кашаба» повестинде да эрли-катын эки бөрүнүн ибарат икаясы баяндалат. Эркегинин аты – Чоңтаман, а ургаачысынын ысымы – Окжетпес. Булардын ата-жотосу бүт бойдон киши колдуу болуп өлүшкөн. Тотемдик көз караш боюнча, «Бөрү» уруусунун ата-бабалары түпкү тегинде карышкыр менен уялаш тууган экенин түшүнүшкөнү үчүн аны адатта «Кашаба» деп тергеп келишкен. Генеаологиялык аңызда киши баласын канчык карышкыр эмизип бакса, азыркы жашоодо бөрүнүн жети бөлтүрүгүн «Бөрү» уруусунун адамдары өлтүрүп, бирөөсүн бирөөсү кулагына «Кашаба» деп жазылган бирка тагып асырап алган болот. Ал адам жаш баласын жара басып, анысы такыр айыкпай койгондо, карылардын акыл-кеңеши боюнча аны бөлтүрүк менен бир желинден сүт ичирип, коюндаш-моюндаш жаткырып айыктырат. Бул жерде албетте түпкү Бөрү-Эне эзелде бир эмчектен сүт ичкен өз урук-тукумун колдоду деген ишарат-идея жатат. «Бөрү баласы ит болбойт», андан көрө өз тукумунун табигый мыйзамы менен жашасын деп кийин Кашабаны коё беришет. Ал өзүнчө үйүр баштап, бөрүнүн сырттанына айланат. Эр жетип, аңчыга айланган эмчектеш моюндашы бир курдай оор кышта ал баштаган үйүргө кез келип, сөөгү сөпөт болоордо, аны Кашаба кандаш карышкырлары менен кармашып атып аман алып калат. Кашаба — 7 бөлтүрүктөн тирүү калган бирөөсү – жетинин бири Кыдыр болуп, калган алты карышкырды качырат. Мындан 7 санынын сакралдык мааниси «Кашабада» да колдонулганы байкалат. Касиеттүү Кашабанын ушундай «адамгерчилигине» «Бөрү» уругунун эмчектеш урпактары кантип жооп беришет? Алар адегенде карыган Кашабанын көз алдында анын сүйүктүү «көк көз» жаш канчыгы өзүнүн теңи менен лаззат-кумар кучагында эришип-чакышып турган учурунда экөөнү бирдей как чыкыйга атып өлтүрүшөт. Анан картаң Кашабанын жаш чактагы «көк көз» сүйгөнүнүн терисин тескери сыйрып бөктөрүп кетишет. Ит кушка жем болбосун деп, Кашаба «көк көз» көрөр көзүнүн кызыл эт сөөгүн жонуна артып келип, агыны катуу сууга таштайт. Суроо туулат, эмне үчүн жаш канчыктын көзү көк? Эмне үчүн автор ага айрыкча маани берүүдө? А көк түс абалкынын мифологиялык аң-сезиминде түбөлүктүү асман менен ассоциация түзүп, аркы маанисинде түпкүлүктүү Көкө Теңирди түшүндүрөт. Асман, айталы, моңгол-түрк тилдеринде адатта «көк» деп аталат. Анын үстүнө, архаикалык аң-сезим тээ алмустактан эле «жер» менен «көктү» өз ара оппозицияда аңдап, жер бетиндеги жашоонун опоосуз агымына арбактуу обонун ажайып касиетин каршы коюп келгени белгилүү. Ошо себептүү, тиги жаш канчыктын «көк көз» болуп атышы – бул анын тегин жаныбар эмес, Теңир жалгаган төтөн көйкашка айбанат экенин астыртан каңкуулап турган жышааналуу энтамга сыяктуу сезилет. Башкача айтканда, «көк көз» канчык абалда аңыз-миф боюнча «Бөрү» уруусуна негиз салган карышкыр эненин өзү-көзү сыяктуу көрүнөт. Демек, «Бөрү» уруусунун бүгүнкү урпактары чын-чынына келгенде көк көз канчыкка ок атуу аркылуу эзелдеги өз энесин өлтүргөн болуп чыгышат. Ушуга байланыштуу, Ч.Айтматовдун Акбарасы да «Кыямат» романында жөн гана бир катардагы канчык карышкыр кыязында эмес, бүтүндөй бир калайык журттун түпкү «көк көз» тотеми сыңарында сыпатталганы эске түшөт. «Кашаба» чыгармасындагы карышкыр үйүрү жөнүндө баяндын уңгусунда да ушундай уюткулуу маани-маңыз бар. 

«Жанжаза» жана «Топон» романдарынын идеялык-эстетикалык мазмун-маңызы жана көркөм философиясы көп жагынан «Эрос-Танатос» көйгөйүнө көгөндөлгөнүн биз жогоруда көрдүк. Бул тема «Кашаба» повестинде да орчундуу орунда. Ошон үчүн, повесттин бир кекеч кейипкери: «Дүйнө эки учурда токтоп турат - оокат жеп атканда, анан секс учурунда, -» деп атпайбы. Бул арийне бекеринен айтылган бейчеки сөз эмес. Маселенин төркүнү кыйла тереңде. Ушуга байланыштуу эскерте кетчү бир учур: З. Фрейд өзүнүн айтылуу психикалык аналитика окуусунда жандуунун баарын жашоого умтултуп, урук-тукумун улантып турган ышкы-кумар инстинктин эзелки грек дүйнөсүнүн сүйүү кудайы Эростун, ал эми ага карама-каршы кара күчтү өлүм кудайы Танатостун ысымы менен атап, ар кандай жаныбардын жашоо-турмушу мына ушул эки күчтүн күрөшүнөн турарын тастыктаганы белгилүү. Атургай ал өз концепциясын «ар кандай өмүрдүн максаты өлүм» деп, кыска-нуска жумгактаган жайы да бар. Дээринде эростун да, танатостун да түпкү табияты сексуалдуулук ышкы-сезимине барып такалат. Өмүр менен Өлүмдүн, башкача айтканда, Эрос менен Танатостун эрегишкен эрөөл жолунда жолугуучу эң оор сыноо – бул адатта «сүйүү үч бурчтугу» деп аталуучу көйгөй. Бул нерсе Танатостун негизги куралы. Ошондуктан ал көп учурда «өлүм үч бурчтугу» деп да аталат.

«Кашаба» баянында башкы үч карышкыр тең дал ушул «сүйүү үч бурчтугунан» улам курман болушат. Кашабаны көрөр көз «көк көз» ойношунан кызганып, адегенде жети бөлтүрүгүн өлтүрүп, андан сөң өзү да сууга бой таштап Окжетпес канчыгы о дүйнөгө узайт. Көрөр көздү жаш дөбөтү менен эростун сексуалдык туу чокусунда жыргап турган жеринен «Бөрү» уругунун аңчылары атып өлтүрүшөт. Акырында, жаншерик канчык жарынан, жети бөлтүрүгүнөн, көрөр көз жаш ургаачысынан айрылып, жашоодон аша кечип калган Кашаба да каза тапкан жакындары сыяктуу өзүн сууга таштап, өмүр менен кош айтышканы бараткан жеринен баягы бала кезинде коюндаш-моюндаш өсүп, ажалдан аны бир эмес, эки ирет өзү сактап калган адамдын аткан огунан мертинет. Кулагындагы «быркасынан» улам аны аңчы да тааныйт. Ошондо кайран Кашабаң нуру өчүп бараткан кареги менен тигиге тигиле карап: «Мен бөрү эмес, сен бөрү экенсиң, Адам!..» деген көз карашта жардан ылдый сууга боюн урат...Үлкөн үч бөрүнүн тең сууга бой урушу байыркы грек мифологиясындагы Стикс дайрасын эске салат. Мифте ал дайра аркылуу кайыкчы Харон өлгөндөрдүн жанын аркы дүйнөгө ташыйт эмеспи. Ал эми С.Раевдин повестинде болсо «бөрүлөр бейишке ушул суу менен барары» айтылат. Анткени, алар өз табигый мыйзамы менен татыктуу өмүр сүрүштү. Табигый мыйзам чегинен да чыгып, мыкаачылыктын мыкчегерлерине айланышкан адам пенделерине караганда повестте карышкыр алда канча гумандуудай сүрөттөлөт: боз үйдө секс кумарына батып балкып жатышкан ойноштор менен күнөөсүз наристе балага ал тийбейт. Ошо кишилерге окшоп өзү да жаш канчык менен сүйүү балын татканын, өзүнүн да адамдын жаш баласындай бөлтүрүктөрү болгонун эстеп боор ооруп, аларды кадыресе аяп коёт... 

Праксеология менен этологияны баштоочулардын бири - француз социологу Альфред Эспинас мындан жүз жыл ашуун илгери «Жаныбарлардын социалдык жашоо-турмушу» аттуу эмгегинде: «Жаныбарлар жамааты дегенибиз эмне?-деп собол таштап, анан ага кайра өзү минтип жооп берген эле,- Бу суроонун муну менен байланыштуу болгон «адамдар жамааты дегенибиз эмне?» деген суроонун тарых-таржымалынан башка тарых-таржымалы жок» деп.

Акыйкатта да, адам затынын бу жер үстүндөгү жашоонун ашкан бир ажайып үлгүсү катары жаралып калышынын өзү эле эсепсиз жаныбар формаларынын эволюциялык өсүп өөрчүшүнүн өктөм натыйжасы. Ошон үчүн, биологиялык жагынан алганда адам менен жаныбар органикалык жаратылыштын чындыгында да бир боор перзенти. Ал эмес социологиялык аспектен сарасеп салып көргөндө деле адамдын абалтан берки жашоосун жан-жаныбарсыз элестетүү эч мүмкүн эмес. Жашоо үчүн жан үрөгөн машакаттуу турмушунда жаныбар адамга ар убак азык да, кийим да, унаа да, убайым-мүшкүлүн бөлүшкөн жаншерик да болуп келген. А бирок жаныбарды жалаң гана жей турган эт же кыңк этпей кызмат кылуучу карандай кара күч катары эсептеш таптакыр туура эмес. Ошону менен бир катарда зилинде ал деле адам баласы сыяктуу жакшы мамилеге жанын аябай жароокер жооп берген, таш боор зомбулуктан тамыры сыздап азап тарткан табигаттын бир тирүү макулугу. Айтса-айтпаса, бул акыйкаттын буруу-терүүсүз чындыгын адабият менен искусствонун абалкы мифологиядан азыркы күнгө чейиңки өнүгүү жолунда жаралган жаныбар турмушу туурасындагы албан түркүн кызыктуу көркөм баяндардын көп кылымдык тарыхы талашсыз тастыктайт. С.Раевдин «Кашаба» повести да ошондой анималистик притча чыгармалардын катарына кирет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

12-01-2022
Улуу жибек жолу жана көчмөндөр цивилизациясы
2751

11-01-2022
Цивилизация жана табигат эстетикасы
1890

30-12-2021
Ааламдашуу жараяны жана Кыргыз-Түрк цивилизациясы
3091

10-12-2021
Ко дню рождения Чингиза Айтматова. Женщина мать – родимая Земли
2620

30-11-2021
Султан Раевдин адам-аалам модели жана жан жазасы (идея, модель, образ)
6555

13-05-2021
Кыргызстан азыркы геосаясат кырдаалында
4614

08-02-2021
Күн тууду (С.Жигитовдун «Ит атаар» икаясы жөнүндө итабар сөз)
5999

11-12-2020
Ч.Айтматовдун апокалиптикасы
8671

10-12-2020
Феномен Чингиза Айтматова
13365

11-12-2018
Когда падают горы (Вечная невеста)
11656

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×